mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин
Биз азыр алды-артыбызга абай салып, айрым бир алгачкы милдеттерди ишке ашырып алсак туура болор эле. Дегеним борбор шаарыбыздын Бишкек деген аталышына эгерим эч кимдин ичи чыкпайт. Дегеле бул атты ким сунуштаганы да белгисиз. Айрымдар ошондой баатыр болгон экен десе, кээ бирлери "ой, ал жөн эле бир таяк" дешет. Эгер эле Бишкек деген баатыр болгон болсо, ал деги кай тарыхка жазылып, кыргызга кандай эмгек өтөптүр? Ал эми Пишпек деген тарыхый аталышына кайрыла турган болсок, ал кандайча Бишкек болуп калды? Дегеле, мындай суроолордун изи суучудай эмес.
Андыктан, адегенде эле айта турган сөз, борбордун атын "Манас" деп атоо керек. Кыргызга Манастан артык эч ким жок. Учурунда "кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып", улут үчүн улуу ишти ийгерип кеткен. Биринчиден, жалпы жумурай журтубузду Манас атабыздын арбагы колдойт. Бул ысым биз үчүн кудайдай эле. Биз Манас атабызга жаратканга сыйынгандай эле сыйынабыз. Экинчиден, кулакка да жагымдуу угулат. Атүгүл, башка мамлекеттер да эмне себептен мындайча атаганыбызды айттырбай түшүнүшөт.
Андыктан ушул улуу ишти жасоонун мезгили келип, сааты чыгып олтурат. Бул сунушту элибиз жабыла колдооруна мен терең ишенем.
Ал эми борбор шаарыбыздагы Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов деген райондордун аттарын качан алмаштырабыз? Бизге бул ишти сырттан бирөө келип жасап бербеси анык. Албетте, эртеби-кечпи бары бир алмашат. Бирок, "өлүмдөн башкасынын тез болгону жакшы" деген кеп бар эмеспи элибизде. Төрт райондун атын алып жүрүүгө татыктуу тарыхий инсандарыбыз да жетиштүү. Ошол эле Бакай менен Кошойдун, Семетей менен Сейтектин, же болбосо Чубак, Сыргак сындуу Манастын кыйышпас чоролорунун ысымдарын ыйгарууга неге болбосун? Ал эми Барсбек, Тагай бий, Кубат бий, Ормон хан, Полот хан, Балбай, Тайлак, Бүргө, Байтик сыяктуу баатырлардын, Курманжан, Алымбек өңдүү даткалардын аттары да борбордогу райондордун аталышына толук татыктуу.
Кеткен бийликтин тушунда ааламга аты чыккан айтылуу Ч.Айтматов каза болуп, анын аты да ырыстуу жерлерге ыроолонгон жок. Ошондуктан, Талас областына караштуу Кара - Буура районуна Чыңгыз аты берилсе туура болмок. Биринчиден, улуу жазуучу ошол райондо туулуп, өскөн. Экинчиден, областагы райондордун Талас, Бакай -Ата, Манас деген аталыштарына Чыңгыз деген район комплекстүү түрдө жарашып калмак.
Дагы бир көйгөйлүү маселе бул биздин мамлекеттик атрибуттарыбызда жатат. Ушул күнгө чейин Гимн, Герб, Туу тууралуу түзүк кеп уга элекмин. Биздин Гимн алиге чейин элибиздин кан-жанына сиңип, жан ырыбыз болуп ырдалып кеткен жок. Мындан кийин да ырдалбайт. Атүгүл гимн коюлуп жатканда да эч кандай патриоттук сезимдерге чакырбайт. Бир сөз менен айтканда, гимндин сөзү дагы, музыкасы дагы кыргыздын дилине шайкеш келбейт.
Менимче, кыргыз гимни элибиздин салттуу музыкалык ыргактарынан куралып, сөзү дагы баарыбыздын мекенге болгон сүйүүбүздү арттырып турушу абзел. Гимн башталганда дене-боюбуз дүркүрөп, духту көтөргөндөй болушу кажет.
Ал эми өлкөбүздүн герби аман эле болсун. Шым кийип турган чымчыктай болгон бүркүтүбүзгө сөз жок. Аны бүркүт деп айтканга да ооз барбайт. Ошол эле маалда басма сөз беттерине жарыялана калып жүргөн айрым коом, бирикме, фонддордун эмблемалары андан алда канча ашып түшөт. Бул тууралуу биздин атайын адистерибиз да айтып жүрүп чарчашты.
Туу тууралуу талашып жатып тамтыгын чыгарып бүттүк. Аны ачык эле күнкарама деп жатышып, мамлекетибиздин табияты да ошого окшошуп бара жатат.
Жакында эле дагы азаматтарыбыз борбордук аянттагы канатчан аялдын эстелигин алууну талап кылышты. Бул баарыбыз жапа тырмак колдой турган демилге. Биздин ата салтыбызга да, улуттук менталитетибизге да, жомок, фольклорубузга да туура келбеген мындай айкелди ким жакшы көрсө үйүнө алпарып орнотуп алсын. Анын жасалышын дагы искусствонун ийгилиги деп айтууга болбойт. Анын үстүнө постаменти баягы Лениндин эстелигинен калган. Андыктан мындай жамаачы жумуштун суверендүү өлкөнүн борбордук аянтында турушу уят. Мурунку бийлик аны алмак түгүл, кайра ал жакка кыргыздын кан душмандарынын айкелдерин коюп, абийирлери айрандай төгүлгөн.
Кыскасы, биз азыр Башмыйзамдан тартып баарын өзгөртүп жаткан маалда жогоруда кеп болгон маанилүү маселелерди оң жагына оодарып алганыбыз дурус. Эгер ушул иштер аткарылса, анда элибиз да азыркы бийликке ыраазы болуп, батасын берет. Ошондой эле, мындай кадам баарыбызга жаңы дем, жаңы күч берип, ата журтубуздун алга карай арымдуу кадам шилтөөсүнө өбөлгө түзөт.
Кубат Болотканов,
юрист




