КАНДУУ ЖОЛ

(Башталышы өткөн санда)
Эдил КОЖОШИЗИ
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Азыр МЧС чекара постунун жанында ары бери басып туруп мына ошол окуяны эстеди, адатынча мыйыгынан жылмайып да койду. Төрагалыкка элге белгисиз бизнесмен Ташсатаровду шайлатпады беле анда. Ооба, ал эмне маселе чечип жатыптыр, айтканды аткарып отуруп берсе болду да деген саясат болгон. А дагы Президенттин айтканы менен болгон, "Төраганын саясий бедели жок болушу керек, жогорку бийлик анын түшүнө да кирбеши керек, ошол жерде отурганына курсант болуп, менин бутумду өөп турушу керек", - деп айткан ал. Ошондой эле болду, өз алдынча оюу жок, эки сөздүн башын тыңгылыктуу кошуп сүйлөй албайт, бирок Президенттин балдарынын, инилеринин көңүлү тынч, Жогорку Кеңештин төрагасы тараптан аларга эч кандай коркунуч жок.
Ошол окуядан кийин Хамадаев кызматы жок, коомдук күчтөрдүн эч бирине кошула албай үйүндө бош отуруп калган. Кийинчерек ортого киши салып, айрыкча Президенттин бир тууган генерал иниси, анын Жансакчылар кызматынын начальниги болуп кызмат өтөп жүргөн Жакен Самиевичтин тизесин кучактап:
- Силердин үй-бүлөгө өөдө карасам ит болойун, иштеп берем, айтканыңарды жасайм, ит десеңер итиңер болоюн, мышык десеңер мышыгыңар болоюн, - деп жалынып жатып Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган.
Алчы-таасын жеген кыйды генерал анын бул жалынганына деле жибип кетмек эмес. Айланчыктап, эптеп бир жерге илинсем деп жүргөн жуундукорлор көп эле. Хамадаевдин бул кызматка келип калышынын дагы бир себеби бар эле. Анткени Жакен Самиевич өлкөдө МЧСтин таасири күчөп бара жатканын жактырган эмес, колунан келсе кызматтан кетирип деле тынат эле. Бирок Президент аны өзү жакындатып жаткандан кийин, анын үстүнө өз иниси, Президенттин кенже уулу Вадим да МЧС менен жакын болуп, бардык саясий маселелерди ага кеңешип чечип жаткандыгына байланыштуу тике качырып кол салууга батына алган эмес. Хамадаевди Коопсуздук кеңешине катчы кылуу менен Президенттик Администрациянын ичинде МЧСке каршы топ түзүүнү көздөдү. Бул жагдайды толук сезип турса дагы МЧС ал дайындоого каршылык көрсөтө алган эмес. Анткени ага чейин Президенттин өзү менен анын бир туугандары, алардын ички жана тышкы саясатка түздөн түз кийлигишип жатканы тууралу сөз болгон, мындай кийлигише берүү туура эмес экендигин, мунун акыры жакшылык менен бүтпөй турганын айткан, мурдагы Президенттин тагдырын да мисал катары келтирген. Бирок, Президентке ошол сөздөр жаккан эмес, андай жагдайдын болушун ал моюнга алмак түгүл ойлонуп да койбогон.
- Оппозициянын айткан сөздөрүн эле айта бересиңерби, бир туугандарым, балдарым мыйзам чегинде ар ким өз ишин кылып жатат, алар да өз үй-бүлөсүн багышы керек да, же аларды мен багайынбы, токтоткула да ушундай сөздөрдү, - деп адатынча буркулдап алган.
Садырбеков ага деле болбой колундагы документтер, сүрөттөр жана видео тасмаларды Президентке көрсөткөн, бир туугандарынын жасап жаткан иштерин, алардын кийинки боло турган кесепеттерин да ачык айткан. Ушунча далилдерге моюн сундубу, же болбосо жөн эле Садырбековду жооткотуп коюуну максат кылдыбы, айтор Президент Кибаев ордунан туруп келип анын маңдайына отурду да:
- Медер, мени түшүнсөң. Мен бир туугандарыма эч нерсе деп айта албайм. Алар менин сөзүмдү укпайт. Сен мага жардам бер, бийликти бекемдейли, мамлекетти сактайлы. Мына орус аялым менен эки балам да өз алдынча саясат кылып жатышат, аларга да эч нерсе дей албайм. Эмне кылайын эми? Медер, мага жардам керек, - деп жалдыраган, ыйламсыраган.
