mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"
- Нариман мырза, сизди "2005-жылы 24-мартта Акаевге жагалданып, "ак шапкечендерди" уюштуруп, кызмат кылган" деп жүрүшөт. Анан кандайча Бакиев менен иштешип калдыңыз?
- "Ак шапкечендер" окуясы боюнча, тергөө иши жүрүп, сот болгон. Эч ким, эч кандай далил тапкан жок. Мен февралдын 16сында "Темир жолго" начальник болдум, 24-мартта революция болду, туурабы? Анан баягы сегизинде бийлик талашабыз дешкен да. Андан кийин да менин ордума алып келип бирөөнү коюшту. 8 ай "Темир жол" тополоң болуп туруп алды. Ошондо Үсөн Сыдыков аралашып, элдин суроосу менен кайра "Темир жолго" отургузушкан. Эки ай эле иштегем. Эки айдын ичинде, алты айлык эмгек акысын, бердирткенмин. Эл ошого түшүнүп, билип, элдин суроосу менен отургузушкан.
- Мен билгенден сиз саясатка деле кийлигишкен эмессиз. Шаарды оңдоо менен алек болгонсуз да. Убактылуу өкмөттүн кара тизмесинде сиз жана сиздин бир-туугандарыңыз жүрөт. Эмне деген күнөө коюп атканын түшүндүрө аласызбы?
- Мен ушунча болуп саясатка аралашкан эмесмин, ачык эле элге-журтка айткам. Мен иштедим, саясатты иш менен көрсөттүм, туурабы? Мэр болуп бир жыл жети ай иштептирмин, бүт жасалган иштерим турат. Уюштургуч, иштерман экенимди билгендер бүгүн мени эптеп саясат талаасынан жоготуш керек аракетин көрүп атат. Мен булардан эч нерсе сураган жокмун, тоскоол кылган эмесмин. Өкүнүчтүүсү, жаңы өкмөт экономикага көңүл бургандын ордуна, саясат менен алек. Мындай да, Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында да жакшы иштегендер болгон, баарына бир мамиле кылыш керек да. Эми аны алар чечпейт, эл чечет. Булар баягы Акаев, Бакиев кылган нерсени кайталап атышат. Ошол эле маалымат булактарын бүт "блокировать" этип салышты, теле берүүгө чыгартпай атышат. Күнү түнү 50-60 кишини изиме салып коюшкан, жанагы бандиттер артыман кубалап жүрүшөт. Ушу дагы укуктук мамлекетпи? Туура эмес деп ойлойм. "Бакиев бандиттик саясат жүргүзүп атат" деп кыйкыргандар Бакиевден ашып түшүштү.
- Бандиттер деп айтып калдыңыз, 7-апрель күнү кан төгүлүп атканда кайда элеңиз, ошол окуяга кандай күнөөм бар деп ойлойсуз?
- Биринчиден 6-апрелде мен теле аркылуу кайрылуу кылдым, ошону тапсаңар болот. "Кан төгүлбөш керек. Бийлик үчүн бир кишинин канын төгүү акылга сыйбайт, түккө турбайт" деп расмий түрдө теле берүүдөн жетекчилерге кайрылгам. Мен 7-апрель күнү кечинде жумуш ордумдан 7.30 - 8.00дөр чамасында чыгып кеттим. Шаар таланууга түштү. Бирок, бирөөсү да мэрияга тийген жок. Анан мага белги беришти, "кетип кал, кетпесең атабыз" дешти. Акырын мэрияга шаар кеңешинин депуттарын, бүт райондордун акимдерин чогулттум да, түшүндүрдүм. "Элдин жаалы катуу, ок атпаса болот эле, эми болбой калды, эми күүгүм кирери менен кечинде талап-тоноочулук башталат. Бүт дүкөндөргө эскертүү бергиле, товарларын чыгарып кетишсин" дегем. Анан мен мэриядан чыгып кеткенден кийин башаламан түн башталды.
- Айтсаңыз, Убактылуу өкмөттөгүлөр "Бакиевге жакын, бизнеси бар, бийликте иштегендерди биз эмес бандиттер кууп, уурдап атат, биздин тиешебиз жок" деп айтып атышпайбы. Бандиттер, сизге да келдиби акча талап кылып?
- Ооба, мага да келишти. Эмне үчүн мени чыгарбай атышат? Ошолорду байлап коюшту да мага "чыкпасын" деп. Бир үйдөн бир үйгө көчүрүп, ошолор чыгарбай атат да азыр.
- Сизди "Максимдин жакын досу болгон, Жаныш менен үзөңгүлөшкөн, далай жолу кафе-саунада чардаган, мамлекетти талкалаганга салымы бар" деп айтып атышпайбы, ушуга кандай карайсыз?
