mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Таластагы талаш
Акыркы жылдары кыргыз жеринин кен байлыктары туш келди тонолуп, алардын казылышынан эзели элибиздин чекеси жылый элек. "Тарп аңдыган кузгундай" болуп кыргыздын кызылын кырып алсак деп эчендеген эл аралык масштабдагы аферисттер үстүбүздө айланып жүрүшөт.

Айтылуу "Кумтөр" кени деле ушул күнгө чейин элибиздин этегин толтуруп, байманасын ашырып жиберген жок. Айрым саясатчы чалыштар мезгил-мезгили менен чуу чыгарымыш болгону менен, кайра бергенин ала коюп ийиндерине кире качып жүрүшөт.
"Сулайман сурак албаган, Искендер изин салбаган" касиеттүү Талас жергесинин жогору жагында жайгашкан "Жерүй", "Андаш", "Талдыбулак" алтын кендери далай кызыл кулактардын түн уйкусун үч бөлүп, көздөрүн кызартып келет. "Жерүйдү" каздырбайбыз" дегендер райондун жалгыз жолун бууп алышып, аны ачканы барган ал кездеги өкмөт башчысын ташка алганы да, кийин ошол жалын жүрөк жигиттер соттолгону да баарыбыздын эсибизде. Бирок, тарыхы бийик таластыктар андай анча-мынчага чөгүп калбайт. Кыргыз духунун кандай болорун алар кечээ 6-7 апрелде ааламдын ар тарабына айгине кылбадыбы.
Эми азыр дагы эл арасында жогорудагы алтын кендердин тегерегинде "каздырабыз-каздырбайбыз" деген талаш-тартыштар болууда. Айрым эле тумшугуна анча-мынча жем илинип калгандар болбосо, жалпы-жумурай-журт алтындын казылышына каршы.
Биринчиден, аталган кендер бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Эгерде үчөө тең казыла баштаса, анда экологиялык жактан эң таза болуп саналган Талас району жарактан чыгып, эл саламаттыгы эбегейсиз зыян тартат. Жергиликтүү тургундарды жер котортуп жиберүүгө туура келет.
Экинчиден, андагылардын басымдуу бөлүгү мал-чарбачылыгы менен оокат кылышат. Бул аймакта климатка байланыштуу дыйканчылык дээрлик пайда бербейт. Эгер эле кендер казылса эчендеген жайыттар иштен чыгып, өндүрүлгөн эт, сүттөр да сапатын жоготуп, эл турмушун ого бетер алсыратары талашсыз.
Үчүнчүдөн, "Жерүй", "Андаш" жана "Талдыбулак" алтын кендери жайгашкан жерлерден аккан суулар Чат-Базар айылынан кошулуп, бүтүн Таласты аралап өтүп, Кара-Буура суу сактагычына келип куят. Демек, жалпы Талас элин суу менен камсыз кылат десек болот. Эгер эле Барскоондогудай кырсык болсо, анда жалпы таластыктарды кандай күн күтөөрүн айтып болбойт.
Төртүнчүдөн, кен казгычтар элге эптеп эле бирдеме себелемиш болгону менен эч качан жергиликтүү тургундардын чөнтөгүн толтуруп жибербейт. Аны республиканын башка аймактарындагы кен иштетүүлөрдүн кылган иштеринен улам жакшы билебиз. Андыктан, утурумдук кызыкчылык үчүн ата-бабабыз аздектеп келген ажайып жерибизди ар кай жактан келген аферисттерге устукандап жиберүүгө жол бербешибиз керек.
Бешинчиден, заман ушул бойдон турбас. Мезгили келгенде Кыргыз мамлекети өз кенин өзү казып калаар. Ага чейин кен казуунун эл саламаттыгына кедергисин тийгизбей турган жаңы технологиялары да жаралаар деген ойдомун. Ошончолук эле зарыл болуп калса, ошондо деле көрөөрбүз.
Мен Талас жергесинин кулуну катары, жалпы эле кыргыз атуулу катары таластык жердештеримди аталган кендерди казууга жол бербөөгө чакырам. Кут конгон Талас жергебиз өзүнүн көз тайгылткан көркөм жаратылышы менен кымбат. Эртең бизге башкалар жерин бербейт. Кендин казылышынан тарткан азаптарга да өзүбүздөн бөлөк эч кимдин башы оорубайт. Кезинде Манас атабыз жердеп, душманга ташын да алдырбаган асыл жерибизди, атүгүл, айкөлдүн күмбөзүнөн алтын издеп жүрүшкөн аферисттерден коргоп калалы.
Кубат Болотканов




