Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Жетисине чейин бизди еврейлер башкарып атты"
"Түз байланышка" чыккан окурмандарыбыз абдан көп санда болуп, айрымдары олуя Мелис Карыбеков менен болгон баарлашуусун гезит бетине жарыялабасыбызды суранды. Ал эми жеке жана кайталанган суроолорго гезит бетинен орун берилген жок.


Атырбүбү Шыбыралиева, Талас: - Саламатсызбы Мелис байке. Иним Эмил 36 жашта. Мурда бир аз жин ооруга чалдыгып, даарыланган. Азыр кудайга шүгүр жакшы болуп калды. Бирок кыялы чатак. Үйлөнтө албай убара болуп атабыз. Өзүнүн деле көңүлү болгон менен айтканыбызды укпайт. Кантип үйлөнтө алабыз?
- Эки жылдын ичинде үйлөнөт. Бирок турмушу оорураак болот. Мүнөзү башынан кабылданып калгандан кийин акырына чейин ошол бойдон кала берет.
Чынара, Бишкек: - Балам Эрмек, 21жашта. Туруп эле колу, буту кыймылдабай, баспай калат. Врачтарга кайрылсак так диагноз чыгара албай жатышат. Айрымдар "көз тийген" деп да айтышууда. Чын эле дуба барбы? Балам айыгабы?
- Балаңызда эч кандай дуба жок. Нерв системаларына, башына суук тийген. Азыр башы нервтен ооруп жүрөт. Өзүнө ишенбейт. Коркок. Жакшы дарыгерге же элдик медицинага көргөзсө айыгып кетет.
- Учурда эки балам чет жактарга чыгалы деп аракет кылып атышат. Балдарымдын жолу болобу?
- Бир балаңыздын жолу ачык экен. Жакын арада өзү ойлогон жагына сапар алат. Ал эми экинчи балаңыздын жолу жок. Жакынкы аралыкта эч жакка барбайт.
- Өзүмдүн да ден соолугум жакшы эмес, ооруп, даарыланып жүрдүм эле…
- Жүрөгүңүздө бир аз бар экен. Өзүңүз үй-бүлөнүн азабынын айынан санаа тартып, бушайман болот экенсиз. Көп капаланганды токтотсоңуз ден соолугуңуз жакшы эле. Узак жашайсыз.
Данилбек, Ат-Башы: - Жашым 31де. Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн жолу болбой атат. Эмне кылышым керек?
- Өткөндө да кеп-кеңеш айткам. Дагы эле санаада жүрүп атасың. Бирок баягыга караганда бир аз жылыштык болуп калыптыр. Бир аз жеңилдеп калыпсың. Таарынчаак мүнөзүңдү өзгөртүшүң керек экен. Сенин тегерегиңдеги биоэнергетикаң күчүнө кире элек, алсыз. Бирок мурункуга караганда жылыш бар. Көңүлүңдө кубанычтар пайда болуп калган экен. Анан бат эле көп нерсеге жеткиң келип атат да. Кичинекей уулуң бар экен. Буйурса бир жыл ичинде баары эле жакшы болот. Аялыңдын сөзүн катуу кабыл алат экенсиң. Аял кишиге теңелбеш керек. Ачууланганда тагдырга таарынбоо зарыл. Жан дүйнөңдө тагдырга катуу таарынып калгансың, сенин абалыңдын эң негизги себеби ушунда. Тагдырга таарынган чоң күнөө болуп эсептелет.
- Досум Кубандын да жолу болбой келет. Ушул тууралуу да айтып койсоңуз, себеби эмнеде?
- Досуңдун жашоосунда чоң деле өзгөрүү жок. Аялы менен араздашып жүрүптүр, кайра эле элдешет экен. Алдыда баары ордуна келет.
Каныбек, Жалал-Абад: - Жашым 29да. Жан дүйнөм алсырап, жашоодо кыйналып атам. Жардам бере аласызбы?
- Жан дүйнөңө аялзатынын мүнөздөрү басымдуулук кылат экен. Энеңди, эже-карындаштарыңды жакшы көрүп, боорукер экенсиң. Кыргызым деп күйүп атасың. Кыргыз деп күйүш үчүн чоң дух керек. Сен ошого барганың дурус.
- Аны кандай түшүнсө болот?
- 7-апрелде биздин жигиттер аянтта ок атып атканда да качпай коюшту го. "Ошол күч эмне" деп ойлонуп көрсөң түшүнөсүң. А сенде мээримдүүлүк көп болгондуктан мүнөзүң жумшак болуп атат. Ак көңүл, ишенчээк экенсиң. Кыргыз деп күйгөн адам көк жал болуусу зарыл. Сага тайманбастык, жалтанбастык сыяктуу кыргыздын баатырларына тийиштүү мүнөздөр жетишпейт. "Эркек балалуу болсом" деп атыпсың. Кудай буйурса баарысы жайында, уулдуу да, кыздуу да болосуң.
Турар, Нарын: - Саламатсызбы Мелис. Мен сиздин жазгандарыңызды калтырбай окуйм. Кара дуба деп жазганыңызда эмнени айткыңыз келди. Биз ошол кара дубадан кутула алабызбы?
- Кара дубадан албетте чыга алабыз. Ошон үчүн революция болду. Мурун жетисине чейин бизди еврейлер башкарып атты да. Бул еврейлердин кара дубасы. Ага чейин башка адамдар башкарып, башкача идеология менен жашап, ошого баш ийип келгенбиз. Азыр балдарыбызга американын кинолору, батыштын менталитети мээсине сиңип атат. Кыздарыбыз эрте сойку болуп атат. Анткени теледен ээн-эркин көрсөтүп, жаштардын психологиясы ушундай нерселердин негизинде бузулуп баратат. Бул бир эле мисал. Түшүнгөн адамга ушунун баарысы кара дуба.
