mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Улуу иш унутулбайт

"Келечек" өткөндү эскерди
Улуу Ата-Мекендик согуштун 65 жылдык майрамын утурлап, 8-май күнү Сокулук районунун борборундагы "Жеңиш" паркына 9-май жеңиш күнүнө арналган парад өтүп, согушта курман болгон үч баатырдын айкелдеринин ачылыш аземи болду. Ага Сокулук районунун кулуну, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышып, согуш ардагерлерин куттуктап, эстелик ачкандарга ыраазычылыгын билдирди. Бул эстеликтерди тургузуу идеясы "Келечек" партиясынын координатору, "Аю" соода маркасынын башкы директору Бейшен Өскөнбаевге таандык. Бейшен мырза мындан бир аз убакыт мурда аталган райондун акими болуп турганда райондон Дүйшөнкул Шопоковдон сырткары үч баатыр чыкканын, алардын бир да жерде 65 жылдан бери эстелиги тургузулбаганын билип, аларга эстелик тургузууну максат кылган. Бул тууралуу Бейшен Өскөнбаев буларды айтты: - Биринчиден "Аю" соода маркасынын атынан, "Келечек" мекенчил жаштардын кыймылынын атынан кыргыз элимди жеңиш майрамы менен куттуктап кетейин. Улуу жеңиш күнүнүн 65 жылдыгына карата Сокулук районуна Советтер Союзунун үч баатырынын эстелигин тургуздук. Патриот болгондон кийин, тарыхты, өткөн жашообузду билбесек, аларды урматтабасак, анда келечекте өздөрүн да урматтабаган жаштар өсөт. Ошон үчүн биздин биринчи милдетибиз, ата-бабаларыбыздын арбактарын сыйлап, баатырларын сыйлап, алардын тарыхын жаштарга айтып, көрсөтүп, патриоттук нукта чоңойтуу. Ошондуктан ушундай иш жасап, келечек урпактарыбыз тааный жүрсүн деп унутта калган баатырларыбызга айкел орноттук. Бул ишти башынан аягына чейин өзүбүз каржыладык.
- Канча каражат сарпталды?
- Мурунку Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги жалаң мрамордон жасалып, бир эле эстеликти тургузууга эки миллионго жакын каражат жумшалган. Муну биз жалаң мрамор таш менен каптадык. Бир сөз менен айтканда арзан эмес, жок дегенде ар бирөө бир жарым миллиондон болгондо да көп каражат кетти. Кеп каражатта эмес, кеп элдерге эстеликти көрсөтүш, "ушундай баатырларыбыз бар" деп элге айта жүргөндө. Биз акча жагын караган жокпуз. Өзүбүздүн, патриоттук кыймылдын атынан эстеликтерди районго койдук. Сокулук районунда 21 социалисттик эмгектин баатыры, бир Афган баатыры бар экен. Колдон келсе алдыда ар бирине эстелик коелу деген ой бар.
Жалпы Сокулук районунан 6700 адам кандуу майданга аттанып, анын 4 миңи согуштан кайткан эмес. Ал эми туулган жерине кайтып келгендеринин саны 2700 болгон. Учурда аталган райондо жүзгө жакын гана ардагер жашап келет. Андан сырткары 21 социалисттик эмгектин баатыры, 5 Советтер Союзунун баатыры бар. "Эч ким эч качан унутулбайт" демекчи кан майданда салгылашып, элибизге бейпил турмуш алып келген ата-бабаларыбыз, энелерибиз түбөлүк кылымдарга жашай берет.
Бурул МУСАБЕКОВА




  Жумушсуздукту жоюу керекпи, же…

Ишкерлердин талабын ким угат?
"Аю" фирмасынын жөнсүз шылтоолор менен тынымсыз текшерилип, заводдордун иштери токтоп, 10 миңден ашык жумушчулар эки айдан бери маянасыз калган. 11-май күнү Бишкек, Кара-Балта, Сокулук, Балыкчы шаарларында "Аю" соода маркасы, "ТД Аршан", "Медиа Микс", "Арвин", "Ак Каз", "RAT", "Голден Сан", "Агропищепром", "Ак Нар", "Кожзавод" аттуу Жоопкерчилиги Чектелген Коомдору биригип, тынчтык митингин уюштурууга аргасыз болушту. Өндүрүүчүлөр менен жөнөкөй жумушчулардын негизги талабы фискалдык жана күч структуралары тарабынан себепсиз текшерүүлөрдү токтотуу жана рейдерлик басып алуучулукту болтурбоо. Андан сырткары ишкерлерге тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү, карапайым жумушчуларга жумуштарын кайрып берүүсүн өтүнүштү. Ошондой бул компания мамлекетибиздеги эң көп салык төлөгөндөр жана Кыргызстандын миңдеген жарандарын жумуш орундары менен камсыздайт. "Өсөөр өзүн сыйлайт" дегендей ак эмгеги менен бийиктикке умтулган компанияга колдоо көрсөтүүнүн ордуна, шыйрактан артка тарткандарга миңдеген ишкерлер наалат айтаары шексиз. Жөнсүз шылтоолор менен "Аю" фирмасын басып алууну ойлоп, канчалаган элди эки айдан бери маянасыз калтырышы аталган фирмага бут тосуу эмес, карапайым калкка, жөнөкөй жумушчуларга болгон көрө албастыкты, басмырлоону түшүнсөк болот. Ансыз да чет жерлерде эмгектенген кыргыз жарандары апрель окуясынан соң куугунтукталып жана талап-тоноочулуктан жабыркап жумушсуздардын катарын толуктап отурган карапайм калкыбызга кошумча өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып аталган фирманы да кысымга алып, ишсиз калтырууну көздөп келишүүдө. Ал эми адам өлтүрүп, элди азапка салган шылуундарга кайдыгер карап, аларды камагандын ордуна качырып жиберишип, алым жетерлик кылып эптеп талкан таап, үй-бүлөсүн багып жүргөн жумушчуларга мындай кысым көрсөтүп, ишкерлерге бут тосуу акылга сыйбаган иш. Эч себепсиз ишсиз калган 10 миң адамды гана ойлобостон, 10 миңдей үй-бүлө ачка калаарын эске алсак. Канча жылдан бери "жакырчылыкты жоюу" көйгөйү көкөйгө тийип келет, ал эми "жакырчылыкты кантип жоюу керек?" деген суроодон мурун ишкерлерди талап-тоноочулукка салып берүүнү, олчойгон салыкты жана жөнсүз текшерип, ар кандай кысымга алууну токтотсок жакырчылыкты жоюунун алгачкы аракеттери болоор эле. Жер-жерлерде уюштурулган тынчтык митингине чыккандар Убактылуу өкмөткө койгон талаптарын 20-майга чейин чечип берүүсүн эскертишти. Ошондуктан, Убактылуу өкмөткө кулак кагыш апрель окуясынан кийинки алгачкы тынчтык митингине чыккан жумушчулардын талаптарын орундатпаса уят, себеби мындай кырдаалды башынан кечирген жетекчилер ондоп саналат.
Венера НАРКЕЕВА,
Айнура ИСМАИЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."





??.??