mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
25-майда Түп районундагы Ак-Булак шаарчасындагы мурдагы "Күрмөнтү" цемент заводу, "Ысык-Көл цементи" коому болуп "Азамат ойл" корпорациясынын колдоосу менен кайрадан өз ишин баштады. Негизинен бул завод 1956-жылы эле курулган. Совет доорунан бери жергиликтүү тургундарды жумуш ордулары менен камсыз кылып келиптир. Ортодо бул жерге жетекчилик кылгандар банктардан насыяларды алып, ар кандай арыздашуулар чыгып, иштери сотко чейин өтүп, арест салынып, акыры жабылып тынган. Ал эми жумушчу күч тобу да айлык акылары 1500-2000 миң сомду түзгөндүктөн, иш таштап кетип калышыптыр. Ошентип, 3 жылдан бери завод жакшы иштебептир, 1 жылдан бери такыр ишин токтоткон. Мурда цемент, акиташты сапаттуу чыгарган "Күрмөнтү", өз маркасы менен кошо сатып алуучуларын да жоготуп алган. Акыркы убактарда өлкөбүздө курулуш иштери көп жүрүп жаткандыктан цементке болгон талап чоң. "Азамат ойл" корпорациясынын жамааты "Күрмөнтү" цемент заводун колго алып, өз акчаларын ортого салып, заводдун иштөөсүнө жакшы өбөлгө түздү. Алар 3 жарым чакырым алыс жердеги карьерди атайын техника менен алып келип, майдалап талкалашат. Атайын даярдоочу идиштерге салып, ага темирдин порошогу, топурак кошуп , 3 күндөн 7 күнгө чейин ачытылып мешке берилет. Мештен 1500-1600 градуста бышып клинкер чыгат. Ошентип, цементтин даяр продукциясы таш түрүндө чыгат. Ага гипс аралаштырып тегирменден өткөн соң цемент даяр болот. Чыкканда 100 градус ысыктыкта болот экен. Завод жыл бою токтобой иштейт.
"Азамат ойл" корпорациясынын президенти Токтосун Мадияров иш баштоону толугу менен айтып берди.
- Жалпы биздин даярдыгыбыз 3 жарым ай болду. Бир айдын ичинде биринчи мешти толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, акиташ чыгардык. Ал эми цемент чыгарганга 3 жарым ай талап кылынды, мында толугу менен 2-мешти оңдоп, тегирмендерди , сырьевой бөлүмдүн баарысын тең ишке киргиздик. Жалпы 235 адам иштеп жатат. Анын 47си аялдар. 99 пайызы 20дан 60 жашка чейинки жергиликтүү союз кезинен бери иштеген адамдар, айлыгын көтөрүп бердик. Сырттан келген 4-5 мыкты чебер адистер да бар. Иш күн эртең менен 7ден кечки саат 4кө чейин. Орточо айлыгы 4547 сом, алды ошондой эле 7-8 миң, 9-11 миңге чейин алышат. Заводду иштетүү менен салыктарды төлөп, элди жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Буга чейинки карыздары да көп экен, ага да график коюп, төлөп берүүгө аракет көрүүдөбүз. Ошондой эле учурда Камбар-Ата-2 ГЭСси, "Кумтөр" менен келишимдер түзүлүп жатат. Буюрса, Орусиядан да өкүлдөр келип, "сууга туруктуу цемент чыгарсаңар алабыз" дешти. Биз 600-маркадагы цемент чыгарганга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Бир гана акиташка катнаш жок болуп атат. "Кумтөр" мурда айына 1000 тоннага чейин акиташ алчу экен. Алар дагы кандайдыр бир себептер менен албай жатат. Азыр алар Казакстандан алып атыптыр. Кайрылуу жасадык убактылуу өкмөткө, губернаторго ушул жагынан жардам берүүсүн сурап. Финансылык оор абал буга чейин болуп келген. Казак партнерлор бирге сүйлөшүп, быйылкы жылдан баштап башкарууга алдык. 52 млн. тонна запасы бар экен, сапаты жогору. 400-500-600 маркасында цемент чыгарылчу экен, муну улантабыз. Азыр күнүнө 120-160 тонна цемент чыгарып баштадык. Ысык-Көл облусу бонча салык төлөөдө "Кумтөрдөн" кийинки экинчи орунда турат. Тынымсыз жакшы иштесе айына 1 миллион сомдон кем эмес акча мамлекеттин казынасына түшөт. Мындан ары облустун, Түп өрөөнүнүн экономикалык абалын жакшыртууга салымыбызды кошобуз.
Айнура ИСМАИЛОВА,
Ысык-Көл облусу




