Ош окуясында ок тийгендер
Ош окуясынан жарадар болгон мекендештерибиздин айрымдары Бишкектеги №4- оорукананын травмотология бөлүмүндө дарыланууда. Аларга барып ахыбалын сурап, эртерээк сакайып кетишин тилек кылып кайттык.


Рахматилло МАМАТОВ,
Бишкек шаарынын тургуну:
- 10-июнь күнү өзүмдүн туулган жерим Ноокат районун Кулатов айылына аза күтүүгө чоң энебизди жайга берүүгө баргам. Кайра кайтканымда жолдо Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунан кокусунан жолдон өзбек улутундагы элдер кол салышты. Аткылашып, таш баранга алышты. Машинам менен эптеп качып чыгып, Базар-Коргонго бейтапканага келип, биринчи жардам алдым. Сол колума ок тийген, эки күн ошол жакта жаттым. Анан бул жерге келдим. Жакшы жардам берип атат.


Алимжан НАСЫРАЛИЕВ 35 жашта.
Кара-Балта шаарынын тургуну:
- Бул кырсыкка кабылганымдын себеби мындай. Мен Бишкек Кара-Балта каттамында маршрутка айдайм. Шлагбаумдан бир топ жаш балдар кармап алып, Ошко барасың деп кыйнашты. Машинаңды тартып алабыз же талкалайбыз дешти. Айла жок Ошко айдадым. Барганда жакшы эле болчу. Кайра бери чыкканда Жалал-Абадка кире бериште Сузак районунда миңден ашык өзбектер кармап алып сабашты. Алар абдан көп экен. Келе жаткан машинелерди эле токтотуп, сабап, аткылап атышыптыр. Биз үчөөбүз элек. Мага да октун чачырандылары тийди. Таяктар, таштар менен сабашты. Машинебизди алып койду. Эми өкмөт кайрып береби? Жаңы эле насыяга 15 миң долларга алгам.


Айдар 36 жашта.
- Мен дагы Кара-Балтадан болом. Айдоочумун. Ошо Сузак районуна караштуу жолдо Сампо деген жерден өзбектер кармап алып чекебизге мылтык такап соткаларыбызды тартып алышты. Кабыргаларымды сындырды, мурдумду жарды. Машинемди тартып алгандан кийин, алып барып аңга ыргытышты. Анын ичинде эки адам өлүп жатыптыр. Бизди өлтүрөбүз дегенде бир дарыгер алып калды. Соо калдык, аман-эсен калганыбызга сүйүнөбүз.


Канболот ЖЭЭНБАЕВ, 46 жашта. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну:
Бул жарадардын сүйлөй албай жатканына байланыштуу жубайы айтып берди.
- Алайдан келе жатып Жалал-Абаддан өтө берээр жерден өзбектер эки жолу аттышты, таш менен урушту. Башына ок, таш тийиптир. Сабашып, алыс жакка сүйрөп барып ташташкан. Машинасын өрттөп жиберишиптир. Кочкор-Атага бир күн жатып, анан бул жерге келдик. Сол жак тарабы кыймылдабаганы аз келгенсип, сүйлөй албай жатат. Азыр даарыланууда, жакында окторун алат.

Канат 25 жашта.
- Ошто жолдо баратып эле ок жеп калдым. Көпчүлүк менен кетип бараткам. Сол бутумдун тизесине ок тийди. Азыр дарыланып, медицина кызматкерлеринин мээримдүү жардамы менен бир аз жакшы болуп калдым.

Жумакан АСАНОВА:
- Мен 48 жаштамын. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашайм. 9-июнь күнү эртең менен саат 9да Ош облусуна бутум ооруганынан көрсөтөйүн деп келгем, анан эле согуш башталып кетип чыга албай калып 12си күнү түштөн кийин бутум ооруганынан чыдабай дары алып келейинчи деп дарыканага чыга калгам. Басып барасам эле ок келип эки бутума тийди. Өзүмдү жоготуп койюптурмун. Машина менен облустун бейтапканасына алып келишип, окторду алышты. Бир ок калып калганынан Бишкекке жиберишти. Азыр абалым жакшы.

Айнура ИСМАИЛОВА