mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
Өлкөдө революция болуп, Убактылуу Өкмөт мамлекетти тартипке салып, мыйзамдаштырып, элге шарт түзүп берүүгө аракеттенүүдө. Учурдан пайдаланган шумпайлар "бул Бакиевдин кишиси, Максимдин досу, муну жок кылбаса болбойт" деген жоромолдору менен үстөкө-босток айрым төбөсү көрүнгөн инсандарга жугунду куюп турган кези. Буга мисал, өткөн жумадагы "Алиби" гезитинин 21-майдагы санына чыккан "Алкогольные финансы поют романсы бакиевңине" аттуу көлөмдүү макала. Автору "кара шыбактын" (пиардын) "атаманы", Людмила Жолмухамедова экен. Окуп чыгып, жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады. Кудая тобо? Шыбайт десе эле "ак кишини кара, караны ак кылып" коё турган жазмакерлик өнөрүнүн чеберчилигине таң калдым. Бирөөнү каралай турган журналист керек боло турган болсо, эч жакка кайрылбай эле Л. Жолмухамедовага баргыла….

Макаланы окуп чыгып, 37-жылдардагы окуя эсиме түштү. Үпүкожо менен Эсенбай аттуу эки киши суу талашып, мушташа кетет. Таяк жеген Үпүкожо Эсенбайга "сага бирди көрсөтөм" дейт. Эсенбай: "Көрсөтө албасаң энеңди ал дейт". Буга арданган Үпүкожо Сталиндин сүрөтүн газетадан кесип алып, Эсенбайдын кепичинин батегинин алдына салып коёт. Андан кийин НКВДнын кызматкерлерине чагым жасайт: "Сталинди моминтип бутумдун алдына салып тебелеп жүрөм. Башкаңар мага ким болуп калыпсыңар" деп көрүнгөн жерде кыйкырып жүрөт. Чара көрбөйсүңөрбү" деп кайрылат. НКВДнын кызматкерлери келип, кепичин чечтирип карап көрүшсө, чынында эле Сталиндин сүрөтү табылып калат. Ошол жерден эле Эсенбайды камакка алышып, кийин аттырып жиберет. Бул айтылган окуя менен жогоруда аталган макаланын эч бир айырмасы жок. Эл душманын издеп "жумурткадан кыр чыгарганын" төмөнкү саптардан көрөсүңөр:
"11 мая в Токмаке и в Сокулуке прошли несанкционированные митинги якобы работников группы водочных компаний "Аю" и токмакского спиртового завода. В руках у них были красиво оформленные, видать выпуңенные одним полиграфическим станком, плакаты и транспоранты, лозунгом которых было требование остановить проверки предприятий и дать работу. СМИ страны, особо не вникая в происходяңее писали о том, что вот, дескать, люди хотят работать, а их хотят проверять, отчего они нервничают.
Почему-то под социальной упаковкой: "Мы хотим работать", никто не увидел и не попытался увидеть откровенный мятеж…
Мына окурман, өзүңүз жогорудагы окуя менен Л. Жолмухамедованын жазган макаласынын үндөшүп турганын талдап алыңыз!
Ооба, 11-майда Сокулукта, Токмокто, Бишкекте, Балыкчыда тынчтык митингиси өткөнү чындык. Катышкан тиешелүү ишканалардын жумушчу-кызматкерлери тынчтык митингисин өткөрүп, экономикалык талаптарын коюп, тиешелүү бийлик ээлерине тапшырышты. Эч кандай саясий талап коюлган эмес, Убактылуу Өкмөт бийликтен кетсин деп эч ким чыккан жок. Л. Жолмухамедова жазгандай жолду бууп тосуп, автомат көтөрүп, "бийлик отурган администрацияны басып алабыз" деп сүйлөгөн адам болгон жок. Ошол митингдерге катышкан Сокулук районунун акими Э. Ашырбаев, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими А. Алиевдер деле тастыктап беришет. Өлкө ушундай кооптуу абалда болуп турганда ар кандай саясий провокациялар болуп кетпесин деп, алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Биздин талаптар бир жактуу, экономикалык талаптар менен гана чектелдик. Сиз шыбагандай, "Убактылуу Өкмөт каякты карап отурат?" деп көкүткөндөй, "бийликти басып алабыз" деген оюбузда да жок болчу. Ишенбесеңиз, баштан-як митинг бүткөнгө чейин тасмага тартып, иш чараны өткөрүү эрежелерин, коопсуздукту толук сактаганбыз. Эртеңки күнү сизге окшогон "жумурткадан кыр издегендерге" жооп берели деген ойдо, келип көрүп кетсеңиз да болот. Митингдеги негизги талаптар "иштеп жаткан ишканалардын иши токтотулбасын, санкциясыз, негизсиз текшерүүлөргө бөгөт коюлсун" деген суроолор коюлган.
"Мятеж" (козголоң) кылгандай кайсы обүектини, административдик имаратты басып алыптырбыз? Кичине уялсаңыз боло, шыбайт десе эле, кара боёк менен боёй бербей.
Убактылуу Өкмөт эмне кылып жатат? Бир айдан ашык убакыт өттү! Буларды эмнеге жаппайт деп наалыйсыз? Бийлик менен иштеп жаткан ишканаларды кайраштырып, поп Гапондун ролун аткаргыңыз келип жатабы? Бүгүнкү күндө "Аю" компаниясы республикадагы салыкты мыкты төлөөчү 20 компаниянын биринчи катарында турат. Өлкөнүн казынасына акча түшпөсө, иштеп жаткан ишканалардагы жумушчулар айлык албаса, алардын үй-бүлөсүн ким багат? Өлкө кантип бутуна турат? Сиз оң жол көрсөтпөй эле, тескерисинче өлкөнү аңга түртүп жатпайсызбы!? Эч ким иштебесин, ачка болуп турган эл дагы бир жолу контрреволюция уюштурсун деп ойлоп жатасызбы? Тилегиңиз таш капсын! Кыргыз элине төбөсү көрүнүп калган инсандар Шаршенбек Абдыкеримов, Бейшенбек +скөнбаевдердин ишмердүүлүктөрү жөнүндө басма сөздөрдө жакшы дагы, жаман дагы сөз айтылып келе жатат. Өзгөчө басма-сөз беттерине үй-бүлөсүнө, ичип аткан тамагына, кийген байпагына чейин кийлигишип, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап, тири укмуш ушактарды учуруп келе жатышат.
