mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Бири-бирине шылтоодон бийлик куруйт

Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"
- Азиза айым, кечээ жакында Ош шаарынан келдиңиз, ал жакка кандай иш сапар менен бардыңыз, абал кандай экен?
- 2-май күнү Убактылуу өкмөттүн атынан Эдил Байсалов өтүнүч менен кайрылып, "Ош шаарында абал курчуп атат, барып эл менен сүйлөшүп келбесеңиз болбойт" деди. "Жакшы чоң эне болоюн" деген ниет менен неберелеримди үйгө чогултуп, балдарым менен чогуу үй-бүлөлүк майрам уюштуруп олтурганбыз. Ошко барганга мүмкүнчүлүгүм деле жок болчу. "Барбасаңыз болбойт. Өзбектер менен кыргыздардын ортосунда улуттар аралык келишпестиктер болуп атыптыр" деп тынчсызданганынан, ал жактагы абалды алдын албаса курчуп кетерин сезип, сапарга чыктым. Алгач жарандык коомдун өкүлдөрүнүн азчылык тобу менен жолугушуу болуп, маалымат алдык. Эртеси облустук адмнистрациясынын жетекчиси жана ШИИБ, ОИИБдин жетекчилери менен жолугушуп, 70-80 адамдын катышуусунда чогулуш өткөрдүк.
- Эмне маселе боюнча пикир келишпестиктер болуп атыптыр?
- Түштүк жергесинде соода-сатык иштери менен көбүн эсе өзбек улутундагылар алектенишет экен. Ал эми фискальный органда иштеген дейбизби же спортсмендер дейбизби, айтор, мындайча айтканда рэкеттер аларга дайыма салык салып турушчу экен. Соодагерлер эч нааразычылыгы жок эле айткан суммасын берип келишиптир. Соода кылган жигиттер Кореядан авто унааларын алып келип, түшүрүп атканда, рэкеттер барып, ар бир машина үчүн 500 америка долларын талап кылышыптыр. "Азыр чек ара жабык, биз андай чоң суммадагы акчаны бере албайбыз. Өзүбүз деле бир тыйын пайда көргөн жокпуз" дегендерине карабай, кыйнашат. Анан эки тарап тең өздөрүнүн талапкерлерин чогултуп, өз ара пикир келишпестиктерге барышкан. Ал жерге милиция кызматкерлери убагында кийлигишип, "салык салган балдардын бирөөсүн кармадык" деп айтышты. Ошондон кийин бул чатак тынчый түшкөн. Бирок, жашыруун каршылашуулар ачылбай калууда. Мындай нерселер башынан болуп келген, ага эч ким арызданып же күч органдарына кайрылган эмес. Мындай маселени мамлекеттик деңгээлде чечиш керек. Түшүнбөстүк иштер эмнеден келип чыкканын да айтышты. Шаарда бир номуру жок машина чуу салып, өзбек улутундагыларга "тигил жакта кыргыздар чогулуп келатышат" деп, кайра кыргыздарга барып "өзбектер топтошуп келатышат" сыяктуу сөздөрдү таратып, жөн жерден чуу көтөргөн. Ушундай окуядан кийин милиция кызматкерлери тынымсыз иштеп, номуру жок машиналардын баарысын текшерип, бир номуру жок "BMW" машинасын шектүү деп кармашкан. Мындай ызы-чуулардын түпкүлүгүндө түштүк жергесиндеги эки элдин бири-бирине ишеничи жок экенин байкадык. Булардан сырткары түштүк эли дагы бир маселе көтөрүп, "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири да түштүк жергесине басып келе элек. Эмнеге булар биздин абалды билип, эл менен жолугушууга келбейт. Кыргыз элинин басымдуу калкы түштүктө жашап аткан соң, бир жолу бизге кайрылып коюшпайбы" деген нааразычылыктарын айтышууда. Биз кызыгып "кимди көргүңөр келет" деген суроо узатканда, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевнын өзүнүн барышын туура көрүп атышат. Роза Отунбаева өзү келип түштүк жергесинин статусун, мындан кийинки биздин жерге болгон мамиле кандай болорун, түндүк-түштүк сыяктуу ички миграция кандай болорун ачык айтса деп талап кылышууда. Себеби булар түндүк-түштүк деп бөлүнүп, ич ара нааразылашкан жагдайларга кабатырланып келишет. Буларга укук коргоочулар же милиция кызматкерлеринин тынчтыкка чакыруусу аздык кылат экен. бир сөз менен айтканда түштүк элине мамлекеттик гарантия керек. Дагы бир маселе, улуттар аралык мамилени жөнгө салууга Убактылуу өкмөттөн ким жооп берет деген суроо менен кайрылып атышат. Анткени алар өкмөт тараптан Э. Ибраимова шайланган деп Элмира айымга кайрылса, ал Эркебаевге шылтап, Эркебаев "Каптагаев билет" деп, айтор бири-бирине түртө салып атканын билдиришти. Ошондуктан бул суроо боюнча кимге кайрыларын сурашууда. Ошол эле элдик ассамблеянын өкүлдөрү бизге ушундай маселелер менен кайрылышты. Демек бул маселени шайлоолор болуп, бийлик орногучакты Отунбаева өз колуна алышы зарыл экени талашсыз. Андан сырткары улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу үчүн атайын агентство ачууну сунуш кылышууда.
