Өткөөл мезгилдин президенти
Роза Отунбаевага
Кайрылуу
Ички иштер органдарында да укук бузулабы?
Биздин мамлекетте укуктуу жашоо болоруна көзүм жетпей калды. Анткени, ички иштер органдарында ушундай баш аламандык жана бай манаптык адат менен иш жүргүзүлүп жаткандан кийин башка министрликтер жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес. Адамдык укук тебеленип, кызматкерлердин ой мүдөөсү башчыларды кызыктырбай калганы абдан кейиштүү. Эгерде азыркы убактылуу бийликтегилер да, мурдагы бийликтин катасын кетирип, төмөндөгүдөй иштерге жол берүү менен бирге кош көңүл жасап, эч кандай жыйынтык чыгарбаса анда, биздин мамлекетти "укуктук мамалекет" деп эсептөөгө болбойт.
Сөздун учугу мында. Ички иштер органдарынын милициянын атайын орто мектебинде болуп жаткан көрүнүштөр адамдын тынчын алат. Мектептин башчысы милициянын полковниги К.О.Тойтуков абдан туура эмес иштерди кылуу менен бирге бай манаптык адат колдонот. Мектептин кызматкерлерин эки тарап кылып бөлүп салды. Кызматкерлерге одоно мамиле кылуу менен бирге адамдын кулагына суук сөздөр менен тилдейт. Ушуну менен бирге кызматтык этиканы бузуп жатакнын сезбейт. Өзү этиканы бузса анда кызматкерлерден эмнени талап кыла алат? Мектепти болсо өзүнүн жеке ишканасындай көрөт жана кызматкерлер жакпай же кошомат кылбай калса артынан сая түшүү менен бирге куугунтука алып кетирет. "Кетпейм" деген кызматкерди жумуштан кетүү арызын өз каалосу менен жазууга мажбурлоо менен бирге куугунтукка алып, "кетирем" деп коркутат. Мисалы, февраль айында милициянын ага лейтенанты И.Э.Умарова, апрель айында милициянын капитаны Э.О.Бетуров деген кызматкерлерди жумуштан мажбурлоо менен кетирген. Кызматка отурган кызматкерлерди "мен сенден бир сом акча албастан отургуздум" деп догун артат.
Окууга келген кызматкерлерге бериле турган стипендияларын бербейт. Ал эми курсанттардын "бизге стипендия берилиши керекпи?" деген суроосуна "берилбейт" деп жооп кайтарган. Мектептеги чарба бөлүмүндөгү кызматкерлерди кышкы мезгилде от жаккыч кылып иштетип салат. Бул кызматкерлер от жаккыч болуп иштөө үчүн мундирди кийген эмес экенин баары билет, бирок унчуга алышпайт. Мунун себеби, башчы К.Тойтуков мектептин башчылыгына экс-президент К.Бакиевдин буйругу менен дайындалгандыгы эч кимге купуя сыр эмес, анткени министрликтин коллегиясында М.Т.Конгантиев өзү баардык коллегияга келген башчылардын көзүнчө айткан. Андан тышкары К.Тойтуков оперативдик жыйында "мен президенттин кишисимин мага эч ким тийише албайт, мага жакпаган жана менин сөзүмдү сүйлөбөгөн кызматкерди бат эле кызматтан бошотуп коем" деп айткан.
К.Тойтуков ушак сөздөрдү жыйноо менен бирге кызматкерлерди бири-бирине кайроо ишин жүргүзөт. Ушундан улам ой келет, башчы деген кайрадан кызматкерлердин башын кошуусу менен алардын ойлорун угуп, туура чечим чыгаруусу керек, бирок тилекке каршы андай болбогону өкүндүрөт.
Мектептин ардагерлерин майрамдарда кызматкерлердин эсебинен тамак-аш уюштуруп чакырып алардын коноктоо менен көнүлүн алат, ал эми ардагерлер чындыгында К.Тойтуков кандай башчы экенин билишбейт. Анткени кары адамга бир гана көнүл буруу менен сый керек .Кайгуул күзөт кызматына дайындоого келген балдардын акчасын чөнтөгүнө салып жатса анда ошол акчага сыйлабайт беле. Кызматкерлер алган айлыгын ары тартса бери жеткизалбай жатышкандыгы баарына белгилүү. Мектептин кызматкерлеринин көбүн турак жайлары жок, бирөөнүн турак жайында турушат. Ошол себептен алган маяналары эч нерсеге жетпейт.
