Бирде жигит жөө жүрөт

Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"
- Революциядан кийин көрүшүп отурабыз, аман-эсен экенсиз. Сиз жөнүндө аябай көп ушактарды уктук эле…
- Биринчиден каза болгон балдардын ага-тууган, жерге-жээгине терең кайгыруу менен көңүл айтам, баары Кудайдын буйругунан дейт, мындай кырсык болбош керек эле, болуп кетти. Азыр кыркын белгилегени жатабыз, кыргыздын тарыхында эгемендүүлүк орногон 20 жылдын ичинде, 2 революция болуп, экинчиси кан менен бүттү. Ошондуктан мындан кийинки бийликке келем дегендер булардан терең сабак алып, кайталанбаш үчүн чараларды көрүш керек.
- 6-апрель күнү Таласка кандайча барып калдыңыз, сизди бирөө мажбурладыбы же Таластын элин басууну өзүңөр максат кылдыңар беле?.
- Андан мурун Токтогулга барып жардыруу менен алек болгом, андан соң Нарынга барып келгем. Өзүмдүн туулуп-өскөн жериме барып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Энергетика тармагындагы өтө көтөрүлүп кеткен тарифке эл катуу нааразыланды. Элге берген кредиттик проценттер аябай көбөйүп, жаңы барган губернатор эл менен, өзүнүн аппараты менен тил табыша албай калгандыктан, мен барып сүйлөшүү жүргүздүм. "Ошол механизмдер менен канткенде биз ушу проблемаларды чече алабыз" деген суроо-талаптарды угуп келип, президентке дагы, өкмөт башчысына дагы койдум. "Высокогорья" деген жеңилдиктерин кайра калыбына келтирип, патенттерди эки эсе азайтып, ошону менен бирге микрокредиттик компанияларды чакырып алып, алардын берген кредиттеринин проценттерин азайтуу боюнча айтылды. Өкмөт тарабынан 5-6 процентке чейин механизмин Минфин менен Марат Султанов менен иштеп чыгып, мыйзамдын негизинде кредиттик компаниялар дагы 6 пайызга чейин өзүнүн кирешесин азайтууга даяр экенин билдирип калышкан. Ошол механизмдердин үстүндө иштеп аткан элек.
Ал аңгыча премьер-министрдин буйругу менен Таласка жөнөп калдым, максат бир эле болчу элдин пикирин угуп, мыйзам чегинде тынчтык жолу менен обл администрацияны, губернаторду бошотуп, элдин көйгөйүн угуу. Анан өзүңөр билесиңер, Таласта ызы-чуу башталып кетти. Элдин жаалы сел экен, ачынып калган элдин селине эч ким туруштук бере алмак эмес, аягы минтип 86 адамдын өлүмү менен кандуу аяктаганы, албетте, кейиштүү.
- Конгантиев таяк жеди, сиз жөнүндө ушак чыкты "эмне үчүн Айдаралиев менен Жапаров өз баштарын калкалап кетти да, Конгантиевди салып берип коюшту" деп. Конгантиевди алып чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк жок беле?
- Жок болчу, анткени УВДнын баарын курчап калган 10 миңге жакын элге, 500гө жакын милицияларды командовать этип, Конгантиев турду. Эл ачып, кирип кеткенден кийин Таластыктарда тааныган кишилер бар экен, мени калкалап чыгарып кетишти. Айдаралиевди бөлөк жакка алып кетишти. Анан Конгантиевдин өзүн издеп калышты. А биз элдин агымы менен кеттик да. Кудай колдоду, Опур-топурда ой келди "атам да 46сында кетти эле, болду-болбоду бүттү" дедим да, келме келтирдим. Мени бир үйдүн экинчи кабатындагы үйгө алып киришти. Көрүп калгандар эшикти каккылаганда, акыл-эстүүлөр калкалап, "уят болобуз, өзүбүздүн эле бала" дешти ал байкуштар. Каккылаган элге Рахат деген иним мага окшош, ал чыгып "мына мен Жапаровмун" дептир, аны 50-60 метрге чейин сүйрөп токмоктошуп… Ал убакта бери жактан мени кишилер машинага салып, чыгарып ийишти да Таластан. Инимдин бети-башы кан болуп, токмоктолуп атса элдер "Жапаровдун көзү оюлуп калды, тигинтти-минтти" деген ушак сөздүн баары ошондон чыкса керек. Анан бир кезде эл "бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле" деп таппай калышыптыр. Таластык мага жардам берген кишилерге ырахмат. "Бишкекте эмне болуп жатканын билбейбиз, тигиниси-мунусу издеп атат дейт" дегендерди угуп, бир фермердин үйүндө отурдук. Түнкү саат 2 жарымдарда араң Шерниязовдун өзүн таап, а киши экөөбүз сүйлөшүп калдык. Аргасыз күлдүк, Бокем "турмуш-тагдыр деген ушундай экен, кечээ сен "Болот байке, келе бер эч нерсе кылбайм" деп аттың эле, бүгүн мен сага айтайын "Акылбек, Бишкекке келе бер, мен сага эч нерсе кылбайм, биякта көп киши каза болду" деп каңырыгы түтөдү.
