mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек
…Жаңылык көп, Доке. Сиз бардагылардын азыр көбү жок. Чыңгызың, Тууганбайың, Асанканың, Ашыраалың… ж.б. Артыңыздан эле "Докеге кереги жок жашоонун бизге да кереги жок" деп кете беришкен. Анан баягы, кыйналып көнгөн "кайран элиң" өлө жетимсиребедиби. Өзүңүз таягыңыз менен көзүнө кезеп жүрчү жексур бийлик көрбөгөнүбүздү көр кылып, жонубуздан кайыш тилбедиби. Жарыгыбызды өчүрдү, салыкты көп төлөтүп, катуу эзди. Чыдадык. Ансайын күчөп эзди. Жалдырап, бийликтен жашоо сурадык. "Анан эмне болду" дебейсизби. Алар бизди жашоо сураганыбыз үчүн автомат менен кырып, дүрбүлүү мылтык менен тербедиби. Кызыл-жаян болуп көп кыргызыңдын жаны денесинен бөлүнүп, сиздердин дүйнөгө сапар алышканын билерсиз. Барыштыбы алар, жолуктуңарбы?..
Кезегинде сиздин катарыңызга турган максатташ, тилектештериңиз азыр эки тизгин бир чылбырды колдоруна алышкан. Бирок, кичине… Биз алардын ичара ынтымагын Кудайдан тилеп, душманга шылдың болбойлу деп дагы да оор күндөрдү кечип атабыз. Ооба, кыргызга сизчелик күйө албай атат окшойбуз. Өмүрүңүз түгөнгөнчө "Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!" деп кыйкырып турдуңуз. Сиздин үнүңүздү улап, кыйкырып келатабыз. Сиздей көч баштооч сакалдууларыбыздын өкүм акылы жетишпегенин айтсаңыз. Манас…
Билесизби, сиз "Махабат дастаны" менен бүтүндөй кыргыздын бүгүнкү сүрөтүн тартып салыптырсыз. Андагы саясат, кошоматчылык, түркөйлүк, улуулук, тазалык, үмүт… азыр деле калыбында. Сиз жазган ырлар, сиз тарткан тасмалар, сиз айткан ураандар биздин "Абийир сотубузду" дайыма сиздин рухуңузга жетелегенин танбайбыз. Бу дүйнөнүн каалгасын акыры-ын жаап, кетип калган күнүңүз 28-май эмес беле. Ошол күндүн урматына Убактылуу өкмөтүбүз мамлекеттик деңгээлде ишчара уюштуруп, арбагыңызга жалпы журтуңуз таазим этип турабыз. "Эл баатыры" деген "жупуну" наамды адатыбызча "абага" бергени жатабыз. Эстелигиңизди керээз кылып белгилеген жериңизге эми койгон жатабыз. Доке, азырынча колубуздан келген ушул жармач аракетибизге каниет кылат деп ишенебиз. Анткени сиз чокудай бийик, көлдөй терең Дооронбек Садырбаевсиз да…
Жумабай АБДАН




Атамбаевди атып качкандар кармалабы? ...
Кыргызстандын бүгүнкү кырдаалына суктанбай ак койсок. Башаламандык, рейдерлик, тартипсиздикти мындай кой, криминал жааты да тынч алчу түрү жоктой. Ага далил, "Шаботоевди, Бахтыяр Амиржановду өлтүргөн" деп айыпталып, сотто сурак берип жаткан кылмышкер Жумабек Зикирбаев эки адамы менен Биринчи Май райондук сотунун имаратынан караул башчысы Атамбаевди атып салып качып чыгышты. Аларды качыруу үчүн мыктылап даярданышкан. Терезедеги темир торду алдын-ала араалап коюшкан. Анан кылмышкерлерди алып келген караулдун башчысы, жаш лейтенант Атамбаевден кимдир бирөөлөр "1000 сом берели, мени терезе аркылуу Зикирбаев менен сүйлөштүрүп койчу" деп суранган. Акча кимди азгырбайт, айлыгы аз лейтенант ажал тооруп турганын билген да жок да. Ал кылмышкерлерди берки тарап менен сүйлөштүрүү үчүн алып келе жатканда эле, аны кимдир бирөөлөр терезеден атып таштаган. Дагы бирөөлөрү темир торду ала салып, үчөө тең качып чыгууга үлгүргөн.


