mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жакшы эр эли менен, жакшы кен жери менен

Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат
Азганакай убакыт ичинде "Аю" фирмасын гүлдөтүп, өстүргөн Шаршенбек мырзаны бүгүн айрым күчтөр каралоо максатында уюгушуп алып, уктабай жүрүшөт. Уялбай эле акча сунуштап, ар кайсы редакциянын эшиктерин сагалоодо. Убактылуу өкмөттөгүлөрдү да айланчыктап, айтор, түн уйкудан калышты. Эң негизгиси алар ким экенин айтып, аты-жөнү белгисиз калууну каалагандары менен бул кара пиардын артында кимдер турганы көпчүлүккө бештен белгилүү.

Акыры "ак ийилет, бирок сынбайт" деген кыргызда жакшы сөз бар. Анын үстүнө Шаршенбекти төө бастыга салып берип коюп, карап отура бергиси келбегендер көп. Себеби Кыргызстандагы президенттин урук-туугандарынын, балдарынын ач көздүгүнүн аркасында, коррупция, бут тосмой, шапке алмай, доляга отурмай ж.б. ж.б. оюндарынын баарына көз жуумп, бизнесте ишин илгерилетип келаткан бул фирмада карапайым айылдыктар, ар бирибиздин жердештерибиз иштейт. Алардын бири-жүк ташуучу, бири-менеджер, бири-уюштуруучу. Айтор алар саясат менен иши жок, ак эмгеги менен көгөрүп-өнүп, өсүп атышкан. Анан эле революцияга жамынып, ортодон чыккан чагымчылардын арты менен көбү жумушсуз үйдө отурганы кудайга да жакпаган иш. Ал чагымчылардын да ким экенин таразалаар мезгил келээр. Менин айтайын дегеним, Шаршенбек Абдыкеримов Ат-Башынын кулуну, тоону, эркиндикти сүйгөн чынчыл, патриот жигит. Экинчиден, ал айрымдарчылап бийликтин короосуна келип, Айдар менен үзөңгүлөшүп, завод-фабрика талкалап, же менчиктеп, же элдин мүлкүнө кол сала, казынаны уурдаган эмес. Тескерисинче ити чөп жеп аткан фирмага көз арткан ханзаадалардын тагдыры бүгүн кейиштүү болуп турганы баарыбызга белгилүү. Ачык айтканда ач көздүк, аксымдыгынын аркасында Айдар да, Максим да бүгүн далай бизнесмен-ишкерлердин убалына калып, өздөрү качып кетүүгө үлгүрдү. Үчүнчүдөн, Абдыкеримов түптөгөн фирмаларда бүгүн 10 миңден ашуун адам иштеп, мамлекетке догун артпай, үй-бүлөсүн багып келген. А ийгиликке ичи күйгөндөрдүн жапкан жалааларына күлкүң келсе, далилдери суу кечпейт. "Алко магнат", "Максимдин жан досу", "өнөктөштөрүнө бут тоскон, бизнестерин тартып алган" ж.б. ж.б. ушул сыяктуу жөө жомок, дөдөмөл-божомол. Ишенсең да болот, ишенбесең да болот. Бирок эмне үчүн алар жалгыз эле "Аю" фирмасын түптөп, мамлекеттин бюджетин толтуруп, 10 миңден ашуун адамды жумуш орду менен камсыз кылган адамга асылып туруп алышты? Кеп мына ушунда. Анын да себеби жөнөкөй эле, ал күчтүү бизнесмен, экономиканын түшүн жоруп, алдыңкы 5 жылга план коюп иштегенди билет. Өз киндигин өзү кескен. Колунан коко тыйын келбегендер өздөрүнүн трагедиясын ар дайым ийгиликтин үстүндө жүргөн адамдарга шылтап келгени тарыхта далай айтылып, жазылган. Демек, "акты ак, караны кара" деп айтканга алардын эч качан эрки жетпейт. 7-апрелден бери эле атайын уюшкан топ ар кайсы редакциянын эшигин кагып, акча сунуштап, кара пиарларды көтөрүп жүргөнүнөн улам, мен дагы Шаршенбек мырзага издөө салдым. "Алкомагнатка" сөз берүүнү эп көрдүм. Өзүн издедим, суроолорго жооп издедим. Анан бала чактан баштап, бизнес, Айдар, Адил Тойгонбаев, Максим Бакиев, Темир Cариев ж.б. ж.б. лар жөнүндө масилеттештик.

