"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева түштүк жергесине биринчи иш сапары менен барды. Роза айым менен бирге Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана Бөдөш Мамырова Ош шаарынын активдери менен жолугушту. Роза Отунбаева бир сааттан кем эмес убакыт сөз сүйлөп, "талаштан тактык жаралат" демекчи, Убактылуу бийлик талашып-тартышып, акыры бир пикирге келип, жакшы иштерди жасап атканын билдирди. Андан сырткары бүгүнкү талкууга алынып аткан баш мыйзам тууралуу өз оюн айтып, президенттик бийликти уратып, парламенттик башкарууга өтүү сунушун билдирди. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөстөн, биргеликте иш алып барууга түштүк элин үндөдү. Өз сөзүндө Роза айым "Экс-президент Бакиевди коңшу мамлекеттин президенттеринин кеңеши менен өлкөдөн чыгарып жиберүүгө аргасыз болдук. Бирок, Лукашенко аны чакырып алып өзүнө жаман кылды. Себеби бүгүн Белоруссияда оппозиция лидерлери ойгонуп, бийликти катуу сынга ала башташты. "Бакиевди баш кылып, анын үй-бүлөсүн эртедир-кечтир сөзсүз кармап келебиз" деп убада кылганы менен кандай жазаланарын айткан жок. Ал эми борбор калаабызда жана жер-жерлерде митинг уюштуруп, нааразычылык акцияларына чыгып аткан топтор тууралуу "алар Бакиевдин кишилери. Кайра бийликти алуунун аракетин кылып атышат. Мисалы, Бишкекте Нариман Түлеевдин аброю бийик болгону менен анын күнөөсү бар. Ошондуктан кылмыш иши козголуп олтурат. Ушул сыяктуу адамдардын коргоочулары өлкөдө абалды тынчтандырбай келишет. Биз буларды карап олтургудай макоо белек, өз ишибизди улантып, элдин келечеги үчүн күрөшүп атабыз" деди. Андан сырткары жаштардын иши боюнча Жаштар министрлигин ачышканын жана ал жакын арада өз ишин баштаарын маалымдады. Убактылуу өкмөттүн төрайымы сөзүн жыйынтыктаар алдында "Камбар-Ата-2" ГЭСи үстүбүздөгү жылдын 31-августунда ишке киргизилерин баса белгиледи. Жолугушууга келген шаар активдери Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө суроолорун узатышып, баш мыйзам, парламенттик башкаруу, утурумдук бийликтин жасаган ишине өз пикирлерин билдиришти. Ал тургай Убактылуу өкмөттүн ишине сын айткандар да кездешти. Ал эми Азимбек Бекназаров өлкөдөгү кырдаал, Конституция жана башка маселелер тууралуу сөзүн сүйлөп атып, "биз талашып-тартышып, тура калып кыйкырышып, мамлекеттин ишин кызуу талкуулайбыз. Кээде иш жакшы бышпай калса Роза Исаковна өзүнчө олтуруп алып ыйлайт" деди. Эки саатка созулган жыйындан соң Роза Отунбаева президенттин түштүктөгү резиденциясында болуп, ал жактан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, сыйын көргөздү. Убактылуу өкмөттүн жетекчиси журналисттерди көңүл сыртында калтырбастан, бир нече суроолоруна жооп кайтарды. Алар менен бирге "Айаттын" дасуроолору жоопсуз калган жок.





Роза ОТУНБАЕВА,
Убактылуу өкмөттүн төрайымы:
"Максимге тиешеси бар ишканаларды текшерүүгө алабыз"
- Роза Исаковна, алгач Москвага болгон иш сапарыңыз тууралуу айтсаңыз, кимдер менен жолуктуңуз, кандай маселелер каралды?
