КАНДУУ ЖОЛ
(Башталышы өткөн санда)
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Анткени Кыргызстандын суу-энергетика ресурстарына кожоюндук кылуу менен Терезовскийдин тобу бул коңшу мамлекеттерге да өз талаптарын коюууга мүмкүнчүлүк алат эле.
Ал күнкү жолугушуулардын ичинен МЧСтин генерал Тайнурин менен көзмө-көз сүйлөшүүсү абдан маанилүү болду. Тайнуриндин коңшу мамлекеттин ичинде таасири чоң болучу, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы, армия, ошондой эле массалык маалымат каражаттары, бизнес структуралары толугу менен анын көзөмөлүндө боло турган. Президентке жакын адам болгондон кийин аны "Улуу Султандын көлөкөсү" деп да аташа турган. Ошондой эле Тайнурин Англияда элчи болуп иштеп жүрүп Велкобританиянын, Америка Кошмо Штаттарынын, Израилдин чалгын кызматтары менен да тыгыз мамиле түзүүгө жетише алган. Сүйлөшүү маалында Тайнурин МЧСке:
Казак менен кыргыз бир тууган эл. Кудай силерге өз назарын аябаптыр, байлыгыңар абдан көп, жериңер абдан кереметтүү. Мына ошол байлыктын ээси эл го, үзүрүн эл көрүп, бай жашашы керек да. Азыр силерде абал өтө эле начар, Президентиңер аферисттерге көз каранды болуп калды, бүтүндөй табигый байлыгыңар, электр станцияларыңар, алтын кен байлыгыңар чет жактагы Терезовский өңдүү жуликтердин колуна кетип жатат, аны өзүңөр деле көрүп турасыңар. Силердин байлыкка ээ болуп алгандан кийин алар коңшу Казакстан менен Өзбекстанга да кол салалы деп жатышат, бизди суу маселеси боюнча көз каранды кылып кармап турууга, биздин мамлекеттик саясатка таасир этүүгө аракет кылышмакчы, Токтогул суу сактагычынын, андан ары курула турган Камбар-Ата суу сактагычынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышмакчы алар, суу-энергетика маселесин өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралына айланткылары келип жатышат. Бүтүндөй Борбордук Азияны аларга кул кылып берүү болбойт да. Силердин Президент ушуну түшүнбөй жатат, балким түшүнсө да баласы Вадимдин айынан аргасы жок көнүп жатат. Бул маселенин келечеги чоң чатак болот. Регион ичинде согуш чыгып кетиши да мүмкүн. Силердин Президенттин саясаты кыргыз элине карата ачык эле карасанатайлык деп ойлойм. Алар бир нерсени жакшы түшүнбөй жатышат, казактар эч качан эл аралык мафияга баш ийип бербейт, колдон келишинче алар менен күрөшөт. Ошондуктан алардын биздин региондо бекемделип алышына жол бербешибиз керек, чогуу аракет кылышыбыз керек, алардын карасанатай саясатын токтотушубуз керек, - деп айткан.
МЧС анын жүйөлүү сөзүнө макул болгон. Чынында эле Терезовскийдин таасиринин өсүшү өлкөнүн көз карандысыздыгын жок кылууга, жер-суу байлыктарынын бардыгын анын колуна өткөрүп берүүгө алып келиши айдан ачык. Сөздүн жыйынтыгында, эгерде өлкө ичиндеги конструктивдүү күчтөр абалды оңдоого белсенип кирише ала турган болсо, анда сырткы саясий күчтөр бардык мүмкүнчүлүктөр менен жардам берише тургандыгынын кепилдиги берилген. Мына ошондой колдоого жана жардамдын кепилдигине ээ болгон МЧСтин телегейи тегиз болгондой болуп, көптөгөн саясий агымдардын башын бириктирип бир күчкө айлантып, жакын арада өлкөдөгү саясий абалды кескин өзгөртүүгө кудурети жете турганын сезип, алдыдагы чоң саясий жүрүштөрдүн тизмегин ой чубатымга салып келе жаткан. Буюрса тескери кетип бара жаткан саясатты токтотуп, өлкөнү эл аралык мафиянын торунан куткарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бир үй-бүлөнүн жеке бийлигине жол бербей турган, адамдар өзүн эркин сезген, эч нерседен коркпой жашай ала турган өлкө курабыз деген үмүт бар анын кыялында. Өзүн ошондой кубаттуу коомдук кыймылды аракетке келтирип жаткан зор инсан катары сезип келе жатат МЧС. Ал өзүнүн саясий салмагынын артып жатканына куштарланып, кыялында келечектеги кыргыздын Дэн Сяопини сымал тарыхта калам го дегендей маашырлануусу да бар эле.
