mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"
А. В. Луначарский атындагы ГИТИСтин актердук бөлүмүн аяктаган белгилүү алып баруучу Турусбек Жумалиев театр сахнасында бир топ образдарды жаратып, кыргыз киносуна өз салымын кошкону жалпыга маалым. Бирок, Союз ураган мезгилде театр менен кош айтышып, шоу бизнеске өтүп кеткен эле. Бүгүн биз Турусбек мырза менен балалыгы, чыгармачылыгы жана жеке турмушу тууралуу баарлаштык.


- Турусбек мырза, "бала кез кайда деп жүрсөм, балама өткөн турбайбы" демекчи, балалык чактагы баео күндөрдү кандай учурда көп эстейсиз? Мектепте кандай окуучу элеңиз?
- Ар бир адам балалык кезин балдарынын кылык-жоругун көргөндө эске салса керек. Мен да кээде балдарымдын жанында олтурганда алыста калган бала чагыма кайрылып калам. Ойлосом ошондо эле артист болом деп дээлигип, мектепте активист болуптурмун. 9-классымда Карл Маркстын "Кара медалион" аттуу драмасын койгом. Ал учурда мектеп окуучусу режиссер болуп, спектакль коюу деген таптакыр болгон эмес. Мектепте активист болгондуктан кыздардан каттар көп келер эле. Анан досторду чогултуп салтанат уюштурганды жакшы көрчүмүн. Үйүбүз айылдын чет жакасында болгондуктан балдар-кыздарды үйгө чакырып, мугалимдерден жашырынып таң атканча компания уюштуруп, ырдап, бийлээр элек. Кээде туруп ошол жаштыгымды кайрып алгым келет.
- Достор менен кыз ала качуу салтына катышып калгандырсыз...
- Үйдө кыргыздын каада салтына жакшы көңүл бурганыбыз менен мага кыз ала качуу салты таптакыр жакпайт. Эгер жигит арзыганын ала качып алса булардын сүйүүсү кыска жана бактысыз болуп калышат деп ойлойм. Эң негизгиси кыз-жигиттин жүрөгүндө сүйүү жана түшүнүү болуусу зарыл.
- Кайсы бир кол башчы "дүйнөнүн көбүн багындырдым, бирок аялымды багындыра албай койдум" деген тура. Андыктан үй-бүлөдө казан-аяк кагышканда жубайыңызга кол көтөргөн учур кездешти беле?
- Жашоодо ушунчалык боорукер адам болгондуктан тегерегимде курчап турган айымдардын бирине да катуу сүйлөп көргөн эмесмин. Үй-бүлөдө жубайыма кол көтөрмөк түгүл катуу кыйыкырышып, жакалашып мушташкан учур болгон эмес. Чөйрөдөгү башка айымдар менен нааразылаша түшкөндө унчукпай, суроо берсе "эртең жооп берем" деп кетип калам. Анткени аялзаты менен айтышып олтурган эркектерди жаман көрөм. Бир ирет Зоя ооруп атып "мейли ооруну жеңем" деп өзүн карабай жумуш жасап жүрүп алганда "оору сени жеңет" деп тилдеп, ошол себептен катуу урушканбыз. Болбосо майда-барат нерселердин айынан чырдашуудан алыспыз.
- Актерлук кесибиңизди унуткарып, алып баруучулук менен алектенип, тойлордо тамада болуп келатасыз театр сахнасын сагындыңызбы? Дегеле кино же театрга кайтып келип, кайталангыс образдарды жаратууга оюңуз кандай?
- Англиялык драматург Тенниси Уилямстын "ар бир адам кандай кесипке шыгы болсо өзүн сынап көрүүсү зарыл" деп айтканы бар. Анын сыңарындай мен да өзүмдү башка тармакта байкап көрүүнү туура көрдүм. Дагы бир себеби Союз кулаган мезгилде театрларга келген көрүүчүлөрдүн саны азайып, актерлордун жараткан эмгектери бааланбай калгандыгы болду. Чыгармачылыкка аралашып, ар убак сахнада кызмат кылганым менен театр сахнасы башка да, дайыма спектаклде ойнооону эңсебесем да театр сахнасында роль ойногонду сагынам. Буга чейин аткарган ролдорум абдан көп. Алгачкысы Москвада окуп жүргөндө Шекспирдин "Ромео менен Жулиетасында" Ромеонун образын жараткам. Ал эми жубайым Зоя Токторбаева Жулиетанын ролун ойногон. Экөөбүздүн башкошуп калганыбызга да ушул образдар түрткү болду. Андан кийин бир топ баш каармандардын ролун ойнодум. Ар бир өзүнчө сыймык жаратты. Азыр да мага ылайыктуу ролду сунуштаса театрда образ жаратууга даярмын. Эгер ал роль мейли баш каармандыкы болсун мага ылайыгы келбесе токтоосуз баш тартууга аргасыз болом. Бир жагынан алып караганда алып баруучулукту таштап, театрга кетейин десем ар бир спектаклге эл толо келип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жеткире образды ырахат алып ойной аламбы же жөн эле энергиямды коротуп бушайман боломбу деген ой көкүрөктү өйүгөндүктөн кайра театрга кайрылып келүүдөн корком.
- Айрым улуу муундагы актер же режиссерлор менен маектешип калганда "азыркы жаштар кыргыз кинолорун көрбөйт, театрларга келбейт, батыштын менталитетене сүңгүп кетишти" деген нааразычылыктарын айтып калышат. Буга сиздин оюңуз кандай?
- "Жаштардын кылганы туура эмес" деп эле жаштарга күнөө кое берүүгө болбойт. Алар олтуруп алып кыргыз кинолорун гана көрө берсе дүйнө элдеринин маданиятын түшүнбөй, башка элдердин мыкты кинолорун баалай албай калышпайбы. Көрсүн, биздики менен салыштырсын да. Мисалы, азыр жаштардын табити башка. Ал эми кыркка чыкканда башкага алмашат. Ошентип улам улгайган сайын өзгөрүү, алмашуу болуп турат.
- Учурда кыргыз киносу жанданганы менен айрым тасмаларга профессионал актерлор эмес жылт эткен жылдыздар тартылууда. "Бул көрүнүш кыргыз киносунун маданиятын алсыратып атат" дегенге кошуласызбы?
- Албетте кошулам. Мунун өзү туура эмес. Жөнөкөй тил менен айтканда сен экөөбүз нота тааныбай туруп сахнада оркестр менен ырдайбыз дегендей эле кеп. Бизде негизи кесипкөй режиссерлор менен актерлор аз. Ал эми профессионал эмес режиссерлор бир иш жасап алып өздөрүн кыйын сезип, "кыйратып салдык, атактуу болдук" деп эрдемсинишүүдө. Менимче булар өздөрүнө жаман кылып атышат. Четтен чыгып алып бир нерсе жасамыш болуп элди эч убакта алдай алышпайт. Себеби эл да кимдин татыктуу аткарып атканын, кимдин жаман ойноп атканын билет. Дагы бир айта кетчү жагдай теледен айрым үнү жок ырчыларды чыгарып маек курушат да, акырында ырдап бериңизчи дегенде ырчы да уялбай туруп бүтүндөй кыргыз элине койчо маарагансып сүйлөп ырдаганын көргөндө кейийсиң. Бул чынында уят иш.
Бурул МУСАБЕКОВА





