Тер агызган телефонгейт
Бүгүн телефон тыңшоолор боюнча бүйүр кызыткан маалыматтар коомчулукту козуткан чагы. Тарыхыбызда мынчалык ачуу мамлекеттик деңгээлдеги абийир төгүшмөй болбогондур. Бир чети эл алдына кимдин ким экенин ашкере кылуу менен мындан аркыбызга кандай түшүм жыйнаарыбыз кызык…

Сайнурага ыргыган түкүрүк
Акыркы эки апта бою телефон тыңшагыч аппараттардын опуртал өнөрлөрүнө күбө болуп, жакабызды кармадык. Убактылуу өкмөттү ээрден шыпырып түшүүнү көздөгөн бакиевчилердин кара пландары телефондон кармалып, абийирлери айрандай төгүлгөнүнө күбө болдук. "Серый кардинал" атыккан куубаш абышка Үсөн Сыдыковдун түштүк элин "менчик малымдай ары-бери айдап, башкарам" деген арам оюн маалымат каражаттары үстөккө-босток калкка жарыя салды. Натыйжада сыздоок жаранын өзөгү жарылгандай, бир катар журтбузарлардын беткабы сыйрылды. Бейкүнөө периштедей көрүнгөн Исхак Масалиев, Нариман Түлеев, айнура-сайнура дегендердин жүзүнө "шалпылдап" түкүрүктөр ыргыды. Үсөн Сыдыков кармакка тыгылары менен Жалал-Абадда жана да кан төгүлүп, бакиевдердин үйлөрү өрттөлдү. Ушуга удаа интернетте жалаяктай жайылган Жаныш менен Максим Бакиевдердин тыңшоо кылтагына илинген телефон сүйлөшүүлөрү далайдын кулагын тикчийтти.

"Майрам бүтүргүсү келген" Максим
"Жаныш Бакиев кыргыздардын канын суудай агызам дептир" деген каңшаар желдей тараганча, агасынын баласы Максим экөөнүн жашыруун планы ачыкка чыгып отурат. Булар Кыргызстанга кыргыздардын колу менен согуш ачуу идеясын орус тилинде акылдашып, бандиттик "жаргон" менен сөгүнүп-сагынып үрөй учурарлык пастыкта сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Максим айтат: "500 бала чыгарып, артынан акча таратып туруп элди каптататып ийсек, маанилүү 5 обьектти басып ала коюп, теледен чыга калып майрам бүттү дейбиз" дейт. Жаныш айтат: "300 эле бала жетет, таңкы алтыда байкатпай, капилет кол салабыз" деп… Максим айтат: "Текебаев менен сүйлөшөм, акча менен пиар кылам деп. Түштүктүк аткаминерлерге силерди булар убактылуу алдайт да барыңарды кийин талкалайт, түштүк тарапка жаман болот деп элди көтөрөбүз" дейт. Жаныш айтат: "Кыргыздар папке талашмай менен ооруган эл, аларды акча менен кыйкыртабыз" деп. Айтор, баштан-аяк мамлекетти 5 жыл кайсаган бир тууган бакиевдердин оозунан жылуу кан эңсеген жырткычтай дене дүргүткөн кесир сөздөр ойда бир оргуптур.

Бакиевдердин "акча соккусуна" туруштук берчү абийирибиз бар!
Түндүк-түштүк ажырымы ансыз да кеңейип, жердешчилик оорусунан жабыркап турган алакандай Кыргызстандын ортосуна от жагып жиберүүгө неге мынча жанталашат тиги бир туугандар. Бир эле максат бийликти кандай жол менен болсо дагы колдон чыгарбоо үчүнбү? Аларга алардын кесепетинен кечээги боо-боо түшүп Акүй алдында кырылгандар, Жалал-Абаддагы жаңжалдан жабыркаган карапайым жашоочулар, бүтүндөй региондордогу башаламандыктар, элдин көз жашы бир тыйынга арзыбай турганы белгилүү болду. Мынчалык өз элине кас чыгуу менен эмнеге жетишет десең. Эми алар канчалык актанышпасын, жалпы эл аларды баары бир кабыл алып, кечирбейт. Ошону билип турушса да кимдир бирөөлөрдүн колу менен карөзгөйлүк кылып "жатып өлгүчө, атып өл" принцибинде куйруктарын чамгарактатууда. Алардын оюндагы "миллиондоп доллар чачып ийсек эле ишибиз оң жолго түшөт" деген соода деңгээлиндеги караңгы тилек албетте ишке ашпайт. Кокус ал арамдык таасир этсе, Убактылуу өкмөткө таасир этеттир, бирок, калдайган калың кыргызды "солк" эттирбейт. Себеби, бакиевдердин "бачагын чыгарчу", жаңы өкмөт өкүлдөрүнөн да күчтүү азаматтар азырынча өлкө стабилдүүлүгүн сактоого кам уруп, элге-журттка дем берип, резервде турушат. Демек, бакиевдердин "акча соккусуна" туруштук берчү абийирдүү лидерлер жана аларды колдогон түмөн кыргыз бар экенин эскерте кетели.

