mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Орто Азиядагы чоң университеттеринин бири. Евразиялык жана Эл аралык ассоциациясынын мүчөсү. Башка улуттар арасында өзүнүн аброю күчтүү ушул университет 10 жыл мурун корей элине барымтага коюлуп, чоң суммадагы кредит алынган. Учурда университеттин кызматкерлери чуу көтөрүп, Бакиевдин учурунда мыйзамсыз жол менен келген экс-ректор Нур уулу Досболдун командасын бүт бойдон кызмат ордунан кетишин талап кылышууда. Ушул жана аталган окуу жайдагы башка көйгөйлөр туурасында профессор Махмуд Күчүков менен маектешип, айрым мугалимдердин пикирин уктук.

Махмуд КҮЧҮКОВ, профессор:
"КУУнун ичинде былгыган иштер арбын"
- Махмуд Мамаевич, Улуттук университеттин ичинде өз ара нааразычылыктар болуп, ректордун кызматтан кетүүсүн талап кылууңуздарга эмне себеп болуп атат?
- Кыргыздын канча деген азаматтарын аттырып, колдору канга боелгон К. Бакиев менен Д.Үсөновдун буйругу менен биздин окуу жайга ректор болуп келген Нур уулу Досбол кызмат ордуна олтурары менен өзүнүн командасын алып келген. Элдик революциядан соң Нур уулу Досбол кызматтан кетти, бирок командасы иштеп атат. 7-апрелде эл ызы-чуу болуп, өлкөдө абал курчуп атса Нур уулу Досбол КРнын билим жана илим министрлигине барып, Таалайбек Каракеевди мыйзамсыз жол менен университеттин кабыл алуу комиссиясына жооптуу секретарь кылып шайлап коюшкан. Бизде 2008-жылы кабыл алуу камиссиясынын жооптуу секретары мыйзамсыз иштерди жасап, абитуриенттерди жасалма жол менен баллын жогорулатып, окуу жайга өткөргөнү үчүн кылмыш иши козголгон. Анан кайра эле ошол жолго баратпайбызбы. Ошондуктан Улуттук университеттин кызматкерлери чогулуп, Нур уулу Досболдун командасын кызматтан кетүүсүн талап кылып, президенттик шайлоого чейин ушул окуу жайда иштеген, университеттин ишин түшүнгөн, өзүбүздүн ичибиздеги кызматкердерден тандап, татыктуусун ректордун милдетин аткаруучу кылып дайындап берүүсүн талап кылып атабыз. Себеби, бизге ушул убакка чейин келип иштеген ректорлордун бири да окуу жайдын кызыкчылыгын коргогон жок. Дагы бир себеби 1996-1997-жылдары Акаев бийлигинин учурунда Кыргыз Улуттук университетин жашыруун түрдө Кореянын банкына барымтага коюп, 13 миллион сом кредит алган. Муну эки-үч гана адам билген. Учурда университеттин кызматкерлери угуп алып ич ара ызылдашып атабыз. Биздин окуу жайды барымтадан бошотуп бергиле деп пикетке чыкмайыбыз эле калды көрүнөт.
- Ушул талап менен Убактылуу өкмөткө кайрылдыңыздарбы?
- Учурда Убактылуу өкмөткө кайрылуу жасап атабыз. Азырынча эч жооп боло элек. Биздеги бул маселени туура жана мыйзамдуу жол менен чечип берет деп ишенебиз.
- Окуу жайдын барымтада экенин мурдагы бийликке айтып, маселени чечип берүүнү өтүндүңүздөр беле?
- Бийликтегилерге, өкмөткө, ал турган Жогорку Кеңешке чейин кайрылганбыз. Анда Амангелди Муралиев премьер-министр эле. Ага арызыбызды айтсак: "Бул мамлекеттик кредит эмес, менчик кредит, бирок мамлекеттики деп жазылып калган. Эгер иш сотко өтө турган болсо бир гана кореянын соту менен чечилет. Кыргызтандын сотунун күчү жетпейт" деген. Ошону менен ар кайсы эшикти сүзгүлөп жүрүп акыры прокурорлордун да күчү жетпей, бул ишти өкмөттүн буйругу менен жаап коюшкан. Анысы аз келгенсип бир топ корпустарыбызды, жатаканаларыбызды тартып алышты. Азыр окуу жайга жатакана да, окуу корпустары да жетишсиз. Бакиев болсо аскердик кафедраны таптакыр жоюп, анын корпусун бир тууганы Жаныш Бакиевге офис кылып берип койгон. Бул маселени Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков чечебиз деди. Эми жыйынтыгын алдыда көрө жатарбыз. Биздин окуу жайдын маселесине олуттуу көңүл буруп, Убактылуу өкмөт таза адамды ректор шайлап бербесе болбойт.
Алиман КОШАЛИЕВА, окутуучу:
- Окуу жайыбыз барымтада экенин ушул убакка чейин мугалимдер билген эмеспиз. Азыр университет ичинде нааразычылыктар пайда болуп, жаштар өзүнчө көтөрүлүш чыгарганы турушат. Канча жылдан бери окуу жайда оңдоо иштери жасалбай келет. Эптеп жамап-жаскап койгону менен толук оңдоо боло элек. Студенттер "биздин акчабыз кайда кетип атат" деп нааразы болушууда. Жатакана маселеси боюнча айтсак, бизде иштеген мугалимдер батирлеп жүрүшсө окуу жайга тиешелүү үй-бүлөлүк жатаканаларда такыр башка адамдар жашашат. Биздин мугалимдер деле "жер бергиле" деп көтөрүлүшкө чыксак болмок. Айлык акыларыбызды да көтөрбөйт. Анан университетте коррупция болбой коймок беле. Бизге Убактылуу өкмөт таза, өзүбүздүн ишибизди түшүнгөн адамды ректор кылып шайлап беришсин. Каракеевди койгонуна биз каршыбыз.
Бурул МУСАБЕКОВА




