Жакшы бийлигин бизге бирөө бербейт!

Мелис КАРЫБЕКОВ:
"Шайтандын резюмеси"
Жорулар учуп келишти
Улуу тоолорду карай берем. Чокусу асманды челген тоолорду сагындым. Улуу тоолордо шаңшып учкан кыраан бүркүттөрдү көргүм келет. Куштун кырааны бүркүт. Ал эми жору куш кыраан эмес. Жорунун тилеги жаман, өлүм болоорун алдын-ала билет. 7-апрелде кыргыздын кыраан көк жалдары окко учуп, өлүм көп болуп, кан жутуп турсак, 8-апрелде жорулар учуп келишти. Жорулар таң атпай учуп келишти, көздөрүнөн суктугу, ач көздүгү, өзүмчүлдүгү көрүнүп турат. Бүркүттүн көзүнөн от күйөт, бүркүттүн көзү курч. А жорунуку башкача, жорулар учуп келишип, кажы-кужу болушуп, бөлмөнүн, имараттын ичин арамдыкка толтуруп жиберишти. Ал арамдыктын энергиясы имараттын сыртына чыгып, аза күтүп турган элибизге тарап кетти. Жаратылыштан абийир, намыс, ар деген түшүнүктү билбеген жорулар, уялбастан, арданбастан кызмат сурап жүрүшөт. "Аза күтөлү, окко учкан көк жал баатырлардын сөөгүн жашыралы" дебей, баатылардын артында калган жетим-жесирлерине көңүл айталы деген ойду ойлоп да коюшпады. Бул көрүнүшкө ачуум келип, колума автомат алып, жоруларды кырып салгым келди. Бирок, болбойт жору деген, жору да.

Түлкүлөр жойлоп жүрүшөт
Бир түлкү мага тааныш, ал түлкүнүн куулугу мага жагат. Адамдын акылын уурдап алгансып, кууланат, ал түлкүнүн ийинине баргам. Ал түлкүнүн ийини заңгыраган кабат-кабат үйдөн турат. Түлкү жаратылышынан ууру да болот, уурдап байлык топтоп алган. Түлкүгө барып айткам "эл журт көтөрүлүп атат, Манастын тукумдары чоң казатка аттанып жатат, элге кошул, элге жардам бер" деп сурандым. А түлкү мени шылдыңдап койду. Мен да кызыкмын, түлкүдөн жардам сураган. Барынан таң калганым 7-апрелден кийин бир мекемеге барсам, баягы түлкү арыстан болуп алыптыр. Мекеменин башчысы ошол түлкү экен. Арыстан отурчу такка отуруп алган, "чоң казаттын баатыры менмин" дейт. "Тобоо" деп жакамды кармандым, түлкүнү көрүп уялып кеттим. "Уялбаган адамдан өзүң уял" - дейт эмеспи.

Кой терисин жамынган карышкырлар
Кээде адамдар сокур болуп калышат, "ай, эмне сокур болуп калдыңарбы?" десем, "өзүң сокурсуң" деп мага ачууланышты. Мен да өзүмдөн шекшип баштадым "Чын эле сокур болуп калдымбы?" деп, көргөн көзүмө ишенбей, колум менен кармап көрдүм. Оозун ачып, азуусун кармаладым. Азуусу курч, кан жыттанат. Кадимки эле канкор карышкыр, сыртынан карасаң момураган кой. "Ай туугандар, карышкыр " десем адамдар кайра "жинди болуп калдыңбы, момураган кой" деп болушпайт. "Момураган кой болсо, арабызда эмне жүрөт?" деп сурасам "элди куруткан бир карышкыр качып кеткен, анын орду бош, ошол кызматка ушул койду отургузабыз" дейт. "Майлуу кызмат, жем-чөптүү жер, кой байкуш жыргап алсын" дейт. Менин айтканымды укчу түрлөрү жок. Ичимден силер менен талашып-тартышып, "эмне кылам?" дедим да карышкырдын жойлочу жерин жакшы билем, ошол жерге капкан коюп баса бердим. Акыры капканга түшөт.

Сагызгандар
"Сагызганга убал жок" деп тажаганда айтышса керек. Сагызган тажатты, сагызганды теңибизге албайбыз, албетте сагызган карышкыр же арыстандай жырткыч эмес. Бирок, карышкырдан да түлкүдөн да коркунучтуу экен. Сагызган шакылдап, жалган айтып, ушак таратып, элдин башын айлантып салды. Эл-журт ызы-чуу эле болуп жатып калды. "Баланча болот экен, түкүнчө болот экен" деп эле. "Ай, ким айтты?" десем, "сагызган" дешет. А сагызган ансайын күчөдү. Эл аралап, шакылдады, гезиттин беттеринен шакылдады, теле экрандан шакылдашты. Мени таң калдырганы кээ бир адамдар сагызганды "булбул" деп макташат экен, жөн эле булбул дебей, "бабырак булбул" дешет экен. Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.

(Уландысы кийинки санда)




  Кандуу окуя кайгысы

Өмүрдүн жеңиши, өлүмдүн келишинен башталат!
"Байлыкты, бийликти көздөгөн, башкага баам салбайт" демекчи, Бакиев бийлик, байлык кызыкчылыгы үчүн эч нерсени оюна албай, ага каршы кандай кыйынчылык болбосун даяр туруп, беш манжасын билегине чейин канга боеп, кырчындай жигиттерибизди кырып баса берди. Бакиев диктатурасына чыдабаган эл окко каршы чуркап, өлкөнүн келечеги, эл-жердин намысы үчүн өз жанын аябаган 87 азаматыбыздан айрылдык. Арадан көз ачып-жумгуча 40 күн өтүптүр. Апрель окуясында алгачкы кан төгүлгөн "Форум" имаратынын алдында шейит кеткендерге эстелик тургузулган. 17-май күнү 5 миңден ашык эл чогулуп, эрдик ээлерине куран окушуп, Убактылуу өкмөт башчылары жана мүчөлөрү шейит кеткендерге тургузулган эстеликти ачышты. Аны менен бирге акындар кыргыз элине кайрат айтып ырдашып, элди биримдикке чакырышты. Кыргыздын рухун-духун көтөрүп, "Манастап" ураан чакырышып, элдин патриоттуулугу оргуштап турганынан кабар берди. Калктын максаты Бакиевди жана анын үзөңгүлөштөрүн кармап келип, эл алдында өз жазасын берүү болду. Соңунда Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Каптагаев, Бөдөш Мамырова, Алмамбет Шыкмаматовдор баш болгон өкмөт мүчөлөрү эл алдында бакиевдерди кайдан болсо да кармап келип, өз жазасын берүүнү, таза иштеп, карапайым калктын камын көрүп, эл байлыгын уурдабаганга, жеп-ичпегенге, эл ишеничин актаганга убада кылышып, "берген анттан мен тайсам, төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун" деген "Манас" эпосундагы саптар менен жаңырта ант берип тарашты.
Венера НАРКЕЕВА