mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Түштүк тополоңунун
хронологиясы
(Уландысы. Башталышы 5-бетте)
12-июнь.
06:35. Түндөгү ок атышуулардан улам Ошто каза болгондордун саны 46га жетти. 600 ашуун адам жаракат алды. Саламаттык сактоо министрлигинин мындай расмий маалыматына катарлаш набыт кеткендердин саны андан арбын деген жергиликтүү күбөлөрдүн пикирлери тарап жатат.
06:40. Ош ОИИБи: "Өзгөн шаары, Кара-Суу жана Араван райондорунда түн тынч өттү".
07:30. Ош шаарынын булуң-бурчунда атышуу токтой элек.
07:45. Бишкекте түнү тополоң болуп, жараат алган 26 адам ооруканага жаткырылды. Көпчүлүгүнүн мээси чайкалып, кабыргалары сынган. "Патриот" элдик кошууну Бишкекте бирин-экин морадерлук катталды, деп билдирди.
07:50. Ош шаар мэри М.Мырзакматовдун өтүнүчү менен УӨ жергиликтүү "Ош ТВ", "Мезон ТВ" жана "ДДД" телеканалдарынын ишин убактылуу токтотту. Буга аталган телеканалдар аймактагы улуттар аралык мамилени курчутуп жатат деген себеп негиз болду.
09:20. Оштогу Макаренко мектебинин жанында жардыруу болду.
09:50. Номуру чечилген унаа минип, беткап кийген белгисиз адамдар Ош шаарынын ар кайсы бурчуна барып ок чыгарып, бүлүк салуу менен элди бири-бирине кайраштырууда. Алар башка аймактардан келген куралчан топтор болушу мүмкүндүгү айтылууда.
11:00. Саламаттыкты сактоо министрлиги Оштогу тополоңдон 50 адам каза таап, 663 адам жарадар болуп ооруканага түшкөнүн расмий маалымдады.
Оштун базарлары жана дүкөндөрү толук жабылган. Бишкектен медикаменттер жеткирилүүдө.
12:00. Түштүктөгү кандуу окуяларды токтотуу үчүн Россиядан жардам суроо демилгеси көтөрүлдү. Муну "Кыргыз биримдиги" аттуу коомдук уюмудун төрагасы Абдыганы Шакиров "Азаттыкка" билдирген. Ал убактылуу өкмөт бийликти колго алалбай атканын айтты.
12 10 А.Бекназаров күч органдарынын ардагерлерин жардамга чакырды.
12 30 "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Ф.Кулов, коммунисттер партиясынын төрагасы И.Масалиев Убактылуу өкмөт тез арада ЖККУ менен БУУга кайрылышы керек деген билдирүү таратты. Ал тынчтык күчтөрүн киргизүүнү сураныш керектигин белгиледи.
12 50 ИИМ кырдаал татаал, бирок, колдон келген чаралар көрүлүүдө деп билдирди. Кагылыштан милиция бир кызматкерин жоготту.
14 30 Кыргыз өкмөтү Россиядан жардам сурап кайрылды. Бирок, Роза Отунбаева ал эмне жардам экенин так айткан жок. Ал Оштогу тополоң окуялардын артында Курманбек Бакиев жана анын жакындары турганын баса белгилеп, "бул окуялар 20-июндарда күтүлүп жаткан, бирок бул андан эрте башталып кетти", деди
15 00 Россия Кыргызстандын түштүгүнө гумжардам жөнөтөрүн билдирди.
15 15 Р.Отунбаева Дмитрий Медведевге кат жазып, аскерий жардам сурагандыгын билдирди.
15 20 Кыргыз-өзбек чек арасы бир тараптуу ачылып, өзбек улутундагы кыргызстандыктар коопсуздугуна байланыштуу Өзбекстанга өткөрүлүп жатат.
15 30 Россиядагы кыргыз жана өзбек диаспоралары Д.Медведевден жардам сурашты. Кыргызстандагы он чакты жарандык уюм болсо эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылды.
17 20 Ө.Текебаев Кыргызстандын элин имиштерге ишенбей, чагымчыларга алдырбай, акыл-эстүү жана сабырдуу болууга чакырды.
