Кеңешбек АЛЫМБЕКОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу, техникалык илимдеринин доктору, профессор:
"Кээ бир профессорлор Убактылуу өкмөттүн башын оорутуп атат"
- Кеңешбек Асанкожоевич, улуттук университетте Досбол Нур уулунун командасын кызматтан кетсин деген нааразылык күч алып, айрым профессорлор каршылык көрсөтүп атышпады беле, сиз кандайча ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалдыңыз?
- 7-апрелде кандуу окуя болгон соң, окуу жайыбыздын алдына "элдик ректор шайлайбыз, Досбол Нур уулуу кетсин" деп көп эл чогулду. Анда Досбол Нурович бирөөлөр чакырып кетип калган. Келгендер бизден "силер Досболду тапкыла, жашырып койдуңар антпесеңер университетке кирип өрттөйбүз, проректорлор жооп бересиңер" деп талап кыла башташты. Чыгып "замандаштар, эл-журт силер кичине токтолгула, мындай окуя болуп атса, биз акыл-эстүүлүк менен мамиле кылышыбыз керек. Бул жерде үч миңден ашык мугалимдер, кызматкерлер, 27миң студент бар. Аларды мен 9-апрелге чакырайын, окумуштуулар кеңеши бар, факультеттердин жетекчилери бар, ошолор менен кеңешип, бул маселени чечели" десем болушпайт. "Кирип талкалайбыз" деп баштаганда "болуптур" деп кабинетке киргизсем киши батпай кетти. Бул жердеги балдарга айтып, чоң залды ачтырдым. Ошол жакка элдер киришти. Анан Алыбек Акуновду элдик ректор кылып шайлап кетишти. Анын эртеси элдер келип, "эмне үчүн Акунов болот, биз башка кишини көргөзмөкпүз" деп ызы-чуу болду. Анда да элди тынчтандырып, "кое тургула бизде момундай кайгылуу окуя болуп, эртең окко учкан жигиттердин сөөгү коюлуп атса, ызы-чуу салганыбыз туура эмес" деп айтканда араң кетишти. Андан кийин 12си дүйшөмбү болчу структуралык декандардын чогулушу болду. Ал жерден кайра ызы-чуу башталды. Акунов да отурган ага да "балдардын сөөгү жашырыла электе эмне үчүн ректорлукка тырмышасың" деп кыйкырышты. Мен нейтралдуу киши катары баарын тыйып аттым. Ар кимиси топ-топ болуп министрликке барып ызы-чуу салышты. "Министрлик андай болбойт" деп туруп биздин университеттин уставы боюнча эгер ректор жок болсо, узакка кетсе, ооруп калса биринчи проректор шайланыш керек экенин айтып, буйрук чыгарып, жогорку билим берүү боюнча башкармалыктын ошол кездеги жетекчиси Канат Жалилович Садыков "биз буйрук чыгардык декандарыңызды чогултуп туруңуз" деп 13-апрелде телефон чалды. Ал кабарды уккандан кийин бул жердеги үч секретарга "декандар, институттун деректирлери, борбордун жетекчилери бардыгы 231-кабинетке чогулсун, министрликтен өкүл келип, буйрукту окуганы атат" деп айттым. Алар келип, КТУга ректор шайладык. Силер дагы ызы-чууну токтоткула, стабилдүүлүк керек. Устав боюнча университетке Алымбековго буйрук алып келдик" деп мага да ошол жерден айтты. "Бул жердеги коллектив менен сүйлөшпөй кантип коюп койдуңар" десем, К. Ж. Садыков "буйрук кайра артка чегилбейт, аны аткарыш керек"деди. Ошентип ушул ишке киришип калдым. Отургандар да колдошту.
- Профессор Махмуд Мамаевич Күчүков "университетке келген ректорлордун баары ичип-жеп эле университеттин ишине карашпайт" деп айтууда, сиздин бул окуу жайда иштеп атканыңызга канча убакыт болду?
