Жалаягы кургабай калды го…

Коргомоктон кончуңа тык!
Түштүктө "Бакиевди коргоо" комитетин түзүп алып кайсы бир аялдар тобу ажылдап атат дейт. Сыягы Үсөн аке Сыдыковдун ОБОНчуларынан кем эмес го. Угушубузча Жалал-Абад жашоочулары жалаң жашыл акчалар менен соода жүргүзүп калышыптыр. Аны бакиевчилер тараткан имиш. Мынчалык пастыкка түшүп, этекке жашынган президент сөрөйдү "коргоонун" зарылчылыгы канча? Ал ансыз деле айтпады беле күпүлдөп "аялдар эмес, автомат менен коргоном" деп. Коргомоктон кончуңарга тыксаңар да, ал эми эч ким эмес!


Бөлөк эл, бөтөн жерде
Нурланбек Абдураимжанга бел болуптур
Алыскы Түркиядан редакциябызга кат келди. Анда Кыргызстандан Стамбулга кеткенине көп жыл болгон Нурланбек аттуу замандашыбыз тынчсызданып минтип жазыптыр: "…Түркияда жашап жатам. Кечөө балдар телефон чалыптыр "байке бир кыргызстандык комада" жатат деп. Барсам башына доо кетиптир, доктурда жатат. Аты жөнү Курбанов Абдураимжан Максуталиевич экен. Каттоодо турган жери Ош облусу, Өзгөн району А.Темур көчөсүндөгү №125-үй" деп, сүрөтүн кошо жибериптир. Көрдүңөрбү, түндүк-түштүк деп калп эле ич-ара ызылдашканыбыз менен сыртка чыкканда минтип бири-бирибизге кыргыз болуп эле күйүп-бышабыз. Келгиле эми, Абдураимжандын ага-тууганын эртерээк табалы!


Ширшовдун "Ш"сы жок
Саламат саламат эле башкарып атат
Саламат Айтикеев деген улуттук герой пайда болду. "Кыргызгаз" ААКсынын гендиректору болуп турганда ага карата финполиция тарабынан кылмыш иши козголгон имиш. Кылмышкер үй-бүлөнүн карамагындагы фирмаларга жаратылыш газын итбекер баада саткан деген айып менен. Ал иши азыр баш прокуратуранын кароосунда. Кылмыш иши козголгондон кийин Саламат "саламаттыгы тайып" ооруканага жатып алган. Ал ортодо ММКында "Саламат Айтикеев издөөдө" деген "жел" тарап кеткен. Ооруканадан 3-майда чыккан Саламат мырза азыр 2 тизгин бир чылбырды колго алып, "Кыргызгазды" башкарып турган кербези. Кызыгы, "Максимге, Ширшовго жакындыгы бар" деген кептер суу кечпей калганында. "Акча" деген көпүрө топон суудан да куткарат бейм…


Кыздан жел кетти
Малеваныйлар "мазги" чагат
Еврей жүрүштөр кыргызды кыйлага эзет окшойт. 4-май күнү камакка алынган Оксана Малеваная ачкачылык жарыялап коркутса, адвокаты менен атасы Александр Малеванный "кызымдын камалышы туура эмес" кыязында АКШнын Мамдепартаментине жана Орусиянын Мамдумасына кайрылуу жолдоп, даттанаарын рекламалап жүрөт. Оксана айым кыргыз саясатын обу жок ойрондогону сырттан караган аккөз-көккөзгө деле белгилүүдүр. "Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат" деген ушул да, таңгөрү.


Май-талкандан жыт келбей…
Исаков "И" десе, Отунбаева "О" дейт
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков парламенттик башкарууга макул эмес экенин билдирди. Андан ары күчтүү президенттик башкарууга Конституциянын даяр долбоору бар экенин кошумчалады. А Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева президенттик башкаруунун кандай экенин мурдагы эки бийлик көргөзгөнүн, Кыргызстанга топтошкон парламенттик бийлик керектигин айткан. Ушунакай, бирдиктүү бийликтин бириндеген ойлору. Элбагарлардын ээгин тиктеп отурсаң, май-талкан жакын эместей…


Жокторго жок
Кунакуновдун куулугунан кутулалы!
"Ак Жол" партиясынын жаштар канатын баштап жүргөн Максат Кунакунов деген бар эмес беле. Ошол кыйын азыр "Жаңы Максат" деген кыймыл түзүп жаңы саясатка аралашканы туру. Мындай беткап алмаштырмай фокустар "Мы сердцем за город", "Здоровый образ жизни", "Молодежная корпорация Кыгызстана" деген аты-жыты небак ириген үйүр-топтордон да бар. Ошто жаштардын башын айлантып, "биз акылдуубуз, биз жасайбыз" деп дүргүткөн да ошолор. Кечээ эле Максим Бакиевдин таманын жалап, бүт кыргыз жаштарынын атын булгаган Максат Кунакунов, Анастасия Завьялова, Рустам Юсупов аттуу "айла жокторго" бүгүн жол жок!


60 тыйын айланып…
Үсөнов атындагы үй курулат
Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев жакшы жаңылык айтты. Баягы-ы, Данияр Үсөнов "соткадан" жеп алган 60 тыйындын эсебинен 200 миллион сом солонгону эсиңерде да. Ошол акча апрель окуясында курман болгондордун урук-туугандарына үй салып берүүгө жумшалат экен. Аны "Азат" курулуш компаниясы колго алып, жеңилдетилген салыктан пайдаланат. Бул демилгеге абонент ээлери деле каршы эместир. Кайрымдуулуктан ким качмак эле?

Айат пресс