mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"
"Замандаштын" эки бирдей азаматына кырдаал кызыкчылыгына карата азын-оолак суроо салдык. Жаштыктын деми менен жаман эмес ойлорун айтышты.


- Жаныбек мырза, апрель окуясынын келип чыгышын эмнеден көрөсүз?
- 7-апрелдеги окуяны "жай кыймылдагы бомба" дээр элем. Ал эртеби-кечпи жарылмак. Бул кайгылуу окуянын алдында бардык жерде калктын нааразычылыгы күчөгөн. Коррупциянын күч алышы, бийликти бир үй-бүлөнүн узурпациялашы ачык айтыла баштаган. Курманбек Бакиевдин бала-чака, жакындары өлкөнү бийлеп, өздөрүнө максималдуу пайда табуу максатында түрдүү махинация жана келишимдерди ишке ашырып келишкен. Оппозиция лидерлеринин камакка алынышы элдин жарылуусуна алып келди. Мурунку бийлик канчалык тырышпасын, элди токтотууга мүмкүн болбой калган эле. Жаман жери, мурунку бийликтин элге каршы ок атып, кан төгүүгө жол бергени болду.
- Учурдагы кыйын кезеңден качан, канткенде арылабыз?
- Бул убактылуу, шайлоого чейин боло турган кыйынчылыктар. Албетте, мындан көбүнчө эл жабыркоодо. Бирок, мен бийликке жеке амбициясын мамлекеттик кызыкчылыктан кийин койгон, элге камкор, жарандарды социалдык статусу, улуту жана жашына карабай бирдей караган өкмөт келерине ишенем. О.э., менин оюмча жарандарыбыз убактылуу кыйынчылыктардан улам өлкөдөн чыгып кетпей, стабилдүүлүктү орнотууга салым кошушса. Биз күчтүү элбиз, учурдагы көйгөйлөрдү жеңип чыгабыз. Муну убакыт далилдейт.
- Убактылуу өкмөттүн кадрдык саясатына кандай баа бересиз?
- Интернеттен окуп, теледен көрүп атабыз, жанагы телефондук сүйлөшүүлөрдө кадрдык маселеси талкууланып жатат. Алардан улам кандайдыр бир "сумма" үчүн жаман эмес кызматка барса боло тургандыгын түшүнсө болот. Мурунку бийликтин кулашы үй-бүлөлүк башкаруудан улам болду, маселен Максим Бакиевдин ЦАРИИни жетектеши сыяктуу. Убактылуу өкмөт карапайым калк кызматка бекитүүнүн мындай механизмине каршы экенин, ал коомдук кыжырланууга алып келерин түшүнүшү зарыл.
- Сиздин оюңузча ал кандайча жүргүзүлүшү керек?
- Менимче, мындай жагдайда кадрдык саясатты тыкандык менен жүргүзгөнүбүз оң. Профессионал адистерибизди, ишмер структураны жана жаңы кадрларды даярдоого кетчү убакытты жоготуп албашыбыз керек. Мамлекеттик кызматтарга дайындоолор профессионалдык деңгээлде жүргүзүлүп, тажрыйбалуулар тандалуусу шарт. Жаңы талапкерлер атайын комиссия тарабынан сыналып, резюмесине өмүр баянынын ийне жибине чейинки маалыматтар камтылуусу зарыл. Ошолордун баарын иликтеп-жиликтеп чыгып анан комиссия тиешелүү чечим чыгарат.
- Учурдун башкы маселелеринин бири Конституциянын жаңы долбооруна көз карашыңыз?
- Менимче, Конституциянын жаңы варианты Кыргызстандын күтүп турган мамлекеттик түзүлүш бир нече мүнөздөмөлөр боюнча радикалдуулукка жакыныраактай. Ал бир жагынан жарандардын шайлоо жана шайлануу укугуна кепилдик берет. Экинчи жагы, партияга мүчө болбогон жарандар парламентке шайлана алышпайт. Партияга кирбеген шайлоочулар өз талапкерлерин көрсөтө алышпайт, алар тиги же бул партияга гана добуштарын бере алышат. Ошентсе да парламент өзүн шайлаган элдик бийликке таянып, элдин атынан бийлик жүргүзөт. Мурунку Башмыйзам боюнча буга президент укуктуу болчу.
- Келечектеги президент алгач эмнелерди жасашы керек?
- Кыргызстан өнүгүүнүн кадимки калыбына түшүп, калктын негизги талаптары аткарылышына бир топ убакыттар керек экенин баары түшүнүп турушат. Президент алгач укуктук талааны жана мыйзамдарды урматтоону калыбына келтирип, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин ортосунда арбитрлик кылышы керек. Мамлекеттик жаштар саясатын алдыңкы планга чыгарып, аларга шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жаштардын потенциалын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн колдонуу зарыл. Эртеңки күндөгү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, атаандаштыкка чыдамдуулугун арттырууга жана калктын коопсуздугун бекемделишине басым жасаса дурус болот эле.
- Көпчүлүк жарандарыбыз өлкөдөн сыртка агылууда. Миграциялык агымдын арты кандай болор экен…
- Учурда миграцияга эки негизги себеп бар. Биринчиси, жумушсуздук. Жумуш орундары, эмгектенүү үчүн шарттар, алгылыктуу айлык акы жок. Соцкызматкерлердин орточо айлык маянасы 5 миң 147 сом, ал эми жаш адистердики андан да аз - 2-3 миң. Мындай каражат менен үй-бүлөнү кантип багууга болот? Экинчиси, өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктүн жоктугу. "Жоогазын ыңкылабынан" кийин сыртка карай бир агым чыкса, апрель окуясынан кийин миграциялык агым дагы башталды. Бул, албетте жаман көрүнүш. Бирок, маселени чечсе болот. Анүчүн өлкөдө стабилдүүлүктү калыбына келтирип, экономиканын өнүгүшүнө шарттарды түзүп, ишканаларды кайрадан жандандырып, республиканын аймактарындагы жашоону оңдош керек. О.э., ички-тышкы инвестицияларды тартуу менен жумуш орундары менен калкты камсыз кылуубуз керек.
- Апрель окуясынан соң жаштар да саясатка аралашып, "6-7-апрелде аянтта биз болгонбуз, өткөн бийликти биз кулаттык, эми бийликтен орун бергиле" деген талап менен чыгууда.
- Жаштар биздин келечегибиз. Максаттуу, активдүү жаштар 5-10 жылдан кийин бийликтин жогорку орундарына келишет. Өлкөнү тынч учурда башкаруунун өзү эле оңбогондой жооптуу жана татаал иш, ал эми азыркыдай кыйын кырдаалда андан эки эсе жоопкерчиликти талап кылат. Менимче, жаштарды жогорку постторго алып келиш керек, бирок, кайсы бир деңгээлде тажрыйбасы барларын, тазаларын гана. Аларда амбиция, кашкөйлүк, жаңычылдык жана энергия бар. Болгону ошолорду туура багытка колдонууга жардам берүү керек. Ошондо Кыргызстанды жаркын келечекке жетелеген, обьективдүү жаш саясатчылырдын мууну өсүп чыгат.
- Айтсаңыз, мамлекеттин жаштар саясатына кандай баа бересиз?
- Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан мурунку бийликке карата жаштарга көбүрөөк көңүл бөлүнүүдө. Жаштар коомчулугу дегенде катталган эле бейөкмөт уюмдарды, демилгечи топторду элестетпестен, түрдүү тармактардагы жаштарды эсепке алганыбыз оң. Бизде саясатта эле эмес бизнесте, спортто, билим берүү жаатында эмгектенген жаштарыбыз көп. Ошолорго да назар салып, колдогонубуз эп. Борбордогу жаштар бардык кыргызстандык жаштардын атынан чыгып жатканы аймактардагы жаштардын кыжырын келтирүүдө. Алар ошол бишкектик жаш лидерлер өз атынан жана өздөрүнүн уюмунун атынан гана чыгып сүйлөсө, өз көйгөйлөрүн башка бардык жаштардын, айрыкча аймактардагы жаштардын маселелери менен салыштырбасын дешүүдө.
- "Урунарга тоо, урушарга жоо" таппай турган жаш муундун өкүлдөрүнө кандай кеңеш айтар элеңиз?
- Эгер силерди азыркы абалыңар канааттандырса, ошол принциптериңерден тайбагыла. А эгер Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө өз салымдарын кошкуңар келсе бизге, "Замандаш" саясий партиясынын жаштар комитетине кайрылгыла. Албетте, бардык маселелерди чечип бере салбайбыз, бирок, биз көпчүлүк мамлекеттик органдарга чыгууда көпүрө болуп бере алабыз. Сунуш-пикир жана альтернативалуу чечимдер үчүн дайыма эшигибиз ачык. Кызматташууга даярбыз. Азыркы мезгилде ар бирибиз жаштар саясатын жайылтууда көрүнүктүү роль ойной турганыбызды айта кетейин.





