mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

 "Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн

Бейшенбек ӨСКӨНБАЕВ,
"Келечек" патриоттук жаштар кыймылынын координатору:
"Экономикабызды өнүктүрмөйүнчө күнүгө өкмөт шайласак да өзгөрүү болбойт"
Кыргызстанда партиялардын, ар кандай кыймылдардын саны өсүүдө. Алардын катарын толуктап, "Келечек" патриоттук жаштар кыймылы түзүлдү.

- Бейшенбек мырза, "Келечек" жаштар кыймылынын түзүлүүсүнүн эң негизги себеби тууралуу айтсаңыз, кандай максаттарды көздөйт?
- Мындан беш-алты жыл мурун патриот жаштарды чогултуп, "кыймыл түзүп, партия ачалы" деген оюбуз бар эле. Бирок "ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" демекчи, бир топ убакыт өтүп кетти. Апрелдик революцияда жаштардын каны төгүлүп кетти. Беш жыл мурунку революцияда да жаштар колдоп берген. Мисалы, жеке эле Кыргызстанда эмес башка өлкөлөрдө да кандай иш болбосун, жүрүш болбосун жаштар кылат. Ошого жараша жаштар да бийликке келет. А бизде жаштар эл-жер үчүн канчалык жан үрөп, кан төгүп, курман болуп атса дагы бийликтегилер жаштарды унутта калтырып коюшат. Ушул себептен патриот жаштарды колдоо максатында элге ак кызмат өтөп, жан-дили менен иштеген жаштарды алып чыгууну көздөп "Келечек" жаштар кыймылын түздүк, 18 жаштан 40 жашка чейинки патриот, эл-жер үчүн күйгөн жаштар кире алат. Учурда кыймылга кирген жаштардын саны 400гө жакындады. Бишкекте гана эмес региондорго чейин жеткирүүгө умтулдук. Азыр ар бир облуста, райондордо, айылдарда жаштардын башын бириктирип, алардын арасынан чыныгы патриотторун айыл өкмөттөн тартып, президенттин аппарат жетекчисине чейин болобу, Жогорку Кеңешке чейин болобу жеткирип, көмөк көрсөтөбүз. Биздин оюбузча бийликте, өкмөттө таза адамдар, патриоттор иштесе өлкөдө чоң жылыш болот эле. Азыркы тапта мамлекетибизде жүздөн ашык партия, кыймылдар бар экен. Ошолор туура иштеп, ар бир партиядан жок дегенде ондон адам чыгып, карапайым элге туура жол көрсөткөндө балким мынчалык кан төгүлбөйт эле. Жаштар революцияны жасап, лидерлерди колдоп берди, бирок бийликке келгенде жаштар унутта калды. Анан жогору жакты карап олтуруп, айласы кеткенде эки-үчтөн топ болуп мародерлукту жасашты. Жерлерди басып алып атышат. Эгер мекен үчүн күйгөн жаштардын уюму болгондо ушундай башаламандыкты токтотуп, жаштарды туура жолго үндөмөк беле дейсиң. Жаштарга сөзсүз мыкты лидерлер керек. Биздин "Келечек" жаштар кыймылы азыр жаштар арасынан лидерлерди тандап, окутчусун окутуп, үйрөтчүсүн үйрөтүп, иштетчүсүн иштетип кетели деп атабыз. Биринчи кезекте кандай гана кыймыл болбосун өлкөнүн экономикасын көтөрмөйүнчө, тартипти сактамайынча мамлекет өспөйт.
- Сиздин пикирде өлкө жаштары бийликти колуна алып, мамлекетти башкарууга мезгил жеткен экен да...
- "Жаштар баарысын кыйратат" деген ойдон алысмын. Бирок, бийликтегилер өздөрүнүн ордуна жаштар арасынан өстүрүп, даярдашы керек. Менимче жаштар арасында бычакка сап болчулары жок эмес. Башка жакта билим алып, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жаштары толуп атат. Анан жаштар десе эле жаштарды алып келе берүүгө болбойт. Бийликке болобу, мамлекеттик кызматка болобу накта элим, жерим деп күйгөн, көкүрөгүн окко тоскон патриот жаштар келиши керек.
- Учурда Убактылуу өкмөт Кыргызстанды парламенттик республика кылуунун камын көрүүдө. Буга сиздердин оюңуздар кандай?
- Менин оюмча Роза Отунбаева эжебиз бир жыл шайлоону токтото туруп, өлкөгө стабилдүүлүктү киргизип, саясатты жыйыштыра туруп, азыркы жазгы талаа иштерине тиешелүү маселелерди чечип, күзгү түшүмдүн камын көрүп, абалды тынчытып, анан шайлоолорго кадам жасашса болмок. ММКдан окуп, көрүп атабыз, бүтүндөй Кыргызстан боюнча партиялар ич ара нааразылашып, "президентикке аттанам", "парламентке барам" деген ызы чуулар күч алууда. Ошолорду токтотуп, анан саясат менен алектенсек туура болоор эле. Элге баарысын туура түшүндүрүп, туура багыт бербесек болбойт. Мамлекет өзү да чоң бурулуштарга даяр эмес. Мисалы, башка өлкөлөрдө Конституцияга 30-40 жылда бир гана өзгөртүү киргизсе биз күнүгө жаңылап, беш киши чогулса эле Конституцияны өзгөртө башташат. Ушул себептен шашылыш чечимдерди кабыл алуунун кажети жок. Эң башкысы экономикабызды өнүктүрмөйүнчө өлкөдө күнүгө революция болсо дагы, күнүгө өкмөт шайласак да эч нерсе өзгөрбөйт. Бизге учурда бекем ынтымак керек. Мына бийлик алмашканына бир айга жакындады. Ушул убакыттын ичинде канчалаган мекемелер иштебей калды. Ушулардын баарысын жөнгө салып, элди ынтымакка чакыруу зарыл. А саясатты экинчи планга калтырып туруу абзел.
- Эртедир-кечтир шайлоо болот эмеспи, сиздердин "Келечек" жаштар кыймылынан президентикке ат салышууга жаштар чыгабы?
- Баарына даярбыз деп кесе айтуу кыйын. Бизге айыл жерлериндеги патриот жигит-кыздарыбыз кайрылып, колдоп атышат. Эгер баардык жагынан төп келген, иш билгиси бар, таза иштегидей кандидат болсо, албетте, колдоп беребиз. Дегеле өлкөгө кандай жардам, көмөк керек болсо биз колдоого даярбыз. Учурда жыйырмадан ашык мекемелерди биздин балдар көзөмөлдөп, кайтарып атышат. Биз өзүбүзчө өнүгүп, өз алдыбызча кетпейбиз. Кыргызстандагы болгон жакшы нерсенин баарысын колдойбуз. Бийликке, дегеле мамлекеттик кызматтарга таза, ак ниеттен иштеген адамдар келсе дейбиз. Биз тазаланышыбыз керек.