Ш.Абдыкеримов жөнүндө автор: "Этот человек будто-бы является негласным владельцем большой части водочных заводов республики и хозяином Токмакского спиртового завода. Если об этом говорят граждане то не может же быть так, чтобы об этом не знало Временное Правительство? Или может? Иначе чем обүяснить тот факт, что поныне здесь ничего не изменилось и меняться явно не собирается?". Окурман калыс болуңузчу, заводдун курулушуна Л. Жолмухамедова, бул макаланын автору мен, же мамлекет бир сом кошумча кошпосо, Орто Азияда аналогу жок, жаңы технология менен курулган менчик заводду кимге бериш керек? "Алмаштырылсын" дейт автор! Эмне акциясынын жарымын кара шыбак (черный пиар) менен шыбып жаткан Л. Жолмухамедовага берүү зарылбы? Бул эмне деген сандырактык? Бүгүнкү күндө Ш. Абдыкеримов Бакиевдин кайсы романсын ырдап жатыптыр? Миңдеген элди жумуш камсыз кылып ишканаларын стабилдүү иштетип жатканы кимдин көзүн кызартууда? Заказ алган адамдарыңыздан негиздүү идирек, аргументтүү факт сурасаңыз болмок, жөнү жок эле жөөлөй бербей.
Ырас, Ш.Абдыкеримов буга чейин коомчулукка ачык интервью берген эмес. Өткөн жумада агынан жарылып, Бакиевдин тушунда "Агропродкорпорацияны" жетектегенин, бизнестин күнгөй-тескейлерин , Кыргызстанда калып ишин кантип улантканын ачыкка чыгарды. Атаандаш арак-шарап чыгарган заводдорго кандай жардам бергенин, бүгүнкү күндө Кыргызстандан чыгып жаткан арак экспортко океандын ары жагы Америкага чейин жеткирүү үчүн жол салып жатканын кабарлады. Кошунабыз Казакстан, жалпы эле Орто Азия мамлекеттери мындай жетишкен ийгиликтери алкоголь тармагында жок экендигин баса белгиледи. Бул чоң жетишкендик эмеспи, биз буга сыймыктануу менен мамиле жасап, колдоо көрсөтүүбүз зарыл! Ушинтип эле жамандап, "төө бастыга" ала берсек, "тойдум байдын кызына" деп Ш.Абдыкеримов Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуп, башка өлкөгө чыгып кетип калса, анын ишканаларында иштеген жумушчу кызматкерлер талаада калабызбы? Сиз, Л. Жолмухамедова беш кишиге иш таап берип, камсыз кылдыңыз беле? Сүйлөсөңүз мамлекеттин коопсуздугу, экономиканын өсүшү тууралуу асмандын башын айтасыз. Жогорудагы менин суроомо жооп бере аласызбы? Коомчулуктун бүйрүн кызытып, элдин башын айландыруунун канчалык кажети бар? Кара пиардын аркасында кимдер турганын да билебиз. "Гүлчөтай, ач жүзүңдү!". Бирөөлөрдү жалдап, кара пиарларды жаздыргандан көрө, жүзүңдү көрсөт, эл билсин. Кыргызча чыгып жаткан газетага орусча бир бет толтура макала жарыяланганы атайын заказ экени сокурга деле көрүнүп турбайбы.
Жаңыдан төрөлүп келе жаткан "Келечек" патриоттук жаштар кыймылына асылгандар көбөйдү. "12-майда Жогорку Кеңештин алдында митинге чыккандарга акча таратып жүрүштү" деп калп айтасыз. 12-майда 7-апрелде курман болгон эр-азаматтарыбыздын кыркылыгы болот экен деп, куран окутканы Ак үйдүн алдына барганыбыз чындык. Куран окулгандан кийин Жогорку Кеңештин алдында балдарды эскерүү митинги болот дешти. Ал жерге бардык. Бирок, митингдин максаты башка экенин көргөндөн кийин тарап кеттик. "Келечек" патриоттук жаштар кыймылынын балдары акча таратып, арак менен сугарганын эч ким көргөн жок. Болбогон нерселерди жабыштырып, каралай берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар. Кыймылды азыртан муунтуп, жок кылуунун амалыбы? Координатору Б.Өскөнбаевди элге жек көрсөтүүнүн дагы бир жолубу? Жок, мунуңуздан эч пайда чыкпайт. Кыргызда бир жакшы сөз бар, "ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи канчалык каралап, ылайды төксөңөр дагы чындык жеңет. Эл үчүн кызмат кылып, калктын көйгөйлүү жүгүн көтөрүп жүргөн Ш. Абдыкеримов, Б. Өскөнбаевдердин ишмердүүлүктөрүнө канчалык бут тоссоңор, караласаңар дагы натыйжа чыкпайт. Айрым ичинде мите курту бар адамдар атайлап, заказ берип, байма-бай басылмаларга үзүктөй материалдарды берип жатканыңарды эл деле билип калды. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" демекчи, Ш. Абдыкеримовдун, Б. Өскөнбаевдин элге кылган жакшы иштери айрым бир адамдардын уйкусун бузуп жатат окшойт. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" демекчи, эл үчүн жасалган иштер эч убакта унутулбайт жана жерде калбайт. Анткени, алар дайыма эл менен бирдикте.