  Көккөздүн көрнөк жармасы

Бир мүнөт сайын 100 доллардан чөнтөккө салгандар
Эми бардыгыбызга белгилүү болгондой, рекламалык бизнес монополиясы Максим Бакиев менен Оксана Малеваннаянын көзөмөлүндө болчу. Тагыраак айтканда өлкөбүздөгү болгон мен деген медианын бардыгы, Теледен: 5 канал, РТР, НТС, Пирамида, Радиолордон: Лаврадио, Юмор FM, Тумар, Русское радио (Москва)-булардын бардыгына Максимдин Сергей Костырин аттуу жигити жетекчилик кылган "Лента" рекламалык агенттиги шугулданган. Көптөгөн рекламанын бюджети "черная бухгалтерия" деген тешик аркылуу мамлекеттин казнасына эмес, түз эле Максимдин сол чөнтөгунө солонуп турган. Азыр бардыгы арестте деп уктук. А Костырини качып кетиптир дешүүдө.


Баса, бул жерде айта кетчү нерсе, мурун РТРге түшчү рекламанын акчасы КТРдин рекламалык агенттиги аркылуу мамлекеттин бюджетине түз куюлуп турган. "Лента" ачылганы өлкөдөгү болгон рекламаны алар "диктовать" этишчү. Жада калса мамлекеттик КТРдин да рекламалык саясатын көзөмөлдөп турушчу экен. Ал эми "наружная реклама" көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардын 99 пайызына "Лента" ээлик кылган. Былтыркы Президенттик шайлоонун алдында башка Атамбаев баш болгон кандидаттар койкоюп чыга калбасын деп, дээрлигинин ээлеринен күчкө салып алып коюшкан. Кийин жалгыз Максимдики болду да калды. "БАКИЕВ-НАКТА ПРЕЗИДЕНТ!" деген жер жайнаган жарнактардын жаралыш тарыхы ушундай болгон.
Республикалык радиотелецентрдин алдында ачылган рекламалык агенттигинде (РКА), Биринчи улуттук каналга (КТР) жана Кыргыз радиосунун 3 программасы: Кабарлар, Кыргыз радиосу (түнкү Белес) жана Миң кыял радиолоруна реклама кабыл алынчу. Негизи Россиянын ОРТ каналына да мурунку УТРКнын агенттиги жарнамасын коюп, акчасы мамлекеттин эсебине айдалчу. ОРТ рейтинги жагынан алдына канал салбагандыктан, жарнама жакшы берилип бюджети миллиондогон акчаларды алып келип турган.
Бирок, Максимге ОРТнин иштеши капчыгынын кампайышына залакасын тийгизмек. Биринчиден өзүнүн "Лента" агенттигине кошуп алайын десе, УТРК менен келишим түзүлөт. Ага мүмкүнчүлүк болбойт, ошондуктан көгөрүп эле рекламаны койдурбай койгон. Экинчиден, рынокто рекламалык бюджет ченелүү эле болот, эгерде ОРТ иштегенде берки 5-канал,НТС ж.б. менчик каналдарына акча аз түшүп калмак. Бул агенттикти 5-каналда Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоодогу ПР-кампаниясына жооптуу Марина Трубчанинова, ийгиликтүү "Бакиевдик-накта президент" шайлоосунун рахматына О.Малеванная тарабынан коюлган эле. Буту бутуна тийбей Бакиев менен Малевнаннаяга иштеген Марина КТРге реклама алып эле жатып калган. Айтмакчы К.Оторбаев ошол Малеваннаянын кадрын башка адиске алмаштырыптыр. Эми булардын чубулган системасын жокко чыгарган адис болсо болду…
Анысы ал дейли. Андан тышкары жеке менчик телелерден НБТ менен эле 39 канал (MTV) өз алдынча "сен мага тийишпесең, мен сага тийишпейм, саясатыңа аралашпайм" деп иштешип келишкени айдан- ачык. Тармактык аудиторияларына карасак, ар бир каналдын өз көрөрмандары бар. Гезиттер менен сайттардан реалдуу маалымат бергени аз болгон.
Рекламалык бизнесте көбунчө "Тойгонбаевдин" командасында (А.Акаевдин күйөө баласы "Айрек" рекламалык агенттиги), ошондо база чогултуп калганга жетишкен. Кадрлар, кийин деле Бакиевдин тушунда чардап жүрүштү, өздөрүнчө жазылбаган мыйзамдарды куруп алышкан. Көбүнчөсү орустар, еврейлер, кореецтер... Кыргыздар жокко эсе иштешет. Алардан бирөө жарымы көтөрүлүп же жаңы иштеп башташса калгандары баарылап башка чаап, бутунан сүйрөп, эптеп жумуртка кезинде жайлап салганга аракеттенип дегендей. Эгер окурмандарга кызык болсо, фамилиялары, аттары, сүрөттөрү, иштеген кызматтары, фирмалары, кандай махинация жасагандары, аны фин полиция, салык кызматы, эсеп палатасы текшергенде кантип, канча акча менен жапкандары тууралуу кийинки сандарыбызда кеңири сөз кылып беребиз. Текшерип бүтүп жазалаганга келгенде чоңдору телефон чалышып, токтотуп койгон миллиондогон акчалар ары-бери чөнтөктөн чөнтөккө өтүп турган. Бизге өзүнүн атын азырынча окурмандарга (изилдөөлөргө залакасы тийбеши үчүн) атагысы келбеген адамдар болгон фактылар камтылган кассета, диск, документтерди алып келип берип жатышат. Ошолорду иретке келтирип, өлкөбүздө карапайым эл доллар эмес сомго жетпей турганда, кантип бир мүнөт сайын 100 доллардан чөнтөккө салган саналуу кишилер жөнүндө буюрса, жазчу күн алыс эмес.




