mainkaptal
Пользовательский поиск
  Чыгалбай турган көз эле...

Мелис ТУРГАНБАЕВ, Милициянын полковниги,
эркин күрөш федерациясынын президенти:
"Садыркуловго белек этилген кулак-мурун операциясынын бетин ачканым белгилүү адамдарга жакпай калды"
Гезиттин окурмандары улам чалып ИИМ кызматына көп эмгек сиңирип, бирок, ар дайым куугунтук жеп, жалган-жалаалар жабылып келген Мелис Турганбаев, Өмүрбек Суваналиев жөнүндө көп-көп сурап, "бу жигиттер эмнеге жаңы бийликке жардам берип, өлкөдөгү кырдаалды оңдогонго салым кошпойт" дей беришкенинен улам Мелис Турганбаевге атайы издөө салып, "Спартак" стадионундагы бөлмөсүнөн таптык. Федерациясынын иши менен алектенип, бука моюн, буурул сан балбандары менен алдыдагы мелдештер жөнүндө масилеттешип аткан экен. Биз көп суроолорду узаттык, жоопторун бирге тыңдайлы.

- Мелис мырза, мен билгенден сизди Акаев бийлиги, андан соң Бакиев бийлиги абдан куугунтуктады. Чыгаан опер, өз ишинин профессионалы Турганбаев Акаев, Бакиев бийлигине эмнеси менен жакпай калды? Улам-улам кылмыш ишин ачып, гезиттерге байма-бай каралатып, калктын пикирин сизди жаман көрсөтүүгө далбастаган бийликтин кадамдарына түшүнбөгөндөр көп. Себеби, Мелис Турганбаевди жамандатып, артынан түшүп, кугунтуктагандан да бөлөк мамлекетте чоң-чоң көйгөйлөр көп эле да.
- Эки бийликтин тең куугунтугуна калганымдын эң эле чоң себеби-менин профессионалдык ишмердүүлүгүм. Себеби, ар дайым коомчулукта резонанс жараткан чоң-чоң иштерди принципиалдуу түрдө, эч кимди укпай, бетин ачып келгем. Андай иштердин көбүнө сөсүз түрдө Ак үй, Көк үй чиновниктери түздөн-түз байланышы бар болуп чыкчу. Акаев учурунда биринчи куугунтук жегеним Мисир Ашыркуловго болгон террактынын бетин ачсам, ал иштин куйруктары Акаев жакка барып такалды. "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар" мени талкалап, такалагысы келишти. Экинчиси, Акаев дайындаган ИИМ министрлери ачык эле кутурду. Алар милиция системасын бузуп, талкалашты, десем такыр жаңылышпайм. Андай министрлердин келиши менен профессионалдар четке сүрүлүп, кошоматчылар, кабинетке акча салынган портфель көтөрүп киргендердин күнү тууду. Жакшынакай иштеп аткан жеримден мени да тияк-биякка кууду да, сураган акчасын алып кирбей койсом, эч негизсиз жумуштан алды, кылмыш ишин козготту. Негизсиз кызматтан бошотушканы үчүн бир жылдан ашык соттоштум, соттон эмне деген азаптарды көрбөдүм. "Актыгымды далилдейм" деп Жогорку Сотко чейин бардым. Азыр ойлосом, ошо кезде акыйкат соттор бар экен, ишти карап туруп, мыйзамды сыйлап, ак жеримден күйдүрүшпөдү. Убакыттан пайдаланып, Акназарова эже баш болгон коллегиялуу сотко ыраазычылык билдирем, алар адилет карады. Ал кезде айрымдар сотторго менин көзүмчө эле "ой, ошо полковникти эмне эле генерал министр менен кармаштырып, атак-даңкын чыгарып жатасыңар, мындай эле чечип койбойсуңарбы" деп буйрук берип турган. Акталып, 2005-жылы 24-мартта биринчи жолу жумушка чыкканымда, революция болуп кетпедиби. Жаңы бийлик "шаарга жардам бериңиз, кызматкерлерин бүт тааныйсыз" деп суранды.
- 2008-жылы декабрдын этегинде президенттик администрация жетекчиси, ыраматылык Медет Садыркуловго белгисиз адамдар тарабынан белек этилген кулак, сөөмөй операциясынын бетин ача коюп, кутулбас куяга калганыңызды билебиз. Бирок иш жагдайы кандай болгонун окурмандарга өзүңүз айта кетсеңиз.
