mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Кол койдурам деп…

Текебаев түрмөгө кирди
Башмыйзам Кеңешинин төрагасы Өмүрбек Текебаев кызыктай жүрүш жасады. Ал түз эле Мамлекеттик коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан Исхак Масалиевдин үстүнө кирди. Коммунисттер партиясынын башчысынын маңдайына жаңы Башмыйзамдын акыркы редакциясын жайып, эки партия лидери түрмө ичинде жана бир ирээт талкууга алышты. Апсамат акенин баласы өлкөнүн негизги мыйзам долбоорун кош колдоп колдоорун кайталап айтып, Башмыйзам Кеңешинин мүчөлөрүнүн элге кайрылуу кагазына бажырайта кол коюп берди. Ушул. Башка кандай сүйлөшүү болгонун бир укса, төрт дубал менен темир эшик уккандыр.


Минаң жок беле?
Милиция элден курал сатып алат
Ушундай. 7-8-апрелдеги окуяда элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды кайра кайтаруу чарасы акыры "сатып алмайга" келди. Буга чейин өз каалоосу менен тапшыргандардан 300дөн ашык курал топтолду. Бирок, ар кандай себептер менен дагы да көпчүлүк курал эл ичинде. Аларды кылмыштык топтор сатып алып жатканы тууралуу маалыматтан улам милиция өзү баа койду. Гранатамет менен пулемет 8000 сомдон, автомат менен дүрбүлүү мылтык 4800 сомдон, кесилген мылтык менен тапанча 3200 сомдон, граната менен мина 1600 сомдон, мергенчилик курал 1600 сом, жардыргыч заттардын 100 граммы 420 сомдон 800 сомго чейин… Айтор, бул жарлык Афганистан элине жарыялагандай эле жарыяланды. Эй айланайын, эгер колуңда берегидей курал бар болсо, тапшырып сал да акчасын алып кетчи. Тынч жашайлы, бизге тил менен муштумдан өткөн курал жок!


Безип жүрүп бежирейт
Закиржан заңдаганын койбоду
"Беларусиянын президенти менен элине пайдамды гана тийгизем" деди, Курманбек Бакиев. Баягыле апрель революциясына болгон көз карашынан танбай, кайта-кайта кайталап. "Революцияны уюштургандар атайын аябай даярданышкан, куралданышкан, чет-өлкөлүктөр да арлашышты, акүйдү коргогону келаткан БТРди тартып алышып акүйдү чоң пулемет менен атышты. Мен отурган президенттик кабинеттин терезесин талкалаган ок менин жаныман кайып өтүп, каалгага тийди. Качан гана акүйдүн тосмосун машине менен сүздүрө башташканда дөңгөлөккө эле аттык. Таласта бирөөнүн көзүн чукуп, ИИМ министрин өлтүрүп кое салышты. Мен муну 7-апрелде кеч уктум" деп арманын төгүп келип, баласы Максимди өлө мактады. Андан кызыгы, ага удаа "Бакиев Түркияга эсалууга кетти" деген маалымат интернетти каптады. "Түркияга баргандын балекетин алабы, аякта Атамбаевдин таасири күч" дегендер четтен чыкты. Чынеле, элин атып коюп эс алганды ким коюптур ага. Бирок, жандими неме Закиржандан барын күтсө болот.


Шектен шек тулуп…
Атамбаев тизгин какты
Сенсация десек да болот. 25-май күнү Убактылуу өкмөттүн биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев "2010-жылдагы парламенттик жана 2011-жылы өтүүчү президенттик шайлоолорго барбайм" деди. Ал Азимбек Бекназаровго карата көңүлү кирдеп калганын жашырбай "Генпрокуратура Жаныштын менчиги болчу, азыр Азимбектики" таризинде телефонгейттин чыныгы күнөөкөрүн таап, жазалоону жана да көтөрдү. Алмаз мырзанын абалына абай салган кишиге Бекназаров жөнүндө кандайдыр жашыруун сырдын оозун ачып жиберчүдөй таасир этет десең. Бектур Асанов менен Азимбек Бекназаровдун телефондогу сүйлөшүүсү дагы огобетер Алмазбек Атамбаевди күмөнсүтүп, шек үстүнө шек туудурат экен. Деги, Азимбек мырза таза болгойле…