  Көл көтөргүч

Исабеков Белорусияга кетеби?
Э-эй, Кудайга тобо кылбаганга аргаң калбайт экен, бир кызыктай кишилерди карап туруп. Жакында эле "Ак Жолдун" маскасын тагынып алып, элди көзүнө илбей тайраңдап, урунарга тоо, урушарга тоо таппай жүргөн экс-депутат Исабеков деген бар эмеспи. Ошол аткаминер дагы эле баягысын койбой, күпүлдөп "эми мени жана тууган-уругумду куугундукташса, Көл элин көтөрүп чыгам" деп жүрөт дейт. Жүр десе эле көйрөңдөнгөн экс-депутаттын артынан ээрчигидей көлдүктөр жаш бала бекен, "жүрүп" кете бергидей. Бир нерсе болсо эле Көлдү көтөрөм, көлдү тигинтем, минтем деп көнүп алыптыр. Көлдүн эли бир жолу "өз кулунубуз эмеспи" деп, айтканына макул болуп, ал түгүл колдоого алып, 46-орундан 6-орунга жылдырып аны депутат кылышкан. Депутат болгондон баштап эле ал атасын тааныбай калып, кечээги эле көлдүктөрдү этибарга албай, "мен деген Курманбек Салиевич менен кудамын, кааласаңар да, каалабасаңар да аны шайлайсыңар" деп көлдү төрт айлана кыдырып, үгүттөгөнүн ошол эл жакшы билет. Бир нерсе болсо эле "мен Кумтөрдү силерге чөгөлөтүп берем" демиш болгону менен Максимдин айдактаганы менен орто жолдон ал деле кур калбагандыгын айткандар толтура.
Мурда депутат болгондо "Жети-Өгүздүн ар бир айылынын мектептерине бирден микроавтобус берем, ар бир айылга дөңгөлөк желимдөөчү жай курам, картошканы кайра иштетүүчү завод курам, МТС ачам" деп алдап, шайлоодон өтүп алгандан кийин баягынын бири жок. Автобустарын кайра алып, тракторлорунан дайын жок, житкен. Курумуш эткен заводу бир килограмм даяр продукция чыгарса кудай урсун! Элди ушунчалык алдоого болобу? Кудайды бир караса болмок. Алып келген заводунун да бир шойкому бар өңдүү. "Германиядан алдырып жатам" деген заводу Белорусиядан алынып келиптир, аны да "махинация жолу менен алып, эл аралык араздашууга шыкак болуптур" деген каңшаар кеп бар. Кыскасы бул адам делөөрүгөнүн койбосо, "Белорусияга жиберет окшойбуз" деп жүрүшөт, "жибергич" жигиттер...