- Кулак, сөөмөйгө бир топ милиция кызматкерлери аралашканын мойунга алыш керек. Милиция менен катарлаш чоң-чоң чиновниктер да бар. Ошолордун куйругун бастым. 2009-жылы 8-январга чейин бүт өлкө эс алмак. 1-январда үйдө отурсам Ак үйдөн телефон чалышты. Барсам "Садыркуловго ушундай белек келди, жашыруун топ түзөсүң да, изилдеп, ачасың, эгер кыйшаңдасаң өлөсүң, бул ишти президент өзү көзөмөлгө алды" дешти. Андан соң Садыркулов чакырды, а киши "профессионалсың, бул ишти ачат деп ишенем" деп суранды. "макул" деп чыгып, бул иш тууралуу ИИМ министри Болот Ногойбаевге айтсам, "давай, иште, ач" деди. Өзүм кичинекей топ түзүп, 3 күндө бат эле жыйынтыгына чыктык. Кайсы маалда, кандай болгонун, айтор, баарын тең изилдедик. Бүт айкын болду. Аламедин кичирайонунда өлүп калган БОМЖду милиция кызматкерлери алпарып кулагын, манжасын кесишиптир. Баары көрсөтмө берип, күнөөлөрүн мойнуна алды. Бирок ал ишке чоң чиновниктер аралашканын кайдан билипмин? Ошондон тартып мага аңчылык башталды. Мени кошоматчылар Жанышка "барын жасап, былгытып аткан Турганбаев" деп жамандап барышты, айтор мага каршы көп иштерди жасашты булар.
- Медет Садыркулов сиз ачкан иш менен толук таанышкан да ээ?
- Садыркулов ишти билген, бирок ал деле картасын толук ачкан жок. Кийин "иштин баары тетигиге барып такалды, сен айткың келбей атат" деди. Ага кулак, сөөмөй белек кылгандар ким экенин билген, ал эмес коомчулук өздөрү ызы-чуу болуп айтып жүрбөдүбү. Бекеринен "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" да. Албетте, буйрук бергендер башка, ишти аткаргандар баягы эле милиция болгон. Ошо аткаруучулар качып жүрүштү. Андан кийин тергөө иштери кандай болгонун билбейт экем. Бирок, ошол кызматкерлер татынакай болуп иштеп жүрүшөт. айрымдары кызматынан көтөрүлдү, наам алды. Өлүктү алып чыгып, кулак, сөөмөйүн кескен сержант эч жакка качпай, иштеп атат. Эми анын барын убакыт көрсөтөт, бардыгы ачыкка чыгат. Бул жерде менин күйгөнүм, бийлик милиция кызматкерлерин ушундай саясий ыплас нерселерге аралаштырышат да, четке чыга беришет. Былыгын чыгара, ишти ачып койсоң, эң аягында күнөөлүү болуп каласың. Кулак, мурун операциясынан кийин мага болбогон жалааларды жабышып, гезиттерге эмне деп гана жамандатышкан жок. Ошо гезиттердин жетекчилери менен барып өзүм жолуктум, баары эле "бизге даярдап келип, жогору жактан буйрук берип атышат" деп күнөөлөрүн мойнуна алышты. "Чындыкты жазбайсыңарбы?" десем, "коркутуп атышса кантебиз?" деп корголошот. Мына ушундай ыплас ыкмалар менен иштеди Бакиев бийлиги, белдүү жигиттерди белге чапты, бели жоктордун мойнуна минип, каалаган жагына айдактап, моокумдары кангыча пайдаланышты.
- Кулак, сөөмөйдү белекке алган Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта өрттөлбөдүбү. МЧСтин өлүмүнөн кийин шаарга "Садыркуловду ким, кантип өлтүргөнүн Мелис Турганбаев билет" деген кабар шамалдай тараган. Сиз эми бул өлүмдүн картасын качан ачасыз? Дегеле, ушул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Өрттөлгөн машина табылганда таң эрте мага телефон чалышты. Бардым, бирок Медет Садыркуловдун ал машина менен жүргөнүн көргөн эмесмин. Көрсө акыркы бир жумада машинасын алмаштырыптыр да. Медет Садыркулов менен аны өлтүрүп, өрттөөрдөн бир жума мурун телефон менен сүйлөшүп, Аалы Токомбаев музейиндеги офисинен жолугуп, сүйлөшкөнбүз. "Мелис, бул бийлик болбой калды, мына өзүң көрүп атасың, ушундай кантип болсун, балдары, бир туугандары болуп көрбөгөндөй кутурду. Мен элдин стабилдүүлүгүн сакташ үчүн бийликке колуман келген кызматымды кылдым. Мындай болот деп ойлогон эмесмин, өзүмдү да күнөөлүү сезем. Көптөгөн балдарды жөнсүз куугунтуктап, камап атышат, ал жөнүндө айтсам уккусу