Эми Зикирбаев ким, кимге реалдуу коркунуч туулушу мүмкүн? Жумабек Зикирбаев Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунда жүргөн. Ал бир нече жолу "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевге кол салууну уюштурган. Өтө жан кечти киллер. Зикирбаевдин качышы көптөгөн адамдар үчүн коркунуч өтө реалдуу. Ачык айтканда булар киши өлтүргүчтөр да. Сөзсүз көп кишини атышат, криминалдык топтор арасында "таасир" талашылып, аеосуз согуш болот. Андан соң капчыктууларга, мурунку өкмөт мүчөлөрүнө, кийинки өкмөт мүчөлөрүнө кол салышы мүмкүн. Кайсы жерде акча болсо ошол жерге кол салат, буларга акча керек болуп турат. Ошондуктан, булар чоң кыргынга алып келиши ыктымал.
Чынын айтканда бүгүнкү күндө криминал дүйнөсү да көп нерседен тажап турушат. Акаевдин убагында Рысбек Акматбаев "мени дагы саясатка аралаштырышып, коркутуп-үркүтүп, Кулов, Суваналиевдин шайлоосуна каршы иште дешкен, мен иштегеним чын" деп маек бергени баарыбыздын эсибизде. Экинчиден, кан төгүп качкан Бакиев бийлиги орногондон, 2005-жылдан баштап криминал саясатка ачыктан-ачык аралашып кеткенин элдин баары жакшы билет. Хан башы менен Курманбек Бакиев өзү "Ала-Тоо" аянтына криминалдын арасына чыгып, калчылдап ар бири менен саламдашканы азыр да ар бирибиздин көз алдыбызда. Андан соң, криминалга жашыл жарык берилип, алар саясий чөйрөгө, бизнеске, киши өлтүрүүгө, айтор, баарына аралашып кеткен. Бирок, криминал деле биздин жарандар. Кыргыздын жигиттери, башка жактан келген жок. Алар деле "биз ушул саясаттан чарчадык, саясатка бизди кошпогон киши келсе" деп айтып атышат. "Бизди дагы күч органдары коркутуп-үркүтөт, саясатка кирбесең, бийликтин айтканын кылбасаң бизди да отургузуп атат" деп туруп, алар чындыгында мамлекетибиздин күч структурасына кошомат кылып, алардын мүдөөсүн аткарат. Алар да баарынан тажаганынан "бизди жөн койсо, биз да жакшы жолго түшүп спорт чеберине, бизнеске кадам таштап, тынч жашайт элек" дешүүдө. Эч кимдин түрмөгө отургузу келбейт, крим чөйрөгө кирип алсаң, ишиң бүткөнү, бүгүн болбосо, эртең атып кетет, алардын да бала-чакасы бар үйүндө. Криминалдаштырылган бийликтен криминалдар да тажап, коркуп турат. Ага кошумча Убактылуу өкмөт да баары жан сакчылар менен жүрүп атышпайбы. Бул эмнени билдирет? Анткени, крим дүйнө аябай күчтүү. Демек, Зикирбаев баш болгон баш кесерлердин качканы көп адамды сестентип койду. Жакында Бишкек Чикагого айланбаса болду, деги, кудай сактаса экен? Адамды селт эттирген автомат огу 7-апрель күнү далайдын жүрөгүн албадыбы. Эми криминалдар таасир талаша турган болсо, талаага эле чыгып атышса деген тилек...

Маадабай ЭШКОЖО




Телефонду бакиевчилер тыңшоодобу?
Ушул тапта эң эле орчундуу маселеге айланып бараткан нерсе тыңшалып кармалып калган телефондук сүйлөшүүлөр болууда. Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев эмоциясын жашырбай күйүп-бышып "телефондук сүйлөшүүлөрдү чет-элдик атайын кызматтар менен бакиевчилер уюштуруп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн үндөрүн жаздырып жатат" деп айтып чыкты. А.Атамбаевдин өлкө кырдаалын турукташтыруу үчүн өтүүчү ишчараларга карата бөлүнүүчү 2 миллион долларга кол койгону башка кеп. А телефондогу Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин сүйлөшкөн "темасы" өзүнчө маселе экен. А.Атамбаевдин акчага тиешеси бар документтердин бардыгына кол коерун Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев да тастыктады.

Алмазбек Атамбаевдин чындык үчүн чырылдаганын өз оозунан кандай чыкса, ошондой окугулачы: "Разговор был совсем о другом между Бекназаровым и Сариевым о том, что нужно уничтожать документы, можете еще раз прочитать распечатки. Мы не можем делать вид, что в правительстве все дружные. Ведь у нас народ не скот, они все понимают и видят. В правительстве есть личности, к которым не придерешься, а такие, как Сариев и Бекназаров, пытаются превратить в частную лавочку подведомственые им органы, заменяя Максима и Жаныша Бакиевых. Мне становится больно, неужели столько крови было пролито зря? Меня это удивило. Ведь Азимбек знает, что Атамбаев взяток не берет. Я честный человек, и хочу таким умереть! Слышал, что один из Бакиевых заплатил киллерам сумму с шестью нулями. При Акаеве за меня давали гораздо меньше, так что даже приятно. Я иногда, смеясь, говорю, что лучше бы отдали мне эти деньги, я бы сам ушел в отставку. Вот только сегодня поймали лиц, которые пытались пробраться в мой дом. Так что, пока жив, я собрал вас и заявляю: я чист перед народом и Богом, и мы посмотрим, кто кого раньше достанет"
Ушундай салкын маанайдагы кайрылуулары менен Алмазбек Атамбаев коомчулукка терең санаа таштады. Балким, анын айткандарында аргасыздык жаткандыр. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасын кандай кара мышык аралап жүрөт, ыя?
Жумабай АБДАН



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"





??.??