  Күбүр-күбүр кеп кетти

Гүбүрнатырдын күлтүгү төгүлдү
Убактылуу өкмөттүн дарегине айтылган жаманатты нааразычылыктын эки башкы себеби бар. Биринчиси, Бакиевдерди кармап жазалай албаганы, экинчиси, бийлик бутактарына өзүмчүлдүк мамиле кылганы. Биринчиси колдон келбесе да, экинчисин калыстыкка салып эптеп кетишсе болмок. Кашайып, кадр саясатынан какап калгандары чатак болду. Жер-жерлерден "жаңы чоңдордун" таз таржымалы желдей жортуп бизге жетип жатат. Анын бири мынаке…


Тополоң кырдаалдын шарданы менен Нарын облусуна губернатордун милдетин аткаруучу болуп Чондошев Адылбек Эсенбекович дайындалган. Көпчүлүккө азырынча анын билим көрөңгөсү, эмгек тажырыйбасы, иш башкаруу жөндөмү билине элек. Билинген "эрдиги" ал - "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү. Бүттү. Мурда кайсы мамлекеттик кызматта такшалганы белгисиз. Бирок бүтүндөй бир облустун үстүнөн кабак үйрүп отуруп калды. Отурганына чатагыбыз деле жок. Болгону анын айыбын чукуган алакандай кагазда минтип жазылыптыр: "Нарын шаардык сотунун судьясы З.Амиракунова 2009-жылдын 6-апрелинде Адылбек Эсенбековичтин наамына белгиленген эмгек акысынын 1/3 бөлүгүн ай сайын алимент үчүн төлөп турууга буйрук чыгарыптыр. Анысына Нарын шаарынын Боогачы көчөсүндөгү №103-үйүндө жашаган мурдагы аялы Жанаркүл Багышалиева, 1998-жылы туулган Адылбек кызы Айгерим жана 1999-жылы туулган Адылбек уулу Бакдөөлөт аттуу балдары себеп экен. 2009-жылдын 24-декабрына чейинки төлөнүүчү эмгекке жарамсыз, материалдык каражатка муктаж болгон балдарына багуудан кыянаттык менен баш тартып, 9762 сом алиментин төлөбөй койгон. Натыйжада Нарын шаардык прокуратурасы 162-статьясы менен кылмыш ишин козгоп, милициянын старшинасы, тергөөчү К.Сулаймановдун колуна тапшырат. Ал тергөө жыйынтыгын чыгарып, аталган статья менен айыбын угузуп, 2010-жылдын 23-январында соттун кароосуна жиберүү үчүн КР. ЖПКсынын 239-беренесине ылайык прокуратурага жөнөткөн"
Ой туулат, өз канынан жаралган эки баласынан акча аяп, соттошуп жүргөн ата, кантип чоң дубанга "ата" болот? Үй-бүлөсүн бага албаган жаш жигитке үлкөн креслону кандай ишеним менен ким берди? Же, балакет болсо да башкарманын партбилети болсо эле боло береби? Же, партиячыларга тоолуктардын тагдыры оюнчукпу?..
Өткөн саныбызда Нарын губернатору 2001-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ тарабынан уруп-согуучулук менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганын жазганбыз. Демек, Убактылуу өкмөттүн кулагына күмүш сырга, бизди кайрадан кылмышкерлер башкара баштадыбы? "Убактылуу" демиш болуп, элдин ой-тилегин садага чаап, сармерден созгонуңарды токтотсоңор боло!?





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«