mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Каралуу китеп барактары

КАНДУУ ЖОЛ
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Чынында эле МЧСтин өлүмү көп кырдуу, көп сырдуу, көп чырдуу болуп калды окшойт, аягы эмне менен бүтөрүн эч ким билбейт. Эл ичинде жаралып жаткан көптөгөн суроолорго жооп табуу максатында туптуура он бир саатка артка кайрылсак, кайрадан 12-марттан 13-мартка караган түнү Кыргыз-Казак чекарасына барып, ал жерден "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасын тосуп алып, машинеде келе жатышкан Садырбеков, Слепко жана алардын шопур баласы Кубаттын акыркы үч саат өмүрүнө сапарлаш бололу, алар менен бирге чекарадан Бишкекти карай кошо жөнөйлү. Эгерде биз алардын акыркы үч сааттагы ойлогон оюн, тилеген тилегин, көргөн азабын туя алсак, жүрөгүбүздөн өткөрүп сезе алсак, аңдап биле алсак, анда көпчүлүккө табышмак болуп жаткан окуянын ички сырын ача алабыз, түрмөктөлгөн суроолорго жооп таба алабыз.
Анда эмесе 12-марттан 13-мартка караган түн, Алматы - Бишкек жолу. Тасмадай созулган кенен жол менен "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасы Бишкек тарапты карай келе жатат, каршы-терши чубаган автоунаалардын арасынан көп деле бөлүнбөйт, ылдамдыгы да жалпы агымдан айырмаланбай бир калыпта.
12-марттан 13-мартка
караган түн, күнгө жума
Түнкү саат бирден
кырк беш мүнөт өттү.
Убакыт түн ортосунан ооп калганына карабай Алматы-Бишкек жолунда машине көп эле. Бет маңдай келе жаткан автоунаалардын жарыгы шурудай тизилет, анда санда жеринен үзүлгөнү болбосо жипке тизилгендей чубап өтүп жатты. Кордай белине чыга бере көзү илинип кеткен Садырбеков машине казак-кыргыз чек арасына келип токтогондо ойгонду. Жанында келе жаткан шеригине карап:
- Степаныч, келип калдыкпы, буюрса жарым саатта үйдө болуп калабыз, - деп машинеден түшө баштады. Жүр, паспортуңду алып ал, паспорт көзөмөлүнөн өткүчө таза абадан дем алалы.
МЧС эки ай мурда өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын себептери боюнча кийинчерек сөз кылабыз. Азыр болсо Алматыга бир күндүк иш сапары менен барып кайтып келе жатат, көңүлү көтөрүңкү, барган иши ойдогудай бүтүп, жолугуп сүйлөшө турган адамдардын бардыгына кездешип, саясий өңүттө көздөгөн максатынын ишке ашуусу ачык болгонуна ичинен кубанат. Алдыда чоң иштер, чоң милдеттер турат.
- Ооба, келип калдык окшойт. Мен үйгө телефон чалып айтып койдум, чек арага келип калдык, мени күтпөй уктай бер, - дедим аялыма. Кордойдун ары жагынан биздин телефон албайт эмеспи, байланыш жок болгон жаман да, сарсанаа болуп күтүп отуруптур - деп кобурап, МЧСтин жанындагы сапарлашы да машинеден түшүп, анын артынан ээрчий басты.
МЧСтин жанындагы шериги Сергей Слепко саясий жана экономикалык маселелер боюнча өлкөдөгү белгилүү серепчи. Өлкө президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөө институтун жетектеп келген, МЧС кызматтан кеткенден кийин ал да өз арызы менен кызматын өткөрүп берип, азыр көз карандысыз эксперт катары Кыргызстандын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнүн келечектеги стратегиялары боюнча эмгек даярдап жаткан. МЧС менен тиги совет доорунан бери тааныш. Ал кезде Слепко партиялык кызматкер, чыгармачыл жана илимий интеллигенция, жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен тыгыз иштей турган. Мына ошол кезде жаш тарых мугалими Медер Садырбеков менен таанышкан эле, ошол мезгилден бери көп маселелер боюнча кызматташ болуп келе жатышат. Бул жолу Алматыга да атайын чогуу чыгышкан, регионалдык экономикалык саясат боюнча Слепко даярдаган сунуштар да ал жердеги жолугушууда талкууга алынмак болучу.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат бирден элүү мүнөт өттү.