Ал окуядан кийин Садырбеков менен Президенттин ортосунда мамиле бир аз салкындай түшкөнү да жалган эмес. Биртуугандар кланы менен МЧСтин ортосундагы тиреште Президент "кол ийрисине тартат" дегендей кылып өз туугандарына тарта баштаганы да чындык эле. Ошол себептен МЧСтин Президентке карата ишеними да азайып, анын мамлекетти башкаруу дарамети жок экендигине толук ынанган. Кибаев бир туугандары менен балдарынын башкаруусунан чыга албасына көзү жеткен. Мамлекеттүүлүк менен үй-бүлөнүн ортосунда Президент өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын тандап алганы ага айдан ачык болгон. Президентти колдоо менен туугандарынын кысымынан бошотуп, мамлекеттик саясий деңгээлге чыгара алам деген аракети текке кеткенине өкүнгөн. Ошол окуядан кийин МЧСтин Президенттин генерал иниси менен тирешүүсү күч алганы да чындык. Бул тирешүүнүн анча-мынча чоо жайы гезитке да чыгып кеткен, Президент мамлекеттин кызыкчылыгын тандайбы же бир туугандарын тандайбы деген кыязда. Ошол тирешүүгө тиешеси бар дагы бир табышмактуу окуя болгон. Жаңы жылдын алдында МЧСтин үйүнө адамдын кесилген кулагы менен манжасы салынган посылка да келген. Бул үрөйдү учура турган, акыл-эси ордунда адамдын оюна келбей турган иш кимдин буйругу менен кимдердин колу менен жасалганын билип турса дагы ал жөнүндө МЧС коомчулукка ачык эч нерсе деп айткан эмес, ичине сактап келе жатат.
Мына ушундай ой учугун улаган МЧС машинанын жанында ары бири басып турду. Өзүн кайтарып жүргөн жансакчыларына Кыргыз бажы постунун ар жагында келип, тосуп тургула деген эле, алар менен телефон аркылуу сүйлөшөйүн десе негедир байланыш болбой койду. Кайра үйүнө да телефон чала албай койду, байланыш болбоду. Телефон станциялары бирдеме болгонбу, же свет өчсө керек деп ойлоду. Чекарадагы ага карата жасалып жаткан текебер мамилеге жаны кашайып турса дагы аны сыртынан билдирген жок, кызматкерлерге үн каткан жок, унчукпады. Оюнда ошол эле Хамадаев өз кызмат абалынан пайдаланып чекарачыларга буйрук берсе керек: "чекарадан өтүп жатканда тийишкиле, өткөрбөй кармап кыр көрсөтүп койгула", - деп, булар эмне, көзкаранды да, кызматынан айдайт деп коркушат бечаралар, - деп ойлоду.
Ошол мезгилде эки кара түстүү "Тойота" маркасындагы Жип автомашинасы Бишкектен аткан октой шашылыш чыгып Бишкек-Алматы жолу менен чекараны карай жөнөп калганына беш мүнөт убакыт болгон. Ичинде аскер кийимчен, толук куралданган адамдар отурат. Алды артында мамлекеттик номурлары жок, төбөсүндө атайын жаркылдак маягы бар удаалаш келе жаткан эки автомашинеге башка автоунаалар эржеге ылайык жол бошотуп, алар эч тоскоолдуксуз катуу ылдамдыкта келе жатышты.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат экиден он беш мүнөт өттү.
Шопур документтерин алып Чекара кеңсесине кирип кетти. Машиненин документтерин текшеребиз дешти, компьютер аркылуу. Микроавтобустар, жеңил машинелер өз ирети менен чек арадан каршы-терши өтүп жатты. Автоунаалардын түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө карай каршы агымы күнү-түнү токтобойт окшойт, көбүнчө жүк тарткан машинелер. Бул жерде да иштөөнүн өзүнчө ырааты, эл билбес купуя сырлары бар бейм, кай бир машинелер тез эле өтүп кетип жатышат, кай бирлери буйдалып туруп калышат экен. Айрыкча жүк ташыган автоунаалардын өтмөгү тозок окшойт, көпкө кармалып туруп калып жатышты. Ошентсе да бүгүн чекарачылар өзгөчө текшерген бир гана машине бар - бул "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак Жип.
Бейкапарлык, кенебестик ар бирибизге тийиштүү сапаттар го. Кандай гана окуяларды алдын ала билип, аларга алдын ала даярданып, өзүнүн зиректигин көрсөтүп келген МЧС өз тагдыры өтө оорлошуп, ажалы төбөсүнөн айланып, өлүм дегениң түн койнун муздатып келе жатканын дагы да сезген жок.
(Уландысы кийинки санда)