- Ушул университетти 1974-жылы бүткөм. Ошондо ректорат "бизге кыргыз балдар керек. Москвага окутабыз" деп кафедрага алып калган. Анан 1979-жылы аспирантурага кеттим. Ага чейин 5 жыл бул жерде окутуучу болуп иштедим. Москвадан аспирантураны бүтүп келгенден кийин 8 жыл экономика факультетинин кафедрасында башчы болуп эмгектендим. Илимий ишим экономфак дегени менен сапат, азык-түлүк, тамак-аш технологиясы боюнча техникалык илимдерге кирет. Ошон үчүн эгемендүүлүктү алган жылдары мени мамлекеттик стандартка ишке чакырып, жетекчи болуумду сунушташкан. 1994-1999-жылдары Мамлекеттик стандартташтыруу жана мерология системасында төрага орун басары болуп кызмат өтөдүм. 1999-жылы Кыргыз Экономика Университетине илим иштери боюнча проректор болуп, 2003-жылдан баштап ошол эле университетте биринчи проректор болуп иштеп жүрдүм. Бул жерге Досбол Нур уулу келгенден кийин "тажрыйбалуу, окуу иштерин билген биринчи проректор болуп иштеген киши таап бергиле" деп ар кайсы ЖОЖдордун ректорлоруна, министрликке кайрылыптыр. Анан алты кандидатуранын ичинен мага токтоптур. "Барбай эле тиги жакта иштей берейин, ошол жакта өзүмө ылайыктуу кафедрам бар" десем, "мейлиң" деген. Болбой эле кайра "элдин баары таза иштейт, адилет адам" дегенинен келдим" деп кайрылганынан 11-январдан бери министрликтин буйругу менен биринчи проректор болуп иштеп аткам. Анан апрель окуясынан кийин "Досболдун командасы" деп айтып чыгышты. Эми команда десе эле мокочону элестетпеш керек, ал киши деле кадрларды "иштеп берсин" деп алып келди да. А эгер тууган-туушкан бир нерсе болсо, мен Ысык-Көлдөн, ал Баткенден болуп атат. Аны мурда тек гана инсан, кызматкер катары билчүмүн. Ошентип ишке киришип, шымаланып иштей баштадык жакшы иштерди жасадык. Бул жерге системный реформа киргизели дедик. 7-апрелден кийин иштерибиз бир аз токтоду. 24-апрелден баштап мурдагы аягына чыкпай калган иштерибизди бүтүрүп жатабыз. Азыр "Университетти жакынкы мөөнөттө андан кийинки эки окуу жылдын ичинде кантип оңдош керек" деген программа даярдагам, ошонун негизинде иштеп атабыз.
- КУУнун имараты Корейлерде барымтага берилгени тууралуу маалым болду эле. Ушул маселе кандай чечилип атат?
- Эми бул маселени 7-апрелдеги окуянын алдында эле уктук. Менин билишимде ушул маселе боюнча иштер, сүйлөшүүлөр мындан 10-12 жыл мурун болуптур, бирок бул туурасында так маалымат жок болуп атат. Университеттин ошол кездеги жетекчилери башкы имаратты Корейлерге барымтага берген имиш. Анысы чын болсо, анда алар мыйзам алдында жооп берчү мезгили келди. Муну айтып жүргөн Махмуд Мамаевичтин бул боюнча маалыматы кенен болсо керек. Ошол эле 1998-2000 жылы бул киши биринчи проректор болуп ушул жерде иштептир. Демек, "эмне үчүн ошол кезде каршылык көргөзгөн эмес?" деген суроо туулат. Ошондо ал коңгуроо кагып, "университет күрөөгө кетип атат" деп жазды бекен?.. Азыр болсо бизге келип документтерин көрсөтүп, "аракет кылалы" деп, улуулук насаатын айткан жок. Окуу жайыбызда буга окшогон маселер көп болуп турат. 1994-жылы мен кеткенде, ал кезде университет жакшы эле иштеп жаткан. 16 жылдан кийин ахыбал таптакыр башкача, өзгөчө инсандык, окумуштуулук, аалымалык, мударистик деген руханий сапаттардын баары төмөндөп калыптыр. Саясий тил менен айтканда "гуманитардык катастрофага" чалдыккан. Мен программаны түзүп атканда ошону байкадым. Ошол чатактар эң көп орун алган мезгилде Махмуд Мамаевич көп жылдарга университете жетекчи кызматтарда жүрдү. Профсоюздун төрагасы, биринчи проректор, ректордун кеңешчиси, эң негизги Жогорку Кеңешке университеттен көрсөтүлүп депутат болду. Ошондо ушунчалык патриот, мекенчил болсо өзү иштеп жүргөн тарых факултетинин чатырын оңдотуп алса болот эле да, Ушу күнгө чейин университеттин чатыры оңдолбогон, тамчы агат, чака тозуп отурашат. Бул киши көптөгөн кайрылууларды жазып, артынан элдерди ээрчитип, эптеп эле жакшы иштеп жаткан кишилерди кетирип, жеке максатын кылып атканын бул жактагы декандар, профессорлор ачык эле айтып атышат. Мени кимдир бирөөлөр бир гезитке "жатакананы менчиктештирип атат" деп чыгарышыптыр. Бул ойдо болбогон нерсени тактабай жазуу адамгерчиликке жатпаган иш. Азыр өкмөт бизден, жетекчилерден, баарыбыздан суранып атат, "туруктуулукту сактайлы, референдумга жетели, Конституцияга жетип алсак Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жолу ачылат" деп. Бирок тилекке каршы кээ бир профессорлук наамы бар адамдар ушундай татаал учурда Убактылуу өкмөттүн башын оорутуп атпайбы. Мындай адамдардын өкмөткө кайра-кайра кат жазып, болгондо да коллективдин атынан гезиттерге жалган маалыматтарды бергени Убактылуу өкмөттү колдобой эле, тынч иштеп аткан университеттин жамаатын удургутуш максатын аркалап алганы өтө кейиштүү болуп атат.
