mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Ишеним кредити...

7-апрель…
Күнөөсүз, кырчындай жаш өмүрлөрдүн "өз душманыбыздын" огунан курман болгону, элибизди күйүткө салып, терең ойго батырды. "Манас", "Манас"-деп ураан чакырган элибиз набыт болгон жигиттердин элесинен Манастын өзүн көргөндөй болду. Алардын жүрөгүндө Манас жашап, эркиндикке чакырып жатканын сездик. Аттиң, тирүүчүлүктө ушул сезимге бийлик төбөлдөрү терең маани бергенде мынчалык канга чыланбайт белек. Канга боелгон 7-апрель изи өчпөс тарых.

Ооба, ал изден күлгүн жаштыгы менен кош айтышкан азамат жигиттерди эстөө менен бирге, эмне үчүн мындай болду деген суроо пайда болоору шексиз. Ачык айтыш керек, 20 жылга жетпеген эгемендүүлүк Акаевдин да, Бакиевдин да кара жолтой изин калтырды. Жалпылап айтканда аларды төмөнкүдөй топко бөлсөк болот:
Элибиздин 70-80 пайызы жакырчылыктын тузагына илинип, андан дагы эле чыга албай кыйналууда.
100 миллиарддан ашык мамлекеттин акчасы, жерибиздин байлыгы болгон алтын кенин, энергетика-суу ресурстарын, стратегиялык өндүрүш обьектилерин, Үзөңгү- Куушту, Каркыраны, Арпа менен Ак-Сайды, бир канча пансионатты ит бекер сатуудан өлкөбүздүн экономикалык коопсуздугуна жарака кетирди.
Коррупцияга күч колдонуп, талап-тоноого эбегейсиз жол ачылып, саясий куугунтуктоо, сөз эркиндигин муунтуп жок кылуу адатка айланды.
Жумушсуздуктун күчөгөнүнөн миллиондон ашык жаштарыбыз чет өлкөдө аргасыздан жашоосун өткөрүүдө.
Бийлик эл менен мамилени бекемдөөнүн ордуна криминалдык чөйрө менен достошуп, чогуу иштешип калды.
Тышкы карызыбыз 3 миллиард доллардан ашып, өз алдынчалык өнүгүүнүн жолун бөгөп турат.
Бийликтин баардык бутагы-өкмөт, "Ак-жол", сот. Баш мыйзамыбызды үй-бүлөлүк башкарууга ылайыктап өзгөрттү.
Улуттук идеология, адилеттүүлүк, инсандык парз, элдердин достугу деген ыйык түшүнүктөр ушул күнгө чейин жүрөгүбүздү ооруткан илдетке айланды.
Мына ушунун баары 7-апрелде болгон каргашалуу окуянын эң негизги себептери. 2005-жылдын 24-мартында болгон төңкөрүшкө, элди оппозиция көп каражат жумшап алып келсе, азыркы революцияга жаштарды жөө-жалаң, ачка-жылаңач, бирок көөдөнгө батпаган эркиндиктин, келечектин үмүтү жетелеп келди. Алар өлүмдөн корккон жок. Алардын корккону-элибиздин бакубат келечеги экенин эч ким тана албайт. Окко учкан Баатырларыбыз кыргыз тарыхында айтылып бүткүс, энелердин көз жашын эч нерсе менен жууп кетире албайсың, ал жүрөктө калган өчпөс так. Курман болгондорго түбөлүк таазим!
7-апрель… Бул күн, кырчындай жаш балдарыбыз өз өмүрүн эли, жери үчүн курман кылып эркиндикке жол салган күн! Бул күндү Кыргыз деген аты барлар көзүбүздөн жаш тегеретип, аза күтөбүз.
Бирок, 7-апрель… Келечекте кыргыздын Баатырлары төрөлгөн Күн!-деп сыймыктанып, алардын айкелине таазим кылабыз деген үмүт баарыбызда болуш керек. Ал үмүт үчүн күрөшүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз!
7-апрелде, кыргыздын азамат жигиттери бүт бойдон кырылып калган жок. Кылым карыткан кыргыз элинен далай азаматтар чыгат деп ишенем.
Бирок, 7-апрелдин кайталанышын элибиз каалабайт. Бөлүнүп-жарылбай жашоо үчүн күрөштү "Манас" атабыз суранып, талап кылып жатат деп ар бирибиз түшүнөлү. Акылыбызды, күчүбүздү ошого арнайлы.