- Сиздин каршылаштарыңыз айтмакчы "алкомагнат" бала чагында белгилүү бизнесмен болом деп кыялданды бекен?
- Мени чоң апам тарбиялаган. Чоң апам кичине кезимен "мектепте жакшы оку, адам бол, жакшы окуп, жакшы жүрсөң чоң болосуң. Чоң болсоң элиңди багасың" деп көп айтчу. Чыңгыз Айтматов "канткенде адам улуу адам болот?" деген суроосу мени да катуу түйшөлтүп, мен дагы адам болгум келген. Жөн гана адам эмес, жакшы адам. Мыкты иштерди аркалап, элге пайдасын тийгизген. Өзүмдүн апамдын кесиби медайым. Далай оорулууну жылуу кеби, мээрман эмгеги менен дарылап, сакайткан. Мектепти бүтүп атканымда "балам, мед институтка барбайсыңбы, профессионал врач болосуң" деди. Негедир врач болууга көңүлүм чаппай, "апа, мен өзүмө жаккан жумушка барам" деп экономфакка тапшырып өттүм, мыкты окуп, ийгиликтүү аяктадым десем да болот.
- Ошондо эле бизнесте биттин ичегисине кан куйууну көздөгөн турбайсызбы...
- Балким, бирок баары укмуш болот деп ойлобосом керектир. Университетте окуп жүргөндө жайкысын иштечүбүз. Мен поездде узатуучу (проводник) болуп иштедим. Анан такылдап-шакылдаган поезд ыргагында термелип, 3-4 күн жол жүрөсүң. Ар кыл адамдарды көрөсүң, ар биринин тагдыры кызык. Узатуучуларга узун жолдо эл да өмүр-баянын айтып берип, жеңилдеп калат, достошосуң. Ошентип, көп адамдар менен достоштум. Аңгыча союз таркап, коммерция башталып кетти. 5-курста челнок болдум, Москвага самолет менен учуп барып, товарымды сатып, кайра шоколад сыяктуу майда-чүйдө товар алып поезд менен келип калчумун. Узатуучу, челнок болуп иштеп, биринчи капиталымды топтогом. Окууну бүткөндөн кийин байкем менен Казакстанга барып, "Вимпекс" деген чоң компанияда иштедик. Майда тепкичтин баарын басып өтүп, кийин байкем заводдун директору болду, мен Казакстан боюнча соода-сатыктын жетекчиси (управлющий торговли) болдум. Адамгерчиликтин аркасы менен Казакстанда кадыр-барк күттүм. Сок чыгарган, тамеки чыгарган көп фирмалар менен тааныштым. Казак досторум менен Казакстанга дүң базаларды ачтык. Базаны ачканда жатаканада чогуу жашаган жакын үч досумду чакырдым. Бири Оштон, бири Жалал-Абадтан, бири Көлдөн. Казакстанда бизнесибизди жакшы көтөрдүк. Ал жакта азыр да 800гө жакын адам иштейт. Андан кийин курсташ балдарды чакырып, Россияга бизнес ачтык. Казакстанда жүрүп, Кыргызстанга келсем эле жашоо начар. Ыйлаган эле эл, баары эле менден жумуш сурайт. Анан баарын мен Казакстанга көчүрүп кете албайм да. Ошондуктан, "Кыргызстанга бизнес ачайын, элди жумуш менен камсыз кылайын" деп Кыргызстанга келгениме 8 жыл болду. Сокулукка арак завод, Шопоковго "Тан" завод салдым. Кыргызстанга келгенде Адил Тойгонбаев деген Акаевдин күйөө баласы "бизнес жасайм" дегендерге оңой менен лицензия берчү эмес, мени да абдан кыйнашты.
- Шаршенбек мырза, Казакстанда бийлиги бизнести коргошот, жардам беришет. Ал эми бизде бизнес ачам деген киши кимдир бирөөгө шапкесин берет, шапке бере албаганы кепка дегендей. Анан да коргоп, колдоп турганга крыша табыш керек... Ушундай схемаларды көрүп туруп, сиз коркпой кантип иш баштадыңыз?