Дардаңдаган Данияр 1 долларга зар болсун!
Охх! Айланайын балдарым ай! Ичимдеги букту чыгарыш үчүн сөздү эмнеден баштаарымды да билбейм. Бизге, карыларга элибиздин тынччылыгы, токчулугу эле керек да. Мен "Эл сөзү", "Ачык саясат", "Форум" гезиттерин такай окуйм! 7- апрелде элдик тынчтык курултайы болоорун билгем. Эртең менен теледен мурдун балта кеспеген Үсөнов Данияр журналисттерге даңкылдап эле жооп берип атыптыр. Аңгыча эле шаардан балдарым "аянтта революция башталды" - деп чалып калышты "силер кайдасыңар?" десем, "биз аянттабыз" деп. Аңгыча аянтта атышуу, чуру-чуу, балдар кулап, жыгылып, чет жакка алып кетишип, кайра Ак үйгө чуркап, түндүн далайына чейин көрүп да атам, ыйлап да атам. Анан эле "президент качып кетти, бийлик элдин колуна тийди" дегенди угуп, бабалардан калган ырым деп, тогуз токоч баабедин жасап, кудайга жалындым. Эртеси дароо эле Бишкекке жөнөдүм, Кара-Балтада жашайм. Шаардан кызымды ээрчитип, тогуз нан, суусундук алып, аянтка келдим. Көзү өтүп кеткен балдарды эскерүү болуп атыптыр, эл көп, өзүмдү токтото албайм, "апа, сүйлөңүз" - деп мага сөз беришти. Балдарга ыраазычылыгымды билгизип, батамды бердим. Анан ырымдаган нандарымды кимге берээримди билбейм, бирөө айтты, Ак үй талкаланган аны кайтарган балдар ачка деп, ал жакка барып келгенимдин себебин түшүндүрүп, тамагым менен батамды бергенден кийин, бир аз жеңилдей түштүм. Айланайын "көзү өтүп кеткен кырчындар" силер кыргыз деген ким экенин, кимдин урпактары экениңерди билдирбедиңерби, дүйнө жүзүнө "аз калк, бирок саз калк" - экенибизди таанытпадыңарбы? Көрсө, кишиге катылбайбыз, катылгандардын катыгын берген баатырлардын тукуму турбайбызбы? Көрсө, биз (жокчулуктун айынан) өзүбүздү кемсинтип, майдаланып кеткен турбайбызбы? Эл деген улуу күч, эл деген ыйык, эл деген кут экенин кулундарыбыз тастыктап бербедиби! Жумушсуздук, жокчулук, ар кайсы жерге жумуш издеп баруу, ыза болуу, балдардын чучугуна жеткен тура. Көрсө, булардын көөдөнүндө Мелис балам айткандай "Манас" атанын энергиясы топтолгон тура. Мен кинодон көрчүмүн, эл көтөрүлүп чыкканда бийлик ок атып, көз ачыштырчу заттарды атканда эле качып, тарап кеткендерин, а биздин балдар эч жалтанбай, кайра өлүмгө беттеп чуркашып атты. Кулундар силердин арбагыңар ыйык, элиңердин эстеринде түбөлүк сакталат. Эзелтен ата-бабалар сөзгө маани берген. Ошол сөздөрү ушул убакка чейин өзгөрүлбөй бизге жетти "Балык башынан сасыйт" деп, эки ажообуз тең "ал жок, бул жок, элди тоюндуруш үчүн карыз алып атабыз, чет өлкөдөн, баланчаны сатыш керек, карыздан кутула албай жатабыз, ХИПКке кириш керек" деп элге күйгөнсүп атышкан. Мына ушинтип эле 20 жылдан бери элдин башын айлантып