mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Өнөрлүү өлбөс, өнөрсүз күн көрбөс

Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"
Б.Д: - Азимбек мырза, сиз "М. Садыркулов баштаган буйрутма өлтүрүүлөрдүн бетин ачабыз" деп убада бербедиңизби, ошондон кийин Садыркуловдун өлүмү үчүн жазага алынып, абакка олтурган Өмүрбек Осмонов киши колдуу болуп каза болуп калды да. Садыркуловдун өлүмү тууралуу айтылганда Ө.Осмоновдун коопсуздугуна чаралар көрүлүп туруп айтылды беле? Окуя кандай болуп кетти?
А.Б: - Осмонов деген түрмөдө эмес, үй камагында болгон үчүн үйүндө эле экен. Биз ал Осмонов жөнүндө эмес, иштер тууралуу айттык. Матрешка, Садыркулов, Шаботоев, Жээнбековдун баласы жөнүндө айтканбыз. Ал эми Осмонов ар бир апта сайын мекемеге келип каттоодон өтүп койчу экен. Ошол күнү да каттоодон өткөнү келип, кетип баратканда өлтүрүлүптүр. Азыр ошондой эле коркунуч "Жээнбековдун балдарын өлтүргөн" деген кишилерде болуп атат. Биз азыр ошолорду кайтартып атабыз. Алар азыр камакта.
Б.Д: - Деги ошол чуулгандуу өлүмдөрдүн бети ачылат деген ишенимдер барбы?
А.Б: - Садыркуловдун өлүмү жана башка жогоруда айтылган иштерди кайра текшерип, тергөө жүрүп атат. Эми бул иштер Убактылуу өкмөттүн башкы максаттарынын бири эмес. Бул дегеле адилеттүүлүккө алып келүү жолу. Биз болбосок кийинки шайланып келген бийлик да буларга чекит коюшу зарыл. Акыйкаттуулукка алпарыш керек. Акыйкатсыздык болгонун жалпы эл билет, бирок укук коргоо жана сот органдары кимдир бирөөнүн таасири менен ушуга акыйкат чечим чыгарбаганы айкын.
Б.Д: - Азимбек мырза сөзүңүздү уласаңыз. 7-8-апрелде өкмөт үйүнөн табылган акчалар боюнча элде ар кандай имиштер жаралууда. Ушундай суроосун сизге өкмөт үйүн кайтарган революциялык комитеттин төрагасы Жыргалбек Саалаев узатты эле. Ошону угуп алып жооп берсеңиз.
Жыргалбек Саалаев: - Азимбек Анаркулович, Ак үйдө 16 миллион сом табылды эле. Анын 11 миллиону сом менен, калганы ар кандай валюта менен. Комиссия улуттук банкка өткөрүп берген. Элге "11 миллион эле табылды" деген маалымат берилди. Буга кандай деп жооп бересиз? Экинчиси, ошол өткөрүлгөн акчалардын 10 миллионун эртеси сиз барып банктан алып кеткен экенсиз. Ал боюнча такталган кагаздарды биз көрдүк. "Акчаны шаардын көтөрүлүп жаткан жерлерин тынчтандырууга колдоном" деген экенсиз. Акча каякта экенин айтсаңыз?
А.Б: - Жыргалбек инимдин өзүнө айтат элем, ошол комиссияга мүчө болуп өзүңөр киргенсиңер, акчаны да өзүңөр санап, Улуттук банкка алып баргансыңар, мен катышкан эмесмин. Билишимде Ак үйдөн алынган акчалардын баарысы комиссияга тапшырган буюм далили катары Улуттук банкта сакталуу. Анан "баланча алып кетти, түкүнчө алып кетти" десе, ошол алып кеткен адамдар жооп берет. Эртең "мага бер" деп барсам, мага эмнеге берет? Же Атамбаевге, же Отунбаевага эмнеге берет? Киши барса эле бере берет бекен? Ага арест салынган буюм далил катары эсептелинген акча. Аны иштетиш үчүн соттун чечими керек. Учурда Улуттук банкта сакталуу, буга эч кимдин тиешеси жок.
Б.Д: - Өмүрбек мырза, мына 17-майда Убактылуу өкмөткө каршы кандайдыр бир катуу митингдер болот деген имиштер пайда болду. Ага негиз барбы, муну кимдер уюштурушу мүмкүн?
