mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"
- Кино жаатында кандай жаңылыктар бар?
- Кырдаалдын курчтугуна карабай Элнура Осмоналиева жана Алимжан Насиров Алма-Ата шаарындагы сынактан байгелүү кайтышты. Ошол эле Алимжан Түркиядан "Кыштоо" документалдуу фильми менен байге алып келди. Мындай жетишкендерибиз болгону менен акыркы убакта мамлекет бизди такыр эле унутуп, жокко чыгарды. Жетишкендигибизге да, көйгөйүбүзгө да көңүл кош мамиле кылышууда. Бир гана "Белгисиз маршурт" тасмасы тартылганда гана бийликке болгон терс көз карашын четке кагып, ошондо гана көңүл бурушкан. Кино департаментинин министрлиги бар эле, былтыр 2009-жылы 28-ноябрда жоюлуп кетти. Ошондон тартып ушу күнгө чейин бизде эч кандай статус жок. Тактап айтканда кыргыз киносуна 8-апрелде Р. Отунбаева кол коюп берген, бирок, тилекке каршы дале статус берилген жок. Иш жүзүндө болгону менен документ түрүндө эч нерсе жок отурабыз.
- Бул нерсенин чечилбей жатканын себеби эмнеде?
- Биз маданият министрлигинин алдындабыз да, бир гана жетекчилик чечиши керек. Жөнөкөй айтканда машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат. Экинчи, бир көйгөйүбүз он эки жылдан бери кыргыз киносуна кыргыз тилин киргизүүгө көп аракеттерди кылдым. Бирок, көркөм кеңеш да, болгон документтин баары орус тилинде. Кыргыз тили улуттук идеологияны алып барат, кыргыз эгемендүүлүгүбүздү алган соң өз тилибизди эмне үчүн колдоно албайбыз? Мисалы көркөм кеңеште 8-9 кыргыз бар, анын баары орус тилинде сценарий кабыл алат, орус тилинде талкуу жүргүзүшөт. Канчага чейин ушундай абалда жүрө беребиз, 12 жылдан бери ушул маселе кендирди кесет. Т. Океев атындагы улуттук кыргыз кино студиясы болгону менен ага ылайыктуу иш жүрбөй атат.
- Кыргыз тилин толук кандуу киргизүү үчүн кандай аракеттерди колдонсок деп ойлойсуз?
- Тил маселеси маданият министрине байланыштуу. Убагында президент Бакиевге чейин кайрылдым, Досбол Нур уулуна бардым, айланып Ташбоо Жумагуловго да бардым, бирок маданият министри кайра өзүмдү чакырып колума берип "эми өзүң аракет кыл" деген. Бийлик менин колумда болбогондон кийин кандай аракет кылам? Ошол кездеги кинодепартаменттин жетекчиси А. Пазыловго "токтом чыгарып берип коюңуз" дегем. Ошентип, эч жыйынтык болбогон соң менин колуман эмне келет. Ушу убакка чейин баардык нерсе орус тилинде, атайын айтып жатам жетекчиликке кулак кагыш болсун. Министр мырза 1 жарым айдан бери бир да басып келген жок. Ошо кишинин карамагына кирет, кинонун абалына кызыккан жок. Бизде өзүңөр билесиңер кино студиясынын баш-аламандыгын. Буга чейин жеп-ичкендердин баарын айтып келгенбиз, жазып атып чарчадык. Улам-улам жазганда баягы нерсе деп көнүмүш кабыл алып калышкан.
- Мамлекетибизде кырдаал өзгөрүп, башка тармактарга да өзгөртүүлөрдү киргизишүүдө. Дегеле кино жаатына кандай өзгөртүүлөрдү киргизсе дейсиз?
- Буга чейин өзгөрүү күтө бердик, бирок өзүбүз чуркап аракет кылбасак болбойт экен. Биз айтсак жаман көрүшсө, же өзүбүздүн колубуздан келбесе ким өзгөртөт? Ишене албай турам, тилекке каршы жаңы келген адамдар "өзгөртөбүз, баарын жакшы кылабыз" дегендери менен жыйынтык болбойт. Кээде өзгөртмөк турсун артка кетип атабыз. Учурда кинодепартаментинин жетекчилигине Шамил Жапаровду кино тармгын алдыга жылдырат, жакшы билет деп шайлап алганбыз. Иш жүзүндө Р. Отунбаева шайлап бергени менен маданият министрлиги бекитип бере элек, же айлыктарынан дайын жок. Бул жетекчиликти "бар" деп да, "жок" деп да айта албайбыз. Буга чейин мындай нерселерди далай какшап айтып келдик, мунун баары жетекчиге жараша болот.




