mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жондон сыламай

Жалал-Абад абалын Байболов айтты
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты болуп дайындалган Кубатбек Байболов аймактагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди. Анын берген маалыматына караганда Жалал-Абадда эки элдин ортосунда болуп аткан жаңжалды токтотуу максатында өзбек аксакалдарынын катышуусу менен атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөр учурунда өзбөк аксакалдары кырдаалдын курчуп кетишине себепкер болгон Кадыржан Батыровдун аракеттеринен улам жалпы кыргыз журтчулугунан кечирим сурашканын билдирди. Ошондой эле учурда элдин колундагы курал жарактар ыктыярдуу түрдө кайтарылып, Жалал-Абадда абал жакшы жакка ооп баратканын кошумчалоо менен катар жашоочуларга гуманитардык жардам берүүгө болгон аракеттерин жумшаарын айтты.


Ким болду экен?
Аттын кашкасындай таанымал дейт...
Түштүктө массалык кагылышууларды уюштурган деген шек менен Жалал-Абад шаарынан, Кыргызстанга аттын кашкасындай белгилүү болгон саясатчы колго түштү. Кармалган саясатчынын аты азырынча, иликтөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн коомчулукка жарыяланбайт. Ал сасык саясатчы азыр сурак берип, бул башаламандыкка катышкан белгилүү адамдардын аттарын атады. Андан улам комендант Кубатбек Байболов улуттар аралык жаңжалды уюштургандар "мамлекеттик бийликти уратууга аракеттенген" деген айыптоону айтып туру. Кызыгы, кармалгандар күзгү парламенттик шайлоого катышууга катуу даярданып келгендери болду. Ошентип чагымчылардын чачы көрүндү, жакында бети көрүнөт. Анан, жабыла түкүрөбүз!"


Аймакта
БШК иши токтоду
БШК өлкөнүн баардык аймактарына бюлетендерди жиберүү ишин токтотту. 27-июнга белгиленген референдумга дайындалган бюлетендер азырынча БШКда кармалуусу менен катар Бишкек, Ошт, областык жана райондук шайлоо комиссияларын түзүү да убактылуу токтотулду. БШКнын маалыматына караганда, өлкөдөгү стабилдүүлүк калыптанмайынча референдумга даярдануу азырынча токтойт. Туура, азыр шайлоо комиссиясы эч кимге кызык эмес.


Ормон опуза
Жаңы "баатыр"
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн вицелерин кырдаалга байлап туруп эле отставкага айдап жибергенине көпчүлүктүн башы катууда. Алардын ордуна жаңыларын дайындады. Мелис мырзанын мындай кадамын түшүнбөгөн оппоненттери регионго келген гуманитардык жардамдарды бармак басты, көз кысты кылгысы келип жатат дешсе, айрымдары "бул "Ак жол" партиясынан учурунда депутат болуп, кийин мэр болгон. Апрель окуяларынан соң Бакиевди Ошко ушул киши алып келип, акыбалды дестабилдештирүүгө аракеттенген инсан" деп төө матек алып жатышат. Мелис мырзанын акыркы учурда "бир да саясатчыны Ошко киргизбейм" деп опурулганына караганда айткандардын сөзү чын көрүнбөйбү.


От менен ойнобогулачы
Ташта куралды
Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматынын билдирүүсүндө 10-15-июнда эки тарапта тең төмөндөгүдөй курал-жарак болгон.
500дөн ашык арматуралар
1500дөн ашык күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр
25 Макаров пистолети
279 Калашников автоматы
100 даана мергенчиликке чыгуучу мылтык
2 Драгунов снайпери жана адам денесине жаракат келтирүүчү көптөгөн бычак, маки өңдүүлөр.
Учурда оперативдүү топтун жардамы менен бул курал-жарактар элден кайтарылып жатат. Бирок толук эмес.




Акыркы маалымат
Элде азыр курал көп
Ош облусунун коменданты Өмүрбек Суваналиевге телефон аркылуу байланышып, түштүктөгү кырдаал боюнча сураганыбызда ал төмөндөгүлөрдү билдирди:
- Кырдаал көзөмөлдө болгону менен ахыбал оор бойдон калууда. Айрым бир майда топтор партизандык иш чарага өтүп алышып, кээ бир жерлерге от койгон фактылар кездеше калып жатат. Кээде тирешкен тараптардын ок атышуулары боло калганын жашырбайм. Морадерлорго гана каршы күрөшпөстөн куралдуу провокаторлордун да артынан түшүп, кармоого аракеттенүүдөбүз. Алар көзгө атарлар болгондуктан бир эле учурда кырдаалды курчутуш үчүн өзбек-кыргыз улутун тандабай аткылап жатышат.
Чындыгында элде курал азырынча көп. Аларды тапшырууга аракеттенише элек - дейт генерал Өмүрбек Суваналиев.

Саамалык
Жаштардан жардам
"Келечек" жаштар-патриоттук кыймылы "Аю" жана "Артезиан" соода маркалары менен биргеликте түштүктө болгон окуяга байланыштуу эки тонна ун жана минералдык сууларды гуманитардык жардам катары жөнөтүштү. Аталган жүк Ош шаарына жеткен. "Келечек" жаштар-патриоттук кыймылы 12-июндан баштап Ленин районунун ички иштер бөлүмү менен жана башка жаштар кыймылынын активисттери менен биргеликте кошуун түзүп, Ош базары районун жана башка стратегиялык обүектер жайгашкан райондорго күзөт өтөшкөн.
Эң негизгиси "Келечек" жаштар кыймылы Кыргызстандын жарандарын улутуна, диний көз карашына жана социалдык абалына карабастан элди биримдикке, тынчтыкка жана макулдашууга чакырат.
Жана ошондой эле "Келекчек" жаштар кыймылы жакындарын жоготкон жарандарга терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Билсе айтат да эй
Булардын капчыгы
Бакиев
Ош, Жалал-Абад облустарындагы окуяларга карата өз пикирин билдирген Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жаңжалдын чыгышына мурунку бийликтегилер шыкакчы болгонун белгилеп, "биздин тийиштүү кызматтар тарабынан ушундай маалыматтар бар болгон. Эми аны баарыбыз көрүп турабыз. Ким буларга капчык болгонун. Ошол эле Бакиевдердин үй бүлөсү, жакындары. Кээ бир саясатчылар болсо бул жакта аларга курал болуп жатат. Керек болсо ал саясатчы курал болгондо автоматтан да жаман болуп жатат" деп агынан жарылды. Алмаз мырза бир нерсени билмейинче ооз аччу эмес эле…


Жол карагандарга
АКШ "акеден"
Америка Кошмо Штаттар өкмөтү Кыргызстанга 10,3 миллион доллар, Евробиримдик 5 миллион евро бөлүп, "азыркы абалды турукташтыргыла" деди. Бул каражаттар накталай берилбей, дары-дармек, гуманитардык жардам катары келет. Акча, гумжардам көрсө эле кулкунга куюп жиберчү биздин жергиликтүү чиновниктер бул гумжардамга да көнгөн адаттарын карматпаса экен.


Эсил кайран эсилдер
Өлгөндөрдүн саны официалдуу маалыматтардан көп
Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева журналисттер журтчулугун чогултуп, маалымат жыйынын өткөрдү. Ал маалымат жыйынында Роза Исаковна өлгөндөрдүн саны официалдуу маалыматтан көп болоорун, айрым жерлерде жабыркаган тарап официалдуу бийликке толук маалымат айтпай жаткандыгын билдирип, бул каргашалуу окуянын артында эски бийликтин кадрлары тургандыгын баса белгиледи.




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«