Алдыда турган түйшүктү жалаң эле Убактылуу Өкмөткө жүктөп салып, кол жайып отура берсек тарых кечирбейт. Роза Отунбаева баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн ар бири Акаевдин да, Бакиевдин да бийлигин ачык сындап, өмүрүн найзанын учуна сайып койгон адамдар. Башка бирөөлөргө окшоп качып же көчүп кетпей, эли менен болушту. Алар бийлик үчүн жанталашпады, ага баш ийип сатылбады.
Убактылуу Өкмөттүн курамы 20 жылга жакын мезгилде жылаңачтанып-тонолгон эки президенттен калган экономикалык "Мурасты" тазалап, оңдоп, туура башкаруу абдан оор милдет экенин баамдап турушат. Курман болгон жигиттерибизди Ата-Бейиттен акыркы жолуна узатууда элге ант беребиз деп Роза Отунбаеванын, Темир Сариевдин, Өмүрбек Текебаевдин сүйлөгөн сөздөрү көптү үмүттөндүрүп, келечекке ишенич сезимин пайда кылды. Акаев менен Бакиевге деле 20 жылга жакын ишеним көрсөтүп, кыйналсак дагы чыдап келдик го. Эми кээ бир "акылмандар" 40 күнгө толо элек өкмөткө оппозиция боло калганына тобо дейт экенсиң. Кечээ эле эки президенттин тең колтугунда тайраңдап, кызмат кылып, шорпосун ичип жүргөн чиновниктер, азыр дагы бийликке шилекейин агызып, сагаалап жүргөнү-алардын бийликти чоң бизнес, өз байлыгын көбөйтүүнүн булагы катары гана сезээрин билип коюшубуз керек. Элге кыйын мезгилде куйругун жер үстүнөн таптырбай кетип, анан күн жылыганда "мен барамын" деп суурга окшоп чыга калгандар, бери болду дегенде коркоктор менен саткындар. Отунбаева, Атамбаев,Сариев, Текебаев, Исаков, Бекназаров, Каптагаев өз жанын ойлобой, элдин түйшүгүн көтөрүп, күрөшүп келди.
Азыркы кырдаал, өзгөчө экономика багытына жооп бере турган Атамбаев менен Сариевден талыкпаган, түйшүгү оор эмгектенүүнү талап кылаары шексиз. Россиядан алгачкы келген 50 млн. доллар алардын эл аралык деңгээлде аброю бар жетекчилер экенин далилдейт. Биз дагы туура түшүнүп өкмөткө жөн эле кысым кыла бербейли. Себеби: экономиканы заматта көтөрөбүз- деген бул көлөкөсү дагы жок үмүткө окшогон утопия. Анын үстүнө азыркы Убактылуу бийликке 20 жыл бою Швейцариянын, Турциянын, Франциянын экономикалык өнүгүү моделдерин туурайбыз деп, миллиарддаган мамлекеттик акчаны дайынсыз жоготуп, ара төрөлгөн баладай болгон кыргыздын экономикасы белекке калганын ким тана алат.
Азыр Кыргызстандын экономикасын шарттуу түрдө үч топко бөлсөк болот.
1. Элдик экономика (чыныгы, бирок алсыраган)
2. Көмүскө экономика (жетишээрлик байыган)
3. Бакиевдин экономикасы (коррупцияга жана канга баткан, эң бай)
Убагында мамлекеттин экономикасына дүйнөлүк кризис таасирин тийгизбейт деп кээ бир министр сөрөйлөрүбүз Бакиевдин экономикасы жөнүндө айтып жатканын өздөрү түшүнбөгөнү менен эл аны баамдап, мазактап, "кошоматчылардын күнү качан токтойт?" деп жашап келдик. Бакиевдин экономикасында инфляция, жумушсуздук, дефицит, салык жана бажы төлөмдөрү ж.б ушуга окшогон дүйнөлүк экономикада кезигүүчү терминден жок болгон. Себеби аларды Бакиев Элдик Экономикага түбөлүккө "менчиктеп" бердим деп ишенип келген. Көмүскө экономиканы дагы үй-бүлөнү байытуу булагына айландырганы баарыбызга маалим. Бир сөз менен айтканда Бакиевдин "Мамлекети" беш жылдын эле ичинде, илгери коммунистер эңсеп келген коммунизмдин принциптери менен жашап калган. "Элдин экономикасынын азыркы акыбалдан алып чыгуу көп тараптуу чараларды ишке ашырууну талап кылат"-деп Сариев бизнесмендер менен болгон жолугушууда белгилеп өттү. Анын ички жана сырттан келген финансы булактарын экономиканы өнүктүрүүгө ачык-айкын жумшалаарын, бизнес чөйрөсүн фискалдык органдар тарабынан текшерүүгө чектөө киргизүү зарыл экенин белгилегени, азыркы кырдаалдын кан тамырын туура сезген экономист катары баалоого болот.