жок. Булар көп кылмышка малынды. Бирок, көрөсүң кийин баарын өзүм ачыкка чыгарам" деген. Мен "сиз булар менен чогуу иштеп көп нерсени билесиз, азыр абдан ачык катуу кетип баратасыз. Абайлаңыз, жаныңызга мыкты кайтаруучулардан алыңыз" десем, күлүп койгон. "Мелис, койчу, бийлик кумары кыйын экенин түшүнөм, бирок, мени өлтүрө коюшпастыр, ага кантип диттери барат" дегенде, башымды чайкап, дагы бир жолу эскертсем көнбөдү. Ошондо Садыркулов "инисинин жоругу үчүн президент кечирим сурады" деп айткан эле. Бир жумадан соң Садыркуловду өрттөп жиберишти. Анын бардыгын карап, териштире келгенде картина көз алдымда эле турат. Бүгүнкү күндө бул кылмышты мыкты оперативдик топ түзүп, жакшы, туура багыт менен иштеп, эч ким тоскоол болбосо, бетин ачып койсо болот. Кылмыш жасагандар өлтүрүп, өрттөгөндү аябай орой, тез жана шашылыш түрдө жасашкан. Чек арада 45 минута кармап, шашылыш, тез арада уюштуруп, эч планы жок, орой өлтүрүшкөн. Машинаны бензин куюп, атайын өрттөшкөнү сокурга да дайын. Көчөдө күнүгө машиналар сүзүшөт. Бир-бири менен карама-каршы кагышып, машиналар нан болуп, ичиндеги адамдар өлсө да бензин багы жарылганын эч ким деле укпаса, көрбөсө керек. Азыр эң бир кыйынчылык бар, бул каргашалуу окуя боюнча кызыкдар адамдар экспертизанын баарын бөлөкчө өңүткө бурушкан. Бирок, жакшы иштеп бетин ачып койсо болот. Эл чындыкты билиши зарыл. А күнөөлүүлөрдү кудай да жазалайт.
- Азыр кыргыздын башына каран түн түшүп, бир жагынан бакиевчилер элге акча төлөп, элди көчөгө, мародерлукка тукуруп, бир жагынан Убактылуу өкмөттүн айланасына кузгундар чогулуп айтор, хаос көп. Ушундай кыйын мезгилде Убактылуу өкмөткө барып, биздин милицияларга жардам берип, иштеп берейин деген оюңуз жокпу? Себеби "Турганбаев менен Субаналиевди эмнеге ишке алып келип, иштетпей атышат?" деп биздин гезитке тынбай чалып, тынчыбызды алгандар көп…
- Менин саясатка кийлигишейин деген оюм жок, өзүмдүн көз караштарым бар. Азыр Убактылуу өкмөттө отурган саясатчылардын баарынын ким кандай, кайсы жерде кандай иштегени боюнча толук маалыматым бар. Бирок "бул жаман, тиги жакшы" дей албайм, алар да колунан келгенин жасап атат. Жана айтып кетпедимби "мага жумуш бер" деп жулунуп баргандын өзү уят, 86 адам кимдир бирөөлөр жумушка келип, жер басып алып, дүкөн тоноп, жыргасын деп өлгөн эмес да. Мага да "сени ордуңа отургузабыз" деп келишиптир, болбодум. Мыйзамдуу түрдө эл суранса, өкмөт чакырып, " жардам бер" десе, эмнеге жардам бербейм, жумуштан качмак белем. Анан же чакырбаса, барсаң эле саясатты сүйлөшөт. "Эмне кылганы атасың? Кайда кошулганы атасың?" деген суроолор. Мен ким менен жүрөм, ким менен кай жакты көздөй жылам өзүм билем. Бирок, минтип саясатташтырып отура беришсе, өз дараметине ишенген профессионалдардын баары сыртта калат да, көчөдө баш аламандык боло берет. Бүгүнкү күндө милиция мындан он жыл, керек болсо беш жылга караганда бөлөк. Милициянын ой-жүгүртүүсү, жүрүш-турушу өзгөргөн. Азыр өзүңөр көрүп атасыңар, акыркы күндөрү милициялар аябай бузулуп кетти. Мен өмүр бою шаарда, оперативдүү жумушта иштедим. Оперативник болгондон кийин мага көптөгөн маалыматтар түшөт, кээлери ыйлап келишет. "Мелис, бул эмне болуп баратат, кудай урбадыбы, милиция адамдарды атайы бири-бирине постанова кылышат" дешет. Убактылуу өкмөт ушунун бардыгын өзгөртүш керек, көп кызматкерлерди бөлөк багытка түшүрүп, бул жерди тазалабаса, милицияга да коррупция, урук-тууган ж.б.ж.б. көптөгөн ыплас нерселер бекем тамырлап, тарап кеткен. Мунун бардыгы ачык эле сөз, эгер туура эмес айтып атсам, кызматкерлер көңүлдөрүнө албасын.
(Уландысы кийинки санда)
Жылдыз МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

Яндекс.Метрика