mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"
Маектеш жөнүндө маалымат:
Жумаканов Мустафа 1981-жылы 25-мартта Нарын шаарында туулган. Аталган шаардагы Чкалов атындагы орто мектепти аяктаган соң билимин кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан уланткан. 2004-2006-жылдары өлкөнүн "Кызыл-Ай" улуттук коомунун Нарын облусу боюнча координатору болгон. "Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери 2008-жылы Нарын шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Үй-бүлөөлүү.
- Мустафа, эски бийлик качып жоголду. Нарын эли, айрыкча жаштар бүгүнкү өлкөдөгү өзгөрүүлөргө кандай мамиле жасашууда?
- Жондон оор жүктү алып салгандай эле жеңилдей түштүк. Элибиз акыл-эстүүлүгүн көрсөтүп, жеңиш оңой келбегендигин баамдашып, алдыда туура кадамдарды жасоонун үстүндө иштеп атышат. Алардын коомдук турмушка болгон көз карашы өзгөрүп, баардык иште, жашоо-турмушта оң жылыштар болуп жатат. Алдыда оор жана татаал иштер күтүлүп турганын түшүнбөй койгон жок. Каргашалуу 7-апрелде карөзгөй бийликтин кан ичкич, жан алгычтардын огунан Нарындын эр жүрөк 27 азаматы жарык дүйнө менен кош айтышты. Ошол күндөрдө кандай чыдамкайлыкты, биримдикти көрсөтүшсө, азыр да баарысына сабырдуу мамиле жасашып, жашоону жакшы жагына өзгөртүүгө умтулушууда. Бул жагынан жаштардын салымы чоң десек жаңылышпайбыз. Элдин, жаштардын эркине суктанам. Жаман чапанды чечип ыргытып, жашообуздун таза болушуна, калк турмушунун жакшырысууна өбөлгө түзүп атышат. Өткөн жылдын ноябрынан тарта облусттук администрациясында губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп баштагам. Бул кызматка келгени да, облусттук жаштар кыймылынын иши боюнча да карапайым калкка жакын болуп, туура багытта иш жасоого аракет кылдым. Мага өткөн бийлик өгөй баладай мамиле жасаганына, кызматтан алып койгонуна өкүнбөйм. Элдин таламын талашканым үчүн аларга жакпай калдым көрүнөт. Бирок баары бир жеңиш биз тарапта, жакшылыкты адамча жасаган коомдогу калыстыкты тактаган тарапта болду. Ушуга сүйүнүшүбүз керек. Эми ушул жашоо баалуулуктарын сактап, бекемдөөгө болгон күчүбүздү жумшоого милдеттүүбүз.
- Бийликке жакпай калдым дедиңиз, кайсы катачылыгыңыз үчүн кызматтан кетиришти?
- Мамлекеттик кызматка аралашып иштегенде иштин баарысы так, даана көрүнөт экен. Бийликтин бузулганына буюккан эл көтөрүлбөдүбү. Ага электр энергиясына болгон баанын кескин көтөрүлүшү башкы себеп болду. Ошондон улам эл дуулдап, улам бири митинг уюштуруп атканда, аларды тынчытам кыязында ошондогу өкмөт башчы Данияр Үсөновдун Нарын жергесине келиши отко май чачкандай эле болду. Көпчүлүк эл алдына 20дай министр, орун басарларын жетелей келген премьер-министр жыргатаарлык эч нерсе айта алган жок. Болгону бир аз жеңилдиктерди берүүгө убада кылып тим болду. Ал эми эл мүдөөсүнө кулак төшөгөн жок. Баардык балээни баштаган борбордук бийликтин, оюндагысын жасаган Үсөновдун туура эмес иштерин билип турушса да ал жыйында бир да жетекчи сөз сүйлөгөн жок. Ошондо сөз сурасам мени сүйлөткүсү келбей көпкө чейин күпүлдөдү. Мени душманынан бетер жаман көрүп калганын байкадым. Ошентип, элдин үмүтү акталбай калган соң, Үсөнов Нарында болуп кеткенден кийин Нарын элинин, айрыкча жаштардын нааразычылыктары күч албадыбы. Данияр Үсөновдун Нарынга баргандагы чоң "эрдиги" мени кызматтан бошоткону болду. Ушундай элине каршы иштеген бийликти эл анан кантип колдойт.
- Губернатордун орун басарлыгына кандайча келдиңиз эле, кызматта олтурганда кандай орчундуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөттүңүз? Нарын облусунун бүгүнкү абалы кандай?
