mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем
Азыр Кыргызстанда баардык тармакта бир гана мыйзам абдан жакшы иштеп атат. Бул мыйзамдын аты-"ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ БИЛЕМ, ӨТҮГҮМДҮ ТӨРГӨ ИЛЕМ!". Революциянын атына жамынып, жер-жерлерде ишкерлерге, кыргыздын кыз-жигиттерине кыргыйдай тийип, рейдердиктен бөлөк оңчулуктуу иш жасабай, ансыз да талкаланып турган Кыргызстанды чет-четинен талкалап аткан, кечөө оппозицияда үзөңгүлөш, "элдин азаттыгы, эркиндиги үчүн!" деп жүгүрүп жүргөн айрым досторумдун кылыгын көрүп, жасаган иштерин угуп, чыны иренжип турам. Алар Ак үйдү өрт чулгап, көчө кызылдай канга боелуп калганын эстен чыгара, өч алмай менен байлык топтомой жолоюуна түштү. Бул азыр эч кимге деле табышмак эмес. "Максимдин досу, Бакиевдин кадры" деген шылтоолор менен далай ишкердин офисине конокко барышып, акча талап кылгандары, жетпей калгандарына желдеттерин жибергендери жүрөк түшүрөт. Анан айтпай, жазбай кое албайт экенсиң. Алардын ачыктан-ачык кызмат бөлүштүрүп, акча жыйнап атканын укканда дагы бир ирет "кепинде чөнтөк жок, силерге ушул күндү тартуулаган балдар ач-жылаңач, чөнтөгүнө бир тыйын да салбай, боз топурак жамынды" деп бакыргың келет экен! Эгер түшүнүшсө!

Куру убадаларга курсак тойгузбагылачы...
Ооба, кызыл канга боелгон Кыргызстан али да онтоп, боздоп, сыздап, жарадар. Убактылуу өкмөт убактылуу жараат таңып, анысы карттанган менен жарааттын ичиндеги ириң көлкүлдөп шишип баратканы эч кимге да жашыруун эмес. Кандуу шаршембиден соң Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баардыгы "шайлоону 6 айдан кийин өткөрүп, Конституцияны кабыл алабыз, жаңы Конституция болсо элдик, парламенттик болот. Элдин мүдөөсү парламенттик, ошондуктан баарыбыз 10-октябрда шайлоо өткөрөбүз. Башкаруу формасы парламенттик болот, ал эми президент эң аз укуктар менен кырдаалды көзөмөлдөйт. Төңкөрүш кайрадан элде кайталанбайт" деген убадаларын беришкен. Ага ишенип жашады кыргыз эли. Убадалар удургугандан бери эки айдын жүзү өттү. Эки айда эмнени байкап атабыз? Биринчиден, Убактылуу өкмөт бийликке келгенден баштап элди алдай баштады. Мамлекеттик маанилүү маселелерди мындай кой, жер-жерлерде элдин колуна канча курал кеткенин айтпай коюшту. Канча милиция сабалганы тууралуу маалымат жок. Жагдай күндөн-күнгө жаман болуп, өзгөрүп кеткенине жараша, коңшулар чек арасын бекемдеп, өлкө блокадада калды. Ооба, оппозиция эчен жыл бою эңсеп күткөн бийлик колго тийген соң, ынтымактуу түрдө ырааттуу иш жүргүзгөнүндө мындай болмок эмес. Анткени биз өз казаныбызда өзүбүз кайнап, мурдубуздун учунан алысты көрө албай, байлык, бийлик бөлүштүрүү менен шугулданганыбызга шулдап, башка коңшу мамлекеттерге эч сунуш киргизе албай калдык. Ооба, биз коңшуларыбызды күнөөлөгөнгө акыбыз жок, биз сыяктуу эле аларга да стабилдүүлүк керек болчу. Экинчиден, алар кылмыштуулуктун алдын алып, куралдар сыртка кетпесин деп, өзгөчө режимдеги чек ара посттордун баарын жаап салышты. Бул ишараты менен алар "тезирек тынчыгыла, анан сүйлөшөбүз" таризинде эскертүү жасады.
