Ак карга

Исхак Минскиге барыптыр
Айтылуу Коммунист аксакал Абсамат Масалиевдин аброюна көө сүйкөгөн уулу Исхак Масалиев "өлкөгө тополоң салгыч бандиттерге кошулган" деген айып менен камакта жатпайбы. Жөн жатпай, "аппакмын" деп карганып атат. Карганганы курусун, биякта К.Бакиевдин артынан Минскиге барып келгени айгине болуп, ал маалымат атпай журтка тарап кетти. Арам иш деген жапкан сайын ашкере боло берет тура.


Жок болоор жоо чыкты
Автомат үнү тыйылбай...
Жалал-Абадда жаңжал кайра башталды. Беш миңден ашуун киши митингге чыгып, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду улут арасына от жагууга аракет кылып жатат деп айыпташып, губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун отставкасын, Үсөн Сыдыков менен болгон сүйлөшүүсүндөгү "автоматчаным бар" дегенине жооп берүүсүн жана бакиевдердин үйлөрүн өрттөөгө ким уруксат бергенин айтуусун талап кылышты. Айтор, бакиевчилерди - улут, кыргыз, Манас, 89 жигиттин өлүмү кызыктырбай, кара курсагын бир тойгузган бакиевдердин арам акчасы гана "анжиян полкасын" бийлетет экен.


"Өлгөн" чал баяны
Өзбек-кыргыз чатагын Үсөн Сыдыков баштаган
Чекист, генерал Алик Орозовдун айтымында 1990-жылдагы кыргыз-өзбек урушунун чыгуусуна ошондогу Ош обком партиясынын биринчи катчысы жана облустук кеңештин төрагасы болуп, бир убакта эки кызматты мыкчыган Үсөн Сыдыков башкы себепкер болуптур. Ага жер сурап кыргыз жаштары барат. Сыдыков: "Жерди өзүңөр тандагыла" дейт. Жаштар коңшу өзбек айылына тиешелүү жерлерди тилкелерге бөлө башташат. Өзбектер "биздин деле балдарыбыз бар, бизге да жер бергиле" деп чыгышат. Ал талапка көңүл бурбай, Ү.Сыдыков кыргыз жаштарына кайрылып: "Он миң адам чогулткула да жерди алгыла" деп, команда берет. Аны уккан жаштар жер басып, жылкы мууздап, "эми эч жакка кетпейбиз" дешет. Натыйжада эки улут ортосундагы кан төгүү башталат. Муну Өзбек президенти Ислам Каримов да жакшы билет экен. А.Орозовдун дагы кызык маалыматын тыңдасак, "Жаныш Бакиев азыр Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда жашынып жатат. Аны наркобарондор алып кетишкен" дейт.


Сары изине чөп салып...
Максим жок!
Латвиянын ички иштер министри Линда Мурниеце Максим Бакиев өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен деди. Буга чейин Латвиянын бир катар массалык маалымат каражаттары Максим Бакиевдин өлкөдө жүргөндүгүн жазышкан. Муну укук коргоо структулары да тастыкташкан. Латвиянын укук коргоо органдары өткөн аптада бир нече издөө иш чараларын өткөргөн, бирок Максим табылган эмес. Белгилей кетсек, Кыргызстан Максим Бакиевди камакка алуу өтүнүчү менен Ригага кайрылып, Латвиянын Башкы прокуратурасына тийиштүү документтер топтомун жөнөткөн.


Арамдык ишке ашпайт
Жаранын оозун тырмап...
Кечээги Жалал-Абаддагы тополоңдо 1 киши окко учуп, 16 адам Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген жалпы жарадар болгондордун саны 30дан ашты. "Элдердин достугу" университетинин жанында ок атуу болгон. Түштөн кийин саат 15 чамаларында өзбек улутундагы 2000дей адам Жалал-Абаддын борбрун көздөй жөнөшкөн... Исмаил Исаков шашылыш түштүккө сапар алды. Бу саам бакиевчилер өзбек-кыргыз жаңжалын чыгарып, эптеп "башкы максаттарын" ишке ашыруунун түлкү планын ишке ашырууга жандалбасташты. Кудай бардыр...