- Окуу жайларда коррупция күч алганы жашыруун сыр эмес. Ушундай иштерди кыскартып, коррупцияны жоюуга аракет көрүлүп атабы?
- Иштеп баштаганы атайын коррупцияны жоюу иштери боюнча эки комитет түздүк. Былтыр "коррупцияны алдын алуу" деп студенттер менен бирге уюм түзүү болгон. Мурдагы жетекчилер мындай иштерге таптакыр көңүл бурган эмес. Тарбиялык иштер калып калган. Ачыктан-ачык акча чогултуу болгон, бүгүн деле мындай көрүнүштөр орун алууда. Ушундай кыйын учурда аксакал кишилер элди дүрбөтпөй, тескерисинче жардам бербейби. Махмуд Мамаевичке "эгер бир нерсени туура эмес кылсак ачык айттыңыз" десем эч нерсе айткысы келбейт. Ал эми окуу жайдын коллективинен бирөө да мени "кетсин" деген жок. Кайра көптөгөн структура жетекчилери, аттуу, баштуу профессор, академиктер менин иш стилимди, менеджментимди жактырышып, университете туруктуулуктун, стабилдүүлүктүн негизин түзгөнүбүзгө ыраазычылык билдирип атышат. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, жакынкы эки айдын ичинде тендер жарыялап, 7 жаңы компютердик класс ачтык, ар бир класста 12ден компьютер турат. Башка университеттердин структуралык бөлүктөргө, деканаттарга, кафедраларга 50 компьютер, 20 принтер келди. Жалпы 154 жаңы үлгүдөгү компьютерлер, 32 лазердик принтер алдык, экинчи корпуста, 6-а корпуста жаңы оптико-волокондук байланыш боюнча интернет ачып бердик. Экономика, юридикалык институтуна отурум залын, 6-корпуска бир конференц зал жаңы стиль менен жасадык, жаңы мебель алып бердик. Өзгөчө алтынчы корпуста так химия, физика, математика илимдери бар факультетин көрсөңүз бечаранын абалында болчу. Стулдарынын буту кыйшыйган, илгерки 30-40 жыл мурунку сынгандарына кирпич коюп койгон экен. Ошонун баарысын жоготтук. Эмне үчүн мурда мындай иштер жүргүзүлгөн эмес. Бизге окшоп жарым жылда 154төн компьютер менен камсыз кылышса 10жылдан бери канча компьтер болот эле. Ошол эле химия факултетине приборлор алынган эмес.. Бүгүнкү күндөгү бөлүнүүнү айтпаңыз. Бир нече жолу чогулуш, жыйындарда "КУУну элиталык университетке айланталы, системалык реформаларды жасайлык" деген максаттарымды билдирип сүйлөгөм. Мүмкүн ошол сөздөрүмдү туура эмес түшүнүп, кээ бирөөлөр "бизди жойгону атат" дегендери да ошондон болуш керек. Бирок мындай кыйынчылыктар да артта калаар, менин инсандык парзым биздин улуттук университетти эл аралык деңгээлдеги элиталык илим, билимдин, маданияттын ордосуна айландыруу экенин эч качан танбайм.
Бурул МУСАБЕКОВА