17 30 Таластан Ошко гумжардам жөнөтүлдү.
17 45 Оштогу окуяларга нааразы болуп, Жалалабаддагы атмайданга эл чогула баштады. Бири 200, бири миң деп, алардын санын так билген эч ким жок.
18 00 А.Бекназаров Оштогу окуяны сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн эместигин айтып, бул эки элди кайраштыруу максатында башка күчтөрдүн мурунтан даярдалган пландуу иши деди. "Шаардын мерчемдүү жерлерине атайын снайперлер отургузулган. Алар адамдарды четинен атып турган. Номери жок автомашиналар куралдарды таратышкандыгы да белгилүү болду. Тигил же бул жерде атышуулар болуп жатат, деген жалган маалымат уюлдук телефон аркылуу берилип турган. Бул алагды кылуу, адаштыруу максатында болгон. Атайын контрреволюциялык күчтөр ачык эле аракеттенип жатканы билинди", - деди А.Бекназаров.
Ичүүчү суу таңкыс боло баштаганы айкын болду.
18 15 Оштун өзбек улуту жыш жайгашкан аймактарында жашаган кыргыздардын үйлөрү талкаланып, өрттөлгөндүктөн коопсуз жайларга, обладминистрация имаратына көчүрүлдү. 12-июнда эртең менен үч миң аял балдары менен Өзбекстанга өтүп кеткени айтылууда.
19 00 Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна коменданттык саат киргизилди.
Ошто тамак-аш маселеси чыңалды. Кыргызстандын башка аймактарынан тамак-аш, ж.б. эң керектүү буюмдар келүүдө.
19 50 Чекист Кубат Байболов УКМК төрагасынын 1-орун басары, Жалал-Абаддын коменданты болуп дайындалды.
20 00 Николай Солдашенко ИИМ министринин орун басарлыгына дайындалды.
21 10 Россия өкмөтүнүн маалымат катчысы Наталя Тимакова Кыргызстандагы кырдаал өлкөнүн өз иши экендигин белгилеп, "Орусиянын бул абалга кийлигишүүсүнө ылайыктуу шарт жок" деп, Россия гуманитардык гана жардам көрсөтөт деп билдирди.
21 10 Түштүк аймагында кагылышуудан каза тапкандар 75 адамга жетти, жарадарлар миңге чукул.
22 10 УӨнү сындап келген Өмүрбек Суваналиев Ош облИИБинин башчылыгына дайындалды.
23 10 УӨ өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялаган Декрет кабыл алынды. Ага ылайык, КР Коргоо министрлигине аскер бөлүктөрүн аскердик мезгилдин талабына ылайык даярдыкка келтирүү тапшырмасы берилди.
23 20 Өзгөчө кырдаал учурунда ок атуучу куралды колдонууга уруксат. Дагы бир ушундай Декрет чыкты. Ал жарандарды коргоо жана аларга кол салуудан коргонуу, барымтадагыларды куткаруу, куралды тартып алуу аракеттери болгон учурларда, укук коргоо органдарынын, аскер күчтөрүнө, мамлекеттик маанилүү обөектилер, мекеме-ишканалардын имараттарына жана жарандардын үй-жайына кол салуу болгон учурларда милиция кызматкерлерине, аскерлерге куралдан ок атууга уруксат берет. Куралдуу каршылык көрсөткөндөргө жана куралды өткөрүп берүүдөн баш тарткандарга да ок атууга жол берилет. Бул өзгөчө кырдаал бүткүчө күчүндө болот.
13-июнь
08 00 Гуманитардык жардам жүктөлгөн учак, аны менен кошо Э.Ибраимова, К.Байболов, Ө.Суванабалиев жана түндө дайындалган жетекчилер Ошко учуп кетишти.
10 20 Ош шаарындагы Ноокат-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышкан өзбек-кыргыздар элдеше баштады, деп "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Бул демилгени кыргыз-өзбек активисттери көтөргөн. Ушул эле топ мындай ишин улантууну көздөөдө.
10 40 Бишкек милициясы күчөтүлгөн режимге өттү.
