mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Баканын эмнеси баа?

Чындык өлгөн жерден цензура башталат
Гезитибиздин өткөн саны жарыкка чыгары менен таңзаардан баш редакторубуздун чөнтөк телефону тынбай көңүл түшүргөн да, көңүл көтөргөн да коңгуроолордон бошобой калды. Себеби, ал номурубузда Улуттук телеканалда берилүүчү "Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" аттуу теледолбоорунда өткөн Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров менен ИИМдин экс-министри, генерал Өмүрбек Суваналиевдин талаш маеги чагылдырылган. Көңүлү чөккөнүн жылмаюсуна жашырган редактор "жаңы өкмөткө жардам беребиз дебатып, жаңылган окшойбуз" деп оозун жыйгыча, иш телефон чырылдап, андан "Азаттык" үналгысынын кабарчысы менен суроо-жооп маекке отуруп калды…
Ооба, белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева эжекебиз уюштурган ал телеберүүнү көрүп, бир ыраазы болсок, гезитте чагылдырылган толук вариантын окуп бир кубандык. Анткени суроолор курч, маанилүү даярдалып, Азимбек мырза менен Өмүрбек мырза да өтө жандуу, чынчыл, ачык маек курушуптур. Арийне, акыркы кездери бири-бирине сын көз менен караган лидер адамдарыбыз кемчиликтерин эл алдында бетке айтышуусу жокко эсе экенин танбайбыз. Бул жагынан алганда жанагы биз жабыша калып аткан "сенсация" деген неме так ушул айтылган ачуу чындыкта жатат. Коомчулук үчүн азыр чындык - бул сенсация!
Кыргыз эгемендүүлүк алып, демократия туусун желбиреткен күндөн тарта бир гана чындыкты издеп, бир гана чындыкка жетпей келетат. Бүгүнкү күндө чындык кимдин оозунан чыкса - ал пайгамбардай баа күтчүдөй десем ашкере кетпестирмин. Мына, биздин бийлигибиз эл караган бетибизди жер каратып, тез-тез мөөнөтсүз алмашканын айтып не, айтпай не? Жөн да эмес, качып-бозуп, атып-тоноп… Алакандай аккөңүл, сабаттуу, карапайым элин башкара албай жүдөп-какап… Эгер чындык соодаланса, артынан кан суудай агаарын көрдүк.
Башыбызга кандай бийлик келсе да "цензура" деген балекетке багалегин "айрытып" алып, оппозициянын очогуна "от жагып" далбастайт. Акыл-эстүү элита адамы эч убакта майдаланып, алаканындагы алсыздарга (анын ичинде журналисттерге) кыр көрсөтүп, кыйынсынбайт. Оркойгон ката кетирип алып, оозу айрылганча актанбайт. Мындайды кыргыз каймана түрдө "кыз боозуп, энесин коркутат" деп, согуп коет.
Мени иренжиткени, бийликке келгендин баарысы "чү" дегенделе массалык маалымат каражаттарын "маданияттуу менчиктемейге" аттанышат. Бул деген сөз: "Менин гана ишмердүүлүгүм даңазалансын, жалаң жакшы жагым макталып турсун" таризиндеги жандалбас. Алеми, ММКнын жалпы коомдук кызыкчылыкта болуусун экрандын бетинде айтышкандары менен артында абийир соодасы кызып атканын кашайып, туйдуруп коюшат. Дагы бир жагымсыз жагдай цензураны жектеп-сындап жүргөн оппозиция, чала-була бийлик таажысын кийип-кийбей эле ошол атың өчкүр цензураны сүйүп калышкандары ары өкүнүчтүү, ары жийиркеничтүү.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев "биз оппозицияга жакшы шарт түзөбүз, аларга түшүнүү менен мамиле кылып, колдойбуз" деп айтты. Туура, минтип жаңы өкмөт айтпаса ким айтат? Бирок, ошол эле учурда 17-майда болот деп имиш катары болжонуп аткан митингге ошол эле Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү "булардын артында ким турарын билебиз, уюштуруучуларына чара көрөбүз" маанисинде пикирин билдирди. Иши кылса баш-аягын жыйнай албай аткан жаңы бийликке "андай-мындай" деш да кыйын болуп турат. Антейин десең кемчиликтин баарына эле көз жумуп, кол шилтеп коюу да өз абийириңе чыккынчылык кылгансып…
Не болсо да айтайын деген ойдун анабашына кайтсак, береги Азимбек, Өмүрбек мырзалардын эфирдеги эрөөлү Улуттук биринчи каналда шаршемби күнү теленин убакыт-шартына өлчөнүп, монтаждалып берилсе, анын эртеси бейшемби күнү "Айат пресске" кескиленбей, гезит шартына ылайык чагылдырылып отурат. Мунун тегерегинде өйдө-төмөн суроо туудуруп, обу жок эле элеңдей берүүдөн кажет жок. Окурман журт өзү күбө болгондой кыргыздын эки бирдей мыкты уулу өлкөбүз өткөрүп аткан оор күндөрдө ачуу чындык айтышып, келечек үчүн күйүп-бышканынан трагедия издөө жалпак айтканда - караңгылык. Чыканактай редактор кызды "эми жоопко тартабыз десе жоопко тартышсын, мен бардык нерсеге даярмын" дедиртпей эле, жыйырма биринчи кылымдын жарыгында жашап атканыбызды эстеп койгонубуз оңдур. Элбагар эрендердин айтып-деген чындыгын элге жеткирип кою журналист үчүн кылмыш эмес. Кылмыш деп жүздөп-сандап карапайымдарды атып салып, анысын миллиондогон долларлар менен "жазгырып ойноп" качып жүргөн каражолтойдун жоругун айтат. Андыктан ашкере эле "бака көтүн баа кыла" бермейден алыс бололучу, байболгурлар…
Жумабай АБДАН




Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

Азимбек БЕКНАЗАРОВ
"Күнүгө 100дөн кадрлар дайындалат" дегенге кошулбайм"

(Уландысы. Башы өткөн санда)
Азимбек Бекназаров: - Кол тийбестиги алынган жок, бирок, алар мага "кел, Бакиевге кол сала бер, биз силерге гарант берип, акыйкат, таза тергөө жүргүзүп берели" деп, атүгүл мени чакырышпадыбы. Бакиевге бир топ суроолор бар, ошолорго жооп берсин. Бакиев сыяктуу эле Акаевге дагы көп суроолор бар. Ошондуктан алар өз ыктыярлары менен келип, эртеби-кечпи баары бир кетирген кемчиликтери үчүн эл алдында жооп бериши керек.
Бүбүкан Досалиева: - Өмүрбек мырза, Убактылуу өкмөт азыр ишке киришип, бир топ кызмат орундарына жаңы адамдарды дайындады. Кадрдык саясат кандай жүрүп жатат деген ойдосуз?
Өмүрбек Суваналиев: - Биринчиден, мен Азимбектин сөзүнө кошумча кылып "минский" конвенция боюнча айтып койсом болот. Катты башка мамлекетке, мамлекеттин атынан жөнөтүш керек. Медведев деле "силерде мамлекеттүүлүк жок калды, анткени Конституцияңар жок, бийлигиңер жок" деп айтып атпайбы. Бул чынында юрист катары айтканда, булардын айтып аткандары жөн эле жел сөз. Убактылуу өкмөттүн кагазына башка мамлекеттердин бири да экстрадиция кылбайт, карабайт дагы. Бул эл аралык нормада чечилчү нерсе. Ошон үчүн Дырылдаев "Конституцияны жаңы бийлик келип жазмайынча, бул шайлоо алдындагы кампаниянын сөздөрү" деп туура айтып атат.
Б.Д: - Сиз кандай дейсиз?
А.Б: - Мен айтып коеюн, бүгүнкү Убактылуу өкмөт менен ошол мамлекеттер иш алакасын жүргүзүп атпайбы. Кредитин берип атат. Башка да маселелер боюнча мурдагы келишимдер күчүндө калууда. Ошону тааныйбыз деп жарыялап атат. "Минский" конвенциянын мүчөлөрү дагы ошол келишимди тааныйбыз деди. "Аны тааныбайбыз" деп эч ким чыгып кеткен жок.
Ө.С: - Буга бир мисал, Атамбаев Москвага барып келгенде "бажы тарифтеринин баасын өзгөрттүк, күйүүчү май келет" деди эле, бүгүнкү күндө май жок, талаа жумуштары токтоп калды. Ал эми жанагы "Бакиевди алып келебиз" дегендердин сөзү бүгүнкү күндө аткарылбайт. Анткени, Убактылуу өкмөттү официалдуу кабыл алган эч бир мамлекет жок. Эч ким тааныбай жатпайбы.
Б.Д: - Азимбек мырза, сиздин жообуңуз…
А. Б: - Айтып койчу жагдай, эл аралык келишимдер боюнча бардык мамлекеттердин элчиликтери биз менен келип макулдашып кетти. Азыр деле эл аралык келишимдер мурдагыдай күчүндө иштей берет. Ошонун ичинде Ганси деле иштеп атат. Ал эми "минский" конвенциясы бул эл аралык документ. Ал бүгүн биздин бийлик алмашып кетсе эле жокко чыгып кете турган нерсе эмес. Ошондуктан Бакиев кеткенде деле биздин прокуратура органдары иштеп атат. А "минский" конвенция боюнча генералдык прокурорлор жазат. Генералдык прокурорлордун ортосундагы иш. Аны президент жазбайт.
Ө.С: - Конституцияны жокко чыгарбадыңарбы. Анан Конституция жок болсо, Конституциялык сотту жокко чыгарсаңар, парламентти жокко чыгарсаңар кандай иш болот? Экинчи кадр маселесине кайрылсак, кадрларды кызматка коюп аткандарын көрүп, чын эле күлкүң келет. Бир күндө жүздөн ашык дайындоо болот. Революция десе эле кызматка революциялык жол менен бара берүүгө болбойт да. Алар деле баары биздин атуулдардан. Эми тээтиги айыл өкмөттөн бери коюп алуунун эмне кереги бар? Бул бүгүнкү күндө жөн эле саясат. Булар бир гана алдыдагы шайлоого гана даярданып атышат. Болбосо элдин бейкутчулугун, эртеңки күндү ойлосо, талаа жумуштардын, салык чогултууну колго алыш керек эле.
Б.Д: - Буга сиздин сунуш кандай?