7- апрель… Убактылуу Өкмөткө 7 айлык ишеничти аванс кылып берди. Убакыт абдан тар экенин өкмөт мүчөлөрү туура сезип, күн-түн дебей иштеп жатканы, ишеничти актайт деген үмүттү пайда кылбай койбойт. Мен ишенем, баарыбыз ишенели...
Бейшенбек ИШЕНОВ,
экономика илимдеринин кандидаты. Бишкек шаары




  Акыл жаштан, асыл таштан...

Балбак ТҮЛӨБАЕВ, КРнын Президентинин
иш башкармачылыгын экс-жетекчисинин биринчи орун басары:
"Ак үйдөн 11 млн.139 миң сом, 52 миң доллар, 25 миң евро табылган"
7-апрелдеги кандуу коогалаңдан кийин Ак үйдөн табылган акчалар тууралуу ар кандай кептер айтылып, суммасы да так маалым болбой келет. Ушул себептен КРнын президентинин чарба иштер башкармачылыгынын экс-жетекчисинин биринчи орун басары Балбак Түлөбаевди таап, ушул жана башка маселелер тууралуу маектештик.

- Балбак мырза, Ак үйдөн табылган акчанын суммасын ар тараптуу кылып айтып атышат. Сиз президенттин иш башкармачылыгынын экс-жетекчилеринин бири катары кандай маалымат бере аласыз?
- 7-апрелдеги окуядан кийин Ак үйдөн баары кетип калып, иш кагаздарга кол коюу үчүн жалгыз калдым. 8-9-апрелде бизди Ак үйгө киргизишкен жок. Ошондо Азимбек Анаркуловичке жолугуп "Ак үйдүн ичинде акча бар, ошону чыгарып кетишибиз керек" деп айтып, Азимбек Анаркулович, башкы прокуратуранын балдары, бухгалтерибизди, кассир эжелерди ээрчитип, 10-апрель күнү Ак үйдү кайтарган 153 баланын жетекчиси менен сүйлөшүп кассага кирдик. Ал жерде эки касса бар болчу. Бирин талкалап, ичиндеги 5 миллион 800 миң сомго жакын акчаны алып кетишиптир. Экинчи кассаны канчалык аракет кылганын билбейм, бирок ача албай коюшкан экен. Биз кирип иреттей баштаганда эле Азимбек Анаркулович чыгып кетти. Кассадагы акчаны Улуттук банка алып барып бердик. Бир да тыйын кеткен жок. Ал эми карапайым эл "25 млн., 15 млн." деп ар тараптуу сөздөрдү айтып атышат. Чынында ал жерде 11 миллион 139 миң сом, 52 миң доллар, 25 миң евро бар болчу. "Акчаларды Бекназаров алыптыр" деген кептер суу кечпейт. Акчалардын дайын-дареги биздин документтерде, башпрокуратурада, Улуттук банкта жазылып турат.
- Ошол акчаны Улуттук банкка өткөргөндөн кийин "Бекназаров банктан алып кетти" деп айтып атышпайбы…
- Улуттук банкка тапшырылган акча бюджетке кошулду. Убактылуу өкмөттүн токтому менен мамлекеттик иштерге пайдаланууга берилди. Бекназаровдун өзүнүн чөнтөгүнө берилген жок.
- Биз билгенден сиз да баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өз сунушуңузду билдирип, жазгансыз. Ошол сунуштарыңыз, дегеле бүгүнкү күндө талкууга алынып аткан Конституция боюнча оюңуз кандай?
