mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

КАНДУУ ЖОЛ
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

- Уксаң, мен азыр Алматыдан келе жатам, чекарада турам. Жарым саат болду, аны-муну деп эле чекарачылар өткөрбөй турушат, машинени текшерип жатышат, эмне издеп жатат билбейм. Билчи, балким Чекара кызматынын башчысына чыгарсың, сени менен азыр бардыгы эсептешет да, кимдин буйругу экенин билип берчи.
- Жарайт, Медер Чомоевич! Акмак го алар, эмне билишпейт бекен, ким менен ойноп жатышканын? Азыр издейм, бир аз убакыт берсеңиз, тактайм, буларың көөп кетишкен го.
Бул сүйлөшүүдөн кийин МЧС курсташы Абдугаипов менен кайра байланышып сүйлөшө алган жок, андай мүмкүнчүлүк да болбоду. Түнкү саат экиден беш мүнөт өткөндөн кийин эч ким менен телефон аркылуу байланыша албады. Ошентип Абдугаипов өзүнүн курсташы, досу катары Садырбековдун алдында өз парзын аткарууга кандай аракет жасаганы, ким менен эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз бойдон калды. Бирок, ошол Аламүдүн капчыгайында ичиндеги үч кишиси менен толук күйүп кеткен "Lexus LX 570" маркасындагы жип автомашинасы табылган күнү эртең менен ал Президентке кирип чыкканы алеки саатта аңыз кеп болуп айтылып жатты. Анткени, Президент аны менен коштошуп жатып: "Досуң көрүнбөй калды го, эмне келбей калды, айтып кой, келип турсун бизди унутпай" - деп арсалактап күлгөнү бекеринен эмес, ошол машинеде МЧС бар экенин ал билген, Абдугаиповко бир чети таба катары, бир чети эскертүү катары айтылган сөз деген божомол чындыкка жакын болуп, коом ичинде аңыз катары айтылып калды. Балким ошол эскертүүнүн натыйжасыбы, Абдугаипов МЧСти акыркы сапарга узатуу расмисин ашыкча сөз чыкпагандай кылып ыкчам бүтүрдү, бийлик тарапка карата сөз айтылып кетпесин дедиби, айтор мусулманчылыкта жок экен деген шылтоо менен аза күтүү митингисин да өткөртпөй койду. Балким МЧСтин тажиясын тынч бүтүргөнүнөн улам ал өз кызматордунан кетпей калды, болбосо ал орунга ким даярдалып жатканы да коомчулукта талкууланып калган эле. Кантсе да Эсептөө палатасы майлуу чуңкур эмеспи, ал жакка ыкыс берип тургандар өтө эле көп.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат экиден он мүнөт өттү.
Эки чекрарачы машинанын алды-артына чыгып бирдеме карамыш болуп жатышты. Эмне издеп жатасыңар деген суроого: "Бизде буйрук бар, карап чыгышыбыз керек" - деген кыскача жооп айтышты. Машиненин салонуна наркотик же дагы бирдеме сала коюшуп, провокация кылып, анан чатак чыгарып жиберишпесин деген ой менен шопур бала алардын жанынан чыккан жок, айланып ошол жерде жүрөт. Садырбеков менен Слепко ары бери басып турушат. Сыртынан бейкапар көрүнгөнү менен МЧСтин кыжыры ичинен абдан эле кайнап жатты. Эң башкысы мунун баарын ким кандай максат менен уюштуруп жатканын ачык билген жок, болуп жаткан окуя анын акыркы күндөрдөгү саясий ишмердигине, бүгүн Алматыга барышына, ал жердеги болгон сөздөргө түздөн-түз тиешеси бар экенин да сезген жок.
Болгону кыйкым издеген майдачыл тийиштик деп ойлоду. Оюнда Коопсуздук кеңешинин азыркы катчысы Хамадаев турду. Болсо ошонун өткөн окуялар үчүн өч алуусу го деди. Анткени анын былтыркы коомчулук алдында абдан эле шылдың болуп, күлгө оонаган күчүктөй абалда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетишин Президенттин тапшырмасы менен өзү ишке ашырып, өзү уюштурган.
Ал окуя да азыр тарыхка айланды. Ошол убакытта Президент Кибаев МЧСти атайын чакырып алып, Хамадаев менен Бишкек шаар башчысы Арданиевдин тегерегине белгилүү бир күчтөр чогулуп жатканын, Конституцияга ылайык Өлкө башчысы кандайдыр бир себептер менен өз милдетин аткара албай кала турган болсо бийлик бүтүндөй Төрагага өтө турганын айтып, бул жагдай өтө кооптуу экенин эскерткен.
