Калпты катыра айткандар
Бакиевдер династиясында кыздай чоюлган, бирок бетине эндик койбогон Адыл дегени бар. Эч качан коомчулук көзүнө ачык чыккан эмес. Кытайда Кыргызстандын соода өкүлү болуп эмгектенип, кыргыз-кытай бажысын жана ал жактан бизге келчү товарларды көзөмөлдөөчү. Борбордогу Панфилов көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги офисинен бизнесмендер үзүлчү эмес. Көпчүлүккө белгилүү болбогондой бул жигиттин бизнеси жүрүп, ити чөп жеп турганда жумасына 200 миң доллардан (!) киреше түшүп турганын айтсак, анда эле Адыл мырза кандай олигарх экенин элестете берсеңиз болот. Эми ошол Адыл Бакиев коңшу Кытай Эл республикасынан үн катып, "мени жаңы бийлик өлкөгө киргизбей жатат" деп догурунуп, "өлкөдөгү азыркы кырдаалдарга эч бир Бакиевдердин тиешеси жок" деп алакан жайды. Булардын улуусунан кичүүсүнө чейин калпты катыра айткандар экен деп шыпшынып турубуз.


Чиендеги генерал
Аттан түшсө да ээрден түшпөгөн Жумагулов, Аблесов, Сыйдапов, Кутуев, Кубатбеков, Субанбеков аттуу Чүйдүн чүйгүндөрү бар. Эки бийликти тең этектеп келишкен. Акыркы эле бир жылды алганда былтыркы президенттик ат салышта андагы президент Курманбек Бакиевди ай-асманга теңеп, "Чүй аксакалдары сиз менен" деп жанында туруп сүрөткө түшкөндөрүнө сыймыктанып жүрүшкөн. Бүгүн өлкөдө оор кырдаал болгондо баары жапа тырмак тымтырс. Өзгөчө генералдык пагонду ийинине илип алган Бакирдин Субанбеков өңдүү картон генералдар. Айтмакчы, өлкөдө ар намысы бийик офицерлер жеке амбицияларын ичтерине катып, элдин бейпилдиги үчүн бел чечпей түштүктөгү кырдаалга тикелей аралашып жүрүшөт. Ө. Суваналиев, М. Турганбаев, М. Ниязов, К. Байболов өңдүү азаматтар астында Б. Субанбеков үйүнө башын катып жатып алышы өтө эле өөн учурайт экен. Же Бакирдин Жамалдинович генералдык чинди кезинде Акаевден акчага сатып алды беле?.


Кочкорду Курманбектер курутканбы?
Кочкор районунда 1937-жылкы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Баялы Исакеевдин атында айыл бар. Бул коомдук жана мамлекеттик ишмерибиз Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов менен биргеликте Сталинге кат жазып, Кыргызстан АССРин түзүүгө зор салымын кошкон. Албетте, эр эмгегин эл унутчубу, кийин киндик каны тамган жерге ал залкарыбыздын аты коюлуп, Исакеев айылы аталган. Ал эми 2005-жылдын 26-мартында бийликке келген Кочкордун акими айтылуу Курманбек Байтереков ал айылдын атын өчүрттүрүп, анын ордуна өз атасынын атын берүүгө жакшы эле жан далбастады дешет. Акыйкатчы институтун фирма деп, "ошо кездеги" президенттик аппарат башчысы Үсөн Сыдыковго 100 миң доллар бердим" деген Курманбек мырза адашы Бакиев качкандан дал эки күндөн кийин жумушунан айдалган. Билимсиздиги, зөөкүрлүгү менен айырмаланган бул акимге кочкорлуктар "бизди эки Курманбек курутмай болду, бири аким, экинчиси президент" деп ылакап чыгарып алышкан. Тагдырдын тамашасын кара, аттары эле окшош эмес, фамилиялары да "Б" тамгасынан башталганын.