- Акаев, Бакиев бийлиги биздин канчалаган мыкты кыз-жигиттерибиздин убалына калды. Эл уулдарын бийлигин коргош, байлыгын сакташ үчүн нарындыктарды Нарынга, таластыктарды Таласка айдап, өз балдарыбызды өзүбүзгө жаман көрсөтүп, жаман тайраңдашпадыбы... Эми жаңы бийликке дагы биздин уул-кыздарыбыз кол куушуруп, кызмат өтөй береби? Айдаган жагына жүгүрүп...
- Азыркы бийликке сабак болуш керек, "элди башкарам" деген инсандар өзүлөрү тарыхты карап, сабак алып, анан ойлонуп иш жасаса. Келечекти да сезе билиш керек. Мен ойлоп атам туугандык баары бир калбайт го, жердештик куранда деле жазылуу экен "эр жигит өз үй-бүлөөсүн, уруусун, анан улутун багыш керек" деп. Биздин уруубуз өзүбүз туулуп-өскөн жерибиз болуп калды да, район, облусубуз дегендей мындан деги арылбайбыз го. Саясатта бул көрүнүштү эске ала жүрүш керек.
- 5 жыл бою бир дагы министр кемчиликтерин Бакиевдин бетине ачык айталбай койду. Өзүн "кыйын экемин" деп ойлоп, Ынтымак курултайын өткөрдү. Эмне үчүн убагында Максим, Жаныштын чээнден чыгып баратканын көрүп, эч нерсе дей алган жоксуңар?
- Жеткире айта албасак керек. Ар бирибиз өзүбүздүн тармактагы проблемаларды чечүү менен алек болуп жүрүп. Демек бизде да күнөө бар болуш керек.
- Эми эмне кылайын деген оюңуз бар, силерди "Бакиевдин министрлери, "Ак жолдун" депутаттары" деп эл жаман көрүп турат. Албетте, бул нерсе унутулат, кыргыз эли айкөл, кечирет. Силер деле айласыздан кызмат өтөдүңүздөр, эми көчөдө калмак белеңиздер?
- Бул турмушта Кудайдын жазганын көрө беребиз, эл көргөндү биз да көрөбүз. Эл аман болсо, тынчтык, бейкутчулук орносо, айтор, жакшылыктан үмүт үзбөй туралы.
Жылдыз МУСАБЕКОВА




  Чептен эрдин күчү бек

Мелис ТУРГАНБАЕВ, Милициянын полковниги,
эркин күрөш федерациясынын президенти:
"Күч структуранын башчылары эч качан саясатка кийлигишпеш керек"
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
- "Дүйшөбаев профессионал" дегендери менен көпчүлүк УККга Дүйшөбаевдин келгенине нааразы. "Бизге төртүнчү милицияны алып келишти, УККнын ичин милициялар бузуп таштады, качан өз ишин билген мыкты чекист келет?" деп тынчсыздангандардын да пикирин эске албасак болбойт. УККга качан чыныгы кристаллдай таза чекист келет?
