mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң

Бугун траур…Эл уулдарын эскерет,
Алар ажал көзүн тиктеп бетме бет.
Уучтап сууруп жанын берди элине,
Эл бакытка, Эл таалайга жетсе деп.

Бүгүн мына, асман бүркөп кабагын,
Канга боеп зор тарыхтын барагын.
Шейит кетип, жумулганча каректер,
Талашышты Ата-Журттун таламын.

Жазында жаңы жашоо башталчу эле,
Жаркырап, жаңы өмүр башталчу эле…
Жерим деп жаны күйгөн, элин сүйгөн,
Улдардын дүрмөт боорун тешти неге?

Же алар он алты жыл жашап туруп,
Өлсүн деп жараттыбы ата-эне?
Же алар он сегиз жыл жашап туруп,
Көздөрү жумулсун деп бакты беле?

Жүрөгү тарыбаган ошол жаштар,
Качандыр Мекен, жерин сатты беле?
Болбосо элдин мүлкүн азык кылып,
Бекитип чөнтөгунө катты беле?

Эркиндик алдан тайып баратканда,
Кайдыгер көктү тиктеп жатты беле?
Жүрөктө ар-намысы аска-зоодой,
Уулдардын дайра каны акты неге?

Адашпаган алты тарап жолдордон,
Отко күйбөй, муз чөлүнө тоңбогон.
Мекенинин ыйыктыгын бек тутуп,
Башка куштун уясына конбогон.

Ата-энелер бирде ыйлап, бир боздоп,
Калган кезде тамырынан кан токтоп.
Алар болсо басылганча жүрөгу,
Көздөрүнөн түгөнбөгөн өрт коштоп.

Ыйлаба, жаш чыгарба эй, энелер,
Дагы да балаң болот сүтүңдү эмер.
Кечээки окко учкан сенин уулун,
Ашыгып Ата-Журтка жанын берер.

Тилеген тилегине жетти уулуң,
Көздөгөн максатына жетти уулуң.
Калыссыз, адилетсиз элестерге,
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң.

Муңканба, ызаланба, эй, аталар,
Дүйнөдө эл унутпас баатырлар бар.
Кечээки Мекен үчүн көзүн жумган,
Уулуңдун баатыр деген аты калар.

Алаамат, дүйнө жүзү бүтүн көрдү,
Коркпогон, кан боелгон жүрөктөрдү.
Кандайдыр табы келет ошол жактан,
Түбөлүк чоктон өнгөн жалын өңдүү.

Адамдын бири келет, бири кетет,
Жаш тамып, жүрөк толкуп көккө жетет.
Эстечү элесиңди кыргыз журтуң,
Алдыңда тизе бүгүп таазим этет.

Сакталат жүрөктөрдө жаркын элес,
Баскан жол силер менен ашкан белес.
Силердей Мекен сүйгөн жан болбосо,
Кыргызым бул заманга жетмек эмес…
Саламат Жүрсүнбеков
Балыкчы шаарынын №4 гимназия мектеби,
11-класс (07.04.10)




Адахандын арманы
Акыркы учурда кудай теңирин тааныбай калган Адахан мырза ишенген Ак үйү кулап, комузунун кулагын бурап, басып өткөн жолун чубап, мындайча арманын айтып турат дейт "Карагул ботомдун" обонуна салып алып.

