Дасмия

"Жигит өлөөр жерине күлүп барат" демекчи, мурдакы бийлик
башындагылар эл алдында ырсыңдаганына кандай көз карашта элеңиз?
Кыялбек УРМАНБЕТОВ,
Кыргыз эл акыны:
- Бийлик башындагылар деле пенде, пенде болгондон кийин күлөт. Бирок, бийлик башында, журт башында турган соң эл алдында ырсаңдап, күлүп, кубанып бийлегендери жарашпайт, андай кызматта тургандан кийин хандын хандай болгону жакшы. Бирок, ошол кезде өтө деле кыжырым келбестен, "аа байкуш бул деле пенде да, эмне кылсын" деп койчумун. Этиканы сактап, өтө маданияттуу болуу үчүн ак сөөктөрдөй тарбияланышы керек, алар деле айылда көр пендечиликте тарбияланса, эмнени көрсө ошону жасайт да.


Өзүнө ийе тарткан бар, өзү үчүн
мыйзам жазган барбы?
Чолпонкул АРАБАЕВ,
юридикалык илимдердин доктору:
- Мыйзам жалпы элдин, коомдук мамилени тартипке салат. Мыйзамды атайын кабыл алчу тиешелүү органдар бар, парламент кабыл алат, элдин кызыкчылыгы чоң роль ойнойт. Ал эми мыйзамды кимдер жазса, кимдер автор болсо ошол адамды өзүнө ыктай жазды дегендер да бар. Бирок, "мыйзам жазууда жалпы элдин кызыкчылыгынан көрө өзүнүн кызыкчылыгын көздөдү" деген туура эмес, бул суроого кошулбайм.


Саясий күрөш шайлоодо башталабы?
Орозбек МОЛДАЛИЕВ,
саясат таануучу:
- Саясий күрөш шайлоодо гана эмес, шайлоого чейин эле башталганын байкап атабыз. И. Кадырбеков "1 жылга чейинки түзүлгөн партиялар шайлоого катышпайт" - деп билдиргенден бери Бакиевдин убагындагы катылып, шкафта чаң басып жаткан партияларды кайрадан көтөрүп чаап чыгышты. Азыр партиялар жандалбастап, бирине-бири учкашып, ресурс издеп, саясий күрөштөр тымызын башталды. Ал эми Конституцияны талкуулабастан, кош көңүл мамиле кылышып, шайлоо камылгасы менен чуркап жүргөндөрдү баамдап атсаңар керек. АКШда да шайлоодогу саясий күрөштөрдүн айынан жаңжал чыккан. Бирок, биз сыяктуу ун, талкан таратып, элдин добушун көз көрүнө сатып алышпайт. Карапайым калкыбыз күнүмдүк нерсенин айынан өз добушун сатып салып "кандай адам шайлабайлы баары окшош, шайланып алгандан кийин бизди карабай калышат" дешет. Албетте, добушту сатып алган адам келбейт да. Элибиз "эл бийлейт" дегенди түшүнбөй жатышат.


"Көз артып калган акчага, көңүл
бурбайт башкага" дегенге
кошуласызбы?
Бексултан ЖАКИЕВ,
КР жазуучусу:
- Ач көз болгон жерде жакшы жашоо болбойт. Кыргыз элибиз, ата-бабабыз эңсеп келген эгемендикти алгандан бери ач көз, дүнүйөкор жетекчилердин талоончулугунан оңоло албай, начар жашоодо болдук. Дүнүйөкор адам өзүмчүл болот. Ал эми өзүмчүл эч качан бирикпейт. Ач көз, талоончулуктун айынан элибиздин пейили, ыйманы кетип, жаман жашоого келгенбиз. Эми жакшы жашоону үмүттөнөлү.


Кошоматчы көбөйсө бийликтин
бузулганыбы?
Азиза АБДРАСУЛОВА,
укук коргоочу:
- Кошоматчы бийликти гана эмес, бир адамды да бузат. Ошондуктан кошоматчылардын көбөйүшү өтө терс көрүнүш. Бул сапат бийликти эле эмес, бир үй-бүлөнү да бузат.


Эпчил чыкса чоңдору, элдин
жакыр болгонубу?
Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ,
саясат таануучу:
- Эпчил чыккан чоңдун оң жана терс жагы болот. Эгер жетекчилерибиз элдин камын көрүп, эл үчүн эпчил болсо жакшы. Ал эми терс жагынан эпчил болуп, албетте элди жакыр кылса элди шорлотот.

Венера НАРКЕЕВА