- Бул сурооң да аябай туура. Ар бир профессионал өзүнүн ордунда отурушу керек. Спец службанын өзүнүн функциялары бар, милицияга эч кандай тиешеси жок. Алар да туура айтып атышат, себеби УККда жакшы генералдар бар экенин билем. А. Кайыпов сыяктуу кишилер көп да. Менимче бүгүнкү күндө күч структуранын башчылары эч качан саясатка кийлигишпей, эгер кайсы бир партияда болсо саясаттан кетиши керек. Милиция саясатты билбейт, тартип, тынчтыкты орнотот. Жетекчиси "жок, саясаттан кетпейм" десе орун басарлар мыкты болуш керек. Мен милициянын баардык тепкичин басып өтүп, кайсы жумушка барбайын татынакай иштедим, анымды көрө албаган душмандар көп болду. Себеби, жумушум ушундай, кылмыш бетин ачсаң бирөөгө жамандык кылган болуп, куйругун басасың. Иштеп атканыңды кээси түшүнүшпөйт, саясатка айландырышып, "тиги менен жүрүп атыптыр, мунун жанында жүрөт" дешет. Бакиевдин убагында көп адамдар мени менен такыр эле учурашпай коюшкан, "сен оппозиция менен ДОС экенсиң" дешип. Акаевдин убагында да ошентишти. Мен ойлойм, Кыргызстандын келечегин аныкташыбыз зарыл. Алдыда президенттик, парламенттик шайлоо. Эл өзү тандап, акыйкаттык менен таза шайлоо болуш керек. Бардык чыр-чатак шайлоодон чыгып атпайбы, мына Бакиевдики деле, Акаевдики деле ошондой болду. Экөөнүкү бирдей эле келди. Анын сыңары Убактылуу бийлик деле жанталашып, өзүлөрүнүн кишисин ар кайсы жакка коюп атышат. Мен профессионал милициямын, эч кандай партияны теңиме албайм, өз ишим менен иштейм. Эми бир жумушка барышым үчүн, бир партиянын мүчөсү болушум керек экен. Ачык айтсам партиянын мага эмне кереги бар? "Партияга кирбейсиң" деп жумуш бербей коет экен, биртке ынсап, уят деген болуш керек да, айрыкча күч органдарында прокуратурада, милицияда ж. б. органдарда. Ал жерде түз иштеген, эки жакка тең тартпаган жакшы балдар толтура да. Өмүр бою 27 жыл милицияда кызмат кылдым, түндүк-түштүк деп бөлбөй, тескерисинче түштүктүн балдарына жардам берип келдим.
- Кээ бир гезиттер сизди байма-бай жамандап, сиз тургай ата-энеңиз, аял-бала-чакаңыздан бери казып чыгышты. Был ыплас иштин ак карасына чыгасызбы эми?
- Бакиев бийлигиндегилер ич күйдүлүк кылып, жумуштан чыгарып, бир жылдай соттошуп да жүрдүм. Анан чакырып "эгерде дагы бир нерсе кылсаң, дагы бир ишти таап туруп, дагы иш козгойбуз" дешти. Акыркы "Лица" гезитине үй-бүлөмдү жазышты. Чынын, айтсам саясатчылардай кылып эле, куугунтук кылышты. ИИМдин 1-орун басарлыгынан баңгизатка каршы күрөшүү агентствосунун башчылыгына которушкан. Себеби, "1-орун басарлыктан кетсин" деп мажбурлашты. Президенттин аппарат жетекчиси Садыркуловго барсам, "Мелис, ушундай болуп атат, агентствого барып иштебейсиңби?" дегенде, "атайын жасаган тергөө иштерин бүтүрсүн" дедим. "Болду, бүттү" дешип, эркекче сүйлөшүп туруп, Сатыбалдиевге президент чечим чыгарып берди. Президенттин инисин да чакырып, сүйлөшүп, кол алыштык. "Мелис, агентствого барып жакшы иштеп бер" дегендеринен иштегенге макул болдум, буйругун чыгарышты. "Эртең дайындайбыз" деген, эртеси күтсөм деле жок, анан эртеси күнү эртең менен звонок кылышты, "иш чатак, Турганбаев баңгизатка каршы күрөшүү агентствосуна барса кээ бир кишилер "атынып өлөм" деп атат деп.