Ө.С: - Билбейт экенмин, бирок Ата бейитте "кылмышкерлердин баарын кармап келип жазалайбыз" деп сөз бергенден кийин, ошондой нааразычылык акциясы болот деп ойлоп атам. Жаштар "Убактылуу өкмөт отчет беришсин" деген талаптары менен чыгабыз деп атышпайбы. Ошолор уюштурушу мүмкүн. Бул тууралуу так маалымат билбейт экенмин, бирок, кризис убагында Убактылуу өкмөт даяр болушу керек. Анткени азыр кандай болгон күндө да митингдер, нааразычылык акциялары болушу ыктымал.
Б.Д: - Ошол жаштардын артында кандай күчтөр болушу мүмкүн деп ойлойсуз?
Ө.С: - Анысын билбейм.
Б.Д: - Азимбек мырза, бул тууралуу сизде кандай маалымат бар?
А.Б: - Ар кандай маалыматтар айтылууда. Мунун артында Бакиевдер бар. Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев турат. Булардан башка да күчтөр чыгат. Булар жаштарды күчөтүп, "Бакиевдер эмнеге кармалбай атат?" деген шылтоо менен "17-майда чыгабыз" деп даярданышууда. Бул көбүнчө түштүк жергесинде болуп, Бакиевдин талапкерлери чыгып, ар кандай кагаздарды таратып, иш жүргүзүп атышат. Мен ойлойм, муну көпчүлүк эл түшүнүү менен, артында ким турганын билип, колдобойт болсо керек. Менимче 17-майда андай деле көп коркунуч жок. Бирок, биз да укук коргоо кызматкерлерине тапшырма берип, "ошол топторду уюштургандар кимдер экенин иликтеп, элдин алдына алып чыккыла" деп атабыз. Кечээ Нарындан келгендерге "Нариман ак" десеңер, өзү бул жакка келсин, суроолорго жооп берип, тазаланып алсын" деп айттым. Нариман Москвага жатып алып "күнөөм жок" деп улам эле туугандарын чыгаргандын ордуна өзү келсин да. Булардын эмне иш кылганын биз билебиз.
Б.Д: - Өмүрбек мырза, Убактылуу өкмөт азыр милицияны полиция деп атамак болду. Аты өзгөрүү менен заты да өзгөрүлөбү? Дегеле өлкөнүн коопсуздугу, келечеги үчүн жанагыдай 17-майда боло турган нааразычылык акцияларында полиция дейбизби, милиция дейбизби кандай мамиледе болуусу керек?
Ө.С: - Негизи реформа деген бул жакшы сөз, бирок, реформаны жасаш бир стабилдүүлүк болгондо, анан акча болгондо болот. Мисалы, бир кичинекей жазууну алмаштырууга акча керек. Роза Отунбаева Милициялык академияга барып алып "мына биз силерди реформалайбыз" дегени курулай сөз. Негизи бул мамлекеттик масштабдагы реформа болот. Жалгыз милицияны эч качан реформалабайт. Прокуратураны, ИИМди, көз карандысыз сотторду чогуу реформалоо зарыл. Азимбек деле билет. Биз канча жылдан бери "баардыгын чогуу реформалайлычы" деп айтып келатабыз.
Б.Д: - Сиз ИИМде жүргөн кезден бери эле ошол тартип коргоо органдарын реформалоо маселеси алдыга коюлган болчу. Бирок ишке ашкан эмес.
Ө.С: - Биз анда биринчи этап кылганбыз. Бул милиция элге жакын болуп, кварталдык милиция, анан кварталдык полиция кылып эл менен иштесин деген ойдо реформалоо кылганбыз. Кийинки этабы болсо 21-кылым боюнча БУУнун программасына кирбедиби, ошол боюнча масштабдуу реформа болмок. Азыр полиция дейби, милиция дейби, кытайларга окшоп МГД деп коебу, атынан заты өзгөрбөйт. Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда болуп турат. Буларга чындап жакшы мамиле кылуу абзел. Ошон үчүн мен теле берүүдө "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү милициядан кечирим сурагыла" дегем. Анткени сабагандын эртеси күнү алар "элге тез эле өтүп кетпейсиңерби" деп айтпадыбы. Демек, эртең башка эл келип, милицияларды сабаса тез эле тигилерге өтүп кетиши керекпи? Мына, Азимбек "биз тапшырма бердик" деп айтып атат. Тиги бийлик да аларга тапшырма берген да.