Айнура ТЕМИРОВА,
"Келечек" жаштар кыймылынын мүчөсү:
"Патриот жаштар башкаруу системасына келсин"
- Жаңыдан тушоосу кесилип аткан "Келечек" патриоттук жаштар кыймылынын түзүлүп атканын угуп, атайын Нарын шаарынан келдим. Негизи бул жаштар кыймылын түзүү идеясы бизде бир канча жыл мурун эле калыптанган. Бирок мезгил жетип, бүгүн биригип олтурабыз. Биз Бишкек менен эле чектелип калган жокпуз. Жер-жерлерде өзүбүздүн өкүлчүлүгүбүздү ачып, региондорго чыгып, катарыбызды кеңейтип атабыз. Кандай гана бийлик келбесин, кандай гана режим системасы өзгөрүлбөсүн жаштар бийликтин колунда курал катары калып калууда. Алар өздөрүнүн максатына жетип, бийликке барган соң жаштарды унутушат. Убактылуу өкмөт жаштардын министрлигин ачты, ошону жаштарга беребиз дейт. Бирок министрлигин ачуу менен маселе чечилбейт. Эгер биз түндүк-түштүк деп бөлүнүүдөн арылабыз десек жаңыча ой жүгүртүп, билимдүү, таза, патриот жаштарды бийликке, саясатка, башкаруу системаларына алып келишибиз керек. Кыргыздар арасында билимдүү, иш билги жаштар арбын. Алар 21-кылымдын кадрлары..
- Кыймылга мүчө болом деп келген адамдардын баарысы кабыл алынабы?
- Көчөдөн келген кишилердин баарысын кабыл ала бербейбиз. Биз булганбаган, таза, билимдүү, мурда башка кыймылга кошулбаган жана ак дилинен иштейм деген патриот жаштарды кабыл алабыз. Анткени биз аларды татыктуу кадр кылып такшалта турган мекенчил уюм болушубуз керек. Көздөгөн максатыбыз да ошол.