- Мага Казакстанга иштегенде оңой болчу. Кичинекей бизнес ачканда "силер кыргызсыңар, жаңы бизнес ачып атасыңар, айына мынча бергиле, тигинче бергиле" деп эч ким келип, баса калган эмес. Кыргызстанга жаңы келгенде шок болгом. Заводду жаңы салып атсам, улам бири келип эле текшере беришти. "Каалашыңарча текшере бергиле, мен завод салып атам" дедим. Анан заводду салгандан кийин далай убакытка чейин лицензия ала албай жүрдүк. Бирок заводду жаңы үлгү менен салганбыз. Кыргызстанда андай завод жок болчу. Анан Адил Тойгонбаев айласы жок лицензия бергенге макул болду. Биз 3-4 ай иштегенден кийин А.Тойгонбаевдин кишилери чакырып, "спирт заводдон подреализация спирт беребиз, силер бизге 7 пайыз үстөк берип турасыңар" деди.
Мен "подреализация спирттин кереги жок, бербейм, өзүм сатып алам" дегенден кийин, Тойгонбаев келип заводду басты, бир ай текшерип, комиссия эч нерсе таба алышпай, аягында ал "откат" (жашыруун үлүш) берип турасыңар да иштете бергиле" деди. Завод кургандан кийин иштетүү керек да, айла жок макул болдук. Салыкты төлөп, жакшы иштеп баштадык. Бир аз убакыт өткөн соң, заводду кайра басып алышты. Башында заводду неге басып алганын түшүнгөн жокмун, кийин бир ай текшерип, эч нерсе таппаса деле заводду иштетпей жатышты. Мен Адилге таанышымды жөнөтүп, "жакшынакай иштеп, мамлекетке олчойгон салык төлөп атам, эч нерсе таппасаңар деле эмнеге заводду ачпай жатышат?" дедим. Тойгонбаев болсо "мамлекетке төккөн салыгын урдум, мага откатын берсин. Андан соң, ай сайын откат берип турсун" дептир.
- Откат (жашыруун үлүш) канча сумма болуп калат?
- Мисалы, спиртти биз көп алганда айына бир топ эле каражатка чейин берчүбүз.
Спиртти канча көп алсаң, ошончо көп акча төлөйсүң да. Ошентип, кайра иштей баштадык. Ишканаларды көбөйтүп, "ТАН" чыгара баштадык. Улам бир ишкананы заманбап, сапаттуу кылып, ишке берип жаттык. Азыр көп гезиттер "Шаки алкомагнат" деп жазып атышат. Меники бизнесим алкогол эле эмес, башка толтура бизнесим бар. Арак, сүт азыктары, жарма, томат, суу, сок, консерва, нан ж.б. чыгарам. Улам эле "жумушка ал" деп кишилер келет. Анан "Аю" чоюла бере турган резина эмес да, улам эле баарын "Аюга" батыра албайм да. Кээде түнкү саат 12ге чейин иштегенде, апам деле кабатырланып, "сенин Казакстанда тапкан акчаң деле, "Аюдан" тапкан акчаң деле жетет да, жаныңды кыйнабай, үй-бүлөңө көбүрөөк көңүл бөлсөң боло" деп калат. Мен мисалы, тойлорго деле барбайм. Айына миң доллар же жүз миң доллар киреше табасыңбы, баары бир бирдей чуркайсың. Мисалы мен нан бышырган жай ачтым. Айына миң доллар түшөт. Бирок ал жакта 40 адам иштейт. Анан апама "улам бирөө "жумушка ал" деп келет, айла жок, ошон үчүн жаңы ишканаларды ачып жатам" деп айтам. Өндүрүштүк иш ачканда тың балдарды тандап, бизнести бутуна коюп, киреше түшө баштаганда, ошол балага өткөрүп берип коюп, ай сайын отчет алып турам. Ал иштете берет. Ошон үчүн менин бизнесим бир жактуу эмес. Дайыма жаш, билимдүү кадрларды алып, аларды үйрөтүп, такшалтам. Жаштар амбициялуу келишет. Үйрөнгүсү, өскүсү келет. Мактанбай эле коеюн, биздин фирмада иштеген престиждүү.