12 25 Ош шаарынын айрым жерлеринде атышуулар уланууда
12 40 Ошто ӨКМ гуманитардык жардамдарды кабыл алуу штабын түздү. Буга чейин гумжардамдар элге тегиз жетпегени айтылган болчу. Бишкекте да гумжардам штаб ачылды.
13 40 Жарым-жартылай мобилизация "толук мобилизация" болуп өзгөртүлдү. Ага ылайык, аскерге жарактуу жарандарга чакыруу жөнөтүлөөрүн, чакыруу алгандар кызмат өтөөгө милдеттүү экени маалымдалды.
14 55 Кагылыштарда көз жумгандардын саны 84 адамга жетти. Анын 9у Жалалабаддан.
15 00 Т.Сариев каза болгондордун бардыгынын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, элди тынчтыкка үндөдү. Интеллигенция өкүлдөрүн жардамга чакырды.
16 10 Каржы министрлиги Ошко жардам катары 50 миллион сом бөлдү
16 40 ИИМ министри Болот Шер курал колдонууга буйрук чыгарды. Ага ылайык, курал тартып алуу максатындагы кол салуулар болсо, тынч жарандарга куралдуу кол салуулар катталса ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтык куралдарды толук түрдө пайдаланууга укуктуу.
18 05 Экс-президент А.Акаев Кыргызстандыктарга кан төгүүлөргө жол бербегиле маанисинде кайрылуу жасады.
18 30 Президенттикке экс-талапкер, "Мекен Туу" партиясынын чет жерде качып жүргөн лидери Урмат Барктабасов түшкөн учак Бишкектин "Манас" аэропортуна конуп, Балыкчыны көздөй кетти.
Оштон оор жараат алгандар Бишкекке жеткирилүүдө.
20 20 Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндөгү жатаканада коркунучта калган 200дөй түштүк азиялык (пакистандык, шри ланкалык, индиялык ж.б.) куткарылды.
23 40 Тополоңду басуу учурунда беш милиционер окко учту. Он бири жарадар. Түнкү 11де Саламаттык сактоо министрлиги каза тапкандар 113кө, жарадарлар 1405ке жетти деп билдирди.
14-июнь
06 30 Жалал-Абадда кырдаал турукташып калды. Түн ичинде ар кайсы жерде ок атышуулар болду. Автомат, снайпер, граната менен куралданган белгисиз адамдар тартип коргоо кызматкерлери менен кагылышканы айтылууда.
06 50 Канттагы Россиянын авиабазасына кечээ үч Ил-76 транспорттук-аскер учагы менен 31-десанттык-чабуул бригадасы жеткирилгенин Кантта кызмат өтөгөн аскер кызматкери тастыктаган. Алар Канттагы россиялык аскер обьектилерин кайтарып, аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылышмакчы.
07 20 КР чегара кызматынын төрага орун басары Ч.Турусбеков кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч экенин, Өзбекстанга качып өткөн элдин агымы токтой электигин, канча эл качып өткөнүн так айта албасын билдирди. Бейрасмий маалыматтарда качкындардын саны 40 миңден ашуун. Турусбеков чегарадан ары өткөндөрдүн айрымдары кайтып келе башташканын кошумчалады.
08 00 К.Байболов "Азаттыкка" маек берип "Түштүктөгү акция эски режимдин чагымчыл тобунун колунан келди. Аны уюштургандардын бир тобун кармадык. Арасында экс-чиновниктер жана азыркы бийликтеги кызматкерлер да бар. Алардын аты жөнүн тергөө бүткөндө айтам", деди. Ал 120 чакты адамдан турган, камуфляжчан ыкчам топ кыргыз, өзбек улутундагыларга тең ок атып, чагымчылык кылып жатышкандыгын кошумчалады.
08 30 13-июндагы Отунбаеванын буйругу менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысынын орун басары, тажрыйбалуу чекист, генерал А.Орозов Коопкеңештин башчылыгына дайындалды.
14үнө оогон түн Ошто тынч өттү деп шаардын 1-вице-мэри Т.Камчыбеков билдирди. Бирок, айрым көчөлөрдө талап-тоноо басыла элек. Качкындар таштап кеткен үй-жайлар тонолуп жаткандыгы айтылууда. Азык-түлүк сатылуучу жайларды иштетүү аракети көрүлүүдө.