- Кыргызстанды экиге бөлүп, Түштүк Кыргызстан республикасын түзүү пикирлерин айткандар да чыгууда. Түштүк жергесине барганда ушул маселенин тегерегинде сүйлөшүүлөр болдубу? Дегеле өлкөдө башаламандык күч алып, жер басып алып, бийликке жетпей калгандар топ түзө калып митинг, пикеттерди уюштуруп аткандарына кандай ойдосуз?
- Кыргызстанды экиге бөлүү боюнча баракчалар таратылганын угуп изилдеп көрдүк. Бирок, андай чакырык баракчаларын таба алган жокпуз. Анан "түштүктү өзүнчө бир мамлекет кылып, бөлүнүп кетебиз" деген бир адамды деле кездештирбедик. Бул деле бир болбогон чагым сыяктуу нерсеби деген ойдомун. Себеби Түштүк Кыргызстан өзүнчө бир мамлекет болуп туруусу өтө кооптуу. Түштүк эли үчүн деле жакшы эмес. Ошол эле учурда түндүк Кыргызстан деле өзүнчө бөлүнгөн бүтүн мамлекет болуусу күмөн. Биримдикте чогуу болгондо гана биз бүтүн мамлекет болобуз. Ошондо гана бизди башка мамлекеттер тааный алат.
- Убактылуу өкмөттүн иш аракетине кандай карайсыз? Папке бөлүштүрүп атат деген сөздөргө оюңуз кандай?
- Булар бөлүштүрө тургудай папке калбай калды көрүнөт. Бирок, кызмат ордунан алмашпаган бир да райондун акими, бир дагы милициянын жетекчиси калган жок. Жада калса айыл өкүмөттөрүнө чейин алмаштырып атышат. Бул туура эмес. Элди сыйласа шайлоо менен келген айыл өкүмөттөрүнө тийишпей эле коюшса болмок. Анан милиция, укук коргоо же прокуратурага келгенде кадрларды кызмат ордуна профессионалдык деңгээлине карап туруп тандашса. Ар кимиси өз партиясынын өкүлдөрүн жөн эле коюп салууга болбойт да. Мисалы, "Ак жол" партиясынын өкүлдөрү барып айыл өкүмөттөрүн же акимди азыркы СДПК менен "Ата Мекен" партиясы сыяктуу алмаштырган эмес. Кандайдыр бир мамлекеттүүлүк, укуктуулук деген бар эле. Азыр айрыкча ушул эки партиянын өкүлдөрүнө жер-жерлерде нааразычылык күч алууда. Карапайым эл арасында "биздин жашоону Отунбаева, Атамбаев же Текебаев билет бекен" деген пикирлер айтылып келет.
- Учурда жаңы түзүлгөн саясий партия же ар кандай кыймылдардын саны арбыды. Көпчүлүгү Убактылуу өкмөттү сындап чыгышууда. Дегеле Убактылуу өкмөттүн ишин сындаганга мезгил жеттиби?