- Экөө дос болуп чогуу арак ичишип жүрбөйбү, аларда жетиштүү өлчөмдө акча каражаты бар, ар кандай оюндарды жасап жибериши мүмкүн, ишенич жок, экөөнү тең кызматтан четтетиш керек, - деп тапшырма берген Президент.
Тапшырма өзгөчө болчу. Жөн эле кызматтан алып жөн болбостон, аларды саясий жактан да жокко чыгаруу, эл ичиндеги кадырын төмөн түшүрүү да максатка ылайык экендиги айтылган. Ал тапшырманы МЧС өтө тыкан аткарды, аны коомчулук жакшы билет.
Ал кезде Хамадаев Жогорку Кеңештин төрагасы, жер баспай чакчарылып турган кези. Ал турмушунда куурай башын сындырып оозго алынарлык деле иш кылган эмес, тили менен буудай кууруп, сөзү менен бейиш курган тубаса тапандыгы бар, кай бир кездерде айткан так, таамай сөздөрү менен оозго алынып кеткен, анан өз жерине барып депутат болуп шайланып калып чоң саясатка аралашып калган. Ошол кезде бизнесмен депутат Арданиев менен дос катары жүрүп, андан бир аз шыбага да алган көрүнөт, очор-бачар оокаттуу болуп калган. 24-марттан кийин жаңы Президенттин командасына кирип калып вице-премьер, мамлекеттик катчы болуп эмгектенген. Анан президенттик саясий партиянын курамында кайра дагы депутат болуп шайланып Жогорку Кеңештин төрагалыгына жеткен. Анан ал жаңы Төрага катары өз кабинетин жаңгак уюлдары менен каптатып жасайм деп, ага бюджетте каралбаган көп акча каражатын жумшамак болот. Ушул иштин шылтоосу менен өзүнө да анча-мынча акча чыгарып алам деген да ойу болсо керек. Бул маселени Президент менен сүйлөшөт, макулдашат. Президент макулдугун берет, колдой турганын, эл аралык деңгээлде жасалгалоо максатка ылайык экенин айтат. Президенттин өзүнүн жеке колдоосуна ээ болуп алган Хамадаев маселени депутаттардын кароосуна алып чыгат. Ал ушул эле маселе боюнча Президент башкаларга башкача тапшырма бергенин, андай аша чапкандык болбойт деп айтканын билбейт эле. Анча мынча ала көөдөндүгү бар Хамадаев маселе жөн эле чечилет, жапа тырмак добуш берип көнүп калган депутаттар дароо эле колдоп беришет деп ойлогон. Андай болбоду, Президенттен МЧС аркылуу тапшырма алган депутаттар мындай ашыкча чыгым туура болбойт, эл түшүнбөйт, мындай ысырапчылыкты, жаңгагы жок эле жөнөкөй материалдар менен жасалгаласа болот деп каршы чыгышты.
Жогорку Кеңештеги ушул "жаңгак" чатагына бүтүндөй коом күбө болгон. Телевидениеден кайра-кайра көрсөтө беришип Хамадаевдин абийирин айрандай эле төгүшкөн. Аны өз көмөчүнө күл тарткан, мурдунан алысты көрө албаган, мамлекеттик кызыкчылыктардан өзүнүн жасалма аброюн өйдө койгон, шаан шөөкөттү, бийлик каадасын жанындай жакшы көргөн, жасап сүйлөгөндөн башканы билбеген куру чечен, ичи көңдөй ашкабактай ашкеби адам катары таанытып салууга да жетишкен. Хамадаев айласы кеткенде маселе Президент менен макулдашылган деп чыкты эле ал сөзү да жалгандыкка чыгарылды. Президент ошол жердеги депутаттардын бирине телефон аркылуу: "мен Хамадаевке андай макулдук берген эмесмин, өзүнүн эле ойлоп тапканы", - деп айтып таштады. Президенттин бул айтканы Жогорку Кеңештин сессиясында ачык айтылды, Хамадаев калпычы болуп калды. Ошентип анын мурдагы Президенттке оппозиция иретинеде жүрүп жалаң гана куру чечендик менен топтогон саясий беделин таптакыр түшүрүшүп, Төрагалык кызматтан шылдың менен бошотушкан. Хамадаевдин фамилиясы кыргыздыкына окшобогондуктан аны тажик улутуна тийиштиги бар деп айтып жүрүшөт, түбү ошол жактан дегендей. Бирок аны иликтеп аныктыгын айткан деле киши жок.
(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«