Анын үстүнө биз укуктук талаага кирбей, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Ак куу, Чортон, Чаянча чар жайыт иш жасап, өз билген талкандарын чалды. Унчукпай карап турдук, "колдойлу, жардамыбыз тийсин" дедик, бирок жасаган иштерин көрүп, чыны чыдабай кеттик. Бакиевди качырганга көмөктөшкөндөр, арызын колго кармаган соң, легитимдүү болушу керек болчу. Исхак Масалиев далай жолу ММКларга чыгып, "Жогорку Кеңеш чогулалы, Убактылуу өкмөттү колдойлу, Отунбаеваны легитимдештирип, шайлоону 6 айга мыйзам чегинде коюп берели, андан кийин өз эркибиз менен тарап кетели" деди. Апсамат акенин уулунун сөзүн эч ким тыңдаган жок. Революциянын эйфориясында балкыгандар, кызганыч сезимдерден айрылбай, Масалиевди өгөйлөп туруп алышты. Мунусуна да макул болдук, Убактылуу өкмөткө каяша айткандарды гезит аркылуу оозун Ошту каратып, "сүйлөбөгүлө, тоскоол этпегиле" деп кекетип-мокоттук.

Бөрк ал десе, баш алып...
Эми акыл калчасак, эмне себептен Убактылуу өкмөт мыйзам чегин тандабады? Биринчиден, "биз революциялык жол менен барабыз, авторитардык режим болобу, кандай болбосун бир жолго түштүк, 2005-жылдагыдай алданбайбыз" дешти. Баары бир ооздон бүт Кыргызстандагы байлыкты Бакиевдердин байлыгы деп аташты. Бул негизи туура эмес, Бакиевдер убагында коркутуп-үркүтүү, зордук-зомбулук менен биздин жарандардын көп бизнестерин тартып алган, бети жоктонуп доляга отурушкан. Бирок факт Бакиев качты, бизнесмендер калды да. Бизнесмендерге тийбей, тизмелеп, катуу көзөмөлгө алып, ошонун баарын гезит бетине, теледен, радиодон айтып, иштетсе салык да түшмөк. Алар тескерисинче ишкерлерди коркутуп, акча сурап, тажаткандарынан көбү сыртка качып кетти. Чакан ишканалар токтоп турат. Биринчиден, салык төлөнбөй калды. Экинчиден, эл, жер деп келген оппозиционерлердин жасаган кадамдарын көрүп, криминал да баш көтөрдү. Алар күнү-түнү чуркап, өз кылмыш иштерин жасап, бизнесмендерди, байларды уурдап, балдарын барымталап, мыйзамсыз иштерге батыл киришишти. Макул, 5-10 жылдан кийин непадам бийлик өзгөрүп кетсе, криминал дагы, келген жаңы бийлик дагы азыркы Убактылуу өкмөттө отурган менин кечөөгү оппозициядагы досторумду куугунтуктап, акча сурабайт деп ким кепил боло алат? Себеби, ар бир туура эмес жасалган кадам үчүн ар бир адам акыры сөзсүз жооп берет. Мыйзам алдында болбосо да кудай алдында. Ошол үчүн кудайдан корксок. Үчүнчүдөн, күч органдарынан кечирим сурап, башын бириктирүүнүн ордуна, "силер бизге кошулбай койдуңар, биз тарапка өтпөй койдуңар" деп өгөй балдардай мамиле кылгандан кийин бүгүнкү күнгө чейин милиция, башка күч органдарынын абалы адам кубанарлык эмес. Мындай кырдаалды биз эле эмес, коңшу өлкөлөр сезип, өзгөчө режимди киргизип, бир айдан ашуун чек аралар жабылгандан кийин элдин социалдык жагы төмөндөп кетти.