Б.Д: - "Мекенге кызмат кылабыз" деп келген ошол атуулдар эмне үчүн кечиримге муктаж?
Ө.С: - Мамилени айтып атам. Кечээ эле булар "силерди урабыз, согобуз" деген милицияны бүгүн башкарып атышпайбы. Ошондуктан Шерниязовду Жалал-Абадка барганда милициялар өздөрү жакалап, "сен эмне үчүн бизге жакшы сүйлөбөйсүң, министр болгондон кийин аталык мамиле кылбайсыңбы" деп атпайбы. Эмне себептен? Анткени күнөөсүн айтып атышат. Ошондуктан буларга жакшы мамиле кылышы керек. Алар биздин инилерибиз. Мына Азимбектин өзүнүн баласы дагы органда иштеген. Жакшы мамиле болушу зарыл. Өйдөгө туруп алып күч менен сүйлөгөнгө алар да жооп берет.
А.Б: - Мен да ушуга кошумчалап коеюн. Өмүрбектин сөзүнө толугу менен кошулам. Атын өзгөртүп койгондо эле бул реформалоого жатпайт. Бүгүн чындыгында буларга моралдык, патриоттук сезим менен кызмат кыла тургандай саясат жүргүзүш керек деп ойлойм. Чынында качан, кайсы тополоң болсо эле пайдаланат, анан булар күнөөкөр болуп калат. Мен Таласка барганда жеке курам менен жолуксам, жакшы эле иштеп атканы менен баарысы эле ушул маселени айтып атышты. "Силер ушул погонду тагынып, ушул кесипти тандап алгандан кийин силер чыдашыңар керек" деп айттым. Алар "биз буйрукту аткарып атабыз да" дейт. Бирок милициялар да туура эмес буйрукту аткарбай коюу деңгээлине жетиши керек.
Б.Д: - Азимбек мырза, Кыргызстанды экиге бөлүп, Түштүк Кыргызстан өлкөсүн түзүү жөнүндө баракчалар, дисктер таратылбадыбы. Ошолорду тараткан, уюштурган күчтөр кармалдыбы? Аларга кандайдыр бир жаза чаралары колдонулдубу?
А.Б: - Эми Ошто кармалган адамдар жөнөкөй эле таркатуучулар. Түбүндө кимдер турганы иликтөөдө. Ошондуктан, булар тууралуу так маалымат жок. Таркаткандарды кармаган менен алар көчөдөгү эле карапайым адамдар. Аларга 5-10 сомду кармата коюп, пайдаланып атышат. Өмүрбек иним айтып аткандай шайлоого даярдануу иштеринин артындагы саясат башталып кетти. Анан туура эмес кадрдык маселеден да чыгууда. "Эмнеге түштүктүн балдарын массалык түрдө кызматтан бошотуп жатат?" деген пикирлер болуп атат? Ушунун баарысын анализдеп, азыр Убактылуу өкмөт иштеп атат. Мындай жагдай кээде ушул Убактылуу өкмөттүн кетирген кемчилигинен да күч алууда.
Б.Д: - Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ортосундагы ынтымак күч деп айта алабызбы?
А.Б: - Күч деп айта албайм. Эмне үчүн дегенде бул ар түрдүү көз караштагы саясий адамдардын топтому да. Кечээки Бакиевдин режимин кулатуу максатында бириккен күч тобу. Бул максатка жеткенден кийин андан ары келечекке кеткендей, ошол эле Конституциялык маселеде ар кимибиздин өзүбүзчө көз карашыбыз бар. Дагы бир жагдай, Өмүрбек айтмакчы кадр маселесине келгенде тигил же бул партиянын адамдары келип калганда, андан да пикир келишпестиктер чыгууда. Ошондуктан, биз Убактылуу өкмөт мүчөлөрү негизги бир нерсени түшүнөлү деп аракет кылып атабыз. Биздин максат үй-бүлөлүк башкаруу системасын сындыруу жана өткөөл мезгилге таза шайлоо уюштуруп берип, шайлоодо ким утса, ошого мамлекеттин тагдырын өткөрүп берүү. Ушуну бийик тутсак деген нерсеге кармалып туруп атабыз.
Б.Д: - Урматтуу мырзалар биздин теле көрсөтүүбүзгө келип, суроолорубузга жооп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.