- Кут кармаган адам деп жазганыңызды түз эле Ташкул Керексизов деп түшүндүк. Чын эле Керексизов беле?
- Кут кармаган адам, бирок Ташкул Керексизов эмес. Мен жазып аткан киши досу экөө жалтыраган шуру таап алат. Бирөөсү "тигине жатат" деп көрсөткөндө карап, колуна кармап атса ал сууга айланып колуна сиңип кетет. Ал киши биздин арабызда. Жакында сырын ачам.
- Мурун эмнеге ачкан жоксуз?
- Мурун сырын ачсам ал кишини же мени атып салышмак. Ошондон коркушту.
Абдуманап, Кадамжай району: - Бизнес баштасамбы дегем, оюм ишке ашабы?
- Сага бизнес болбойт. "Айылга кетсем" деп атыпсың. Ишиң жакшы болуп келип эле жүрбөй калып атат. Ишенчээк, ак көңүл экенсиң. Бирөөлөр пайдаланып, алдап кеткен учурлар кездешип калат. Кудай сага аябай эле берет, бирок сен аны түшүнбөй калып атасың. "Кудай" деп, бергенин алып, тобо кылып жүрө берсең акырындап ырыскы келет. Канча жолу үйлөндүң эле?
- Бир жолу
- Дагы бирди алайын деп барып токтопсуң. Баардыгы ошол жерден барып бузулган экен.
- Жерим талаш болуп, соттошуп атабыз. Аягы эмне болот?
- Эч кабатыр болбо, жериң өзүңө эле буйуруп атат. Сенден жер талашкан адам башка жакка кетип калат. Эч кандай чыр-чатак болбойт.
Кубанбек, Бишкек: - Жашым 33тө. 4-5 кишиге карызым бар эле ошолордон кутула аламбы? Стрессттен кантип чыкса болот?
- Эч нерседен коркпой, "эмне болсо ошол болсун. Кудайга тапшырдым. Мага демектен башымды кесип алсын" деген чечимге келсең баарысы жайында болот. Бирок сен ал нерсеге даяр эмессиң. Кутулгуң келип атканы менен коркуп качкан сайын ал иштер чечилбей жатат. Жогоруда айткандай "мага баары бир, эмне болсо ошол болсун" деген чечимге келгенде гана кутуласың. Ошондо баардык маселелериң чечилет. Бул кудайдын сыноосу.
Аймира, Бишкек: - Жашым 39да. Келечегим кандай болот, турмушка чыгамбы?
- Тагдырың жакшы эле болот. Мурда жакшы жигиттер туш болгон, бирок сен байкабай, баамдабай калгансың.
- Жалгыздыктан арыла албай келем…
- Ар бир адамдын башында жалгыздык болот. Адамдагы жалгыздыкты ата-энең да, тууганың да, күйөөң да түшүнбөйт. Мисалы, мен жалгыз болгондо "кудай бар, мен жалгыз эмесмин" деп жаратканга ишеним артканда жалгыздык деген нерсени билбей калгам. Кудайга ишенип, "ал мени ойлойт, мага кам көрөт, демек мен жалгыз эмесмин" деп чын ниетиң менен динге, жаратканга ишенсең баары жайында болот.
Айымбүбү, Талас: - Балам 40 жашта. Акыркы 15 жылдан бери ичип калды. Үй-бүлөсүнөн да ажырашып кеткен. Ушул баламдын келечеги кандай болот, үйлөнүп турмушу оңолобу?
- Балаңыз турмуштан абдан көңүлү калып, бир нерсеге бушайман болуп жүрөт. Өзүнө ишенбеген, эрки жок жигит экен. Эгер бирөө жардам берип, алдап, кеп-кеңешин айтса оңолуп кетет. Оңолуп, жакшы, жаңы жашоо баштайын деген тилеги күч экен. Бирок жалгыз өзүнүн эрки жетпей атат.
Тайыр, Бишкек: - Апам Арзыгүл жашы 50дө. Акыркы убактарда сөөктөрү, муундары ооруп жүрөт. Кандай кылып айыктырсак болот?
- Апаң аял киши болгону менен сыртында курчап турган эркек кишинин энергиясы бар. Ата-энеси же чоң аталарынан окшойт. Ошол улуу кишилерден чоң касиетти кабыл албай койгон. Ата-бабаларынан калган касиеттин сыры ачылбай калыптыр. Ошол жүктү апаң көтөрүп жүрөт. Бул жаман эмес, жакшы энергия. Апаңа атаң каршы болуп, колдобой койгон экен. Оорусу ошондон болуп атат. Буту-колу шишип, бир туруп арыктап, шайы кетип, ушундай нерселер боло берет. Түн ичинде жатып алып апаңды ойлоп, кайгыра берет экенсиң. Аны токтотушуң керек. Себеби Кудай апаңа өзүнчө, сага өзүнчө сыноо берген.
- Бир кызды жактырып калгам, үйлөнөйүн десем анын ата-энеси каршы болуп атат?
- Чындап жакшы көрүп, ал кыз жөнүндө кыялданат турбайсыңбы. Шаарда жашайт экенсиң. Коркпой үйлөнө бер. Баары жакшы болот.
P.S. Мелис Карыбеков менен болгон "түз байланышты" кийинки жумаларда улантабыз. так маалыматты гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыздар.
Бурул МУСАБЕКОВА