Бизнесимдин арасында айыл-чарба, өндүрүш ишканалары да бар. Ошто зыгыр май, консерваланган эт чыгарабыз. Көп фирмаларды ачкан себебим, чындап элге жумуш берүү максатында ачылган. Жалпысынан Кыргызстанда мен негиздеген ишканаларда 10 миңден ашуун адам иштейт.
- Сиз өз эмгегиңиз менен Кыргызстанга келип ушундай чоң компания түптөдүңүз. Анан төңкөрүш болгондон кийин айрым көралбастар ар кайсы жарлыкты тагып атканын угуп, жеке өзүм жаман болуп турам. Ошого кандай карайсыз?. Сизди Максим менен байланыштырып атышат... Сиз деле ар бир бизнесмен сыяктуу аны менен биргелешип иш алып барганга аргасыз болгонсуз да, туурабы? Мисалы азыр эч бир бизнесмен "мен Максим менен байланышкан эмесмин" деп айтпайт, айта да алышпайт.
- 2005-жылы Темир Сариев, Мелис Эшимкановго байланышып, 24-мартта аянтка митингге элди чогултканбыз. Мен деле ошол Акаевдик коррупциялык системадан тажап, "кишиң барбы?" дегенде, өзүмдүн жумушчуларымды уюштуруп, аянтка алып чыккам. 24-мартта төңкөрүш болду, Акаев качты, бийликке Бакиев келди. Анан баягы система кайрадан иштеп баштады. Аны көргөн Сариевдер Бакиевге каршы чыкты. Ооба, Темир Сариев менин өкүл атам экендиги чындык. Анан мени "Сариевди каржылайт, оппозицияны багып атат" дешип, жаңы бийлик балдарымды камап, фирмаларымды текшерип, асылып туруп алышты.
- Ошондо "тойдум байдын кызына" деп баарына түкүрүп, басып кетип калганга мүмкүнчүлүгүңүз бар болчу да?
- 2005-жылы жаңы бийликтин бизнесмендерге жасаган мамилесин көрүп чыны көңүлүм кайт болду, кетип калайын дегем. Казакстанда чоң бизнесим бар. Кыргызстандагы кыргызбайлыктан, эшигиңди сагалап акча сурагандардан, текшерүүчүлөрдүн алкымы чоңдугунан тажадым. Казак досторум, партнерлорум да "бул жакка эле келбейсиңби, жумуш толтура" деп чакырышты. Казакстанда мен негизги кожоюнмун. Аларда жаңы долбоорлор толтура. Казакстанда азыр бизнеске жашыл жол болуп атат, кредит арзан берилүүдө. Мен Кыргызстандан кетип калганда 10 миң адам кантет? Алардын баарын кантип алып кетем? Чынында мен өзүмдү ойлосом кетип калмакмын. Эл үчүн гана калдым. Анан Максимге жолугуп "эгерде оппозицияга мени байлап, кыса берсеңер, маселеси жок кетип калам. Иштетсеңер иштейм", - дедим. Максим болсо "мен сен жөнүндө уккам" деди. Себеби мактанбай эле коеюн, Казакстанда кадыр-баркым абдан бийик. Казакстанда иштеп келген Максимдин да кээ бир балдары мени "ишин жакшы билет" деп макташыптыр да, "иштей бер" деди.
- Иши жакшы жүрүшпөй турган Кара-Балта спирт заводун жетектей калам дегениңиз атаандаштарыңызга да жакпай калды көрүнөт.