  Акыркы коңгуроо артында

Бүтүрүүчүлөр коштошуу кече өткөрбөйт
Мындай чечимди КРнын билим берүү жана илим министрлиги кабыл алды. Абдылда Мусаев үстүбүздөгү жылдын 6-майындагы буйругуна ылайык Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү кафе-ресторандарда, ж.б көңүл ачуу жайларында коштошуу кечесин өткөрбөсүн жана бүтүрүүчүлөргө орто билим тууралуу күбөлүгүн тапшыруу аземи күндүз мектеп имараттарында берилерин сунуштаган. Республикабыздын баардык мектептеринде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүгү 25-июнда тапшырылмакчы. Быйыл Кыргызстан боюнча орто мектепти 76 миң окуучу аяктаганы турат. Демек майрам-сайраны жок эле тарап кетебиз, жыргап.

  Топ тоголоткондор

Баскетболчу Мария
Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин баскетбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мария Линева, аталган спорт түрү боюнча өткөн универсиада жыйынтыгы менен мыкты баскетболчу наамына татыды. Бул туурасында Basketball.kg сайтында айтылат. Электрондук басылма таймаштардан соң, өз окурмандары арасында универсиададагы эң мыкты баскетболчу тууралуу сурамжылоо уюштурган. Анда М. Линевадан сырткары, аталган окуу-жайдын эки студенти - Юлия жана Ольга Колесниковалар, ошондой эле Дене-тарбия жана спорт академиясынын студенттери Валентина Люлина жана Ольга Дорошенко , Кыргыз-Россия Славян университетинин өкүлдөрү Юлия Чубук жана Ксения Антонова деген кыздар "кырчылдашты".

  Кытай таң калды

Кызыктырган "Кыргыз павильону"
Ушул күндөрү Шанхай шаарында өтүп жаткан (КЭР) бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүндө 10 күндүн аралыгында Кыргызстандын экспозициясына 100 000 адам келген. "Кыргыз павильону" көргөзмөгө келгендердин чоң кызыгуусун жаратууда. Көпчүлүктүн көзүн кызарткан биздин экспозиция боз үйдүн көрүнүшүндө жасалгаланган. Келгендер кыргыз павильонуна киргенде өздөрүн жомок дүйнөсүнө туш болгон жагымдуу маанайга кабылгандыгын айтышууда. Чындыгында бул эл аралык көргөзмөнүн уюштуруучуларынын негизги максаты - ар бир келген адамга ушундай маанай тартуулоо болуп эсептелет.



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«