mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!

"Адамдар байыган сайын сараң болушат" деп коюшат эмеспи. Бул сөз айрыкча эркектерге тийиштүү экени талашсыз. Ушул себептен биз жалпы сараңдык тууралуу окурмандарга сунуш кылууну туура көрдүк.

Мырзалардын сараңдыгын билүү эки өңүттөн каралат. Биринчиси - бул жалпы сараңдык. Анда жубайына, балдарына, жакындарына жана досторуна гана сараң болбостон өзү үчүн да ашыкча каражат коротууну каалашпайт. Мисалы, жубайына белек бергенде үй тиричилигине керектүү болгон үтүк же казан алып келип, бир ок менен эки коен атышат. Мындай мырзалар акчасы көп болобу, аз болобу баары бир ашыкча коротууга жол бербейт. Экинчиси - бул өзүмчүлдүк. Мындай мырзалар дайыма өзүн эркелетип, кийимдин мыктысын кийип, кымбат телефон көтөрүп, тез-тезден машинасын жаңыртып, таттуу тамактанып, улам жаңы чыккан буюмдардан куру кол калбай, айтор өзүнөн эч нерсе аянбайт. Ошол эле маалда жубайына же жакындарына керектүү нерсеге каражат табууга моюну жар бербей калат. Кыскасы "өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар" дегендер ушулар.

Айымдарга кеңеш
Эгер сиздин абал жогоруда айтылган эки көрүнүшкө туура келсе, анда жолдошуңуздун кадамын сырттан баамдап көрүп, ошого жараша мамиле кылганыңыз дурус. Эң алгач жолдошуңуздун канча киреше табарын жана канчасын жеке өзүнө жумшарын аныктап алыңыз. Абалды туура жолго салуу сиздин колуңузда экенин эсиңизден чыгарбаңыз.




Сараң мырзалар жагабы?
Гүлнара
ТОЙГОНБАЕВА,
ырчы:
- Сараң мырзалар кайсы эле айымга жаксын. Жашоодо, динде мырзалар айымдардан бир тепкич жогору турат деп айтылат. Ал эми сараң мырзалар ошол бийиктикти булгайт деген пикирдемин. Бийик, абройлуу адам эч качан жубайынан, балдарынан, жакындарынан аянбайт.

Байлар сараң
болушабы?
Аскар
САЛЫМБЕКОВ,
экс-депутат:
- Мен өзүмө келгенде абдан сараңмын. Обу жок акча коротпостон ар бир нерсеге ченеми менен каражат жумшайм. Ал эми жардамга муктаж болгондорго такыр аянбайм.





Сен дайыма кызыккан нерселериңе көңүл буруп, убакытты текке коротпой, акчага үнөмдүү болгуң келеби? Анда эмесе кандай адам экениңди биз менен бирге
текшерип көр.
1. Келечегиң тууралуу ар убак ойлоносуңбу?
а) Албетте, жакшы жана бай турмуш тууралуу кыялданам.
б) Жок, күнүмдүк турмуш менен гана жашайм
в) Дайыма алдына ала план түзүп, ошонун негизинде жашайм. Жасаган ишим ар убак ишке ашат.
2. Электрондук дарек менен келген каттарга канчалык деңгээлде тез жооп бересиң?
а) Дароо.
б) Бир күндүн аралыгында
в) Убактым болгуча кат почтамда бир апта жата берет.
3. Жолдошуң үйгө көңүлсүз келип, жөнү жок чатак чыгара баштаса эмне кыласың?
а) Эч күнөө кылбагандыктан жатып алып ызаман ыйлайм.
б) Башка бөлмөгө кирип өзүмдүн ишим менен алек боло берем.
в) Эмнеге көңүлсүз келгенинин жөнүн сурайм.
4. Толтура тамак-аш сатып алып кассада кезек күтүп турасың. Сага канча сумманы айтарын билесиңби?
а) Болжолдуу билем.
б) Бир тыйынына чейин так билем.
в) Эсептеп баштаганда эле жаңылып кетем.
5. Курбу кызың баласын карап турууңду суранса макул болдуң. Бирок, баласы ашыкча тентектик кылса эмне кылар элең?
а) Такыр көңүл бурбай койсом өзү басылып калат.
б) Курбума чалып шок баласын алып кетүүсүн суранам.
в) Китептер менен, оюнчуктар менен алаксытуунун аракетин кылам.
6. Жумуш издеп сайттарга кирип калдың дейли. Биринчи орунда кулактандыруулардын кандай жагына көңүл бурасың?
а) Иш абалы, талабы толук жазылганына карайм.
б) Айлыгы жогорубу же жокпу деп билип алам.
в) Кесибим дал келсе болду.
7. Досторуң менен машина айдап тоого чыгууну пландаганда түшүңө авто кырсык кирсе кандай айла кыласың?
а) Жөн гана түш деп коем.
б) Баруудан баш тартам.
в) Кандай болгон күндө да баратканда этият болмокмун.
8. Эгер курбу кызың бир көрүп сүйүп калган жигитке тез эле турмушка чыгып кетсе бактылуу болоруна ишенесиңби?
а) Ооба, бул чыныгы сүйүү.
б) Жок, экөө биринчи бири-бирин жакшы билип алганы оң.
в) Балким бактылуу болушат.
9. Жакын таанышың көп эмгек жана күч талап кылган ишти бүтүрүп берүүңдү суранса макул болосуңбу?
а) Кечирим сурап, орчундуу ишти жасоодон баш тартмакмын.
б) Алдына ала ыраазычылык билдирип койсо, жасап берем.
в) Жасап көрөм, бирок жыйынтыгына жооп бере албайм.
10. Банктан акча которсоң майда акчанын ордуна лотерея билетин сунуштаса аласыңбы?
а) Жок, акчамды алмакмын.
б) Албетте.
в) Көңүлүмө карап иш кылмакмын.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"






??.??