Чекарада автобустар, жеңил жана жүк ташуучу машинелер көп болгонуна карабастан Казактын чекара жана бажы кызматынын көзөмөлүнөн бат эле өтүштү. Колдорунда дипломатиялык паспорттор болгондуктан келе жаткан машинесин, ичиндеги буюмдарын текшербестен эле өткөрүштү. Тартип ошондой. Дипломатиялык документтери бар адамдарга жашыл далан берилет, аларга өзгөчө мамиле жасалат, эл аралык келишимдер боюнча андай адамдардын кол тийбестиги камсыз кылынат. Бажы кызматынын имаратынын жанында токтоп турган автомашинасына отуруп жатып Садырбеков үйүнө телефон чалды, казак чекарасынан өткөнүн, жарым саат аралыгында келип каларын айтып, жубайынан уктабай күтө туруусун өтүндү. Ал жубайы менен сүйлөшүп жатканда өзүн таптакыр башка тагдыр күтүп турганын, жакынкы жарым саат гана эмес андан кийин да үйүнө тирүү жетпесин, бырпыраган күлгө айланганга чейин өрттөлүп кеткен сөөгү бир айдан кийин гана үйгө жеткирилип, мамлекет тарабынан эч кандай расмий тажия каадасы жасалбай, жаш молдобачанын толкундана айткан шарият сабагы менен гана акыркы сапарга узай турганын болжогон жок. Азыр болсо көңүлү көтөрүңкү. Эртеңден баштала турган зор саясий жүрүштөрдүн тизмегин көз алдынан чубатып, "буюрса тарых алдында өз милдетин абийир менен аткара алам, өзүм жасаган же өбөлгө кылган кыйшык иштерди оңдоого кудуретим жетет" деген ишенич менен келе жатат. Алдыда өтө оор дагы, опурталдуу дагы иштер турганын жакшы түшүнүү менен ар кандай кырдаалдарда өз жоопкерчилигин толук сезе аларын, бирөөлөрдүн артына жашынбай, өз алдынча аракетте болорун ойлонуп келе жатат МЧС.
13-март, күнгө жума.
Түнкү саат бирден
элүү эки мүнөт өттү.
Казак бажы постунан өткөн "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасы акырын жылып келип Кыргызстан чек ара кызматынын постунун жанына токтоду. Машинадан эч ким түшкөн жок, шопур гана терезесин ачып басып келген чекара кызматчысына документ көрсөттү. Садырбеков чоң кызматта турган убагында да, андан кийин деле, бул чекарадан көп эле жолу ар кандай автоунаа минип өткөн, адатта ал кыргыз чекарасында машинадан түшчү эмес, терезеден өздүк документин көрсөтүп эле тоскоолсуз өтүп кете берүүчү. Бул саам чекарачынын кыймыл-аракети башкача эле. Ал шопурдун документин карады да:
- Бардыгыңар машинеден түшүп, пост тарапка өткүлө, - деди да кайра артка басты.
Шопур арт жакта отурган Садырбековду бир карап алды да, терезеден башын чыгарып чекарачыга карай:
- Байке, машинеде ким келе жатканын билесизби? Документтер жайында эле, өткөрө бериңиз, - деди.
Чекарачы анын сөзүнө маани бербеген сымал түр көрсөтүп тосмонун жанына барып туруп алды. Ар жактан дагы аскер кийимчен төрт-беш адам чыгып анын жанына келип турушту. Шопур жигит машинеден чыгып чекарачылардын жанына басып барды да:
- Силер билип жатасыңарбы, машинеде Садырбеков бар, Алматыдан келе жатабыз. Эртең өзүңөргө эле проблема болот, ачып койгула, өтүп кетели, силерге дипломатиялык паспортторду көрсөтүп жатабыз го, - деди ал жерде турган капитан чининдеги офицерге кайрылып. Ал кабагы салыңкы," кашы калың кара тоголок киши экен:
(Уландысы кийинки санда)




  Сандан санга

АЙЛАКЕР АЙЫМ
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй-бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али
алдыда...