- Азыр ойлосок 2005-жылы жарандык коом өкүлдөрү өтө чоң катачылык кетирген экенбиз. 24-мартта бийлик алмашкандан кийин 17-апрелде жалпы республикалык форум өткөрүп, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү жаңы келген бийликке өзүбүздүн ишенимибизди билдирип, "жаман Акаевдин бийлиги кетти, жакшы Бакиевдин бийлиги келди, биз силердин жакшы иштеп кетериңерге ишенебиз" деп жакшы пикирлерибизди айтканбыз. Эки жылдан соң ал бийлик бизди жандарына жолотпой койду. Биз аны көзөмөлгө ала албай калдык. Мен бүгүн "Убактылуу өкмөттү сындаш керек эмес" деп айтпайм. Албетте сындаш керек. Айтылган сын да конструктивдүү болуусу зарыл. Сындын артында "катачылыкты кантип оңдоо керек?" деген сунуш кошо айтылганы дурус. Ошол эле убакта "мен Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият болгонубуз оң. Себеби биз ишеним арта тургандай эч нерсе боло элек. "Башканы коюп Манасты айт" демекчи, Убактылуу бийликтин учурунда эле Маевкада элдин жүрөгүн титиреткен окуяларга күбө болуп атабыз. Мын бүгүнкү күндө "күнөөкөрлөр кармалдыбы, жокпу, жоопко тартылып атабы, Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги кандай" деген маселелер ачык бойдон калууда. Жакында эле биздин уюмга өрт өчүргүч кызматкерлери кайрылып, "2005-жылы да өрт чыккан жерлерге барып кызмат өтөп, элден токмок жегенбиз. Быйыл да апрель митингинде башкы прокуратурага үч ирет барып, элдин ур токмогунда калдык. Анысы аз келгенсип, апрель айында маянабызды миң сомго кыскартып коюшту. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине карайбыз. Эмнеге бизди ИИМге каратып, айлыктарыбызды көтөрүп бербейт? Машинелер эскирип, шлангаляр жыртылып бүттү" сыяктуу нааразычылыктарын айтышууда. Кадрдык саясатын да жактырбай атышат. Менимче бул туура айтылган конструктивдүү доомат. Буларга Убактылуу өкмөт көңүл буруулары керек. Ошондуктан такыр эле сындабай коюуга болбойт.
- Айрым саясатчылар Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн "кадр алмаштыруу менен булар эл үчүн иштегенге эмес, алдыдагы шайлоолордо бийликке келип калуу саясатын жүргүзүп атышат" деген ойлорун билдиришүүдө. Сиз буга кошуласызбы?
- Жогоруда айтылгандай кадр саясаты абдан начар болуп атат. Бийликке ким келсе кызматка ошонун партиясынын мүчөлөрү келет турбайбы. Интернет сайттарда Бекназаров 27 жаштагы баласын улуттук коопсуздук кызматынын кайсы бир бөлүмүнө жетекчи кылганы жазылганы жалпыга маалым. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билбейм, бирок чындыгы бар болсо, анда жакшы эмес. Айыл өкмөттөрүнө чейин алмаштырып атканы албетте бул адмнистративдик ресурс. Мисалы, бир ЖОЖго өзүнүн партиясынын өкүлүн ректор шайлап койсо, ошол адам үчүн шайлоодо иштеп берет. Айыл өкмөтү өз партиясынын лидерлерине иштеп, айыл элин колго алып коет дегендей эле кеп. Биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Бул жерде миңдеген адамдардын аккан каны, 85 баланын өлүмү турат. Алардын артында ата-энеси, бир туугандары бар. Алардын көз жашынын убалы болот. Ошондуктан бул жерде "мен бийликке келип калайын, партиям бийликке келип калсын же бир нерсе пайдаланайын" деген саясат болсо Кудай кечирбейт, кан да кечирбейт.
- Парламенттик республикага өтүү чечимин кандай кабылдадыңыз?
- Кыргызда "өлүп көрүптүрмүнбү" деп коет эмеспи, анын сыңарындай президенттик башкаруу башыбыздан өткөн үчүн жүрөгүбүз түшүп атат да. Ал эми парламенттик башкарууну башыбыздан өткөргөн жокпуз. Эгер өткөрсөк биз түшүнбөгөн оош-кыйыштар келээр. Парламенттик башкарууга келсек депутаттарга болгон мамлекеттик мамилени өзгөртүшүбүз керек. 2004-жылы Польшага атайын эки апталык окууга барып, 3-4 күнүмдү Польшанын парламентинде өткөргөм. Ошондон чоң тажрыйба алып келгем. Аларда депутаттарга атайын квартира, машина деген берилбейт. Үч фракция өз офисттеринде иштеп, аларда бир гана аппараты болот экен. Депутаттар карапайым калк катары эле метро, автобус менен келишип, айлыкка иштешет. Аларда биздикиндей кол тийбестик деген жок. Депутаттык мандатка бийликке келейин же бир нерсеге жетишип калайын дегендер эмес, "мага баары жетиштүү, мен эл үчүн иштейм" дегендер гана келет. Бизде парламенттин "эшегинен тушагы" кымбат. Бир депутаттын эки жардамчысы, юристти, секретаршасы, шоопуру, машина, квартира болуп олтуруп баарына каражат биздин, карапайым элдин чөнтөгүнөн кетип атпайбы. "Биз төлөбөйбүз, келесиңби айлыкка иште. Квартира да, машина да бербейбиз" деп айтууга мезгил жетти. Ошондо гана парламентке, бийликке жулунган сасык саясатчылардын саны азаймак. Парламентке келип алып үргүлөп олтуруп, жардамчыларын иштетип койгон депутаттар азаймак. Ошол жерге баш-оту менен элге кызмат кылгандар келмек. Мурун бизди бир адам башкарып, эл бир адамдын балдарын, туугандарын багып келсек, эми 70-80 кишинин ар биринин туугандарын багууга даяр эмеспиз. Себеби, кыргызда жок дегенде 10-15тен туугандары болот. Ошон үчүн парламенттик деп эле тим болбостон, анын негизин түзүп, биз кандай жүк мойнубузга түшөрүн, кимдерди багышыбыз керек экенин жакшы түшүнүп алуубуз зарыл.