- Максимге "Кара-Балта спирт заводу беш ай иштейт, беш ай турат. Мен ошол Кара-Балта спирт заводун жетектеп берейин" деп айтсам, "иштете алсаң, претензия жок" деди. Ага "Темир Сариев менин өкүл атам. Анан ага байлап эле мени баса бересиңерби. Мен элди жумуш менен камсыз кылып атам" дедим. Алмаз Шаршенович премьер-министр болгондо ага барып, "спирт заводду иштетип берейин" деген сунушум менен кайрылгам. Алмаз Шаршеновичке "эгер ушул спирт заводду алты айдын ичинде бутуна тургузбасам мени жумуштан алып саласыз. Спирт завод көтөрүлөт. Анткени, өзүбүздүн Кыргызстанда спирт завод турса контрабанда менен Казакстандан спирт келет" десем, анда "сен алкогол тармагын жакшы билесиң, иштет" деди. Спирт заводдун ошо кездеги абалы тууралуу айта кетсем, керек болсо азыр заводго каалаган журналисттер барышсын. Биз келгенге чейин спирт завод кандай эле, азыр кандай? Жабдуулардын баарын жаңы, заманбап үлгүдөгү техникаларга алмаштырып, евро ремонт жасадык. Спирт завод 46 жыл бою илгерки технология менен иштеп келген. Мурун Адил Тойгонбаев иштеп жүргөндө спирт заводдон акчаны соруп эле, заводду карабаптыр, оңдобоптур. Биз жетектегенден кийин оңдодук. Менин принцибим-тапкан акчаны кайра эле өндүрүшкө жумшоо. Ошондо өндүрүш кеңейип, көбөйүп иштей баштайт. Мисалы биз Казакстанда жаңы бизнес ачканда айына 2 миң доллар тапчубуз. Аны шериктештер менен бөлүп алсак, ишканабыз ошол бойдон 2 миң доллар таап калмак да. Тапкан акчабызды бөлүп-жарып алып кетпестен, ишканага жумшап олтуруп, жүз миң доллар таба баштадык. Мен Казакстандан келгенде миллионер болуп келгем. Анда Асанбай кичи районунда 2 бөлмөлүү квартирада жашачумун. Студент кезде Москвага каттап жүрүп алган квартирам. "Миллионер болуп туруп жөнөкөй квартирада жашайсың, эмнеге жакшы үй алып албайсың" деп досторум таң калчу. Досторго "эки бөлмөлүү квартирада уктаймынбы же эки этаж үйдө жатамбы, айырмасы кандай?" деп түшүндүрчүмүн. Себеби эртең менен жумушка кетип, кечинде келип жатам да. Тапкан акчаны кайра эле бүт заводго сала берем. Канча каражат салсаң, ошончо көп акча табасың.
- Акаев убагында сизди Айдарга, Бакиев убагында Максимге жармаштыра бергенден чыны тажасаңыз керек?
- Мен Максимдин же Айдардын артынан алкомагнат болгон жокмун да. Айдардын убагында эле алкомагнат болгом. Ошол кезде эле рынокко чыкканбыз. Спирт заводун менин курсташым, оштук бала башкарып турат. Улам жабдууларын жаңыртып олтуруп, азыр заманбап завод болуп калды. Кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү. Кесиптештердин баарысы азыркы жетекчиге ыраазы. Мурда айрым кызматкерлер башка жол менен көп акча таап, калгандары айлыкка отурушчу. Азыр андай нерсени токтотуп, айлыктарын жогору кылып койгонбуз. Ошол башка жол менен акча таппай калган 5-6 адам ыраазы болбой, ар кандай интригаларды уюштуруп жатышат. Журналист болобу ким болсо да барсын. Спирт заводдун ишин көрсүн. Мына биз иштеткен эки жылдан бери 130 млн. сом киреше берди. Мурда бир да тыйын таппай, өзү менен өзү болуп келген. Мисалы, Адилдин убагында жалгыз "Аю" эле эмес, башка арак заводдордун баардыгы "отметка" (жашыруун үлүш) берчү. Максим менен сүйлөшкөндө "откаттарды токтотсок, план аткарылат" - дедим. Алкоголь тармагында мынча салык төгүлүш керек деген план бар да. "Сени пара албайт деп өзүң айтсаң ошол баланы өзүңө текшерүүчү кыл" дедим. Ал бала менин классташым. Акылбек Эсенбиев деген жигит. Жакшы иштеп аткан жеринен суранып атып алып келгем. Эки жыл алкоинспекцияда иштеген. Биздин арак заводдо бир да бирөө Алмаз Батырбековичке "мен сага акча бергенмин" деп айта албайт. Арак заводдорго төгүп коет. Алардан "план толтурасың" деп талап кылат. План аткарбаган кээ бир арак заводдор бар, крышаларына таянып, бизди коркуткандар болду. Алар өздөрүнөн өздөрү жабылып калат.