Мелис Карыбеков, Асан теги:
"Шайтандын резюмеси"
(Уландысы. Башы өткөн санда)

Дөбөт
7-апрелден кийин ушу дөбөттүкү өттү. Күрсүлдөп үрүп, көчөнүн башынан-аягына чуркап адам көрсө эле асылат. Көчөдөн киши баспай калды. Баарын коркутуп бүттү. Бала-чакага жаман таасир берди, жаман үлгү көрсөттү. А балдар болсо биздин келечегибиз да. Бул кара дөбөт бир айда эле семирип, эттенип алды. Жүндөрү да жылтылдап, азуулары арсайып, үнү да жоон чыгып калды. Биздин көчөнүн адамдарынын ачуусун келтиргени бул кара дөбөттүн адамдарга асылганы гана эмес, 7-апрелге чейин ар бир короого кирип, жугунду аңдып, ар бир адамдын артынан ээрчип, көзүн жалдыратып кара курсагын тойгуза албай, териси сөөгүнө жабышып, жүндөрү салбырап, көчөдө ойноп жүргөн бала-чаканын колундагы момпосуюна көзүн артып, шилекейин агызып, байкуш болуп жүрчү эле. Бул дөбөттү тааныбаган адам жок. Бул саагалап, шимшип барбаган короо да жок. Мына ушул көрүнүш биздин көчөнүн адамдарынын ачуусун абдан келтирди. Кара курсагы тойсо эле болду экен да, адамкерчиликти, достукту унутту. Биздин көчөнүн ушул дөбөткө болгон аео сезимибиздин ташын талканын чыгарды. Ушул дөбөттүн кылык-жоругунан кийин "ит адамдын досу" деген макалга биздин көчөнүн адамдары ишенбей калдык. Азыр дарбазаларыбызды бекем бекитип, бала-чакаларыбызды көчөгө чыгарбай дөбөттөн коркуп, ичибизден арман кылып күн кечирип жатабыз. Ит иттигин кылат экен. Гитлердин пропогандиси Геббелсдин айткан мындай сөзү бар экен "Адамдарды терең түшүнгөн сайын итти жакшы көрөм" деген. Ал эми биздин көчөдө баары тескеринче болуп, итти терең түшүнгөн сайын адамдарды жакшы көрүп калдык. Адам демекчи, бир адамдын баркын билбептирбиз биз ал адамды мыкаачы деп жаман көрчүбүз. Көчөдөн өтүп баратса бала-чакада "ит атаар келатат, ит атаар келатат" деп кыйкырып шылдың кылышчу эле. 7-апрелден кийин биздин көчөнүн адамдары чогулуп барып, ал ит атаардын мылтыгын алып, үйүн өрттөп, өзүн кубалап жибердик эле, эми ошол ит атаарды эңсеп арман кыла баштадык. Кыргыз улуу эл, кыргызда мындай сөз бар, бул сөздү бекер айтпаптыр "иттин бажасы көп, кудасы жок" деп.

Чочко
Баягы эле бүтпөгөн биздин көчөнүн ызы-чуусу. Ал ызы-чуу чочконун сасык жытынан келип чыкты. 7-апрелге чейин чочко сасыбай калды эле, 7-апрелден кийин чочконун өнөрү күч алды. Коркулдап үнү бийик чыгып, көчөгө кенен басып, эч кимден коркуп-үркпөй, пиво канага барып, пивого тоюп алып, дили каапыр, эти арам, пейили жаман чочко көчөдө бала-чаканы чогултуп алып, пивого тойгузуп, "заман жаштардыкы" деп үнүн бийик чыгарып, биздин көчөнү ызы-чуу кылды. Анысы аз келгенсип, гезит беттерине сүрөтүн бакыйтып чыгарып алып, өзүн укмуш сулуу, акылдуу сезип теле экранга да улам-улам чыгып, биздин элдин жийиркеничин күчөтүп, кыжырын келтирди. Ал "алдаса болот жаш башты" дейт, жаштар чочконун ким экенин кайдан билсин? Биздин жаштар чочконун адал, арам экенин али биле элек. Чочко - деген чочко да.