- 9-май Улуу жеңиштин 65 жылдыгын Россия эл аралык масштабда белгилеп, коңшу мамлекеттин президенттери менен кошо мага да чакыруу жөнөткөн. Биздин армия биринчи жолу Москвага барып, кызыл аянтка басышты. Жеңиш майрамына арналган салтанаттан кийин Дмитрий Медведев, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Худ Цзинь Тау менен жолугушуу болду. Алар биздеги 7-8-апрелдеги окуяларга өз пикирлерин айтып, тынчтыкты орнотууга үндөдү. Россия тарап "Кыргызстанга кандай жардам керек болсо колубуздан келгенин аянбайбыз" дешти. Учурда 23 миң тонна күйүүчү май, 2,5 миң тонна үрөөндүн уругун гуманитардык жардам катары беришти. Андан сырткары оор жаракат алган балдарыбыздын бири азыр Москванын ооруканасында жатат. Эми алдыда бешөөсүн жибергени турабыз. Революцияда катуу жарат алгандардын ден- соолугун чыңдоого зор салым кошуп атышат. Бул биз үчүн өтө жакшы нерсе. Ал эми Ош шаарына болгон иш сапарым тууралуу айтсам, бийлик алмашканына бир айдан ашты. Ушул күнгө чейин жер-жерлерге барып элдер менен жолугушууда боло элекмин. Бир аз баш-учубузду жыйыштыргыча мына журналисттер "Убактылуу өкмөт ачык жыйын өткөргөн жок, папке бөлүштүрүп атат" деп сындап жазып атасыздар. Мына эми бир аз жыйналып, жаңыдан иш баштаганга кириштик. Өзүңөр көргөндөй үч ирет ачык жыйын өткөрдүк. Азыр Ош шаарындагы жолугушуулар аягына чыгып, кайра борбор калаага кетип атабыз. Ал жакта да бир аз жолугушууларды өткөрүп, андан соң башка региондорго да иш сапарга чыгабыз. Мындай иш Убактылуу өкмөттүн миссиясы. Бишкекте олтуруп алып башка жерлерди башкара албайбыз. Ошто болгон жолугушууда көрдүңүздөр, "караны кара, акты ак" деп бетке айтып, кызуу талкуу болду. Биз буга чейин мынчалык ачык, бетке айтылган сөздөрдү уккан жок элек.
- "17-майда нааразычылык акциялары өтүп, андан чоң чатак чыгат" деген сөздөр айтылууда. Ушул нерсени алдын-алууга кандай аракеттер көрүлүүдө?
- Биринчиден, 17-майда элдин тынчын алган эч нерсе болбойт деп ойлойм. Боло турган күчтөр бир сөз менен айтканда реванщисттер. Булар "өч алабыз, Убактылуу өкмөткө каршы чыгабыз" дегендер. Биз буларга туруштук бергенге толук күчүбүз бар. Бизде армия, милиция, коопсуздук күч бар. Бийликти эч кимге алдырбайбыз. Биздин 7-апрелде курман болгон 86 баланын, алардын туугандарынын алдында милдетибиз шайлоого абдан таза, негиздүү программа түзүп, таза шайлоо өткөрүү. "Кимиңер келсеңер ошонуңар келгиле" деген жерибиз жок. Учурда биз элдин бейпилдигин орнотуп, коомдогу тартипти кармаганга кудуретибиз жетет. Нааразычылык акцияларын уюштуруп, элдин тынчтыгын бузуп аткандар ким экенин билип турабыз. Алар колунан эч нерсе келбесе да саясатка аралашып, "эмне кыла аласыңар?" деген мамилени жасап атышат. Мисалы, Барктабасов деп чыгып атышат. Барктабасов кыйын болсо келсин, анын үстүндө сот иши бар, күнөөсү жок болсо акталсын. Андан кийин президенттикке чыксын да. Анын президент болом деген максатына эч ким тоскоолдук жасаган жери жок. Жатып алып эле "17-майда тополоң жасайбыз" деп коркутканын уккандай биз макообузбу? Ал эми башка күчтөр тууралуу айтсам, алар ушунчалык бийликке суусап, бийликке жеткиси келгендер. Мына Куловду да жактагандар бар. Менимче Кулов абдан салмактуу, акыл-эстүү, ар-намыстуу адам. Ага эмне жетпегенинен митинге чыгам деп атыптыр. "Президенттикке чыгам" десе Мыйзамдуу жол менен чыксын. "Парламенттик шайлоого чыгам" десе "Ар-намыс" деген партиясын чыгарсын. Буга тоскоолдук кылбайбыз.