Март айындагы милициянын ага лейтенанты И.Э.Умарованын кызматтан мажбурлоо менен кетиргендиги жөнүндө министрликке арыз менен кайрылган, ал арыздын жообуна канаттанбай, кайрадан кызматтык ишине кайтаруусун сурануу иретинде К.Тойтуковго тийиштүү чара көрүүсүн өтүнүп, минстирликке арыз менен кайрылган. Ошол арыз боюнча келген текшерүүчүлөрдүн кызматкерлерден жашыруун кат алуу менен текшергенинде, мектептин 50 пайыздан ашык кызматкерлери каршы жазып беришкен, бирок кандайдыр бир себеп менен баардыгы башчы тарап болуп жазылып калган.
Ошол текшерүүдөн кийин К.Тойтуков оперативдик жыйында "И.Умарованын сөзүн сүйлөгөн кызматкерлерди бир мүнөт кармабай жоготом" деп билдирген соң кызматкерлер И.Умарова менен көчөдөн жолугуп сүйлөшкөндөн да коркуп калышышты.
Жакында К.Тойтуковдун үстүнөн министрликке И.Э.Умаровадан башка кызматкерлер да ал кишинин жасаган мамилесине, жүрүш турушуна чыдабай арыз жазышкан, ошол арыздан кийин ал мектептин кызматкерлерин бирден бөлмөсүнө чакырып арызданган кызматкерлердин үстүнөн каршы кат жазуусун талап кылуу менен бирге, жазган кызматкерлерге "кызматыңарды жаккан жерге которуп берем" деген сөздөрдү айткан. Ал эми "жазбайм" деген кызматкерлерди сөгүп, "анда сен да менин үстүмөн арыздангын" деген сөздөрдү айтып, бөлмөсүнөн кууп чыгарган. К.Тойтуков "азыркы бийликте да менин кишилерим отурат, менин кызматтан кетет деп сүйүнбөгүлө" деген сөздөрдү оперативдик жыйында кеп кылат.
Башчынын жасаган мындай мамилесинен жабыр тартып, ишке мойнунан байлаган иттей болуп иштеп келе жаткан, "кайсы күнү сөгүш угам" деп корккон жана кийинки майрамда депутат болосун (мындайча айтканда акча чыгарып ардагерлерди сыйлайсын) деген кызматкерлердин мүдөөсүн уга тургандар, жана жетекчи катары кесип этикасын бузуп, кызматкерлерди эки бөлүп, бири-бирине интрига жүргүзүп, өзүнүн мурда айткан сөзүн тескери бурмалап сүйлөп, жобону бузуу менен кызматкерлерге сөгүштөрдү жарыялап, "өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген макал менен жүргөн башчыга чара көрө турган кыргыздын эл башчылары барбы?




Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаевге
Кайрылуу
Урматуу Алмазбек Шаршенович, кысталыш убактыңызды албай көйгөйлүү маселелерди кыскача билдиребиз.
Биз эмгектенген Бишкек медициналык коллеждге Баялиев Султандын директор болгонуна бир жыл эки ай болду. Бирок, аталган мырза ушул кыска мөөнөттүн ичинде өзү үчүн көп иштерди жасаганга үлгүрүп олтурат.
"Эч кимден коркпойм, анткени Бакиевдин кишисимин. Өз командам менен иштейм" деген ураандын алдында кошамат кылбаган , "ыңгайсыз" кызматкерлерди ар кандай айла амалдар менен куугунтуктап, отузга чукул адамды "өз ыктыяры" менен жумушун өткөрүп берүүгө мажбурлады.
Ошол өзү түзгөн "команданын" жардамы менен ар кандай финансылык көз боемочулуктарды да жасап келет. Мисалы , окуу жайдын чарба башчысы , И. Сатыбековдун (аяш атасы) наамы менен жалган документтин негизинде 60 000 сом алынганы башкы бухгалтер С. Арыков тарабынан аныкталып, Бишкек шаардык финполициянын текшерүүсүндө далилденген. Бул ачыкка чыкканы гана...