Бейшеналы уулу Алтынбек,
"Замандаш" саясий партиясынын жаштар комитетинин
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын координатору:
"Убактылуу өкмөт
17-майда берген антын унутпасын"
- 2010-жылдын апрели сиз үчүн...
- Кыргыз мамлекетинин тарыхынын чоң бурулушу. Эгемендикти алгандан бери алакандай элибиз 20 жыл ичинде аябай чоң саясий жана экономикалык эксперименттерден өттү.
Эки ажобуз тең адамдык сапаттарды унутуп, тууганчылык жана алдамчылыкка азгырылгандыктан, эл аларды бийликтен шыпырып түштү. Апрель окуясына коомубуздун көкөйүнө көк таштай тийген үй-бүлөлүк башкаруу жана электр тармагынын тарифинин көтөрүлүшү себеп болду. Бакиевдин бийлигинин акыркы деми, аттырылган биздин мекендештердин канына тумчугуп жок болду.
- Убактылуу өкмөттүн кадамдары кандай болсо дейсиз?
- Биринчиден, элибизге стабилдүүлүктү жана ынтымакты камсыз кылып берсе. Ошону менен эле өзүлөрүнүн ич ара түшүнбөстүктөрүн токтотуп, мамлекеттин, элдин абалын ойлоп, 17-майда берген антын унутпоолоруна тилектешмин. Кийинки бийлике келчү адамдардын тазалыгына, кесипкөйлүгүнө, тажыйырбасына басым болчу мыйзам жазып, мамлекеттик кызматчыга талап коюлуп, жумушун көзөмөлдөөнү элге өткөрүп берсе абдан жакшы болмок. Эл тараза, эл баа бермек.
- Макул, ал көзөмөл механизми кандай болсо дейсиз?
- Бардыгы жетишпестиктен чыгууда. Эгер биздин врачтардын, мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасын азыркы рынок экономикасынын деңгээлинде коюп, анан талаптарды иштеп чыксак, кандайдыр бир баланс болмок деп ойлойм.
Жусуп Жолдошев








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«