- Мэр болуп, "Темир жолдо" отуруп, бир кафе, ресторанга барган эмесмин. Максим, Жаныш менен ээрчишмек турсун, жеке өзүм барган эмесмин эч жакка. Мен ошо мэриядан тамак иччүмүн, ылдыйдагы ашканага кирип. Кайдагы сауна? Бир кассетасын көрсөтсүн саунадан. Ошо бийликте отургандын баары Максим, Жаныш менен байланышта болсо болгондур. Бирок, мени чапташтырышпасын. Мен чарба иштери менен алек болуп, шаар үчүн күнү-түнү иштедим.
- 17-майда бизде дагы бунт чыгат деп атышпайбы? "17-майды Нариман Түлеев, Данияр Үсөнов, Бакиевдер акча таратып, уюштуруп атат" деп айтып атышат, буга эмне деп жооп бересиз?
- Эми мындай да, Данияр Үсөнов тарифтерди көтөрүп атканда президент Бакиевге "туура эмес кылып атат" деп айтып, ноябрда эң биринчи каршы чыккам. Данияр Үсөновду мэрликтен алып, мени мэр койгондон бери эле экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей калды. Данияр жолуккан жерден эле айдан-ачык "сен менин душманымсың" деп, канчалаган өкмөттүн жыйынынан калчылдашып, кармашабыз. "Сен мени жаман көрөсүң, мен да сени жек көрөм" дегенге чейин барган да. Данияр Үсөнов Бакиевдин "шыйрагы". Анан андай "шыйрак" менен биригип, келесоо болуптурмунбу? Мен эч ким менен бирикпейм. Бирок, мени айтып атпайбы Акаев, Бакиевке кошулду, анан азыр дагы бирөө менен деп. Мен эч кимге кошулбайм! Мен өзүм менен өзүммүн! Кошулгусу келсе, мага келип кошулушсун. Мен ойлоном кошомбу, жокпу…
- "Нариман жөн кетпей мэр болууну кыялданып, шаарды ичип жегиси келип атат, ошон үчүн Нарын элин көтөрүп атат" дешүүдө. Сизге мэр болуунун кажети барбы? Кадамыңызды кандай баалайсыз?
- Мен эмес, эл суранып атат "Нариман Түлеев кайра келсин" деп. Мэрлик орунга шайлоо болсо, ат салышам. Азыр бирок элден барып, жалдырап суранган жокмун да, "мени койгула" деп. Жеп-ичип, жыргап, чардасам жанагындай гүлдөр, жолдор курулуп, тазаланып, шаар өзгөрүлөт беле? Шаар кулпурганын кантип эл эсинен чыгарып койсун!? Мени коюп, мэр болуп, мурунку 15 жылдан бери жеп-ичкендерди сурабайбы. Мен шаарды ошол эле бюджет менен оңдодум же оңдогон жокмунбу? Таразага салып көргүлө.
- Суракка неге келбей жатасыз? "Түлеев качып кетти, чет өлкөдө" деп атат, жашыруун болбосо айтсаңыз, кайда жүрөсүз?
- Эч кайда качкан эткен жокмун. Бишкекте элемин, кудай буюрса көрүшөбүз.
- Суракка келесизби?
- Ызы-чуунун шарданы менен тиешеси барын, жогун деле суракка чакырганын токтотушса болмок. Убактылуу өкмөт биринчи бийлик стулдарына отурушсунчу. Кимиси менен сүйлөшөсүң? Кимиси ким, өздөрү деле башы айланып атса керек, Азыр 14 адам башкарып атат. Бакиевдин 6 бир-тууган, эки баласы болсо, булар 14пү 15 киши. Булардын канча тууганы бар, канча балдары бар? Адегенде түшүнөлүк кимиси кандай болот. Минтип отурса, көрүнгөндү көрүнгөн жерге коюп, эмнени көрүп атабыз? Бүгүн мамлекетке солярка, бензин алып келиш керек, Казакстан, Россия чегараларын ачыш керек. Бүгүн эмне болот? Бүгүн портфель менен иштеп атабыз. Биз эмне 1917-жылга кайра келдикпи? 20 жылдан бери мамлекетти курганда, эмне деген Конституция, мыйзамдар жасалган. Ошонун баарын бир заматта декрет менен жоготуп, анан кайра жаңы мамлекет түзгөнү келгени жатышабы?
- Убактылуу өкмөт өз катасын түшүнүп, Бакиев менен иштегендердин баарысын куугунтуктабаса, жай отуруп, кеңешип-кесип сизге сунуштарды айтса, иштеп берет белеңиз?
- Мен азыркы келген бийлик менен иштеше албайм. Жаңы бийликтегилер укуктук талаага өтүшсүн. Анан кай жакка кандай болорун көрөлү. Алардын иш-аракеттери мага жаккан жок. Мен шайлоого гана барам. "Мэрди ак, таза шайлоо менен шайлайбыз" деген сөзүнө турушсун булар.
- "Шайлоодо 100 пайыз жеңем" деп ишенесизби?