Кашкулак
Ой-тобоо, адамдар акылынан айнып калганбы... Баары бүтүп, эми кашкулакты даңазалап, баатыр кылып алышыптыр. Мен түшүнөм кашкулактын терисинен тумак тиксе болот, териси баалуу керекке жарайт. Кашкулактын майын дарычылык кылса болот, кашкулакта май көп. Денесинин жарымынан көбү май, бирок кашкулакты даңазалап, "баатыр" деп "эл башы" деп такыр эле чектен чыгып кеткенибиз кудайга да жакпас. Бала кезде жайлоодон кашкулакты капканга түшүрүп, терисин сыйырып, майын агызып алып, "дары" деп этин итке ыргытып, досум экөөбүз мыкты мергенчи-аңчы болуп, кудуңдап сүйүнүп жатсак коңшу чабан аксакал киши бизди тилдеп, терисин да, этин да, майын да жерге көмдүргөн. Ал аксакалдын айтымында кашкулакты кыргыздар "арам" деп коет экен. Улуу кишиге каршы чыга албай "ичибизден эмнеси арам" деп кашкулакка жактоочу болдук эле. Ал акасакалдын сөзүнүн маанисин эми түшүндүм кашкулак чектен чыккан өзүмчүл, ичитар, өз деңгелин билбей, өзүн бийик сезген жаныбар тура. Аны эл кайдан билсин, кашкулак жепейип, томполоңдоп, жаратылышынан жерге жакын, жерге терең ийин казып, керек болгондо ийинине кире качат, жанагы кашкулакты даңазалаган адамдар кашкулакты өздөрү таппай калат.

Төө
Төө - деген төө. Кудай төөгө бойду бериптир, ойду бербептир. Менменсинип башын бийик көтөрүп. Баарыбыздан бийик турса, баары төөнү мыкты деп чыгышты. Ызы-чуу болушуп, төөнү көкөлөтө макташып, бакыйтып алып келип "эл башы ушул болот" деп арыстандын ордуна падыша кылып коюшту. Аны төө өзү деле түшүнгөн жок. Төөнү мен жакшы билем, төөнүн сырын да, чырын да, кылыгын да, кыялында жакшы билем. Илгери төө экөөбүз маектешип калдык, мен төөгө кызык бир окуяны айтып берип аттым. Айтып бүтсөм төө кайра менден сурайт "жана эмне дедиң эле?" деп, ал аңгемемди кайра айтып бердим. Бул жолу төө жарымын түшүндү, жарымын түшүнбөй калды. Мен үчүнчү ирет аңгемемди кайталап берип, эми түшүндү го десем төө турган бойдон уктап калыптыр. Өзүм кызык абалда калдым, таарынган жокмун, төөнүн пейили жаман эмес. Төөнүн эч кимге жамандыгы жок, бирок төө - деген төө да. Ашып-ташыган акылы деле жок, жетелетме, айдатма. Бирок, мени таңкалдырганы эч нерсени кенебеген төө ушак-айыңды ушунча тез угат, бат ишенет. Ээ, замандашым төөнүн да заманын баштан кечиребиз. Биздин эл мындай көрүнүшкө көнүп калбадыкпы.

Келемиштер
Жогорку Кеңештин имаратын келемиш каптап кетиптир. Келемиш жамандыкка келет. Илгери совет доорунда келемишти уу берип, артынан кубалап жүрүп өлтүрүшчү. Совет доору кулагандан бери шаарыбызда, элибизде келемиш көбөйдү. Келемиште уят, намыс, ар деген жок. Кайсыл жакка ыгы келсе, кайсыл жер жылуу болсо ошол жакка чуркап жөнөйт. Азуусун арсайтып, тамак тандабай, баарын катары менен кемирип жей берет. Биздин жерге, биздин элге келемиштер башка жактан ооп келген. Жакынкы он жылда келемиштерден кутулабызбы, кутулбайбызбы кудай өзү таразаласын деп ойлогом. Менин айтайын дегеним Жогорку Кеңештин имаратынан мен мурун Докемдин, же тагыраак айтканда Дооронбек Садырбаевдин асыл арбагына кезигип жана да башка шейит кеткен, жаш кеткен эл өкүлдөрүнүн арбактарына жолугуп турат элем. 7-апрелден кийин аларды таппай калдым, улам-улам барып, алардын арбактарын, караандарын издедим, таппадым. Бул көрүнүш жыйынтыксыз издөө мен үчүн коркунучтуу белги эле. Өткөндө таңзаардан бульварда булбулдардын симфониялык концертинде отурсам Докем баштаган асылдар, же мен издеген арбактар бульварга концертке келишиптир. Баарыбыз баарлашып, маектешип, чер жазышып алдык, маегибиздин мааниси Кыргызстандын, же Манас элинин келечеги болду. Дагы бир алган жаңылыгым жакынкы арада Жогорку Кеңештин имараты келемиштерден тазаланаарын мен ошол жерден уктум.

(Уландысы бар)




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"





??.??