Жекшенбек Искакович ЖАКЫПОВ, эркин журналист
Келечегим кең болсун десең "Келечекке" кел!
7-апрелдеги революциядан кийин өз Ата мекенинин келечегине кайдыгер карабаган жаштар кыймылдарынын саны өсүүдө. Алардын бири "Келечек" патриоттук жаштар кыймылы өз катарына Мекени үчүн чындап күйгөн, патриот, акылдуу жана активдүү жаштарды бириктирүү максатын көздөйт.
Кыймылдын штабдары Таласта, (жетекчиси Айбек Азырболов), Ошто (Анарбек Курманбеков), Жалал-Абадда (Айбек Сүйүнгалиев), Баткенде (Нарынбек Аскарбеков), Нарында (Анара Джумагулова), Балыкчыда (Алмаз Дулатов), Токмокто (Кубан Максутов), Караколдо (Жумабек Кыргызбаев) өз иштерин башташты.
Ким бүгүнкү жооптуу учурда өз эли, өз Мекени үчүн кызмат өтөгүсү келсе, ким жалындаган жаштыгын эл кызматында сынагысы келсе, "Келечек" патриоттук жаштар кыймылына кошулсун.

Мезгилиң, өмүрүң, жаштыгың өтүп кетет, жаш улан-кыз, ойлонгун да, бизге кел!!!
Биздин дарек: Манас проспектиси 115, т. 323312




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2010-ж.:
1-бет
Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?
2-бет
Кол койдурам деп…
3-бет
"Кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!"
дечү, Дооронбек

4-бет
Гимн, Герб, Туу тууралуу
түзүк кеп уга элекмин

5-бет
Тер агызган телефонгейт
6-бет
Өзүмдү өзүм билем,
өтүгүмдү төргө илем

7-бет
Эрендер элге эңилет
8-бет
"Күрмөнтү" цементине "жан кирди"
9-бет
Дасмия
10-бет
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!.
11-бет
Мустафа ЖУМАКАНОВ,
"Теңир-Тоо" жаштар коомдук бирикмесинин лидери:
"Үсөновдун Нарынга келиши отко май чачкандай эле болду"

12-бет
Досбол кызматтан кетти,
командасы иштеп атат...

13-бет
Муштумун түйгөн бойдон кетти уулуң
14-бет
Насбүбү Эгембердиева, акын:
"Жүрөгүм ыргагында какпай жатат"

15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Темир БИРНАЗАРОВ, кино режиссер:
"Машина берип, айдоочу күбөлүктү бербей жатышат"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«