Ээ-ий, Бай-бачадай керилип,
Бакиевге берилип,
Басып жүргөн жеримден,
Баса-баса теминип.
Сүйкүмдүү сөзгө семирип,
Сүйлөнүп жүргөм элирип,
Сүйүп жүргөн "Ак жолдон",
Сүрприз болгом тебилип.
Ак үйдөгү акамды,
Агалап калган чагымда.
Ак үйдүн алтын эшигин,
Сагалап калган чагымда.
Саясатта шамалдай,
Сабалап калган чагымда,
Оппозиция дегенди,
Табалап калган чагымда.
"Ак жолдун" баарын аскердей,
Тизип калган чагымда,
Сүйлөгөнүн кочкордой,
Сүзүп калган чагымда.
Калыстыксыз жүргөнүм,
Билгизбей калган чагымда.
Галстуксуз келгенди,
Киргизбей калган чагымда.
Жаңгактан мебель жасайм деп,
Кутуруп калган чагымда,
Ак жолду бири бирине,
Тукуруп калган чагымда.
Топурап тосуп алышты,
Тобурчак жашым агызды.
Тозокту толук көрсөтүп,
Торойто чаап салышты.
Жабыла тосуп алышты,
Жамгырдай жашым агызды.
Жаңгактай чагып мээмди,
Жалпайта чаап салышты.
Ичегиге кан куйгам,
Ирегелеш Ажомо,
Ичип келсе "Тан" куйгам,
Интрига кылбасам,
Иңирге чейин кайгыргам.
Ишенип берген иштердин,
Илибойун шай кылгам.
Сууга салса чөкпөгөм,
Отко салса күйбөгөм,
Отурум болсо ордодо,
Орусчалап сүйлөгөм.
Кыл сууругам камырдан,
Кылычым шилтеп чамынгам.
Кыйынчылык болгондо,
Кыргыздын тонун жамынгам.
Бакиев тилин тапкамын,
Баласына жаккамын.
Буруттун жашоо-турмушун,
Будуң-чаң кылып жаткамын.
Мансаптын боосун каккамын,
Максимчикке жаккамын.
Мани-мани дегенди,
Машинелеп тапкамын.
Курманбекке кызматты,
Кылып бердим катырып.
Саясатты тим эле,
Самандай жүрдүм сапырып.
Талантымдын далайын,
Келген элем жашырып.
Бирөө мага сүйлөсө,
Бакиев деп бакырып.
Мандемдүү иштер чыкканда,
Машкеевичти чакырып.
Максимдин иши дегенде,
Максымдай турдум атылып.
Бакиевге башында,
Барбай койбой не болдум.
Баштыгына башымды,
Салбай койбой не болдум.
Кадырымды кем кылды,
Кара жер менен тең кылды.
Кармашып жүргөн жандарга,
Каратып туруп жем кылды.
Султандын кызы Эльмира,
Сулата чаап кетти эле,
Катын да болсо кашайгыр,
Кулата чаап кетти эле.
Түбүндө арбак колдойбу,
Түбүмө менин жетти эле.
Аялдарга асылбай,
Жүр дегенге көнбөдүм.
Укпай жүрүп акыры,
Ушул болду көргөнүм.
Аянтка чыгып тим эле,
Бийлегеним кантейин.
Бийликке бирөө тийишсе,
Ийлегеним кантейин.
Курманбекти кош колдоп,
Колдогонум кантейин.
Корсолоңдоп ар кимди
Кордогонум кантейин.
Кечээгимди унутуп,
Танганымды кантейин.
Теңиримди тааныбай,
Калганымды кантейин.
Ак үй үчүн борсулдап,
Үргөнүмдү кантейин.
Көрүнгөнгө корсулдап,
Жүргөнүмдү кантейин.
Этегимди Ак үйгө,
Түргөнүмдү кантейин.
Аябай туурап Путинди,
Жүргөнүмдү кантейин.
Путин эмес мен азыр,
Шутин болдум шалпайган.
Акыры оңбойт турбайбы,
Ак үйдү карап талтайган.
"Кидайт" этип Ак жолум,
Кеткендигин кантейин.
Көчүктөн ары Көк үйдөн,
Тепкендигин кантейин.
Билгизбей туруп бир күнү,
Былгытып салган Ак үйүм.
Бирдемедей колдонуп,
Ыргытып салган Ак үйүм.
Каркырага колумду,
Койбой койбой не болдум.
Касапчыдай жеримди,
Сойбой койбой не болдум.
Пансионатка мөөрүмдү,
Баспай койбой не болдум.
Манастын ыйык ордосун,
Казбай койбой не болдум.
Жаңгактан мебель жасайм деп,
Кутуруп калган көрүнөм.
Катындар менен кармашып,
Утулуп калган көрүнөм.
Улуттун кутун четинен,
Учуруп калган көрүнөм.
Теңири Манас атамдын,
Тузу уруп калган көрүнөм.
Жаңы бийлик тоготпой,
Оппозиция жолотпой,
Тагдырдын тарткан торуна,
Тутулуп калган көрүнөм.
Бир ЧЕЧЕК




Карышкыр-ыр
Бул ыр кимге арналганын илгиртпей билерсиңер. Ар кимдин атына заты бап келген өзүнө гана менчиктелген образы болот эмеспи…


Карышкырдай киши экен, карышкырдай,
Карыганда кебин да калыс кылбай.
Кашайгырдын кесиби болуп калды,
Калкты дайым ич ара кагыштырмай.

Карышкырдай киши экен карышкырдай,
Карышкырдай кашайып карышкыр ай.
Кара жаным дегенде калың элдин,
Канын кара дайрадай агызчудай.

Карышкырдай киши экен карышкырдай,
Кара менен акты да салыштырбай.
Кара ниет иштерин жасап келди,
Кан, бектердин жанынан карыш жылбай.

Карышкырдай киши экен карышкырдай,
Кандуу бийлик дегенде жабышчудай.
Карыганда оокатын жөн кылбайбы,
Катындарын калк бөлгөн жарыштырбай.

Карышкырдай киши экен карышкырдай,
Кардай сакал турса да намыс кылбай.
Кара жанын карч урду эл бузам деп,
Касташканды кайра өзү табыштырбай.

Карышкырдай киши экен карышкырдай,
Карышкырдай кашайып карышкыр ай!





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«