Акматбек менен
Камчыбекти каргантып…
Телефондогу Максимдин үнү ишенимдүү кишилерин эсептей келгенде экс-салык кызматынын башчысы Акматбек Келдибеков менен экс-өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин, экс-эсеп палатасынын жетекчиси Искендер Гаипкуловдордун аттары аталды. Үсөн Сыдыков менен эле бакиевчилердин тамыры кыркылып калбайт экен. Ажыдаардын куйругу бир болгону менен башы көп сыңары кыргыз эли кан соргучтардан жакында кутулчудай эмес. Татьяна жеңесинин жеңин сүртүп кызматтык креслолорго көчүк чаптаган колбалдар, май, машине, пансионат, көмүр… айтор, бизнестин битин "акалап" сыгып келгендер эми минтип эл бузарлардын коңурсук колтугунан мурундарын сууруп ала албай отурушат. Кошо эл бузар болуп, жийиркентип. Гаипкуловдун гайкасын бурай турган билимдүүлөрдүн билеги түрүлүү. А "бригадир" Келдибеков менен Ташиев достордун карганып, Максимдин сөзүн калпка чыгарууга жандалбастаганына не дейбиз? Же актангандардын баары эле акпы? Кимиси "аферист" экени такталабы, такталбайбы кеп анда эмес. Маселе, бакиевчилердин элдик революцияга карата ич күйдүлүгү суубай, "ары карап ыйлап, бери карап калп күлүп", ичкен-жегенинен айрылып калбоо санаасынан арылбай, дагы деле бакиевдик сасык ойго биротоло "жок" дей албай арасарт тургандарын сездирип койгондорунда. Эл анчалык аңкоо эмес. Ар бир "акмак ишти" жашырып, "наглый" кадамдар менен канчалаган адамдын канын кызытуу эң жаман экенинин эстеген эптир.

"Манту бышырбайбызбы?"
Ооба, Максим Акматбек, Камчыбек, Искендер, Наримандардын үстүнөн тон бычып, мыскылдап сүйлөөдө. Бирок, кандайдыр бекем ишеним менен чечкиндүү айтты. Ага жооп кылып актанып жатып, Келдибеков менен Ташиев "Садыр Жапаров баш болгон биздин партиянын мүчөлөрү шайлоого барып, сыноого түшөлү деген оюбуз бар, балким, СДПК же "Ата Мекен" партияларына татыктуу атаандаш болобуз" деген башкы планын баса белгилешти. Чынында ар бир күчтүү делген партиянын артында агылып келип күргүштөп кирип турган акча булагы болуусу шарт. Тиги "татыктуу атаандаш болчу" партия башындагылардын байлыгы оңой эмес экенинен кабарыбыз бар. Бирок, көмүскө каржылоо адатта ошондой "баймүнөздөрдүн" көлөкөсүндө гүлдөп, максатына "манту" бышырбайт деп ким кепил болот…

400 миң доллар алган ким?
Телефонгейт аркы жээкти эле жалгыз чыпкалабай, берки Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кошо жайлады. Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин жана Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефон байланыштары коомчулук башын бир айланты. Булар да бет алдынча актанышты. Тыңшоонун эки учурунда тең Азимбек мырзанын телефону камтылган, мунусу нени каңкуулайт? Алмазбек мырза: "Мындай сүйлөшүү болгону чын, бирок, эч кимден пара алган эмесмин, ошол 400 миң доллар алынганы чын болсо буга күнөөлүүлөрдү таап, Убактылуу өкмөттүн өкүлү экенине карабай кылмыш иши козголсун. Менин башым үчүн көп акча сайылганын билем, дагы канча жашаарым белгисиз. Ошондуктан мүмкүнчүлүк барда өзүмдүн актыгымды далилдейин деп атам" деп, санаасы тынбаганын ачыкка чыгарды. Анан да жакын арада бийлик башындагылардын телефон аркылуу курч сүйлөшүүлөрү же башка сенсациялуу фактылар ачыкталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Чындыкка жетүүнүн акыркы чарасы
Коомдогу коогалаңдар аз-аздан тынчып, стабилдүүлүк нукка түшүп баратканда эми минтип "телефон согушу" башталып отурат. Албетте жакшы жагы бар. Ошол эле учурда элдин ишенимине бүлүк салган эртеңки күнүбүзгө карай бүдөмүк кадамдар шилтенип атканын туйгузуп турганы өкүнүч жаратпай койбойт. Улуттук коопсуздук кызматы кандай көзөмөлдүк иш жүргүзүүдө, бул кызмат "толук" Убактылуу өкмөттүн колуна өттү беле? Өтө жашыруун сырлар белгилүү деңгээлде сакталбай бүгүнкүдөй "ыпысык" бойдон элге жетип туруусу кимге канчалык пайда? Же абийир төкмө ушундай ыкма менен гана жыйырма жылдап жетпей келе жаткан "чындык" деген таңсыктыкка жетебизби?..

Жумабай АБДАН