Жалал-Абадда башка кадр жокпу?
Жаңы өкмөт тутумунда Бектур Асанов деген "азамат" бар. Кесиби тилчи. Аны да сырттан окуп бүтүргөн. Студент кезин университеттик аудиторияда эмес, Ош базарында эт сатуу жана темир-тезек чогултуп Кытайга жөнөтүү менен "диплом жактаган". 2000-жылы депутаттык мандат талашта алланын амири менен Жогорку Кеңешке конуп калган. Ошондон бери саясатта элдир-селдир келатат. Өкмөт алдындагы спорт комитетин жетектеп жүрүп кызматынан түшкөндө "революциялык кыймыл түзөм" деп акасын коркутуп жүрүп шыралгасына Пакистандагы элчиликти алган. Акасы качып кетээри менен Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп келе жатат.
"Үсөн Сыдыковдун бачагын чыгарам" деп айта коюп 13-14-майда жердештери аз жерден өзүнүн бачагын чыгарып кое жаздашты. Ал ортодо бул "азаматты" телефонгейт чуусу да кыйгап өткөн жок. Анысы го мейли дейли, бирок учурдагы Жалал-Абад облусундагы оор кырдаалда бул кишинин ордуна билимдүү, жеринде кадыр-баркы бар башка кадрды жаңы өкмөт караштырып көрсө болот эле деген карапайым элдин тилеги күч.


Тандемден тажабайт экен
Кандай кырдаал болбосун ал абалдан пайдаланып эл көзүнө чыгып калуунун амалын кылган саясатчы сөрөйлөрүбүз күн санап көбөйүүдө. Алардын бири Феликс Кулов. Жумурткадан кыр издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып эле басып жүрөт. Эми кечээ күнү "Тилек" деген коомдук патриоттук кыймыл түзүп, "элдин тынчтыгын камсыздамакчыбыз" деп, Ошту карап турган оозубузду өзүнө бурду. "Мен эч кандай саясат көздөбөйм" дегенине биз эмес өзү деле ишенбесе керек. Феликс Шаршенбаевичтин чачпагын көтөрүп жанында эски министрлер Акылбек Жапаров менен Марат Султанов жүрөт. Болгону баягы өзү уюштурган апрель митингинде аянттан боз үйлөрдүн түндүгүн талкалаган дагы бир генерал чалыш Темиркан Субановду катарларына кошуп алышканда укмуш "тандем" түзүлмөк экен. Андан көрө "үйдө батыр жоодо жок" болбой, түштүк региондоруна барып, ошол жерден акылуусунса болмок.


Эпилепсиясы башталды
Кубанычбек Апас деген доктурубуздун эпилепсиясы кайра башталып, кең Маскөөдөн үн катты. Бул ирет да жөн жатпай Убактылуу өкмөт башчыларына сүйкөнүп, "бары бир Кыргызстанга мен президент болбосом абал турукташпайт, экономика өнүкпөйт" дейт. Өткөндө эле борбор калаада жүрүп, борбордон кичи мекени Ысык-Атага кеткенге жол кире сурап, "мен кайра Москвага бара жатам. Ал жактан 5 миң доллар таап келип бийликти алмаштырам" деп боорду эзди эле кайран киши. Эми ал жакта да жөн жатпай, " түз эле Ошко учуп барсам мени эл дал ошол жерден президент кылып шайлап алат" деп кыйкырууда. Биздин бир гана Кубанычбек Апас мырзадан суранарыбыз: ошол 5 миң долларыңызга ден соолугуңузду каратып, андан соң күзгүгө бир каранып коюңузчу бай болгур.


Максим кайтарылабы?
Бакиевдин кичүү уулу Максим Улуу Британиядан кармалганы тууралуу кабар желдей тарады. Муну Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев да тастыктады. Бирок ошол эле учурда биз эмес, килейген Россиянын экономикасын эңшерип кеткен Борис Березовский өңдүү эл аралык аферисттерди орус прокуратурасы канчалык аракет кылса да тумандуу Альбиондон Россияга экстрадация кыла алышкан эмес. Эми эле "биз Максимди алып келебиз" деген менен ал иш-чара ишке ашарына күмөндүүлөр күн санап көбөйүүдө. Айрым бир эксперттердин айтымында "Максим Бакиев ижарага алынган атайын учак менен өзү барып колго түшүп, ал жерден саясий башпаанек сурап жатат" деген пикирлер арбын. Сыягы бул болсо да Березовскийдин акылы го… Анткени ал экөөнүн бизнеси бир эмес беле.


Айат пресс