(Башталышы өткөн санда)
- Пай, пай, Акын досум, дасторконду жайнатыпсың го, балык кармабай эле курсак сылап отуруп кетебиз го эми...
- Оуу, Канатик, сен үчүн биз барына дайарбыз, узун бут Заринабыз көңүлүңдү алса болду, биз эмне бизге минтип депутат болуп анда-санда пайдаң тийип дегендей, сыймыктанабыз. Сага азыр ар ким бөйпөңдөп атпайбы, андан көрү биз да колдон келген учурда сыйлап туралы. Мына жамбаш, ал да кыя кес, бешбармакка колуңду батыр, курсакты тойгуз, атаң гөрү бүгүн биздин колго тийдиң, кааласаң шаңшып ырдап концерт да кое коебуз.
Дасторкон үстүндөгү козунун булоолонгон эти, беш бармак заматта чети оюлуп баратты. Таң эрте үйдөн ачка чыккан мырзалар этти кыя кесип, аракты кылкылдата жутуп дүйнө бейкапар. Канат Темирбекович болсо улам-улам уурдана Заринаны карап коет. Элпек чай куюп, дасторкон үстүн иреттей калып, кабагым-кашым дебей оокат жасап атканы бу саам депутаттын ичин элжиретип "чоекелерден эмес экен, кара жумушту да катырат окшойт" деп баа бергенге үлгүрдү. Негедир жүрөгү бир башкача, далай сулуулар менен таанышкан, Ак үй, Көк үйдө иштеген депутат, министр жардамчылары, кабылдамада отурган кыздар, түнкү клуб, ресторандагы сулууларды эсептесе сан жетпейт, бирок, бирок Зарина негедир жүрөгүн кытыгылап алды, узун бою, музоонукундай төгүлгөн кирпиктери, турнадай мойну кудум "Ак Мөөр" тасмасындагы Таттыбүбүнү элестетип ийет. Чай сунган сайын ийилгеничи... Кыздын жөнөкөйлүгүнө, айыл жыттанган мүнөзүнө арбалды окшойт.
Канаттын жүрөгү элеп-желепке түшкөнүн Акын да байкап, акырын Заринанын кулагына "ырда" деп шыбырады. Тамагын кырып, үнүн түздөй "Кайдан жүрүп сизге кабылдым, карегиңде барбы жалының" деп созо баштады.
Канат Темирбекович ырдын ыргагы менен кадимкидей жеңилдей түшкөнсүдү, Заринага суктана карап коет, үнү коңгуроодой керемет экен, өзү кудум филармониянын залында жалгыз ыр угуп аткандай туюлду. Бирок саптары "кайдан жүрүп сага кабылдым беле, бу кыз сизге деп мени сыйкырлап атат окшойт" деген ойго жетеленди. Зарина такыр токтободу, биринин артынан бири сүйүү, күйүү, ашыктык-арман ырлары Токмоктун жээгиндеги токойчону ырга бөлөдү. Заринанын үнүнө арбалгансып, суу да буркан-шаркан түшпөй, музыканын ыргагына карай мээлүүн агып, жалбырактар да шуулдабай айтор турмуш токтоп калгансыды.
Балык шылтоосу менен керели-кечке дасторкондон турбай арак ичип, жарылгыча тамак жеп, ыр уккан достор алды кызуу, арты бутунан тура албай калышты. Канат Темирбекович да күүлөнүп алган. Улам эле Заринага "бөйтөйгөн эриндериң, тирсийген көкүрөктөрүң, узун буттарың, ух... акылдан адаштырат го" деп ачык эле атакага өттү.
Эртеден өзүн депутат сезип каадалуу отурган неме эми уят-сыйытты да жыйыштырып, чап кенедей жабышты да калды. Зарина болсо такыр муюбайт. Акын болбогондо небак эле бир бактын түбүндө калышмак беле, ким билсин, далай эркек койнун жылыткан неме Канат Темирбекович ооз ача электе эле жүгүрмөк. Ушунча болуп депутат менен жатып көрбөптүр да. Акын болбогондо...
(Уландысы кийинки санда)



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."





??.??