эле, калптын казанын бизге кайнатпай, өзүлөрү соруп аткан тура. Көрсө, Атамбаев, Текебаев, Сариевдер билишет тура, акыры "ак ийилип сынбайт" экен, жоготуу болсо дагы биз жеңишке жеттик, эми эмне жок-ынтымак жок, биримдик жок. Биз ушунча жаман адатка көнүптүрбүз, ишенбейбиз, ичибиз тар көрө албайбыз, бул жолку кандуу жеңиш бизге чоң эле сабак болду. Күнөөнү бирөөдөн издөөдөн мурун, өзүбүздүн ички дүйнөбүздү тазалайлычы, жаман ойдон арылалычы, "бир адамдын жаман иши, миң адамга, миңдики түмөнгө таасирин тийгизет"-дейт. Жакшы ойду ойлойлучу. Убактылуу Өкмөткө жардам берели, жолун тоспойлу, аларга кызмат деле керек эмес, көп жылдан бери элим жерим деп күйүп келген азаматтарга ыраазы бололучу. Алар башын канжыгага байлап коюп иштеп атышат. Мисалы: Текебаевге иш керек болсо Бакиевдин айтканын жасап коюп эле, спикер болуп чардай бермек. Бая күнү Ата-Бейитте сүйлөгөн сөздөрүн уктук туура эмес иш кылсак "арбак урсун"-деп, мына "Алла улук-Арбак ыйык"-деген эл алдында арбакты атап убада берүү, бул Акаев менен Бакиевдин эл арасында берген антынан он эсе күчтүү! "Кекти каапырга берген"-дейт элибиз, адам болгондон кийин ич ара таарыныч болот, билип-билбей катачылык кетет. Силер азаматтар "Айкөл" атанын тукумусуңар, кечиримдүү болгула, ичтейибиз кенен, таза болсун. Дагы бир айтаар кеп, "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө"-дейт, "Түндүк электрону" керек болсо бир долларга деле сатып ийем, деп даңкылдады эле Данияр, эми ошол 1 долларга зар болчу мезгил келет, ал эми дагы бир чиновник 1-апрелге карата "кызматтан кеттим" деп тамашалайм деп, сөзү ишке ашып кетип шылдың болду, көрсө пенденин оозундагы сөз, кудайдын кулагында тура!
20 жылдан бери элибизде бир жаман адат пайда болду, "байлык топтоо". Ак эмгек менен тапкан байлыкка не жетсин?! Бул жалганда өмүр кыска экен, жакшы жашап, убагында эс алып, уул-кызын окутуп дегендей. Ал эми көбүбүз кара жол менен байлык топтоп, азуусун айга бүлөп, теңирин тааныбай, мындай арам байлык өзүн асмандатканы менен карапайым элге азап болбодубу, ай сайын кымбаттоо, жетишпегендик, ыза, кошуна өлкөлөргө басынуу. Мына аягы 7-апрель, көрсө эл "ыйык" тура! Эми ушул ыйыктыгыбызды сактайлы, бирибизден бирибиз күнөө издегендин ордуна, ар кимибиз өзүбүздөн кемчилик издейли, тазаланалы. Дүйнө элинин баары 7 деген санды ыйык тутат, ошол 7 деген сөз бар элим баарыңарга ынтымак, көкүрөгүңөргө "ыйман" каалайм. Биз карылар элибиздин мындан аркы тынч-бакубат жашоосун кудайдан тилеп, төрүңөрдүн көркү болуп "карысы бардын ырысы бар" болуп берели.

Күлүйпа УЗАКОВА,
75 жашта, Кара-Балта шаары.



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"





??.??