Алакан кургап…
Байболов басып келди
"Аюу чээнге киргенде, Байболов чээнден чыкты" деп, бир чечек журналист жаза коюп, ылакап кылды эле. Сыңарындай ошол Байболов жайга чукул, "кооптуу жаздан" кечирээк дагы да "чээнден чыкты", эй! Акыркы апта менен Кыргызстанга келди. Аялы Нуржамал Америкада калды. Сыягы чекист Кубатбек мырза, чалгын чалып келген шекил. Убактылуу өкмөттөгүлөрдөн Темир Сариев менен ысык дос. Америкага кача жөнөгөндө да так ушул Темир досу аэропорттон узатып жатып көзүнө жаш алган. Ошондон бери бала-чакасын бакиевдерден корголоп, океандын ары жагында жаткан "саясаттан биротоло кеттим" деп. Эми бүгүн келип турган кербези, "саясатка биротоло келдим" деп... Алакандын майын шимирип бүткөн соң, кайра толтуруш керек да акыры.


Калк калп айтпайт
Кубанычбекке кубангандар бар
Апрель башындагы оор окуядан кийин ИИМ кызматы болуп көрбөгөндөй "депрессия" абалын башынан кечирди окшойт. Мындай кырдаалдан чыгууда укук сакчыларынын айрым жетекчилеринин атын атап жүрүшөт. Алардын бири ИИМнин орунбасары Кубанычбек Кадыров. Бул жигит СДПК партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп барган күндөн тарта көпчүлүктүн көзүндө, саясаттын чордонунда жүрөт. Балыкчы окуясындагы "баткакты" да кечкен эрдиги бар. Ошол Кубаныч мырзаны минтип "Апендинин кызындай" мактаганыбыздын би-ир себеби бар. Аны азыр көлдүк жердештери катуу колдоп жатышат. Коогалаңдан кийинки коомдук тартипти калыбына келтирүүгө зор салым кошконун жакындан көрүп-билгендер бар экен…


Жаратылыш жана сен
Суу сурап жүрдүң беле?
Оо, качантан бери эле суу чарба көйгөйүнө түшүнгөнүбүз деле, түшүнбөгөнүбүз деле үстүрт сындап, суу менен эле мамлекетибизди өркүндөтүп, байып кетээрибизди каңкуулап келатабыз. Ошол сууга бүгүн жаңы суу куюлду. Убактылуу өкмөттүн декрети менен Кыргызстанда мамлекеттик суу чарба жана мелиорация комитети түзүлдү. Бул структура Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы "Ирригация" мамлекеттик ишканасынын жана суу ресурстары агенствосунун кызматын алмаштырат. Мындай аракеттин оң-терс жагдайына баш оорутчу "билемпостор" ызылдап пикир айтышаар.


Жөнеле өлө бересиңерби?
"Боевикти" босогодон көрдүк
Укук сакчылары кезектеги чоң шалаакылыкка жол берди. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Шаботоевди жана да бир канча адамдарды өлтүргөн делинип Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов, Улан Кожоев деген немелер 24-май күнү качып кетишти. Жөн качпай, аларды кайтарып турган кароол башчысын атып өлтүрүп, Биринчи май райсотунун алдында кызыл жаян ок атып… Аларды ошол арада ойноп жүргөн өспүрүм бала көрүп калып, "колдору кишенделген бойдон көк машинеге түшүп кетишти" деп капталын көздөй кол жаңсап, мукактанып турат. Нарытада автоунаага өлүк жүктөгөн милийсалар жүрөт. Мындай оор кылмышкерлер менен тажрыйбалуу сергек кызматкерлер иш алпарат деп билебиз, демек, алардын качышына кызыкдар ичиңерде бирөө бар го ыя, кызыл шапке акелер! Себеби аларды күткөн көк машине кокустук эмес да. Ошентип, боевик кинону босогодон көрө баштадык.




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"





??.??