mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Эрендер элге эңилет

Азизбек Ала-Буканы колго алып…
Жакында эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек улутунун ортосунда болуп өткөн жаңжал басаңдады. Чыр чатакты ордунан басууда эң негизги ролду күч структуралары, райондук администрациясы, эки улуттун ак сакалдары жана бизнесмен, саясатчылары бирдиктүү иш алып барышты. Анан дагы мурдагы экс-вице спикер Азизбек Турсунбаев өзүнүн кичи мекениндеги болуп жаткан кырдаалды жөнгө салып, абалды тынчытып келген. Мындан соң биз Азизбек Турсунбаевке телефон аркылуу байланышып, абал туурасында сурадык:

"Ала-Букада чыр башталганда мен бейтапканада элем. Өзбек кыргыз кагышуусун угуп, ошол жердеги өзүмө караштуу тааныш балдар, аксакалдар менен сүйлөшүп, ал жерде кандай абал болуп жатканын телефон аркылуу билип аттым. Бирок, тилекке каршы ошол жерге барбаса болбойт экен да. Ал жактан Жалал-Абаддын губернатору да барган экен, ал дагы телефонго байланышка чыгып келбесең болбойт, кырдаал оор деп чакырды. Бир жагынан Ала-Бука, Чаткал өрөөнүнө депутат болгон өкүл катары барбасам, Кудай да, эл да кечирмек эмес. Себеби 5 жыл депутат болдум. Эл да айтмак "депутатыбыз бир келип өзүнүн жакшы сөзүн айткан жок" деп. 19-май күнү бардым, кырдаал өтө оор экен, Ала-Букага киргенде эле өзбек кыргыз бирге жашаган Чоң-Ак-Там деген айыл бар. Түнкү саат 12-де өзбек кыргыз биригип штаб ачышып элдик кошуундарды даярдап, 50-60 киши турушуптур. Ар бир айылда кире бериште да, чыга бериште да блок постторду коюп 30-40тан бала түнү-күнү нөөмөттө туруп атышыптыр. Бир жагы туура, айыл жаштары коопсузду сактайлы дегендери.
Эртеси күнү райондун жетекчилери менен жолугуп, райондун прокурору, милициянын началниги менен жолугуп, абалды тактап, изилдеп, кыргыз өзбек жашаган жерлерге барып, элдерге чогулуш өткөрүп, аларды угуп абалды жөнгө салалуу аракетин көрдүк. Патриот жигиттер, аксакалдар менен жолугуп колубуздан келгенди жасадык. Буюрса, бүгүнкү күндө абал тынч. Элдер мурункудай базарларда аралашып жүрүшөт. Жаңжалдын чыккан себебин сураштырсак, өзбек айылындагы тынчтык митингин өткөрөбүз деп 2000ден ашык адамдар чогулуп, митингден кийин кыргыздар айылына өткөндө, кыйкырып, кыргыздарга тийишип, элдин кыжырын кайнаткан сөздөр болуптур. Алгач башталганда Достук айылында 2 кыргыз бала өзбек айылына барып калып, мушташа кетип, бычактын мизи тийип кеткен экен, өзбек балдар чалышып, кыргыз балдар 3-4 өзбекти союп кетти деп чуу көтөрүшүптүр. Ошондон чыгып кетиптир.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«