- Аны ким билет? "Жеңем" деп ишенип, ишенбесе да болот. Эл тараза да. Эмгекти бааласа, эл баалайт, элдин чечимин мен туура көрөм.
- Азыр бизде кызуу талаш-тартыш, бири "парламенттик республика болушубуз керек" десе, бири "жок, президенти күчтүү мамлекет керек" деп атышат. Сиздин оюңузча кандай болуш керек?
- Президенттик-парламенттик республика болуш керек.
Жылдыз МУСАБЕКОВА




Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага жана
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө Кайрылуу
Биз, Нарын эли өлкөдөгү тарыхый өзгөрүүгө өтө кубанычтабыз жана элдик жеңишти колдойбуз. Бирок, революциялык толкундагы айрым калыссыздыктарды белгилегибиз келет. Нарын эли өзүбүздүн уул-кыздарыбызды ар дайым колдоп келебиз. Жердешибиз, өлкө үчүн мыкты кызмат өтөгөн Нариман Түлеев менен сыймыктанабыз. Борбор шаарыбызга кыска убакытта жасаган эмгегин баарыбыз билебиз. Андыктан анын тагдырына кайдыгер эмеспиз.
Биринчиден, эгер Нариман Түлеев революцияга каршы чыгып, Бакиевди коргоп Нарынга келип элге кайрылса, анын кадыры үчүн нарындыктар митингге бармак эмес.
Экинчиден, ал биринчи болуп тарифтердин өсүүсүнө каршы чыккан жана аз-камсыз үй-бүлөлөргө материалдык жардамдарды көп көрсөткөн.
Үчүнчүдөн, аны "шаардагы мародерлук, башаламандыкты уюштурган" деп күнөөлөшүүдө. Андай болсо өзүнүн "Караван" супермаркети бүтүн калбайт беле.
Төртүнчүдөн, ага Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен иш козголуп, куугунтукталып, өзүнө жана туугандарына издөө салынды. Ошол эле учурда Элмурза Сатыбалдиев өңдүү эл душмандарына эч кандай чара колдонулган жок. Элди атууга буйрук бергендердин ичинде Э.Сатыбалдиев бар экенин баары билет. Ал, анын табакташтары сайрандап, эркиндикте жүрөт.
7-апрель революциясында Нарын облусунан 27 адам окко учту. Анын 15и Нарындан, 85 адам оор жаракат алышты. Буга Убактылуу өкмөт сөзсүз көңүл бурушу керек! Өлгөн 87 жигиттин жарымысы нарындыктар экени факт.
Азимбек Анаркулович, Нарындыктар төңкөрүшкө активдүү катышып, митингди 17-февралда эле баштаганын сиз эң сонун билесиз. Сиздин аны унуткарууга акыңыз жок.
НариманТүлеевдин башкы артыкчылыгы- саясатка эч кийлигишкен эмес. Ал өзүн мыкты экономист, адис катары актады.
Бул Убактылуу өкмөткө эң жакшы белгилүү. Бирок, анын өмүрүнө коркунуч туулганын, 7-апрелден соң убактылуу борбордон кетүүгө аргасыз болгонун биз билдик. Коркунуч болмок тургай, үй-бүлөсүнө кысым болуп, үй-мүлкү таланып тонолгон.

Урматтуу Роза Отунбаева!
Урматтуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү!
Нарын эли намыстуу болгон, боло берет. Биз уулубуздун өлкөдөн куулушуна жол бербейбиз! Анын эмгегин татыктуу баалагыла. Ушуга байланыштуу биз талап кылабыз:
1. Түлеевге куугунтук токтотулсун!
2. Нариман Түлеевди каралоо токтотулсун!
3. Кылмыш ишин козгоо токтотулсун!
4. Үй-бүлөсүнүн, өзүнүн коопсуздугу кепилдикке алынсын жана шаарга келтирилсин!
Бул талап жалпы элдин талабы! Эгер биздин талабыбыз орундалбаса Нарын эли чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экенин эскертебиз!
Ошондой эле биздин талаптын орундалышын массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылышын жана да талап кылабыз!
Урматтоо менен нарындыктар. 3-май, 2010-жыл.
Ушундай эле мазмундагы кайрылуулар Шаардык эмгек ветерандарынан, 104 адам кол койгон Республикалык дарт аныктоочу борбордун кызматкерлеринен, Шаардык Кеңештин депутаттарынын төрагасы А.Суракматов баш болгон "Кыргыз Темир Жолу" компаниясынын жамааты, "Татыктуу Кыргызстандын келечеги үчүн!" Жаштар уюмунун ассоциациясынан редакциябызга келип түштү. Анын бардыгына гезит бетинен орун берүүгө мүмкүнчүлүк чак. Кайрылуучулар туура түшүнөт деген ойдобуз.



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."





??.??