mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
Убактылуу жаңы өкмөттү ит талаган түлкүдөй туш-туштан ур-тепкиге ала баштадык. Анын да өзүнчө себептери, жөн-жайы бар. Калыстык үчүн ошол эле учурда алардын мүмкүнчүлүктөрүнө бир карап, кылган-неткендерин сыдырып көрдүк.

Атамбаев акылы
Убактылуу өкмөттүн биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев күйүүчү майлар менен мамлекетти камсыз кылуу маселеси чечилгенин айтты. Казакстандан эң зарыл болгон көлөмдөгү солярка келе баштаганын, Ысык-Көл, Нарын облустарына жеткирүү кыйынчылык туудурганын кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев негизги басымды экономикалык өндүрүшкө коюп, Казакстан, Орусия, Түркия мамлекеттерине чапкылап, каражат тартып келүүгө жанүрөп, аны менен катар ири гидроэнергетикалык станциялардын иштөөсүнө, бажы тармагына айрыкча көңүл бурду. Мамлекеттик матрезерв өңдүү "коррупция очокторуна" кылмыш ишин козгоону көтөрүүдө.

Отунбаева журт энеси
Түтүп атат. Аялдык, энелик эрки менен. Бирок, акыйкатка келгенде аялды да аябайт экен. Кечээ Ошко барганда экс-бийликтин бир күрөө тамыры болгон секретариат башчысы Оксана Малеваннаяга салынган арестке карата "бул жез кемпирге болгон аңчылык эмес, ага каршы көрсөтмөлөрдөн уламкы чечим" экенин, О.Малеванная Бакиевдин оң колу болуп, далай жагымсыз идеяларды тууп берип турганын эскертти. Бакиевди кайра колго түшүрөөрүнө көзү жетип анын Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө шарт берип, ал оор милдетти бекерден мойнуна албагандай. Президент болбой туруп, президенттин милдетин аткаруунун өзү моралдык-психикалык жагдайдан караганда да кандай оор. Анүстүнө кан төгүп, өрттөп, тоноп баса берген дүкүлдөп көпкөн эркектердин "кир-когун" тазалоо бери дегенде бел-омурткасын сыздаткандыр.

Сариев сары алтынбы?
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен Темир мырза темирдей бекемдиги менен айырмалана алды. Өз ишинин мыкты адиси экенин биринчи эле күндөрдө далилдеди. Чындыгында ал эсеп-чотко келгенде так, таза иш алпарарын жыйындарда проблемаларды ачык айтканынан туйунтту. Кыргыз-казак чегарасындагы тикенек зымдардын "калыңдаганын" кыйынчылыктар боло берерин анын кесепетинен фермерлердин продукциялары бузулуп, Убактылуу өкмөткө арызданып кыйналгандарын жашырбады. "Кыргызстан чегара маселелерин жөнгө салууга чечкиндүү кадамдарды жасайт, бирок, натыйжасы бизден көз каранды эмес" деди, башкы экономист. Темир Аргенбаевичтин дагы бир ийгиликтүү кадамы Өзбекстанга барган иш сапары болду.

Дүйшөбаев өзүнө ишенет
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев 17- майда болот деп болжонгон кезектеги нааразычылык митингге карата "эч кандай төңкөрүш, басып алуу, мародерлук болбойт. Албетте, бакиевчилердин кишилери тарабынан провокация болушу толук мүмкүн. Бирок айтып коеюн, коомдук башаламандык уюштурууга аракет кылгандар катуу чараларга дуушар болот. Кандай да болсо жарандардын тынчтыгын, тартипти камсыз кылабыз" деп аскердик мүнөздө эскертүү кылды. Өлкөгө тынчтык орнотууга Кеңешбек мырза кошкон салымга күбө болуудабыз. Өтө тездик менен болбосо да алына жараша коомдук тартип калыбына түштү десек болот.

Исаковдун ийгилиги
Исмаил Исаковдун ишмердүүлүгүнө сереп салсак, мурдагы аскербашы болуп жүргөн кезинен кыйла өзгөргөнүн байкадык. Бурулуш тагдыры мүнөзүн да биротоло бургандай. Эмоциясын токтоолугу басып, учурда башкарып көнгөн аскерлерин үн-сөзсүз тейлеп аткандай. Чегара посторундагы башаламандыкка жол бербей тартипти чукулдан колго ала алды. Кечээки Улуу Ата-Мекендик согуштун каармандарына көрсөткөн сыйы, аларга чыныгы куралдуу күчтөрдүн ээси катары ишенимдүү айткан сөздөрү Исмаил мырзанын "жылдыздуу" генералдык жүзүн гана көргөздү. Мындан аркы кадамдары кандай болот көрө жатарбыз.