- "Конституция Турциянын парламенттик системасынын негизинде болсо" деп жазган сунушум гезиттерге, интернет сайттарга жарыяланган соң, бизге "мамлекеттин мүлкүн жеп-ичкен" деген жарлыктарды тага башташты. Биз ичип-жесек качмакпыз же суракта олтурмакпыз. КРнын президентинин иш башкармачылыгынын милдети мамлекеттеги жогорку деңгээлдеги адамдарга кызмат кылуу. Сырттан келген конокторду тосуп, алардын тамак-ашын, унаасын дайындоо. Президенттин, премьер-министрдин турмушун тейлеп, алардын үй-бүлөсүнө кызмат кылдык. Кызматта жүргөндө анын тууганы болбосоң да, президентке жакындаганга туура келет экен. Анан мамлекеттик кызматта иштегендердин баарысын "Бакиевдин кишиси" деп кызматтан айдоого болбойт да. Ал эми Конституция тууралуу улантсак, мен берген сунушта көп жакшы нерселер бар. Соттор менен прокурорлор кандай шайланыш керек, президенттик шайлоонун өңүтү кандай болору бүт жазылган. Себеби мен 5 жыл Турцияда окуп, 2 жыл иштеп, жашагам. Эң негизги карама-каршылык, президентти шайлоодо болот. Мисалы, биздин жаңы баш мыйзамда "президентти да, парламентти да эл шайласын" деп жазылган. 5 млн. эл президентти шайласа, ошол эле калк катмары депутаттарды да шайлаганы турат. Андай болсо эртең президент "жалпы эл 120 депутатты шайласа, ошол эле эл жалгыз мени шайлаган, менин сөзүм жогору" деп чыгат. Ошондуктан президентти парламент шайлаганы оң. Болуптур, парламентке утуп келген партия катышпай эле башкалары, оппозициялык партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар кошулуп туруп шайласын. Болбосо алдыда чоң чатак чыгып кетээри күтүлүүдө. Мына 1993-жылы түзүлгөн Конституцияда дагы жакшы нерселер бар. Экинчиден, соттор, прокурорлордун жогорку кеңеши түзүлүшү керек. Бул кеңешке президент 3 мүчө, парламент 3 мүчө, Жогорку сот, Конституциялык сот, адвокаттар ассоциациясы ар бири үчтөн мүчө кошуп, жалпы 21 адамдан түзүлүшү абзел. Анан ушул кеңештин негизинде соттор, прокурорлор шайланганы туура. Анан бир прокурордун орду бошогон кезде ал орунга атайын экзамен жарыялап, андан ким озунуп чыкса, ошону шайлашы керек. Ушундай шайлоо жолуна өтсөк гана таза, багынбаган соттор пайда болот. Парламент спикери нейтралдуу көз карашта болуп, депутаттардын ишине кийлигишпеши керек. Спикерликтен түшүп, депутат болгондо кийлигише берсин, ага чейин калыс кадамдарды жасаганы оң. Ошондо гана чатак чыкпайт.
- Бул сунуштарыңызды Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө тапшырдыңызбы, алар кандай пикирде болууда?
- Өмүрбек Чиркешовичке ж.б. өкмөт мүчөлөрүнө сунушумду жибергем. Алар кандай пикирде экенин билбейм. Себеби "меники эле туура" деп айтууга болбойт. Өз сунушун айткандар, толуктоо киргизгендердин саны арбын. Айта кетчү жагдай, азыр айрым адамдар "Конституцияга баарын жаза беребизби?" деп нааразы болушууда. Кагазыбыз жок же сыябыз түгөнүп калбаган соң, керектүү нерсе болсо Турцияныкындай кыска жана нуска кылып, баарысын жазып коюш керек. Азыр Текебаев сунуштаган Конституция талкууга алынып атат. Эртең аны эл кабыл албай койсо, кайсы альтернатива менен жашайбыз. Ошондуктан парламенттик да, президенттик да башкаруу боюнча эки вариантын жазышыбыз керек.
- Өзүңүз азыр эмне менен алектенип жүрөсүз?
- Азыр бийликте көбү эле Акаев менен Бакиевдин убагында иштеген адамдар кайра келип иштеп атышпайбы. Анан алар келип алып "силер Бакиев менен иштегенсиңер" деп бир топ профессионал кызматкерлерди жумушунан айдап атат. Алар күнөө кылса, кызмат абалынан пайдаланса, пара алса, албетте бийликте калууга укугу жок. Бирок ошол эле учурда таза иштегендер деле кетип атат. Бийлик алмашкан сайын балдарды айдай берүүгө болбойт да. Ошондуктан Конституцияга мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамы жакшы жазылса дейм. Көп өлкөлөрдө "жакшы иштесең, сага эч ким тийишпейт" деп жазылган. Жаман иштесе кызматтан кетерин да билишет. Ачык айтсам, мамлекеттик кызматта иштегенден тажадым. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөй, биримдикке келип жашасак деген тилегим бар. Себеби айрым өкмөт мүчөлөрү түндүк-түштүк деп кайраштырып атышат. Эл акылдуу болуп калды. Кыргыз күч менен же акча менен бийликке келип, өздөрүнүн сасык саясатын жүргүзөм дегендерге моюн бербейт. Тышкы өлкөнүн элдерине кызмат кылбайт. Азыртадан ойлонбосок, мындан да жаман чатак чыгып кетет. Ошондуктан тазаланышыбыз керек.
Бурул МУСАБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«