mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Сырдакана

Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."
Кыргыздын атын бир канча мамлекеттерге таанытып, мукам үнү менен башка улуттун элин багындырган Жанета Бобкова бүгүн биздин төрдө. Жакында эле алыскы Америкадан кайтып келди. Америкага болгон бир айлык сапары, эс алуусу, чыгармачылыгы жана алдыдагы пландары тууралуу маектештик.

- Жанета, Америкага кандай барып келдиң, кандай кызыктарга күбө болдуң?
- Ал жакта Гарвард университетинде изилдөө иштери бонча сиңдим менен күйөө балам эмгектенет. Ошолордун чакыруусу менен Америкага 3-апрель күнү учуп кеткенбиз. Эс алуу менен бирге 10-апрелде Гарвард университетине концерт да коймокмун. Концертке кызуу даярданып атканда Кыргызстанда революция болуп, бийлик алмашып, айтор күтүүсүз окуялар болгонун уктук. "Өлкөдө мындай жагдай болуп атса кантип концерт берип жүрмөк элем" деп 10-апрелге белгиленген концертти токтотуп, ал жактагы кыргыздар менен бирге аза күтүп, куран окуттук. Улам жаңылыктарды интернет сайттардан окуп алып, абдан кайгырып турдум. Эл аралык журналисттер бул жактагы маалыматты туура эмес берип атышты көрүнөт. Бул боюнча атайын аталган университетинде тегерек стол болуп, ошол убактагы Америкадагы Кыргызстандын элчиси Бакыт Бешимов баштаган бир топ профессорлор чогулуп, талкуулап атышты. Ошентип концерт коюп келмек түгүл, ойдогудай эс алууга да мүмкүнчүлүк болбоду. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин үй-бүлөбүз менен Ала-Тоо аянтына барып, 7-апрелде курман болгондорго куран окутуп, гүл койдук.
- Американын кооз жерлерин кыдырганга убакыт таптыңбы?
- Америка абдан жакты. Айрыкча кайгыны билбеген түрү бар, дайым жылмайып жүргөн элине суктандым. Өнүккөн өлкөгө баруу мен үчүн жаңылык болду. Таза шаар экен. Музейлерин, көптөгөн кооз жайларын кыдырдык.
- Кыргызстанда абал курчуп турган маалда башка шаарда болгондо өз өлкөңө шашылдыңбы же абал тынчыгыча ошол жакта болууну ойлодуңбу?
- Албетте, мекенге кетүүгө ашыктым. Канчалык кооз, чоң өлкөгө барба баары бир туулган жердин топурагы алтын да. Кыргызстанга кайтып кетер мезгилди чыдамсыздык менен күттүк.
- Америка менен Кыргызстандын айырмачылыгын баамдай алдыңбы?
- Апам экөөбүз барганбыз. Алгач барганда башкача болуп, көнө албай жүрдүм. Себеби бизде түн болгондо ал жакта күндүз болуп, 12 саат айырма бар эмеспи. Ошондуктан 2-3 күн күнү уктап, түнкүсүн басып жүрбөдүкпү. Көнүп кеткенден кийин бир аз тынчыдым. Анан кыргыздын улуттук тамак-ашын абдан сагындым. Америкада тамактар даамсыз, жарым даярдыкта болот экен. Баргандан келгенче ойдогудай тамактана албай койдук. Кыргызстанга келгенде эле биринчи даамдуу кылып, тамак жасап ичтик.
- Учурда кандай иштер менен алектенип атасың, чыгармачылыкта эмне жаңылыктар бар?
- "Арман" аттуу ырыма клип тарттырдык. Буйруса, жакында теледен музыка сүйүүчүлөрүнө көрсөтүлөт. Андан сырткары жаңы чыгармаларды жаздыруу менен алекмин. Чыгармачыл адам дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөт эмеспизби. Анын сыңарындай, мен да тынымсыз изденип, иштегенди жакшы көрөм.
- Айрым ырчылар чыгармачылыктан сырткары сулуулук салондорун же кафе иштетишет эмеспи, сенде да чыгармачылыктан сырткары бизнес барбы?
- Чыгармачыл адам болгон соң башка иш менен алектенгенди жактырбайм. Ошондуктан кафе иштетип, же сулуулук салон ачууну эч ойлонгон эмесмин. Менин ишим жакшы, жагымдуу ырларды музыка сүйүүчүлөрүнө тартуу кылуу.
- Алдыдагы пландарың…
- Азыр жаңы ырларды жаздырып жатам. Алдыда жеке концертимди берсемби деген ой менен концертке даярдык көрүүдөмүн. Буйруса, күз айларында чоң шоу концертимди тартуулайм.
Бурул МУСАБЕКОВА




  Баласабак

Манасты жоктоп…
"Эжейим бүгүн мени мактады" деди Нурболот. Эмне үчүн экенин сурасам, "класста жазган сочинениеден" дейт. Окуп көрдүм. Эжейи үчүн жазбай эле, эл үчүн жазгандай кабылдадым. Көрсө, бейкапар ойноп жүргөн балдарыбыздын жүрөгүнө да коом коогалаңы билинбей из салып атыптыр. Кандай жазылса, ошондой бойдон гезитке тапшырдым, карасаңар…

Жетинчи май.
Класста жазуу. Жума.
Тема: Ата мекенибиз - Кыргызстан.
Биздин өлкөбүз Кыргызстан. Өлкөбүздө Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөл деген көлдөр бар. Кыргыздарда Токтогул Сатылганов,Чынгыз Айтматов, Алыкул Осмонов деген акын, жазуучулар чыккан. Кыргыздар сөзгө бай эл. Кыргыздарда комуз, чопочоор, кылкыяк өңдүү аспаптар бар. Бир гана өкүнүчтүү нерсе казактарга Каркыраны алдырдык. Эмне үчүн алдырдык? Анткени Манас ата жок болуп калды. Бирок, мен баары бир өлкөм Кыргызстан менен сыймыктанам!
Азамат уулу Нурболот, 2-класс






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«