Бекназаровдо уйку жок
Азимбек Бекназаров өкмөт мүчөлүгүн аркалаган күндөн тарта бүтүндөй кылмыш иштеринин артынан түшүп келет. Ал "бүгүнкү күндө бардыгы мыйзам чегинде болуп жатат, прокуратуранын, финполициянын, банк кызматкерлеринин өкүлдөрү менен түшүнүшүү деңгээлде ыргактуу иш алып баруудабыз. Биздин ишти жамандап, атайылап тоскоолдук кылгандар так ошол кылмыштарын жашырып калгысы келгендер" деп түшүндүрүүдө. Ооба, кандуу окуядан кийин өтө көп оор кылмыштардын артынан түшүү Азимбек мырза үчүн азапка турганы белгилүү. Байкашыбызча ал кишинин шайын Түштүк аймагы оодарды окшойт. Түштүккө үч сапар барды. 8 снайпер кармалганын жар салды. Өзү айткандай, Ата-Бейиттеги эл алдында Бакиевдерди кармоого берген сөзү тынч уйку бербесе керек.

Текебаевдин түйшүгү зор
Акыркы коогалаң күндөрдө Өмүрбек Текебаев белгилүү болгондой күчүн Конституцияга арнады. Мыйзамдуулукту ар-бир жаран талап кылаарын эске алсак, Өмүрбек Чиркешович дал ошол мыйзам үчүн бирден-бир баш оорутту десек болот. Убактылуу өкмөттүн атынан "Ак-Кеме" мейманканасында жаңы Конституция долбоорун талкууга салып, жалпы кыргыз коомчулугунун алдында, Кудай алдында өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна көтөрүп турган чагы. Келечек тагдырыбыз ушул Конституцияга кааласак-каалабасак дагы байланат. Демек, мунун түйшүгүн тарткан адамдын эмгеги ат көтөргүс




  үч берен

Күндүн бети тосулбайт
"Замандаштын" заманы келди!
Жасаган кызматы, жүргүзгөн саясаты менен эл көзүнө илинип, жаштардын, мигранттардын, шаардын, элеттин, жалпы кыргыздын көйгөйүн көтөрүп заман жүгүн тартып келаткан "Замандаш" партиясы бар эмеспи. Кечээ ошол ийгилиги күч иштерман партия лидери Мухтар Өмүракунов баштаган жетекчилик топ чоң жыйын өткөрдү. Негизги маселеде учурдагы өлкөдөгү саясий абалдын оош-кыйыштарын, шайлоо кодексин талкуулашты. Кырдаалдын жөнгө салынышына коомчулуктун жеңилин жерден, оорун колдон алуу максатына каккан казыктай бекем турушаарын бу саам да туйдурушту. Баса, Мухтар мырза, 9-май күнү Ат-Башыда өткөн Чолпонбек Өмүракуновдун элесине арналган волейбол боюнча мелдешке "кошумчасын" кошкончо, элеттик 48 согуш ветеранынын ар-бирине 3 миң сомдон берип, калпак-чапанын кошо жапты. "…Бата менен эр көгөрөт" демекчи, карылардын батасын алганга не жетсин.

Жаңы барак ачылып…
ИИМге жаңы күч кошулду
Жагымдуу жаңылык уктук. ИИМдин биринчи орунбасарлыгына айтылуу полковник, опер-кызматкер Мелис Турганбаев барыптыр. Ооба, ал кресло ага чоочун эмес. Башкысы, азыркыдай кырдаалда профессионал адис катары жаңы өкмөткө зор пайдасы тиери айдан-ачык. Убактылуу өкмөттүн ушул кадамы билинбеген менен маанилүү болду. Өлкөгө бекем тартип орнотуу биринчи маселе экенин эч ким танбайт. Бакиев бийлигинен ыдык көрүп, обу жок жерден үстүнөн үч жолу кылмыш иши козголуп, Мелис мырза жакшы эле басмырланганын көпчүлүк билет. Медет Садыркуловго тартууланган бармак-сөөмөйдүн "ээсин" да дал ушул Турганбаев далилдеп чыккан. Ал далилинин азабын өзү тартып, тигинтип куугунтукталып атпайбы. Не болсо да Мелис мырзанын мындан аркы ишине ийгилик тилейли. "Ат айланып казыгын табат" дечү беле?..

Жигит сөз
Андай эмес, мамындай!
"12-17 майдагы митингдерди экс-Нарын губернатору Өмүрбек Суваналиев уюштуруп атыптыр" деген ушак тарап кетиптир. Мындай жазгырма шылтамайды ошол митингдерди уюштургандар атайы чыгарышкан. Муну Өмүрбек мырзанын жообунан кийин аңдадык. Ал "Мен, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев мындай аракеттерге эч кандай тиешем жок, Кыргызстан ансыз да алсырап турат. 7-апрелде курман болуп жаракат алгандардын, мародерлуктан жапа чеккендердин үстүнөн "алып-сатарлык" кылганга эч кимдин моралдык акысы жок. Ооба, мен Убактылуу өкмөттүн ишмердигин сындап жатам. Бирок, чыныгы генералдык погондун ээси катары айтсам, эгер, кимдир бирөөлөр өлкөгө бүлүк салып коопсуздукка коркунуч туудурса, эң биринчилерден болуп мен колдойм Убактылуу өкмөттү" деп, так кесе пикирин айтты. "Каттани" атыккан генералдын бул жообуна ким ыраазы болбойт десең…

Жумабай Абдан





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«