  Янн ЛЕ КОЗ, француз атуулу,

"Келечек" жаштар кыймылынын мүчөсү:
"Кыргызстанда тарыхтын жаңы барагы ачылды"
- Мен кыргызга күйөө баламын. Үй-бүлөм менен бир жыл мурун Кыргызстанга жашаганга келгенбиз. Демек, Кыргызстан менин экинчи мекеним. Ошондуктан мен өлкөдөгү болуп аткан кырдаалга көз жумуп жатып алгым келген жок. 10-апрелде Бишкектин борборун кыдырып чыгып, шаарыбыздагы баш аламандыкты көргөндө абдан кейип, жүрөгүм ооруду. Так ушул маалда жөн жата берүүгө болбостугун билип, Кыргызстан үчүн маанилүү, керектүү иш жасоого умтулдум. Ошол себептен жаңы түзүлүп аткан "Келечек" жаштар кыймылына келип мүчө болуп, кыргыздын патриот жаштары менен бирге мекен үчүн жакшы иштерди жасоого өз салымымды кошоюн деген ойдомун. Мына, Францияда болобу, Кыргызстанда болобу тарыхтын жаңы барагын ачып, бийликке каршы чыккан жалаң жаштар. Биз таза, эл үчүн, мекен үчүн жанын аябаган жаштарды колдоп, алып чыгышыбыз керек.




Алмаз КАСЫМБЕКОВ, "Келечек" жаштар кыймылынын координаторунун орун басары:
"Азыркы жаштар эртеңки күч"
- Ар бир кыргыз жаштары ичибизде патриот болуп келгенбиз. Эми ошол нерсени сыртка чыгарып, ачык айтууга мезгил жетти. Мени мындай ойго жетелеген 7-апрелдеги окуялар болду. Ушул күнгө чейин жаштар унчукпай, баарысына макул болуп жашап келген. Ал эми апрель революциясында жаштар чыгып, бийликтин жасап аткан ишине макул эместигин билдиргени көпчүлүк кыргыз жаштарына сабак болуп, тынч жаткан жеринен ойготту. Мен да ушундан соң көз карашымды өзгөртүп, ичтеги оюмду ачык айтуу керек экендигин түшүндүм. Жаштар биргелешип иш жасап, оюбузду ачык айтсак бизге көңүл бурулат беле деген ой кетет. Убактылуу өкмөттүн жаштар саясаты боюнча министрлик түзгөнү кандайдыр бир олуттуу чечим болбосо дагы көңүл бурула баштаганынан кабар берет. Жаштар чогулуп оюбузду, талаптарыбызды айтып турсак бизге көбүрөөк көңүл бурулмак. Себеби азыркы жаштар эртеңки Кыргызстандын келечегине таасир эте турган күч болот. Азыркы жаштар эртеңки Кыргызстанда жашай турган кыргыз эли. Бул демек элди алдыга жылдыруучу кыймыл келатат дегенди билдирет.