Жаныш агасына кирип, "Турганбаев АКНге дайындалса, анда ушу жерден атынам" дептир да. "Жумуштан атам өлгөн эмес, кой бирөөнүн убалына калбайын, атынбай турсун, бир гана мага, үй-бүлөмө тийбегиле" дедим. Анткени үй-бүлөмө да асылышты, балдарым да психологиялык жабыр тартышты, ата-эне, бир туугандар да санаага батышты. Керек болсо жердештериме, мени колдоп жүргөн спорттогу балдардын баарына сокку болду. "Ушуларды токтоткула, кете берейин" десем, сөзүнө турушкан жок. Коркутуп да көрүштү, андан сырткары бандиттерди тукурушту "силерди кармаган, аткан" деп. Ушундан кийин кээде милициядан көңүлүм кайт болуп кетет. Себеби, бардыгын жасатып, иштетип туруп, көрсө жакшынакай жумушчуларды көчөгө таштап коюп, жардам бербей, жүрө берет экенбиз. Ушу күнгө чейин бир кызматкер, бир жетекчи келип, абалымды сурап "сен үчүн чыгалы" дешкен жок. Бул милициянын ынтымактуу, биримдиктүү эмес экендигинде. Жаныш Бакиев баштап, "Лица" гезитине үй-бүлөм, 75 жаштагы атам жөнүндө жазып чыгышты. Кимдин ким менен иши бар? Бирок, мени "4-5 үйү бар" деп аябай бай кылышкан. Ошондо "Лицага" барсам орун басары Нурлан аттуу жигит экен жакшы тосуп алды. "Бул эмне кылганыңар?" десем, "байке, сизди тааныйм, сыйлайм, бирок атайы алып келип беришти" деди. Айтор, мени бандит, террорист кылышты. Мен жөнүндө жамандайбы, жакшы кылабы мен туурасында жазып чыгышса сүйүнөм, "мени журналисттер унута элек экен" деп. Менин үй-бүлөм туурасында жазышканда айлам жок, унчуккан жокмун, күйүп, ичимен сызып кала бердик. Акыры жүрүп мына мобундай болушту. Кандуу жол менен келип, кандуу жол менен кетип, акыйкаттык орноду. Каалаганым-эл бөлүнбөй, тынчтык болуп, жакшынакай иштеп, стабилдүүлүктү орнотуп, таза шайлоо болуп кетсе деп тилейм. Бирок, азыркы бийлик дагы менин баамымча "Акаев, Бакиевдей административдик ресурстарды колдонобуз" деп ойлоп, бийликке бүт жакындарын коюп атат. Андай болбойт, бүгүн көп региондун кишилери менен сүйлөштүм. Бир аким, же бир губернатор, же мектеп директору келип, бизге "баланчага салгыла" деп айтсын, укпайбыз, ар бир добушту санайбыз, баш аламандык болот" деп отурат. Бакиевдин чоң кемчилиги "элди кой, эчтеке билбейт" деп эсептегенинде.
- 2005-жылы мартта эл менен иштеп тажрыйбаңыз чоң, элди азыр кантип тынчытуу керек?
- Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, министрлер региондорго барып эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, керек болсо ар бир үйдү кыдырып, сүйлөшүү керек. Мына миңден ашык курал-жарактар элде. 2005-жылы талап-тоноочулуктан кийин чоң складдарды ачканбыз, кожоюндары келип буюмдарын таап алып кеткендери болгон. Ошондо элдин көзүнчө түшүндүрүү менен талап-тоногоо катышкандарды уяткарганбыз. Эсимде бир киши "Мелис, мен дүкөндөн бир нерсе алдым эле түнү менен уктай албай ойлонуп атам, алып келип берейин, камабайсыңбы" деген. "Эмнеге камайбыз, алып келип бериңиз" дегенбиз. Көп кишилер ошентип буюм-тайымдарды тапшырышкан. Ызы-чуудан пайдаланып, чоң кылмыштар жасалып 4-5 кыздын жылаңач өлүктөрү табылганда шаарга "түштүктүктөр келип, басып алып, Чүйдүн кыздарын кырып атат" деген ушактар шамалдай тараган. Чыны өлгөн кыздар Кеминдик болуп чыкты. Бирок, ал ишке тиешеси бар деп нарындык маньяк баланы кармаганбыз. Көп нерселерди ачып, маалымат таратуучуларга берип, жаздыртып иштегенде элдин милицияга болгон ишеними келе баштаган. Бирок, азыр "укугубузду коргогула" деп милициялар митингде жүрсө кайдагы стабилдүүлүк?
Жылдыз МУСАБЕКОВА