"Ата Мекен", СДПК, "Ак Шумкар"- шайлоо, шайлоо жана шайлоо
Мына жогоруда мен айтып кеткен айрым алешемдиктерден улам Убактылуу өкмөттүн беделине, аброюна чоң сокку урулду. Аларды кудайындай көрүп, артынан ыйлап ээрчиген караламан калк бүгүн четинен жүз үйрүп отурат. Бирок али да алардан үмүт үзө электер толтура. Алардын арасында мен да бармын. "Акылга келип, ынтымакташып иш кылаар, өлкөнү жоготуп, кыргыздын атын өчүрүп салышпаар" деген балалык баео тилекти баткакка көмө элекмин. Ооба, алар революциянын эйфориясында узакка эргип, кадыр-барктары түшүп, элдин ишенбөөчүлүгү күндөн-күнгө күчөп кеткенин өзүлөрү сезген жок. Анткени, алар биринчи күндөн баштап шайлоого даярданып алышты. жер-жерлерде партия мүчөлөрү аркылуу монополия түзүү менен алек. Анан "Ата Мекен, СДПК, "Ак Шумкарчылар" Акаевдин "Алга, Кыргызстанынын", Бакиевдин "Ак Жолунун" жолоюна түшүштү" деп эл какшап атканын кантип укпай кое алабыз? Булар өкмөттө коллегиялдуу чечим албай эле, ар бирөө мамлекетти, региондорду бөлүп алып, өз кишилерин партиядан коюп, шайлоого даярдык кызуу. Алар административдик ресурсту колдонууну көздөп турушат. Бирок бу саам эл алдатпай, ар бир добушту санашат, ошондо көрөбүз даана ит жыгылышты. Төртүнчү, Конституциялык реформа боюнча алдоочулук жолго түштү. "Бизде 100 пайыз парламенттик мамлекет болот" деп жар салышкан, бирок ошондо эле элдин көбү, журналисттер "эмнегедир ишенбей атабыз" деп, баш чайкашкан. "Президенттик-парламенттик мамлекет болот го" деп кооптонгонубуз ачыкка чыкты. Анткени, азыркы Конституция менен булар жаап койгон Конституциянын айырмасы деле жок. Ошондой эле мурдагы президенттин укуктары менен азыркы президенттин укуктары бирдей эле. Ошол эле парламент 100 пайызга партиялардан түзүлөт, мурда деле ошондой болчу. Жеңген партия кеңешип туруп, өкмөттү түзөт. Бул элди көзүн жазгыруу дегендик. Айрымдар мыктап шайлоого даярданууда, гезит-теледен түшпөй, жылдызга айланды. Актанып-мактанып эле жаткандар. "Шайлоодон жеңил утуп алабыз" деген үмүттөрү зор. Бу жакта өлкө тынчыбай, ызы-чуунун оту улам бир жерден тутанып атса, ага кайдыгерлер көп. Ошол эле маалда ММК, теле-радиодо цензура күч алды. Мени деле ачык эле "сен эмне оппозицияга кеттиңби?" деп омуроологондор көп. Алардын оюна койсом бүгүн мен Убактылуу өкмөттү апендинин кызындай гана мактап жатып калышым керек болчу экен да.

Чын чычалайт...
Убактылуу өкмөттө иштеген биздин жарандарыбызды көп жылдан бери жакшы билебиз, булар көп жылдан бери оппозицияда, жалаң сын-пикир айтып жүрүп көнүшкөн. "Разрушители и созидатели" дегендей, жалаң сын айтып, сыйгаланып жүрүп, булардын көбүнүн созидательный психологиясы жок болуп калды. Ошондуктан, бүгүн бири-бири менен кырылышып, бири-бирин "кылмышкер", "ууру" деп ат коюшуп, чогуу иштеше албай калгандарына өздөрүнүн да көзү жетти. Бирок алардын актануусуна кулак төшөсөк, "демократиянын чоң жетишкендиги бири-бири менен урушат, бирок элге зыян алып келбейт". Бирок Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бири-бирин жөн эле урушса жакшы болмок, булар акча талашып, кызмат талашып урушуп атышпайбы, эч ким элдин таламын талашып урушкан жок. Бир да бирөө "Максимдин финансылык булактарын токтоттук, бул элге мынча жардам берилди" деп телефон аркылуу кеңешкенин уктукпу? Жок, тескерисинче "тигинде завод бар, андан түкүнчө акча алсак, мунун фабрикасы бар, аны текшерсек, баарын тең "Максим менен иштегенсиң" деп коркутсак, камасак" деген гана үндөрүнө кулак тунуп бүттү. Бүгүнкү күндө эл аралык коомчулукта чоң ишенбөөчүлүк болуп турат, анткени Роза Отунбаеваны 4-5 киши