МЧСтин оюнда эртеси жума күнү өз кишилерин топтомок да жыйырмага жакын парламенттин депутаты кол койгон кайрылууну Президент Кибаевке жөнөтмөк, массалык маалымат каражаттарында жарыя болмок. Бул кайрылууда бийликте турган партия элдин үмүтүн актабай жаткандыгы, өлкөдөгү экономикалык саясат туура эмес болуп жаткандыгы, тутумдаш кризис башкаруудагы катачылыктардан улам катуу күч алып жаткандыгы айтылмак да, эгерде шашылыш чаралар көрүлбөсө депутаттык мандаттардан баш тартыша турганы билдирилмек. Кайрылуу ачык жарыя болгондон кийин дагы бир топ саясий күчтөр колдоп чыгышмак. Март айынын аяк жагына дайындалган оппозициялык күчтөрдүн жалпы республика боюнча митингедеринин алдында мындай саясий жүрүш бийликтин кризисине алып келмек, өлкөнүн конструктивдүү күчтөрүн бир максатка бириктирүүгө жол ачмак. Натыйжада Президент өз ыктыяры менен саясий реформаларга бармак же болбосо кызматтан кетүүгө мажбур болмок. Мына ушундай багытта ой жүгүртүп жаткан МЧС эртеңки күндү көрүүгө ага Кудай насип кылбаганын, анын өлүмү туралуу суук кабарды угаар менен ишенимдүү деген депутаттары койондун бөжөгүндөй бөгүп жашынып каларын, кыйын деген окумуштуу депутаты, курсташ досу Айнидинов болсо оозу-мурду кыйшайбай туруп Кибаевдерди колдоп чыгарын, анын таламын талашып жалгыз гана аял депутат Куликина чырылдап кала берерин да билген жок. Оомалуу, төкмөлүү дүнүйө деген ушу.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат экиден жыйырма беш мүнөт өттү.
Шопур бала Чекара кеңсесинен чыгып, машинени көздөй басты. МЧС менен Слепко паспорт көзөмөлүнөн өтүп шлагбаумдун ары жагында күтүп турушкан. Аларды көргөн шопур машинени от алдырып чекара сызыгынан өтүп барып токтоду. МЧС машинеге отуруп жатып:
Баары жайындабы, эмне максаттары бар экен? - деп шопурга кайрылды.
Билбейм, айтышпайт. Акча берели, батыраак эле өткөрбөйсүңөрбү десем болбой коюшту, акчанын деле кереги жок окшойт буларга.
Кеп акчада эмес, буйрук алышкан да, бир аз нервине тийип койгула деген, эчтеме эмес, бул жакта да тартип болот, бардыгын өз ордуна койобуз, убакыт келет. Ачык бетке айтып чыга албай бирөөлөрдүн артына жашынып, ушундай майда-чүйдө нерсе менен чукулап отурган келемиштердин да күнү бүтөйүн деп калды. Келме кезек эмеспи, мындан ары саясаттагы келемиштерге айоо болбойт, ошолордун азабынан мамлекет азыркыдай байкуш болуп отурат. МЧС арткы орундукка жайланышып отурду да шопурга кайрылып- айда, кеттик, үйгө барып эс алалы, эртең иш көп, - деди.
(Уландысы кийинки санда)