Чынара ИБРАЕВА, "Келечек" жаштар кыймылынын мүчөсү, финасист:
"Жаш интеллигенцияны ачабыз"
- Биздин ишкана буга чейин деле кайрымдуулук акцияларына катышып, карылар жана балдар үйлөрүнө демөөрчүлүк кылып келатабыз. Ушул сыяктуу кайрымдуулук иш чараларыбызды кайра жандандырып, жаңы иштерди баштаганы турабыз. Алдыда 9-май жеңиш күнүнүн 65 жылдык мааракесине арналган иш планыбыз боюнча айтсам, Сокулук районунун Шопоков айылында төрт согуштун ардагери болуптур. Алардын бири Дүйшөнкул Шопоковдун гана эстелиги тургузулуп, калган үчөөнүн эстелиги жасалган эмес. Биз "Келечек" жаштар кыймылынын атынан ошол үч баатырдын эстелигин тургуздук, буйруса 8-май күнү ачылуу аземин өткөрөбүз. Андан сырткары 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата да жакшы иштерди жасаганы турабыз. Андан соң региондорго иш сапарларга чыгып, жер-жерлердеги өзүбүздүн штабдарга барып, жаштардын ишин жандандырып, аларга пландарыбызды, иш максаттарыбызды кеңири түшүндүрөбүз. Биздин максат келечекте Кыргызстанда жаштардан турган интеллектуалдуу борбор ачуу.




"Менимче Убактылуу өкмөт кызмат бөлүшүүдө"
- Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жасаган иши сырттан карагандарга бийлик талашып, кызмат бөлүштүрүп аткандай көрүнүп атат. Менимче Убактылуу өкмөт азыр кызмат орундарын бөлүштүрүп, жетекчиликти колго алып иш баштабаса, анда биздин мамлекет чөгүп кетпейби. Булар кызмат бөлүштүрүшкөн жок, болгону ким кайсы ишти жасай ала турган болсо, ошол кызматка жайгашып атат. Балким алар кайсы бир жерден кадр маселесинде катачылык кетирип аткандыр. Канткен күндө да буларга азыр кыйын, жардам беришибиз керек. Буларга сын айтып, кызмат бөлүштүрүп атат деген пикирлерди тараткандар бийликке умтулган Акаевдин же Бакиевдин колдоочулары болсо керек. Менимче кандай кадр болбосун, мейли ал Акаевди же Бакиевди учурунда иштебесин, таза, эл үчүн эмгек кылган болсо, анда ага азыр да бийликтен орун бериш керек. Алар Акаев же Бакиев үчүн эмес Кыргызстан үчүн кызмат кылышкан. Ал эми элдин мүлкүнө кол салган, алдамчы адамдарга албетте орун жок.

"Парламенттик Респуликаны колдойм"
- Убактылуу өкмөт сунуштап аткан парламенттик республиканы колдойм. Себеби мурдагы президенттик бийликти көрдүк, бир адамдын башкаруу системасында жакындарынын, туугандарынын көз карашы өйдө туруп, элибизди кыйынчылыкка алып келди. Апрелдеги окуяларды ММК толугу менен элге жеткире алган жок. Биздин кыймылдын максаттарынын бири ММК болгон нерсени толугу менен ачык айтып, элге жеткирсе деген пикир. Андан сырткары парламенттик республика болсо буюрса баары жакшы болуп кетет деген ойдобуз. Ошол парламенттик республикага таза, мекенчил жаштар келсе элге ак кызмат кылышат. Парламенттик республика Германия жана башка өлкөлөрдө иштеп келатат. Экономикасы алдыга жылып, бир топ жетишкендиктерге ээ болушту. Ошондуктан биздин кыймыл парламенттик республиканы колдойбуз.


Бурул МУСАБЕКОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«