mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж
Жаан ыйлап, жашын тынбай төгүп турду.
Жамы журт жамандыкты көрүп турду.
Жаалына чыдабаган далай жигит
Жаныштын аткычтарын сөгүп турду.

Эл келип, эки жактан чубап жатты.
"Элди аткан кыргызбы?" деп сурап жатты.
Жамгырдай жааган октор тийген сайын
Жанымдан жапжаш балдар кулап жатты.

Бирөө да элден качып бөлүнбөдү.
Бир тобун бир заматта өлүм жеди.
Бийликке келмек болгон билермандын
Бирөө да жаныбыздан көрүнбөдү.

Шыпшайдар тукумдары кетпей турду.
Шыкаалап, маскаларын чечпей турду.
Үчөөнү үзө атсак деп көздөн учуп
Үч мылтык колубузга жетпей турду.

Эх балдар, таңды тоспой, ок тостуңар.
Эл менен акыреттен достоштуңар.
Аянтта, апрелдин сегизинде
Асмандан турна болуп коштоштуңар.

Тирүүлөр өз өмүрүн улап келет.
Тим калбай жүрөк кээде бурап келет.
"Тайманбас жаш балдардын арбагына
Татыктуу болдукпу?" деп сурап келет.

Кан менен жин аралаш сасып турат.
Калааны күүгүм туман басып турат.
"Кайрандар өчү алынбай калабы?" деп
Кара таш көөдөнүмө батып турат.

Бир күнү мен да күнүм бүтүп калаар.
Бир азга көч токтолуп күтүп калаар.
Айланып араңарга кошулганы
Арбагым артыңардан учуп бараар.
Жыргалбек Касаболотов