Ө.С: - Булардын поезди кетти. Иштете албай калышты. Бүгүнкү күндүн саясаты менен алектенгендер, чындап саясаттан кетиши керек. Роза Отунбаеваны калтырыш керек. Азимбек "шайлоого барбайм" десе, анда калсын. Калгандары, Текебаев, Атамбаев, Сариевдер баарысы өздөрүнүн саясий жумуштарын аткарсын. Кадрыбыз көп деп айтып атпайбы, кызматка ошолорду алып келип койсун. Шайлоого чейин жакшы иш алпарсын. Ошондо гана туура болот. Болбосо бүт баары пиар болуп калды. Азыр Убактылуу өкмөт кайсы бюджет менен жашап атат? Мисалы, мен билбейм. Бирок, булар "тигини кылабыз, муну кылабыз, үй сатып беребиз" сыяктуу көп иштерди айтып атышат. Акча жок болуп атса каяктан сатып беришет. Мына баалардын баарысы өйдө көтөрүлүп атат. Чек аралардын барысы жабылып турса. Кантип оокат болот?
Б.Д: - Бул жалпы кыргыз жарандарынын милдети болуп атат. Ошондуктан туңгуюктан чыгууга сизде кандайдыр бир сунуштар бардыр. Эгер Өмүрбек мырза сунушун айта турган болсо Убактылуу өкмөт кабыл алууга даярбы?
А.Б: - Биз баардыгын чакырып атабыз. Бирок, күнүгө жүздөн кадр дайындалат дегенге мен эч кошулбайм. Азырынча биз дайындаган кадрлардын саны жүзгө жете элек.
Ө.С: - Силер өкмөттү эле эмес министрликтерди да карагыла. Мына, бир эле энергетика министрлигин алсак, жаш кезимде Каракөл шаарында иштеп калгам. Ошол жактагы каскаддагылар келип "бизде династия жолунда иштеп аткандардын баарысын алмаштырып атат" деп айтышууда.
А.Б: - Ширшовдун менчигине өтүп калган жерлерде алмашуу болуп атат.
Ө.С: - Каракөлдүн тургундары да Ширшовдун менчигине өтүп калыптырбы?..
Б.Д: - Азимбек мырза, сизге кадрдык дайындоолор боюнча Урмат Акуновдун берген суроосу бар. Анда жаза өтөө мекемелеринин башкармалыгынын башчылыгына мурда 2006-2007-жылдардагы апрель митингдери болуп аткан кезде Нарын ШИИБин жетектеп турган Нуралиевди коюп койду. Буга Азимбек Бекназаровдун өң-тааныштыгы бар деген пикир айтылууда…
А.Б: - Урмат менде болгон. Арызы колумда. Бул Нуралиевди эч ким дайындаган жок. Биринчи жетекчилер кеткенде ал орун басар экен, жетекчилик автоматтуу жол менен ошого өтүп калган. Азыр Нургалиевдин маселеси боюнча спецпрокуратура иш козгоп, тергеп атат.
Ө.С: - Урматтын суроосу боюнча айтып коеюн. Мен Нарын облусунда губернатор болуп турганда Нуралиев деген ШИИБдин жетекчиси болчу. Мен аны координациялык кеңешке салып, кызматтан бошотком.
Б.Д: - Өмүрбек мырза, сиз "Азаттыкка" берген маегиңизде "Кыргызстандын келечеги үчүн кыргыздын аттуу-баштуу адамдарын чогултуп, ошолордун акыл кебин угуш керек" деген сунуш киргиздиңиз. Эмне үчүн сиз генерал катары ошолордун башын кошуп, азыркы Убактылуу өкмөткө жардам бербей жатасыз? Алардын башын кошуш үчүн эмне керек?
Ө.С: - Ишеним керек. Ишеним жок болсо каяктагы сөз болмок эле.
Б.Д: - Демек Убактылуу өкмөткө ишенич жок экен да?
Ө.С: - Мен ишенбейм. Мына, Алмаз Атамбаев экөөбүз 7-апрелде сүйлөшсөк, аны "Өмүрбек жумуш сурап келген" деп башкача айтып атышат. Ошондо "Мелис Турганбаевди Бишкек гарнизонунун жетекчиси кыл, мен жардам берейин. Андан кийин мен өзүмдүн жолум менен кетем, силерге кошулбайм" дедим. Ачык сөз, мына Бекназаров деле билет, буга чейин мени канча чакырдыңар, мен кошулган жокмун, туурабы?.. Ошентип аткандан кийин каяктагы ишеним болсун. Негизи ушундай оор убакта элдин башын кошуп, Убактылуу өкмөт консолидацияга келиши керек. Анан туруп алып эле "тиги мындай экен, ал андай экен" дегенде алыс кете албайт.
(Уландысы 10-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."





??.??