Амандыгыңды тилеп жашай берем
Кылымдан кылым жашаган сүйүү. Эскирбейт, унутулбайт, жүрөктү эзет, жүлүндү сыздатат. Дүйнөң аңтар-теңтер түшүп, ааламды сел алып атса да сүйүү көңүлүңдү бурап, көкүрөгүңдү кытыгылап турат го, чиркин! Керемети мына ушундай. Далайды тамтаңдатып, акылдан адаштырып, азап чектирген сүйүү. Бири-бирине жетпей жүргөндөр канча, анан өзүн-өзү алаксытып сүйүүсүн ак баракка жазат же бирөөгө айтат. Келгиле, андан көрө сүйүктүү "Айат" гезитиңер менен ортоктош, сырдаш, муңдаш болуп, кымбатчылыкка, жетишпеген турмушка, көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн тоскоолдуктарга карабай, жан дүйнөңдү азыктандырып, майрамга бөлөнгөн сүйүү тууралуу ой бөлүшөлү. Жүрөктөгү сүйүүңө, кымбат адамыңа арналган чакан аңгемеңди жазып, "Айаттын" "Эх, сүйүү, сенин көзүң жок" рубрикасына жибер. Кат жазгыла, кабарлашкыла! Каттар жөнөтүү үчүн электрондук дарек: musabekova.b@mail.ru

Нөшөрлөгөн жамгырда көз жашыма бетимди жууп, чоң жолдо кетип бараттым. Ойлогонум бир гана сен. Канткенде кечиримиңе арзып, кайрадан кол кармашуунун жолун издейм. Эч себепсиз ачуу тилимди тийгизип, кол шилтеп баса бергениме өкүнөм. Билесиңби, алгач сен экөөбүз таашынканда жоодураган көздөрүңө арбалып, махабат отуна алоолоно күйгөнүмдү. Курбуларымдын арасында сүйлөгөн сөзүм жалгыз гана сен жөнүндө эле. Көп өтпөй сен да сезимдеримди жоопсуз калтырбай сүйүүңдү билдирип баш кошподук беле. Эки жыл бирге өмүр сүрүп, бири-бирибизди жакшы түшүнүп жашадык. Капысынан ортого от жагылганына бүтпөгөн ушак себепчи болбодубу, чиркин. Акылсыздык кылып сен жөнүндө айтылган жалган сөздөргө арбалып, жанымдан артык адамымды душман сезгеним үчүн өзүмдү жемелейм.
Мына быйыл өмүрүмдүн отузунчу кышын тосуп атам. Алгачкы жааган ак кар алдында туруп сени эстедим. Биз эки ача жол менен узаганда да ушундай ак кар жаап атканы эсиңдеби? Кыш менин бүтпөс арманыма айланганы качан. Ар убак ак кар жааганда адамдарга ак тилек чачып жаткандай сезилер эле. Азыр ал таза сезимдин баары муз болуп тоңуп, көкүрөктө көк таштай катып калган. Ак кар жааганда эле алсыраткан бузукулардын сөздөрүн эстейм да букулдап ыйлайм. Ажырашуулардын баарысы ушул ак кардын алдында жаткансып, ачуум келет. Кээде букулдап, өпкөмө өпкөм батпай өрөпкөп ыйлайм. Жан дүйнөмдүн жабыркаганын туюп, ал-абалымды сураган жан жок. Жашоодо маңкурт сымал жалгыз калгансып, жаныма жакын адам издейм, бирок сендейди эч кезиктире албадым. Карааныңды көрүүгө зар болуп, жылуу сөздөрүң кусаланып келем. Кайда болсоң да аман болчу алтыным. Амандыгыңды тилеп армандуу сүйүүмдү эстеп жашай берем. Жаным, сени чексиз сагындым...
Шайыр,
Нарын шаары







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«