- Нааразычылык митингдерин саясий, социалдык же экономикалык деп бөлүүгө болобу?
- Митингдер негизи саясий укукка кирип, бир нече топко бөлүнөт. Жарандык жана саясий деген укугубуз бар. Шайлоого болгон укук. Сөз эркиндиги, динге болгон укук. Социалдык экономикалык жана экологиялык укуктар дагы болот. Мында биз өлкөдөгү болуп аткан маалыматтар менен таанышып, оюубузду ачык жана түз айта алабыз. Эгер бирөөнү туура эмес жумуштан алып койгондо ал адам митинге чыкса, анда ал социалдык экономикалык укукка кирет. Ал эми "менин добушумду туура эмес санап койду" десе, ал саясий укук. Ар бир маселе боюнча митингдер укук боюнча айырмаланат.
- Акаевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанга кайтып келүүсү жөнүндө, Бермет Акаева саясий иштерге аралашуусу тууралуу маалыматтар айтылууда. Дегеле тун президентибиздин үй-бүлөсү өз жазасын алышы керекпи?
- Бул жерде мен же башка жарандар Акаевдин же Бакиевдин үй-бүлөсүн Кыргызстанга келбесин деп айтканга укугубуз жок. Алар Кыргызстанда туулуп өскөн. Экөөнөн Кыргызстандын жарандыгын эч ким жокко чыгарып койгон эмес. Алардын келгени коопсуз эмес. Ар бири өзү чечсин, бирок мен "Акаев кеткенде курал колдонбой эле качып кеткен, ошондуктан Акаев жакшы. Бакиев кеткенде ушунча адамдын каны төгүлдү бул жаман" дегенден алысмын. Себеби Кыргызстандын ушундай абалга тушукканына Акаевдин чоң салымы бар. Эң биринчи биздин Конституциябызды одоно бузуп, биз бүгүнкү күнгө чейин Конституциялык жана укуктук талабыбызды кайра кайтара албай атабыз. 2000-жылы Акаев абийири менен кетип, кыргыздарды "бешке бешти кошсо, он болоорун билбейт" деп маңкурт калк катары караштын кереги жок болчу. 2000-жылы өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп берип, сыйы менен кетсе балким кийин биз "тун президентибиз эле" деп алтындан эстелик тургузмакпыз. Төрүбүздө эркелетип олутургузуп, же 2005-жылкы шайлоодо кайра шайлап алышыбыз ыктымал болчу. Чоң кемчилик кетиргенден кийин катачылыктын артынан катачылык келе берди да, 2000-жылы Конституцияны бузуп, кайра президент болуп алды. Ошондон кийин Үзөнгү-Куушту сатты, Аксы окуясын башыбыздан өткөрдүк. Ошол окуялардын баарысы жүрүп олтуруп 2005-жылга алып келди. Биз Аксы окуясын унута элекпиз. Сатылган жерибизди унуткан жокпуз. Ошол иштер акырына чыкпай калгандыктан дагы бир ирет беш жылда экинчи революцияны башыбыздан өткөрдүк. Ошондуктан Акаев менен Бакиев Кыргызстанга келсе-койсо өздөрү билсин, бирок алардын жоопкерчилиги өтө жогору болгондуктан ар бири өзүнүн жасаган ишине жараша жооп бериши керек. Убактылуу өкмөт бүгүн Бакиевдин кол тийбестигин алып салды. Ошол эле кол тийбестикти Акаевден да алуусу зарыл.

Бурул МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."





??.??