- "Шаршенбек Абдыкеримовго кылмыш иши козголду, себеби ал көп бизнесмендердин бизнесин тартып алган" деген болбогон жалааларды жаап атышпайбы...
- Азыр мага Кыргызстандан бирөө келип "менин бизнесимди тартып алды" деп айтып, догуруна албайт. Эгер мен заводдорду алган болсом, мен аларды акчага сатып алып жатам. "Кылмыш иши козголду" деп гезитке чыкканы менен, мага укук коргоо органдарынан эч кандай чакыруу келе элек. Бул ушакты ошо мага кылмыш иши козголуп калса экен деп тилеп аткандар чыгарууда. Кыргызда жакшы сөз бар, "бирөөгө ор казба, ор казсаң да тайыз каз, өзүң түшүп калба" деген. Мен атаандаштарыма ушу гана нерсени айтып койгум келет.
- Азыр революцияга жамынгандар ызы-чуу түшүп, колунан келген-келбегени деле бизнесмендерди жамандап, каралап, атакага өтүп атышат. Сизде азыр абал кандай? Өндүрүш, ишканаларыңыз мурдагыдай эле иштеп атабы?
- Мен негизи өзүм саясаттан алысмын. Жеке бизнесим менен алекмин. Революциядан кийин күнүгө эле текшерүү. Ишканалардын баардыгы жабылып турат. Бир айдан ашып кетти. Мурунку революцияда 30дан ашык текшерүүчү органдар келип текшерип кетишкен, мында андан да ашып кетти го. Бүгүнкү күнгө чейин, тынымсыз текшерүүлөр болуп жатат. Бизде иштеген элдин баарысы нааразычылык билдирип атышат. Себеби, элдин баарысын акы төлөнбөгөн эмгек эс алууга кетирүүгө мажбур болдук. Жумушчулар "качан иштейбиз, митинге чыгабыз?" деп талап кылышууда. Бир нерсени түшүнбөй атам. Мамлекетте азыр стабилдүүлүк жок болуп атканда, эмнеге мекемелерди, ишканаларды текшерип, ишти токтотуп атышат. Себеби менин эле ишканаларымды текшерип атышат го десем, баарысын эле текшерип жатыптыр. Баары келип эле акча сурап атышат.
- Кыргыз эки революциянын баштан кечирсе, сиз бир кезде Айдардын досу деген, азыр Максимдин досу деген эки жарлыкты баштан кечирип жатасыз, тажап, кетип калгыңыз келген жокпу?
- "Аю" компаниясы жөнүндө айтып кетейинчи. Аталган компаниянын 2003-жылдан бери өлкөнүн казынасына төлөгөн салыктарын карап көрүңүздөр:
Өлкөнүн казынасына төлөнгөн салыктар: Социалдык фондго төлөнгөн төлөмдөр:
2003-жыл - 25 609 739 с.
2004-жыл - 92 204 369с.
2005-жыл - 104 277 626с.
2006-жыл - 115 511 583с.
2007-жыл - 124 779 616с.
2008-жыл - 149 154 892с.
2009-жыл - 186 222 186с.
2003-жыл - 192 762с.
2004-жыл - 288 513с.
2005-жыл - 342 207с.
2006-жыл - 536 010с.
2007-жыл - 1 053 565с.
2008-жыл - 1 155 051с.
2009-жыл - 1 113 576с.
Баардыгы: 797 760 011 сом.
Баардыгы: 4 681 684 сом.