- Бул жооптуу ишке алынышым мен үчүн күтүүсүз болду. Менин ишимди жакындан билгендер тарабынан ушул кызматка олтургузууга сунуштар болуптур. Алгачкы эмгек жолум 2005-жылы юридикалык акдемиясын аяктагандан кийин өлкөбүздүн "Кызыл-Ай" улуттук коомунда иштөө менен башталган. Нарын облусу үчүн зарыл болгон долбоорлорду даярдоо менен ушул кызыктуу иштерге аралаштым. Анан Нарын облусу боюнча өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу иши жагынан кызматкер болдум. Сунушталган долбоорлордун негизинде Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда канал арыктар тазаланды, латоктор курулду. Нарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак мектепке колдоолор көрсөтүлдү. 2006-жылы Кочкор районунда жер титирөө болгондо жапа чеккен элге тамак-аш жана буюмдар берилген. Ошондой эле биз түзгөн "Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесин жетектеп, бир катар иштерди бүткөрө алдык. Өткөн шайлоодо Нарын шаардык кеңешине депутат болуп, төраганын орун басары болуп иштедим. Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууда көп эле аракеттерди көрдүк. Облустук администрацияда иштөө мен үчүн чоң тажрыйба болду. Ошол беш айдын ичинде айыл-чарба, өнөр-жай иштери боюнча бир катар маанилүү маселерди көтөрүп, абалды жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлө баштады. Азыр мал-чарбасы калыпка түшүп калды. Эми анын азык-түлүк түрлөрүн көтөрүү, кайра иштетүү тармагын түзүү милдети турат. Талаачылыктар эгин жана картөшкө өстүрүүдө кыйла ийгиликтер бар. Облустагы Кара-Кечени, башка көмүр өңдүү жайларын жаңы технологияга, көмүрдү брикеттөөгө өткөрүү милдеттери турат. Көрүлгөн катуу аракеттерге жараша Торугарт-Бишкек автожолун жаңылап куруу тездетилип жатат, Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүн асфальттоо каралды. Көптөгөн жакшы пландарды даярдоодо, аларды ишке ашырууда облустук администрациянын бөлүм башчылары, тажрыйбалуу кызматкерлер Ырысбек Шалтаев, Нарынбек Карыбеков башка адистер абдан чоң көмөк көрсөтө алышты, жакшы демилгелери, мыкты иштери менен көрүнө алышты. Нарын облусу-тоолуу, алыскы регион, жер, жайыт, кен байлыктары жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Облусту колдоо жагынан мамлекет, өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай, негизги, келечектүү тармактар жакшы өнүгө албай жатат. Ушундан улам жумушсуздук күч алып, жаштар борборго, чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушууда. Айыл жеринде маданий очоктор, спорттук залдар да жетишсиз. Ошондуктан, алыскы шарты оор Нарын облусунун өзгөчөлүгү эске алынып, мамлекет тарабынан колдоо күчөтүлүшү зарыл деп эсептейм.
- Жетим-Тоо темир кенинин чет элге иштетүүгө берилгенин көтөрүп чыгышкан эле. Мурда Торугарт бажыканасын Ат-Башыны көздөй жылдыруу маселесине да каршылык көрсөтүштү эле. Эмне жыйынтык чыкты?
- Албетте, эл буга каршы. Элдин өзгөчө каршы болгону - эч талкууланбай, ачык айтылбай, жең ичинен сыртка чет элдик компанияларга берилгендигинде. Жетим-Тоо темир кени ажайып кооз Эки-Нарын жакта, Калинин айылына жакын. Аны иштетүүдө, биринчи кезекте, керемет кооздукка ээ жаратылыш бузулбайбы, Нарын дарыясы баш болгон мөлтүр суулар булганбайбы - ушул жагына көнүл бурушу керек эле. Ошон үчүн эл каршы болуп жатат. Ал эми Торугарт бажысы 63 чакырым биз тарапка, ичке жылмак. Мунун зарылдыгы деле жок болуучу. Жетиштүү элдин күчү менен токтотулган. Мында да элге эч нерсе айтылбастан, баары чоң бийликте отургандар тарабынан чечилген. Эми мындай көрүнүштөр кайталанбоого тийиш.
- Азыр Нарын облусунун жаңы губернатору жөнүндө элде ар кандай сөздөр болуп жатат, билими, тажрыйбасы тууралуу. "Кылмыш чөйрөсүндөгүлөр менен байланышы бар" деген кептер да жүрөт. Бул жөнүндө пикириңиз кандай?
- Нарындын губернаторунун ордун Адыл Эсенканов бекеринен ээлеген жок. Көп жылдан бери элдин таламын талашып, позициясын ээлеп келди. Эмгеги жок, татыксыз деп айтууга болбойт. Эми баары өзүнө байланыштуу. Ишти жакшы жолго салып, катаал Нарын облусу үчүн республикадан сезилерликтей колдоолордун болушуна жетише алса, элдин ишеними артат. Тескери чөйрөгө аралашканы жөнүндө кабарым жок экен. Биз-жашап, облустун жаштар кыймылы ушул оор учурда кандай болгон күндө да жетекчисине да, анда ишенгендерге да, элге да жардам берүүгө даярбыз, жана мурдагыдай эле жакшы аракетибизди көрө беребиз.
- Азыркы учурда Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга кандай баа берүүгө болот?
- Элибиз жакшы жашоого татыктуу. Эңсеген бир ашуусунана ашып өттү. Эл эсебинен каалагандай жашагысы келген бийлик алмашылды. Жаңы бийликтен элдин күткөнү көп. Азыркы кыйын учурда Убактылуу өкмөт зор иштерди аткарып жатат. Баары дароо телегейи тегиз бүтө калбайт. Буга баарыбыз жардамдаш болушубуз керек. Жаштар ишенимге, колдоого муктаж, алардын билим, күчүнө таянууну унутта калтыруу болбойт. Эл менен жолугушкандан кийин, губернатордун кабинетинде мени жана губернаторду тилдеп "20 аялдын оозун баса албай, регионду башкара албай жатасыңар, баардык региондор электр тарифтерин туура кабыл алышты. Нарындыктар эле каршы болуп жатасынар " деди. Мен жооп кылдым "Татаал шартта жашагандар, электр тарифтерин төмөндөтпөсө чыга берет, 20 аял элдин атынан чыгып атат" десем, "сен дагы булар мененсиңби" деп, зекиди Үсөнов.
Бурул МУСАБЕКОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«