"Акшумкар" алкышка татыды
Өткөн жуманын аягында Т.Сатылганов атындагы филармонияда өзгөчө концерт болуп өттү. Концертти "Акшумкар" партиясы кайрымдуулук иретинде уюштурган.
Алгач партиясынын лидери, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, финансы министри Т.Сариев сөз сүйлөдү: "Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги кандуу кагылышта оор кайгыга тушуккан ар бир үй-бүлөгө даректүү жардамдарды берүүдө. Мамлекет тарабынан 1 млн.сомдон бөлүндү. Аларга ишкерлер да жардам берүүдө, бул максатта атайын фонд түзүлгөн. Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда 126 квартиралуу үйдүн курулушу башталды. Ал квартиралар шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жана майып болгондорго берилет. Убактылуу өкмөттүн алдында курман болгондордун үй-бүлөсүн жана жаракат алгандарды социалдык жактан коргоо боюнча атайын коммиссия түзүлүп, балдарын жогорку окуу жайларга окутуу үчүн бюджетке өткөрүү жана башка жөлөк пул берүү боюнча маселелер каралды". Темир Сариев өз сөзүнөн соң кандуу окуяда ооруканага түшкөн эр жигиттердин өмүрлөрүн сактоо үчүн күрөшкөн дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, акчалай сыйлыктарды, дипломдорду тапшырды.
Апрель окуяларында жарадар болгондордун элесине арнап, кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жарадар болгон эр азаматтарга белгилүү ырчылар көңүл көтөрө обон созушту.

Кубанычбек ШҮКҮРБАЕВ, Бишкек травмотология жана ортопедия борборунун бөлүм башчысы:

- 7-8-апрель күндөрү эң оор жарадарлардын көпчүлүгү бизге түшүштү. Өз милдетибизди аткарып, мындан ары да ишибизди уланта беребиз. Бирок, бизди көңүлүнө алып, кыйын кырдаалда "Акшумкар" партиясы көңүл бургандарына кубандык. Ал жерден өзүбүздүн оорулар менен жолугушуп, концерт көрүп, черибиз жазылды.


Талант ДАВЛЕТБАЕВ, 7-апрелде ок жеп жарадар болгон:

- 7-апрель күнү менин жамбашыма ок тийип, Фучик көчөсүндөгү ооруканага жаткам. Бир жарым айдан бери ок тийген жер ириңдеп, айыкпай жүрөм. Аянтка патриоттук сезим менен "Бакиевдердин бийлигин кулаталы" деп чыкканбыз. Бизди айыктырууда врачтардын эмгегин абдан баалайм. Бардыгы бекер болду. Өткөн жумада "Акшумкар" партиясынын атынан Т.Сариев бизди айыктырып жаткан врачтарды жана жарадарларды чакырып, көңүлдү кушубак кылчу чоң концерт тартуулаганына абдан ыраазыбыз. Жарадарлардын атынан Т.Сариевге рахматыбызды билдирем. Анткени биз азыр жалаң жарадарлар "Айкөл Ала-Тоо" деген коом ачтык. Биз мындан ары да партиянын жүргүзгөн иштерин колдойбуз.


Эрнис ТИЛЕКОВ, улуттук хирургия борборунун
хирургия бөлүмүнүн башчысы:

- Апрель айындагы ошол каргашуу күндөрдүн элестерин жүрөгүбүздөн жууп, көңүлүбүздү көтөрүү үчүн "Акшумкар" партиясы концерт уюштуруп, бизди филармонияга чакырып койгону үчүн чоң рахмат. Эмгегибизди баалап, Т.Сариев Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды бергенине кубандык. Башка партиялар, Убактылуу өкмөт биздин эмгегибизди көрө электе ушул партия биринчилерден болуп көңүл бурганына абдан ыраазы болдук.

Талант АРСТАНКУЛОВ, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, И.Ахунбаев атындагы клиникасынын врачы:

- Ушундай апрель окуяларынан кийин "өзүбүздүн врачтык Гиппократ антын аткаргандар болуп эле калабыз го" деп турганбыз. Башка учурларда деле ушинтип кала берчүбүз. "Акшумкар" партиясы бизге көңүл буруп, өзүбүз операция кылган балдарды кошо чогултуп, филармонияда концерт бергенине абдан ыраазы болдук. Ошол жерден өзүбүз айыктырган балдар менен жолугуштук. Врачтар менен жарадарлар ошол жерден жолугуп, бир туугандай кучакташып, черибиз жазылды. Ушундай кубанычтуу күндү тартуулаган "Акшумкар" партиясына жана Темир Сариевге абдан ыраазыбыз.


Мамат РАИМЖАНОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«