Окуу жайдын эң кирешелүү делген студенттик ашканасын өзүнө жаккан жеке ишкерге 20 жылдык (!) мөөнөткө ижарага берип койгон. Кыязы мындай "марттык" С. Баялиевден башка эч кимдин колунан келбесе да керек.Мына ушундай, дегеле мыйзамды уруп ойногон директор С. Баялиев өз жек-жааттарын окуу жайга орноштуруу үчүн "эл аралык байланыш адиси" деген дарексиз кызматты ойлоп таап, белгисиз тууганын иштетет да эмгек мыйзамын одоно бузуп, кагаз жүзүнө таптакыр башка, эч ким көрүп билбеген Н. Мураталиева дегенди дайындап, ал жөнүндө коллективге билинип калганда шашылыш бошото коет...
Урматуу Алмазбек Шаршенович, Сиздин чындык үчүн күйүп-бышкан кайрылууларыңыз элге жагат. Биз да колдойбуз! Ачык айкын, коркпой, түз иштөөгө мезгил келди. Жогорудагыдай маселе менен биз саламаттыкты сактоо, элге билим берүү министирликтерине, финполиция кызматына кайрылып келдик. Бирок, жыйынтык жок. Мүмкүн алар муну майда иш катары караар. Ууруну, кылмышты, калыссыздыкты, чоң кичине деп, бөлүүгө болобу? Медицинанын тили менен айтканда, ооруну алдын алуу парз. Ошондуктан С. Баялиевге окшогон "өзүм билем" жетекчи менен аталган окуу жайдын коллективи бирге иштешпей турганын билдирет жана бул маселеге Сиздин кийлигишүүңүздү өтүнөт.
Бишкек медициналык колледждин коллективинин атынан:
1. Жумагулов С. К..
2. Исмаилов М. Т.
3. Байботоев А. Б.
4. Тиленбаев Б.О.
5. Калиев Б.Т.
6. Туктубаев А.З.
7. Мурзакаримов И.А.
8. Арыков С.К.




"БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МИЛДЕТИН КАЧАН АТКАРАТ"
Билим Берүү Министрлигинин тикелей милдети таалим - тарбия берүү мекемелериндеги окуу - тарбия иштерин уюштуруп, жетектеп, көзөмөлдөп,, ошондой эле мугалим - педагогдорду даярдоону координациялоо эмеспи. Бул милдетти министрлик жакшы аткара албай келет. Алсак, министрликтин функционалдык милдетине тиешелүү мугалим - педагогдорду даярдаган атайын жогорку окуу жайы жок. Ал эми Кыргызстанда медиктерди даярдаган Академиясы, инженерлерди даярдаган Техникалык университети, айыл чарба адистерин даярдаган Агрардык университети, музыкалык адистерди даярдаган Улуттук консерватория, Искусство институту, Улуттук көркөм Академия, Дене - тарбия Академиясы, Экономика, Туризм ж.б. Академиялар бар. Жалгыз гана Кыргызстандын 50% жакын калкын тейлеген мугалим - педагогдорду даярдаган Улуттук Педагогикалык университети жок. Министрлик болсо бардык окуу жайларындагы жалпы билим берүү иштерин координациялоо укугуна ээ болгондугуна маашырланып, мугалим - педагогдорду даярдоо маселесин экинчи планга калтырып жүрөт. Антпесе эмне үчүн Кыргызстандагы жалгыз Педагогикалык Университет жеке кызыкчылыктын негизинде жалпы университетке күч менен которулуп жатканда ага каршылык көрсөткөн эмес. Ал эми Университеттердин курамында даярдалып жаткан болочок мугалим - педагогдордун абалы жан кейитерлик, контрактык студенттер аз, бюджеттин айлыгы өтө төмөн, адистер тарап кетишкен. Мындай жагдайга Министрликтин жаңы жетекчилиги, Убактылуу Өкмөт тезинен көңүл бөлбөсө жаңы нааразылыктар жаралуусу мүмкүн.