"Аю" компаниясы 2009-жылы республикада эң көп салык төлөгөн 20 ишкананын тизмесинин катарына кирген. Башка ишканаларыбызды айтпай эле коеюн , жалгыз "Аю" фирмасы ушунча салык төктүк. Мени эң биринчи "Аю" фирмасы аркылуу тааныйт. Мисалы нан бышыруучу жай же тери иштетүүчү заводум бар экенин эч ким билбейт да. "Аю" фирмасы чыгарган продукцияны жалаң эле Кыргызстанга сатпайбыз. Биз Америкага да сатабыз. Орто Азия боюнча Америкада биздин эле арак бар. Жада калса казактардын арагы жок. Кытайга, Өзбекстанга сатып атабыз. Азыр Вьетнамга кетип жатат. Турция мамлекетине өкүлчүлүк ачканбыз, өз продукциябызды сатуу алдында турабыз. Көп жаш жигиттер чет мамлекеттен окууларын бүтүп атат. Биз ошол чет тилин билген балдарды таап, мисалы бул жакта кытайча окуган балдар бар, кытайлык кыргыздарды жумушка алып, ал жакта дагы база ачтык. Жада калса чет өлкөдө кыргыздын товары сатылсын деп, мага атаандаш болсо деле, кыргыз коньяктарын алып чыгып, сатып берип жатабыз. Ошол чет өлкөдө окууну бүткөн, тил билген балдарды жумушка алып, алардын ресурсун колдонуп, ишке алып, башка мамлекеттерге дагы филиалдарды ачып, аякта дагы продукциябызды сатып атабыз. Азыркы иш чарабызда Турцияга, Вьетнамга, Малайзияга филиалдарды ачуудабыз. Өзгөчө көңүлдү Турцияга буруудабыз, себеби туристтик мамлекеттерге көбүнчө туристтер мурдагы Советтер Союзунан барышат. Кыргызстан боюнча биздин эле арак чет мамлекетке чыгат. "Аю" компаниясы кайрымдуулук иш менен алектенбейт" деп жазышыптыр. Кайрымдуулукту биз башынан баштап эле колго алып келатабыз. Кыргызда "бирөөгө жакшылык кылганыңды айтпа" деген сөз бар эмеспи. Мен бир эле нерсени айтып коеюн, биз "Азиздер жана дүлөйлөр коомуна" акыркы жыйырма жылдан бери атайын азиздер үчүн китептер келбей калганын билип, ошондой китептерди таап, бир "КаМАЗ" машинасы толтура китеп сатып бергенбиз. Биз барганда мектептин администрациясы, тарбиячыларынын баарысы ыйлап жиберишкен, "мындай китептерди кайдан таптыңар?" деп. Көп жакшылыктарды жарыялабай эле келгенбиз. Көрсө айтып, ар дайым жаздырып туруш керек экен да. "Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун президенти Калык Мамбетакунов менен "Аю" компаниясынын атайын келишиминин негизинде, алар абактагыларга, карылар үйүнө, жатак мектеп интернаттарына, ооруканаларга атайын шырылган жылуу кийимдерди, жууркан-төшөктөр, матрацтар, шейшептерди тигип беришип, эки тарапка тең кайрымдуулук иштери жасалды.
Айрым гезиттер "арак заводдорду сүрүп чыгарып, өзү магнат болуп алды" деп жаздырып атышпайбы. Эгерде сүрүп чыгаргым келсе чындап эле сүрүп чыгарып салмакмын. Заводдордун баардыгы иштеп атпайбы. Менин өзүмдүн принцибимде, дайыма рыноктук экономика болуп, нормалдуу атаандаштык болушу зарыл. Принцибимди далилдей турган мисал, "Аю" рынокко катуу чыгып кетип атканда, ага конкурент кылып, өзүмө кайра эле "Ак каз" деген компания ачып койгом. Учурда "Аю" менен "Ак каздын" продукциялары кадимкидей бир-бирине атаандаш болуп иштеп атышат. Ошондуктан бир да заводду мен сүрүп чыгарган эмесмин. План аткара албай калгандар өздөрү сурүлүшчү. План аткаргысы келбегендер деле, аткарбаса да иштеп жүрүштү. Убагында "Алсу" деген компания планын аткара албай, лицензиясы алынган. Жобо боюнча план аткарылбаса лицензиясы алынат. Мен "Алсунун" кожоюнуна жолугуп, "планыңды аткар, менден эмне жардам керек?" десем, "спиртти карызга бериңиз" деди. "Макул" деп бердик. Ошондон кийин лицензиясын алып алып кайра эле иштеп жүрдү. Эгерде мен сүрүп салсам, спиртти бербей, лицензиясына жардам деле бербей коймокмун. Кээ бир арак заводдор "спирт заводго көзөмөл кылалы" деген ой менен чуркап атышканын түшүнүп атам. Бирок, курулай жаманаттылоонун да чеги болот да.