КРнын башкы прокуратурасына
Кайрылуу
Менин сиздерге кайрылуума "Айат пресстин" 20-апрелдеги №62 санына жарык көргөн М. Табылганбековдун "Мыктыларды жиберсек…" деген макаласы түрткү болду. Ал макалада автор Бакиевдин тушундагы 2-3 атка минерлерди кызылдай мактап, "кайра аларды кызматка алып келиш керек" деген ой айтылыптыр. Мен ошолордун ичинен мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун жана анын карьерасынын киндик атасы, анча-мынча белгилүү саясатчы, мурдагы министр, депутат, Бакиев менен Акаевдин сүймөнчүгү болуп жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө өзүмө белгилүү, алардын жооптуу кызматтарда иштеп турган убагында кантип сол чөнтөктөрүнө мамлекеттин акчаларын солошкондорун элге алып чыккым келди.
Убагында Ж. Сатыбалдиев алгачкы качкын президент Акаевдин көңүлүн таап, түздөн-түз президентке баш ийген "Бишкек -Ош жол курулуш" башкармалыгын түзүп, элге пайдалуу жол курулушун жүргүзө баштаган. Натыйжасында ал жол кудайга шүгүр жакшы бүткөрүлүп, бирок канчалаган акчалар Акаев менен Сатыбалдиевдин чөнтөгүнө куюлганы ушуга чейин белгилүү себептер менен кылдат текшериле электиги дайын. 1999-жылы Жогорку Кеңештин комитеттик комиссиясы бир аз текшерип төмөндөгү фактыларды таап чыккан.
- 1999-жылы транспорт жана жол куруу тармагында 185,14 миллион Америка доллары кредит катары инвесторлордон тартылган. Анын 55 миллиону "Манас" аэропортун оңдоого, 120 миллиону Бишкек-Ош жолун реконструкциялоого, 25 миллион француз франкы Ош шаарындагы аэропорту оңдоого кетмек. Ошол акчалардын кайда, кандай жумшалганы тууралуу кылдат текшере келсе эле далай былыктар ачыкка чыкмак.
- Азия өнүктүрүү Банкы 1996-жылы 18-июлда түзүлгөн келишимдин негизинде КРга 50 000 000 АКШ долларын, жылына 1% үстөгү менен 40 жыл убакытка негизги сумманы төлөөнү 10 жылдан кийин деген шарт менен кредит берген. Ал акчалардан Ж. Сатыбалдиевдин жардамы менен түзүлгөн жана башкы подрядчик болгон кыргыз-түрк "Суусамыр-Интер" биргелешкен ишканасынын эсебине 7 703 097,07 АКШ доллары бөлүнүп, анын ичине 18 000 долларга 2 "Волга", 162 100 долларга 5 "Тойота", 123755 долларга 16 "Нива-Лада", 27 000 долларга 3 "УАЗ-Джип" автомашиналары, 75 500 долларга 6 даана "Газель" маркасындагы кичи автобустар жана 16 000 долларга 2 даана "ГАЗ" маркасындагы жүк ташуучу автомашиналар сатылып алынган. Ал эми текшерүүнүн жыйынтыгында 18 автомашинаны сатып алган 101 400 долларга жана 1 160 092 сомго счет фактуралар жок болуп чыккан. Негедир "20 даана жеңил автомашиналар кимгедир арендага берилди" деп айтылган. Ошондой эле 855 817 доллар "Суусамыр-Интер" биргелешкен ишканасынын лагерь курулушуна деп жумшалган. Мындан кызыгы белгисиз бир мейман 7 миллион сомду нак санап алып кеткен. Ал эми арак-шарап, пиво, коньяка 11445сом, упа-эндик, духи сыяктуу косметикалык каражаттарга 11115 сом, тамекиге миң сом, тамак-аш, кийим-кечеге 17 895 сом, мончо, саунага 1070сом, таксиге 1520сом, офис арендасына 64 миң сом чыгымдалган. Бул маалыматтар чекеси гана. Жыйынтыгында байкуш элдин мойнуна ушул экс "мыкты иштегендер" Ж. Сатыбалдиев жана Н. Сулаймановдун күнөөсү менен канчалаган акчалар келечекте жогоруда айтылган кредиттерди төлөө жүктөлдү экен.
Ал эми Бакиевдин "Кошелокторунун" бири экс министр Нурлан Сулаймановду ошол Сатыбалдиев алып келгендигин төмөнкү фактылар менен тастыктасак болот. 1996-жылы Сулайманов Ош шаарында РСУнун начальниги болуп иштеп турган. РСУ 1995-96-жылдары түзүлгөн. 2000-жылы Ж. Сатыбалдиев транспорт министри болуп турганда аталган РСУну өзүнө "прихватизация" кылып алып, ал жерге өзүнүн бир тууган иниси Сатыбалдиев Русланды башчы кылып койгон. Н.Сулаймановду болсо Бишкек-Ош жол курулуш жагына начальник кылып алып келген. Ошондон баштап Бишкек-Ош жол курулушуна Ж. Сатыбалдиев көптөгөн техникалык каражаттарды бөлүп берип, кийин Н. Сулаймановдун жардамы менен ошол техникаларды жогоруда айтылган РСУнун балансына которуп, кийин эч жигин билгизбей менчиктештирип алышкан.
