Шырылдаң

Күмөндөрдүн күлкүсү
Кытайды каптайт
Жакында эле чоң ата болуп, небереси Атайдын жытын искеген куудул, КРнын эмгек сиңирген артистти Күмөндөр Абылов бир аз эс алууга чыккан. Эми ушул аптанын аягында Кытайга сапар тартканы турат. Ал жактагы кыргыздарга кайталангыс күлкүлөрүн тартуулап келмекчи.


Нена эмнеге
кападар?
Нена эки аптага Италия мамлекетине сапар тартмак. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей тилегин таш каап, ырчы кыз Италияга кетпей калды. Себеби мамлекетибиздеги саясий абалга ылайык жолдор ачылбай калган. Италияга барбай калганына капаланган Нена ыр жаздырып, клип тарттыруу менен алек.


"Кыз-Бурак" кайда эс алат?
"Кыз-Бурак" тобу куудул Абдылда Иманкулов, ырчылар Илияз Андаш, Жеңишбек Айтиев менен бирге Москвада кыргыз диаспоралары өткөргөн кароо-сынак фестивалына конок катары катышып, орусиядагы кыргыздарга ыр тартуулап келишти. Учурда "Кыз-Бурактын" ырчылары жаңы ырларды жаздырып, клип тарттыруу менен алек. Чыгармачылык иштери аяктап калган кезде "Кыз-Бурактын" кымча бел кыздары салт болгондой жайында Ташкентте жана көл жээгине эс алышат.


Бегимай Москвага кетет
Ырчылыкка караганда тасмага тартылууга басым жасагысы келген Бегимай Бекбоева Ош жергесине гастролдоп келип, эми көлгө сапар алганы даярданууда. Чыгармачылыкта тыным албай иштеп аткан Бегимай эми Жеңишбек Айтиев менен биргеликте ишин улантып, жаңы ырларды жаздырат. Ал эми жайында 15-июнда Москвага кетет. "Ал жактагы кыргыздарга жеке концертимди тартуулап келем" дейт.


Айчүрөк айымдан
кайрымдуулук концерт
Өткөн аптада Айчүрөк Иманалиевага "кыргыз эстрадасынын при-Мадоннасы" наамы карапайым калк тарабынан ыйгарылганы жалпыга маалым. Айчүрөк айым өлкөдө болуп аткан кырдаалга жаны кейип, кыргыздын кырчындай жигиттери окко учуп, канчалаган адамдар жарадар болгонуна кайгырып атканын жашырбады. Буйруса, ушул жарат алгандарга арнап кайрымдуулук концертин өткөрүп, түшкөн каражатты апрель окуясынан жабыркагандарга жардам катары таратмакчы. Учурда концертке даярдык көрүп жүрөт.


Кыргызстан обондоруна
ырын бере албай…
Ачык мүнөздүү ырчы Гүлнара Тойгонбаева Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынган жанмын сага окшоп" аттуу ырын жаңылап жаздырды. Эми "Кыргызстан обондору" радиосуна бере албай жүрөт. Анткени "Форумдун" алдында болуп аткан окуяларга байланыштуу Гүлнара айым радионун кеңсесине кирүүгө мүмкүнчүлүк таба албай келет. Канткен күндө да жакында мыкты чыгарманын жаңыланган вариантын музыка сүйүүчүлөрүнүн назарына салмакчы.


Чымыркана иш баштаган жигиттер
Мирбек Атабеков, Даниель жана Алихан апрель окуяларынан кийин чыгармачылыкка көңүл бурбай, "Кыргызстандын келечеги кандай болор экен" деп кейип, үйлөрүндө жатышкан. Акырындап өлкөдө кырдаал тынчып калган кезде кайрадан ишке киришип, жаңы ырларды жаздырып башташты. Жакында бул ырчы жигиттердин жаңы чыгармаларына күбө болосуздар.


Бурул МУСАБЕКОВА