Замир Арыкбаев, ырчы:
"Саясатты ичимден талдайм"
Кулк мүнөз
Мүнөзүм токтоо, көп сүйлөбөйм. Бирок досторум мененби, үйдө болобу тамашалашчу учурда, ажыкысым кармаганда токтобой ашыкча тамаша айткан жерим бар. Досторум айтышат фантазияң күчтүү деп. Бир нерсе айтып берип жатканда кошмолоп жомок кылып жиберем. Ак көңүлмүн, душманыма да жамандык каалабайм. Менин принцибим - бирөөгө жакшылык кааласаң, өзүңдүн эле ишиң алга жылат, Алладан жардам келет.

Кайгырганда
Өзүмчө ойлоном. Мен кайгырганда жанымда сыр бөлүшчү адам болгону жакшы. Мени менен сырдашып, кеңеш бергенге. Жакындарымдын колдоосуна муктаж болом.

Ушак
Ушактын түрлөрү бар, 3кө бөлүп койсок болот. Кээ бирлери чын эле болот. Аны ушак дебей туура кабыл алам. Экинчиси калп, ойго келбегендер, аларды жөн гана ойлоп табышат, ишенип болбойт. Анан чындыкка калпты аралаштырып көркөмдөп ийгендер. Ушак мыйзам ченемдүү нерсе. Айрыкча белгилүү адамдарды дайым ээрчип жүрөт.

Сын-пикир
Сын пикирди өзүнө жараша кабыл алыш керек. Мага бирөө сын айтса, ойлоп көрсөм ошо туура болсо жакшы жагына кабыл алып кемчилигимди оңдоого аракет кылам. Кээде туура эмес ашыкча сындар айтылат, ал учурда жөн гана укпасам, баары кулагымдын сыртынан кетет.

Арданганы
Жөнү жок кур намыска арданбайм. Жаман иштерди кылуудан арданам. Өнөр адамы болгондон кийин жакшы жагым менен гана үлгү болгонго, жакшы жактарымды көрсөткөнгө аракет кылам.

Байлык
Менин байлыгым ата-энем, үй-бүлөм, бир-тууган, санаалаш досторум, катыштарым. Ар бир чыгармам кыргыз элине арналган үчүн эң негизги бөксөргүс байлыгым кыргыз элим.

Сахнадагы кыйынчылык
Албетте чыгармачылык жол кыйынчылык менен башталат. Бара-бара жоюлат. Мунун баары адамдын мүнөзүнөн чоң көз каранды. Бой көтөрсөң эч кимге жакпайсың, мен өткөн кыйынчылыктарды кичи пейилдигим менен жеңгем.

Сүйүүдө
Туруктуумун деп айта алам. Анткени, өзүмдүн сүйлөшүп, жактырып жүрүп алган жубайыма болгон сүйүүм дале болсо бир калыпта сакталып келет. Сүйүүмдү бакканга дайым аракет кылам.

Тасма талаасында
Көп режиссерлор айтышкан сен жарайсың, өң-келбетиң да төп келишет, талантың дагы бар деп. Анан "Кыргызфильмге" барып, фотосессияга тартылып, кастингден өтүп көргөм. Азырынча мага ылайыктуу каармандын ролу келбей жатат окшойт. Кудай буюрса мага туш келген ролду ойноп калаармын.

Спорт
Спортко көз карашым түз. Бирок, тилекке каршы спорттун бир дагы түрү менен машыкпайм, мунумду ачык айтышым керек. Убакыт тапсам болот, жалкоомун, ойлонбойм бул жөнүндө.

Жигитчилик
Бир гана элдин жүгүн көтөрүп, мамлекеттин милдетин мойнуна алыш эмес. Сөзгө туруу, айтканын аткарган, эр жүрөктүк сапаттардын баары жигитке тиешелүү деп ойлойм. Албетте эл-жерине кызмат кылуу керек.

Саясатка ой
Саясаттан алысмын, элдик адаммын. Бирок, биздин кырдаалга байланыштуу саясат менен кабардар болуп туруу керек. Саясатка аралашпасам да, угуп, көрүп ичимден талдайм.

Учурдагы тынчсызданганы
Азыркы абалдагы Кыргыз мамлекетинин келечеги. Ар кандай көйгөйлөр күч алууда. Митингдер байма-бай өтүп жатат. Түндүк-түштүк деген, улуттар аралык кагылышуу деген сымал. Ошондой эле үчүнчү күч деп атабыз, алардын кыргыз элинин психикасына болобу, экономикасына болобу тескери таасирин тийгизип жатканы ойлондурбай койбойт. Кыргыз эли бар болсун деп жүрөгүмдөн тилейм, тынчтык болуп, ынтымакта өмүр сүрсөк...

Айнура ИСМАИЛОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«