- Учурда мамлекеттеги жеке ишкерлерге кысым күчөп, айрым завод, фирмаларды жаап салдыңыздар. Ушунун негизинде жеке ишкерлер да нааразычылык айтып, жер-жерлерде "Аю" фирмасынын кызматкерлери митингге чыгып атышат. Ушул нерсеге эмне дей аласыз?
- "Аю" фирмасы тууралуу уктум. Бишкекке келгенде бул ишти өзүм көзөмөлгө алам. Биз чындыгында негизсиз текшерүүлөрдүн баарысын токтотушубуз керек. Кээде мындай иштерди башкы прокуратуранын жетекчилери өздөрү билбей калышууда. Муну жер-жерлерде иштеп аткан прокурорлор жакшы иштеп аткан фирмалардын тизмесин көтөрүп алып барып аларды коколоп, коркутуп акча алышат экен. Буга Убактылуу өкмөттүн күнөөсү жок. Ошондой негизсиз текшерилип аткан фирмалардын кожоюндары бизге белги берип, айтып турушса биз аны калыбына келтиребиз. Жакында ушул маселени карап, жалаң Максимге же өткөн бийликке тиешеси бар ишканаларды гана текшерүүгө алабыз. Калган ишканалардын ишин улантып беребиз. Антпесек биз бизнести жоготуп алуу коркунучунда турабыз.
Бурул МУСАБЕКОВА,
Бишкек-Ош-Бишкек




Минск митеси
Саша деген маршалды тааныйсыңбы?
Бакиевге башпаанек берип канатына калкалаган Белорусбашы Александр Лукашенконун жоругу жолдо калсын. Ал кыраан 9-май жеңиш парадында экзотикалык формасы менен аскер кызматчыларынын кыжырына өлө тийди дейсиң… Ой, анан баштан-аяк маршалдын кийимин кийип алып маңкайып, чест берип турса ким жерге түкүрбөсүн! Качкан президенттин капшабы менен Белорус оппозициясын ойготуп алып айласы куруганы турат. Уже, аякта да "башталып калыптыр" дешүүдө. Биздин каражолтой Курманбек Сашанын да түбүнө жетет окшойт.


Темир терезеден тиктешип…
Турдумамбетовго тууган эмес белең?
12-май күнү Генпрокуратура тарабынан экс-министр мамлекеттик мүлк башчысы Турсун Турдумамбетов кармалды. Ал кылмыш иш козголуп издөөдө жүргөндөрдүн ирдүүсү эле. "Т.Турдумамбетов М.Суталинов менен бирге кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген күнөө астында "Чакан ГЭС", "Түндүкэлектро" менчиктештирмейи жана 120 млн. доллар сыяктуу "итчиликтерине" жооп берет.


Коргошмойлор
Мэрлердин мен-мени
Кечээ шаардык мэрияны коргоп, "Ак Шумкар" партиясынын 200дөй мүчөлөрү желектерин көтөрүп турушту. Себеби, Жогорку Кеңеш алдына Нариман Түлеевдин жактоочулары чогулуп Убактылуу өкмөттүн иш-аракеттерин сынга алышкан. Жана Нариман мырзанын мэрияга кайра иштөөсүн талап кылышкан. Андыктан жаңы өкмөттүн аракети менен тиешелүү обьектилерди коргоо алдын-алынган.