кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"



п»ї
Алла Таала сабыр берсин силерге!
Үйгө узаарда Жалал-Абад, Ош менен,
Үнүңөрдү угаар элем "кош" деген.
Өзбек-кыргыз эки шамым колдогу
Өзбек-кыргыз - Жалал-Абад, Ош деген.

Эл бузарлар тополоңду "тос" менен,
Экөөңөрдү куйкалады от менен.
Кагып түштү колумдагы шамымды,
Карегимди атып түштү ок менен.

Кыйын кезде бөлүп жеген данегин,
Кыргыз-өзбек маңдайда эки карегим.
Карегинен кан агызып жер муштап,
Кайгы жутуп, какшап турат бар элиң.

Өргөөбүз бир өзбек-кыргыз той кылган,
Өлгөндө да бир мүрзөгө койдурган.
Өзөктөгү өрт жаманын билбестен
Өз карегин өздөрүнө ойдурган.

Өзүң окшош, окшош бүткөн бүлөңөр,
Өзбек келин, кыргыз жигит күйөөңөр.
Өрттөгөндөр, өлтүргөндөр башкалар
Өзбек-кыргыз жок экөөңүн күнөөңөр

Аккан суу бир, аккан кан бир, бир элде,
Аттыргандар жер таппасын кирерге.
Айланайын өзбегим, кыргызым,
Алла Таала сабыр берсин силерге!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз Эл акыны




  Кайратың тоодой эле го, кыргыз…

Шейиттер бизге чоң суроо таштап кетти
…Биз көп ыйладык. Айрыкча акыркы жүз жылдыкта. Бир бүтүн өмүрлүк тарыхта кыргыз сөөгү жатпаган талаа-түз, кокту-колот калбады. Ага ата-бабаларыбыздын арбагы күбө. Жалаң эркиндик эңсеп, тынчтык эңсеп… анан, шагырап кырылып… Тээ, үркүндөн, репрессиядан, орус-немис согушунан, афган, Ош, Баткен, Аксы, коогалаңдарынан тарта бүгүнкү Бакиев саясатына чейинки төгүлгөн канды чогултсак деңиз болор.
Цивилизация доорон сүргөн ушул тапта асманыбызды кара түтүнгө бастырдык. Ал биздин алсыздыгыбыздан эмес, ак пейилдигибизден, "ичтен чыккан ийри жыланга" болгон кечиримдүүлүгүбүздөн болду. Ордолуу Ошумдун очогун бузуп, жашыл шаарым Жалал-Абадды жалынга каптаткан каны бузуктардын арам ою капилет ишке ашып кетти. Бирок, алар негизги максатына барыбир жетпейт! Анткени, кыргыздын ар бир уулу чыныгы патриот! Кыргыздын ар бир жигити анык намыскөй! Андан да башкысы, тажырыйбалуу журт баштаган саясатчыларыбыз бар! Экономикабыздын эсебин, бизнестин көзүн ачкан капчыктууларыбыз бар! Биздин күчтүү генералдарыбыз бар! Эң башкысы Манас Атабыздын кудуреттүү руху бар!..
Оор кайгыдан чөгүп турган Ош, Жалал-Абаддык туугандарга "Айат пресс" гезити да кайрат айтып, азасына ортоктош болот. Кагылайын, каралуу журт! Силердин көз жашыңар бүтүндөй ааламдын көз жашы. Тагдырдын тайгак кечүүсүндө баратабыз. Мындай агыны катуу кечүү жоготуусуз болбойт экен. Шейиттер бизге чоң суроо таштап кетти. Биз алардын каны менен жазылган ал суроого биргеликте, ынтымак менен жооп издешибиз керек. Тарыхыбызды таш менен ургандарды Кудай жазаласын! Бейажал өмүрүнөн ажыраган биртуугандарыбыз акыретте жакшы жайда болсун. Боз топуракка жашынган алар үчүн да тирүүлөрдүн ынтымагы, тынчтыгы зарыл экенин унутпайлы. Ылайым, алардын арты кайрылуу болуп, ыймандары саламат болсун…
Жумабай Абдан




PDF формат









??.??