2-3 жерде ок атышуу болуп, дагы ошончо жерден өрт чыкты.
10 30 13-июнда бир нече адамды барымтага кармаган Кара-Суу районунун тургундары менен сүйлөшүүгө барган Кара-Суу РИИБинин башчысы Адыл Султанов, анын айдоочусу өлтүрүлгөн.
11 10 Жалал-Абаддагы тополоңду уюштурууга шектелген бир адам кармалды. Ал республикага аты таанымал киши экендигин К.Байболов маалымдаган.
11 10 Экс-президент К.Бакиев үн катып, түштүктөгү окуяларга тиешеси жоктугун билдирди.
11 20 Ошто үй-жайсыз калган качкындардын абалын иликтеп, аларды бир жерге жайгаштырууну колго алган атайын качкындар штабы түзүлдү.
12 00 Ошто бири-бирин барымтага алгандар туткундарын алмашып баштады.
Ош шаарында гуманитардык жардамга жетпей калгандар, таратуучуларга нааразы боло көчөлөрдө тамак-аш издеп жүрүшөт. Алар гумжардам шаардын кичи райондоруна да таратылуусун суранышууда.
12 30 Ушул мүнөттөрдө Жалал-Абадда атышуулар токтоп турат. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүнө электр жоктугунан суу берүү токтогон, газ да өчүрүлгөн.
13 30 Ө.Текебаев жалалабаддыктар менен жолугушуп, элди сабырга, тынчтыкка, ар кандай чагымчыл маалыматтарга алдырбоого чакырды.
13 40 Аз мурда Foreignpolicy агенттиги Убактылуу өкмөт Россиядан мурда АКШдан аскерий жардам сурагандыгын, бирок макулдук алалбаганын жазып чыккан. Муну УӨ расмий четке какты.
14 20 Оштогу башаламандыкты уюштурууга шектелип 10 адам кармалды. Блокпосттор күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
16 00 Жалал-Абад. К.Байболов баштаган топ эки улуттун аксакалдары, өкүлдөрү менен жолугушуп, элдешүү аракеттери башталды.
17 30 "Замандаш" саясий партиясы Ош жана Жалал-Абад областында үй-жайы жок калган жана качкын адамдарга лагерь уюштуруу өтүнүчү менен эл аралык уюмдарга, УӨгө кайрылды.
Түштүккө гумжардам тынбай жөнөтүлүүдө.
19 30 К.Байболов дүйнөлүк ММКлар түштүктөгү тополоңду этникалык тазалоо, этникалык топтордун кагылышы, деп туура эмес маалымат таратууда деп билдирди. "Мен баардык жоопкерчилик менен билдирем, мунун баары идеологиялык диверсия жана провокация", деди Байболов.
22 30 Максим Бакиев Англиядагы Фарнборо аэропортунан колго түшүрүлдү.
15-Июнь
06 48 Ош, Жалал-Абадда түн тынч өттү, деп ИИМден кабарлашты.
08 44 Түштүктөгү коогалаңда каза болгондордун саны 170 адамга жетти, меджардам сурагандар 1762, деп Саламаттык сактоо министрлиги расмий маалымдады. Бирок, казак болгондор расмий билдирилгенден арбын экенин кечээ Р.Отунбаева моюнга алган. Түрдүү себептер менен каза болгондордун көпчүлүгү медиктердин эсебине кирбей калган.
10 10 Жалал-Абаддагы тополоңду мамлекеттик матрезервдин экс-жетекчиси Пайзуллабек Рахмонов уюштурган деген маалыматты жергиликтүү ММКлар билдиришти.
12 20 Ф.Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, түштүктөгү окуялардын артында Жаныш Бакиев турат деди.
Түштөн кийин. Ош, Жалал-Абадда кырдаал тынч, стабилдешүүдө. Жүздөгөн барымтадагылар бири-бирине алмаштырылууда.
Материал "Азаттык", радиосу,
"Замандаш пресс", "Акипресс" агенттиктеринен алынды








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"






??.??