кеңешип эле "Убактылуу президент болосуң" деп шайлап коюшту, дүйнө жүзүндө мындай кадам болгон эмес, болбойт дагы. Азыр башка өлкөлөрдүн президенттери "Кыргызстанга жалпы стандарттуу шайлоо керек" деп атышат, алар да "10-октябрда президенттик, парламенттик шайлоо өткөрүп, элдин добушунун атынан бүт бийлик бутактары келсин, быйыл ушинтип укуктук талаага кирип алып, эмдиги жылдан баштап жакшы иштегиле" деген гана каалоолорун айтышууда. Ага карабай биздин Убактылуу өкмөт өз кызыкчылыгын ойлоп, "революция кылганбыз, биз бийликте болушубуз керек" деген ойдо келатышат. Бирок, жандарын карасаң жалаң уурулар менен кузгундарды тегеректетип алышкан. Жакаңды кармайсың…

Атасынын инисин демиткен тарбиясы жок Максим
"Ханзаада", "мураскер" Максимдин атасынын агасы Жанышты демитип сүйлөшүп атканын угуп, Жаныштын деле бир туугандар арасында кадыр-баркы жок экенин байкадык. Болбосо богу менен тең бала аны анчалык демитпей, сөгүнүп-сагынбайт эле, жок дегенде улуулугун сыйласа эмне... Ооба, төңкөрүштөн кийин бийлик алсыз болуп, бийлик жок жерде революциялык күчтөр күчөйт. Бир айдан ашуун убакыт бою революционерлерибиз өз дайындарын таппай, байлык топтоо менен алектенип атканын көрүп, билип туруп башка күчтөр баш көтөрө баштады. Алар Убактылуу өкмөттү эл колдобой, иренжип атканын сезип, революциялык кыймылдарды күчөттү. Ал үчүн эч кимди күнөөлөштүн кереги жок. Андайлардын чырагына май тамызганга Убактылуу өкмөттүн да күнөөсү зор. 10-20 миңдеген элди иштетпей, ишкерлерди куугунтуктагандарын дагы уланта берсе, абал мындан да оорлошуп кетүүсү мүмкүн. Ал эми Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин сүйлөшүүлөрү боло турган эле иш болчу, аны Убактылуу өкмөттүн күч органдары, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жакшы эле түшүнгөн. Бирок, алар Бакиевдер тез аранын ичинде баш көтөрөөрүн билген эмес. Неси болсо да чет өлкөлөрдүн атайын кызматтарына рахмат. Жеке керт башынан башканы ойлобогон оппозиционер досторумду "эсиңерге келгиле" деп сестентип коюшту. Эми алар "Революциябызды, жеңишибизди уурдатпайбыз!" деп желпинип жүрүшөт. Бакиевдер башынан эле кан төгүүнү тандашкан, бул оюнан дагы деле болсо кайтпайт. Булардын тарбиясы, көргөн-билгени, дүйнө таанымы беш жылдын ичинде Кыргызстанды ушундай туңгуюкка алып келди да. Бакиевдердин ички дүйнөсү тайкы, маңкурт экенинин дагы бир ирет далилдешти. Алар үчүн кыргыз эли эл эмес, эшек, кой экенин экөөнүн диалогдорунан калың эл байкагандыр. Максим "акчанын баарысы менде" деп мактанып атпайбы, чын эле акчанын баардыгын булар сыртка алып кеткен. Эмне себептен Убактылуу өкмөт балдар шейите кетип атса, ошолордун арбактарынан коркпой чыгарып жиберишти. Бекеринен Алмаз Атамбаев "Бакиевдер менен Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү дагы ачыкка чыгат, анын баарын эл билсе чачтары тикесинен турат" деп жылаандын башын кылтыйтпагандыр. Демек алдыда дагы чоң оюндар жатат. Эл арасында дагы сөз көп. "Булар Бакиевдерден, мурунку бийлик үлкөндөрүнөн акча алышкан" деген сөзгө конкреттүү чекит койгон эч ким жок. Убактылуулардын ич ара урушуп, бирок аягына чыгып "сен кетмейинче мен кетпейм" деп отставкага кетпегендери эмнени каңкуулайт? Демек, "балык башынан сасыйт" демекчи баардыгы башында сүйлөшүп алып, бири-биринин колун булгап, ич ара былыктарын жакшы билишет, ошондуктан бири-бири менен ажылдашып, урушуп, демократиянын белгисин көрсөтүмүш болушканы менен бир-бирин сатпайт, отставкага да кетишпейт. Аны бөркүңөздөй көрүңүз. Ал жөнүндө эмкиде кеп болсун…

Жылдыз МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«