кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
13-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайта-кайта митинг кимге кызык?
2-бет
Коргомоктон кончуңа тык!
3-бет
Нариман ТҮЛЕЕВ,
Бишкек шаарынын экс-мэри:
"Бакиевдин "шыйрагы" менен биригип, келесоо болуптурмунбу?"

4-бет
Чындык өлгөн жерден цензура башталат
5-бет
"Камбар-ата-2" ГЭСи аз күндө ишке кирет
6-бет
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ:
"Бала кезимден берки элге кызмат

7-бет
ИИМ билдирет
"Укук тартиби" оперативдүү иштейт

8-бет
"Келечек" өткөндү эскерди
9-бет
Өкмөтүбүздү өгөйлөбөй туралы
10-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ:
"Бүгүнкү күндө милиция депрессиялык абалда"

11-бет
Азиза АБДУРАСУЛОВА,
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы:
"Убактылуу өкмөткө ишенем" деген сөздөн этият бололу"

12-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, экс-вице-премьер министр:
"Бул чоңураак экен, Жапаровдун бою кичирээк эле деп таппай калышыптыр"

13-бет
7-апрель…
14-бет
Таластагы талаш
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Жанета БОБКОВА, ырчы:
"Апам экөөбүз Америкада күнү уктап, түнкүсүн басып..."


п»ї
  Кайта-кайта митинг кимге кызык?

Эсибиз барда этекти жабалы
Эй, кыргыздар, эмне болуп баратабыз?! Кансыраган өлкөбүздү уйпалап, кайта-кайта митинг өткөрүүдөн эмне табабыз?! Кашыктап чогулткан абийирибизди чакалап төгүп, дүйнө элине шылдың болууну эмнеге мынча эңсейбиз?! Ушул илептүү суроолорго ким кандай жооп берет?..

Албетте, бакиевчилерден башкасы жапырт ынтымак жана тынчтыкты каалайт. Бүгүнкү "чоң митинг уюштурабыз" деп чуркап жүргөндөрдүн көпчүлүгү бакиевдердин арам акчаларын жеп, айдакталгандар деп ачык айтсак жарашаар. Болбосо, Убактылуу өкмөткө жекече нааразычылыктар жаралган болсо дагы мындай "шаан-шөкөттүү" митинг жарыяланбайт. Ооба, жаңы өкмөттүн жаңылыштыктары болууда. Бирок андай жагдайларын этек-жеңден тартып, оңдоп-түздөп алууга убакыт алдыда экенин эң сонун билебиз. Билип туруп кыянаттык кылуу чыныгы патриоттордун колунан келбейт. Мекенчил таза, эрктүү адамдар бүгүнкү күндө кылган иши менен эл жакшылыгына жарап, Кудай алдында чоң милдетин өтөп жатат.
Бир туруп 17-майда деп, кайра 12-майда болот деп "апрелчилер" терисин жамынган криминалдык топтордун тополоң салмай оюнун жашыл акчалар менен артынан итерип аткандар дал ошол элден уурдалган ири суммалардын коррупционер кожоюндары. Өлкөбүздүн стабилдүү нукка түшүп кетүүсүнө каршы чыккандар - алар, 7-апрель революциясында окко учкан жигиттердин арбагына каршы чыккандар! Алар, миңдеп-сандап бейкүнөө жарадар болуп жалдырап жаткандардын ар-намысына каршы чыккандар! Алар, шейит кеткендердин ага-туугандарынын үмүт-тилегине каршы чыккандар! Алар, кыргыздын улут-тукумуна, Бакай-Манасына каршы чыккандар! Алар, тууган энесине, тапкан атасына, анан ириде Кудайдын эркине каршы чыккандар!
Оңолоор жолго эми-эми кылдырап түшүп, өз киндигибизди өзүбүз кесип кас тура албай атканда "ичтен чыккан жат, өзөктөн чыккан өрт" болбойлу! Ааламды адамдар эмес, акыл-эс башкараарын айттырбай түшүнөлү…
Жумабай Абдан











??.??