Эми сөз Нурлан Сулайманов жөнүндө болсун. Ал РСУда иштегенге чейин Кыргызжолтранспроектте жана ДЭУда катардагы инженер болуп иштеген. Кийин мамлекеттик Бишкек-Ош жол курулуш дирекциясында иштеп туруп, устаты Ж. Сатыбалдиев экөө а дегенде эле Төө-Ашуудагы тоннель жана Бишкек-Ош жолундагы тараза кызматтары аркылуу түмөндөгөн акчаларды чогултуп, ал жерлерге өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын коюшуп, өз чөнтөктөрүн кыйла эле кампайтышты. Деги эле ошол экөө түзгөн элдин акчасын уурдоо механизми ушул тапта деле ийгиликтүү иштеп жатат. А бирок ал акчалар азыр кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз. Азыр болсо Бишкек-Ош жол куруу дирекциясында Н. Сулаймановдун "Кошелогу" аталган, эч кандай жол куруу адиси эмес, ошол ишкананын башкы бухгалтери Нурмамбетов Кадыр деген адам иштеп жатат. Демек анын жардамы менен Н. Сулайманов ушул тапта деле түшүп жаткан нак акчаларга суук колун салып келет.
Акыркы жылдары Н. Сулаймановду "Республикабыздын жолдорун кыйла эле оңдоп койду" деген мактоо сөздөр айтылып келген. Чындыгында бул жерде дагы эле болсо элдин көзүн боеп, миллиондогон суммадагы акчаларды кымыруу кылдат ишке ашырылган. Жол тасмаларын оңдоодо көп учурда жеңил эле жумуштар аткарылган да, отчетту көп жумуштар аткарылды деп түзүшкөн. Бир эле мисал, эки жыл мурун Ысык-Көлгө кеткен Боом капчыгайындагы жолдун ремонтун айтсак болот. Бир аз битум аралашкан майда шагыл төгүп, түздөп коюшту да, "капиталдык ремонт жүргүздүк" деп айда мактанып чыгышкан. Бул сыяктуу көз боемочулук экс-министрлер Ж. Сатыбалдиев жана Н. Сулаймановдордун тушунда кыйла эле көп жасалган. Бул махинациялардын бетин ачып, ашкерелеп кылдат текшерип чыгуу зарыл, бирок жигин табуу оңойго турбайт. Мындай оңой кылмыштуулук менен акча табуу ыкмалары Бишкек-Ош жол курулушунда да кеңири колдонулганы турган иш.
Ошондой эле Н. Сулайманов министр болуп иштеп турганда кызмат абалынан пайдаланып транспорт жана коммуникация министрлигинин көптөгөн жооптуу кызматтарына өзүнүн туугандарын, досторун жана Алайлык жердештерин алып келген. Алардын катарына мамлекеттик транспорт инспекциясынын начальниги (ГТИ) Сатаров Т, ошол эле ГТИнин түндүк жак башкармалыгында начальник болуп касапчы, Н. Сулаймановдун кудасы Ташбеков, автовокзалдын директору Абдувалиев Б. (кесиби курулушчу), Кыргызинтранс ишканасынын директору, пенсия жашындагы жана Жаныш Бакиевдин жакын санаалашы Ж Шарапов ж.б. киришет.
Ал эми жогоруда айтылган Шарапов ар дайым эл аралык жүк ташууга берилүүчү лицензиялардан түшкөн АКШ долларларын Н. Сулайманов менен бөлүшүп келгендиги не эч күмөн жок. Убагында ушул эле Шарапов бир кездеги Акаев менен анын аялы Майрамдын сүймөнчүгү, дагы бир экс-министр жана премьер-министр Жумалиев Кубанычбекке Бишкек шаарынын Чыгыш промзонасында жайгашкан ТЭПти (транспорт эксплуатация пункту) приватизация кылганга чоң жардам берген. Ал эмгеги үчүн ТЭПке тиешелүү болгон 3 жана 5 тонналык кымбат баалуу контейнерлерди жана көтөрүп жүк ташуучу техникаларды бүт сатып өз чөнтөгүнө сологон. Айтмакчы Бишкектеги ТЭП 1988-1989 жылдары курулуп, өзүнүн темир жолго чыга турган бутагы болгон жана чоң-чоң складдары менен 5 этаждуу адмимистративдик жайы болгон.
Жогорудагыларга кошумча орусча жазылган, басма сөз каражаттарына жарыялаган материалдар да бар. Ал материалдардын негизинде кыргыз Республикасынын тартип сактоо органдары Н. Сулайманов менен Ж. Сатыбалдиевдин жана А. Акаев менен М. Акаеванын сүймөнчүлүгү, экс-премьер министр К. Жумалиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тергей баштоосу мыйзам ченемдүү көрүнүш болоор эле. Антпесе булар да куйругун түйүп качып кетиши мүмкүн.
Асылбек АСАНАЛИЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«