- Сиздин фирмаларда Максимдин канча пайыз үлүшү бар?
- Мен мамлекеттин спирт заводуна көз арткан жокмун. Өзүм спирт завод куруп алгам. Менин спирт заводум эң алдыңкы, заманбап, жогорку технологиялуу жабдуулар менен жабдылган, мындай спирт завод Орто Азияда да жок. Айрым заводдун ээлери "Кара-Балта спирт заводун дагы алып алабы?" дегендей, досумду калтырып койчудай болуп, "досун кетирели" деген ой менен чыгып атышат. "Максим менен чогуу иштейт, үлүшү бар" деген сөздөр болуп атат. Максимдин бир дагы ишканада үлүшү жок. Менин ишканаларым ага чейин эле курулган.
- "Агро" азык-түлүк корпорациясын жетектеп, көп иштерди аркалаганыңызды билебиз...
- Курманбек Бакиев чакырып, "азык түлүк корпорацияны иштетип бер" деп кайрылган. Менин "Агро" азык түлүккорпорациясына барайын деген оюм жок болчу. Анткени өзүмдүн жумушум толтура. "Барбайм" деп тырышып туруп алсам, "бизнесиме залакасы тиеби?" деген ойдо болуп, макулдугумду бердим. Эң башкысы мамлекетке иштеп берейин деген чын ниетте баргам.
"Агро" азык-түлүк корпорациясын жетектеп, жалаң жаш балдарды тандап алдым. Биз ишти баштаганда, базарда ундун баасы миң сомдон ашык болчу. Биринчи 750 сомго, кийин дагы түшүрдүк. Негизги товар нан, май болчу. Майдын да баасын түшүрдүк. Биринчи Россиядан май алып келип, баасын төмөндөтүп саттык. Мисалы чоң 4-5 фирма биригип, сүйлөшүп алып жогору баадан түшпөй сатышат. Ун менен майдын баасын түшүргөнбүз. Электр энергия тарифи көтөрүлгөндө, биздин "Агродогу" аналитик "Вечерний Бишкек" гезитине "бааны туура эмес көтөрүп ийди" деп жазып чыккан. Биздин "Азык-түлүк корпорацияда" ар бир баланын өзүнүн так кызматы бар эле. Дүйнөлүк рынокто буудайга баа 5-6 сом болуп жатканда, биз дыйкандардан 20 миң тонна буудайды он сомдон сатып алдык. Негизи "Азык-түлүк корпорациянын" максаты дыйкандардын данын сатып алып, бааны кармап туруу керек эле. Быйыл чет мамлекетке чыгып, фасолду, пахтаны алганга келишимдерди түзүп атканбыз. Дыйкандарга жардам берип, жаңы үрөндөрдү алып келип өстүртүп, 3-5 пайыз эле үстөк алчубуз. Биз фасолду дыйкандардан кымбат сатып алмакпыз. Пахтага да сатып алуучу тапканбыз. Казакстан менен Россияга консервацияларды сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Ал түгүл заказдарыбыз да бар болчу. Чүй регионуна помидор ж.б айыл-чарба продуктуларын таратып, Ысык-Көлгө дагы дыйкандарга фасоль айдатып, өстүрөлү дегенбиз. Себеби фасоль көп нерсеге керек.
Мен жаңы бизнес, жаңы долбоорду баштаганды жакшы көрөм. Менин ар бир фирмамда бирден башкаруучу олтурат, алардын жумушуна кийлигише бербейм. Ар бир менеджердин иши көрсөткүчтү көргөзүлүп турат. Эгерде көрсөткүчү түшүп кетсе, начар иштеп жаткан болот. Көрсөткүчү өсүп, күнүгө өнүгүп жаткан болсо, жакшы иштеп аткан болот. Ошол үчүн менден кадрлар да кетпейт жана аларды мен аябай сейрек алмаштырам. Айла жок, иштей албай койсо, иштен кетирем. Бирок менин кызматкерлеримдин баарысы жакшы иштейт. Ошон үчүн бүт ишканаларым өнүгүп иштеп атат деп мактанып койсом да жарашат.
Жылдыз МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«