mainkaptal

Пользовательский поиск
  Үлкөн үмүт

Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"
Мелис байке братаным менен тээ 1995-жылдан бери таанышмын. Экөөбүз көп нерсени сүйлөшөбүз, кээде мен энеме айта албаган сырымды братаныма төгөм. Кээде аялдык кылып ызылдасам "эркек эмес экенсиң" деп мени менен уруша кетет. Тултуйуп сүйлөшпөй коет. Анан кайра телефон чалып, "крышаң ордуна келдиби?" деп сураса каткырып, бу дүйнөнүн капасы эстен чыгат. Бир-бирибизге телефон чалганда да "братан, кандайсыз?" десем, "ассалому алейкум, братишка" деп көңүлүмдү жайгарат. Мына ушул братаным экөөбүз күздөн бери катуу кеттик. Артыбыздан аңдыганына, коркутуп-үркүткөнүнө, сары изибизге чөп салганына карабай. "Эл сөзү", "Форум" гезити аркылуу сандан-санга айгай салып турдук. Кыргызстандын келечегин, тос-тополоңду айтып, али көтөрүлүшкө даяр эмес элди ойготтук. Манастын энергиясын козгоп, элдин духун көтөрдүк, көзүн ачтык. Ошентип кыргызга 7-апрель жөн жеринен келген жок. Айрымдар айтмакчы эл жөн эле көчөдө кетип баратып, Ак үйдү алган жок. Ал үчүн канчалаган даярдык көрүлүп, канчалаган макалалар жазылды. Дагы жазыла бермекчи. Мындан нары Кыргызстандын келечегин, астыбызда эмне күндөр күтүп турганын, эми акырындан элге жеткирип айта баштайбыз. Азырынча сырдуу табышмактар көп. Жандырмагын бирге жандырабыз...

А бүгүн убагында мага айтып, бирок гезитке жазууга мүмкүн болбогон маркум Медет Садыркуловдун сырдуу өлүмү тууралуу айткан мистикасын берейин деп чечтим. МЧСтин өлүмү тууралуу убагында эле көргөн-билгенин айттырып алгам, жарык көрөөр мезгили келиптир. Эмесе олуянын кебин чогуу тыңдасак, мындай: Жылдыз, сөз башынан айтсам, чыгаан опер, өз ишин мыкты билген Мелис Турганбаевдин классташы Дүйшөн Ирсалиев деген жигит бар. Дүйшөн Ирсалиев көп жылдан бери МЧСтин жанында жүрүп, бирге иштешип, жакын инилери да болуп калган. Мен Москвада көп жүрбөдүмбү, МЧС өлөөрдөн бир ай мурун Москвадан кайтып келип, Дүйшөн Ирсалиев менен маектешип калдым. Кыргызстандагы саясий ахвал, эл турмушу ж.б.ж.б. жөнүндө. Көзү ачыктык касиетимди билген Дүйшөн мырза Медет Садыркуловдун келечеги жөнүндө сурап калды. Ал кезде Медет мырза Бакиевдер менен иштешкендеги катачылыгын сезип, оппозицияга ооп, "кыйла көп иштерди жасайм" деп чамынып жүргөн чагы болчу. Анан Дүйшөндүн суроосуна "Медеттин жылдызы жакында өчөт. Медет байкеңе айтып кой, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин кайтып келбесин.аягы жаман бүтөт" дегем, бул сөзүмдү Дүйшөн ошол маалда көп этибар кылбады. Кийин башка ташын койгулап атпайбы, "сага ишенсек не?" деп. Медет өрттөнүп өлгөндө ыйлап, жиндеп, ишенер-ишенбесин билбей турганда, менин айткан сөзүм кулагына жаңыра бериптир. Көрсө менин сөзүмдү МЧСке айткан экен. Анда өз оюндагысын эч качан бербеген Садыркулов "менин жылдызым өчпөйт, жылдызым жаңыдан гана жанган атат" деп моюн бербей коюптур. "Медет Садыркуловдун жылдызы өчөт" деп атйкандан бир аз өтпөй, тааныштарым аркылуу мага орус улутундагы сот кызматында иштеген айым жолдошунун оор акыбалда экенин айтты. Жолдошу кыргыз жигит экен, аны көргөнү Бишкектеги бир ооруканага бардык. Алибеттүү, жүзүнөн нур төгүлгөн жигит комада жатыптыр. Аялынын колун кармап, жубатаар сөздөрүмдү айтып отурсам, терезе аркылуу жан алгычтар келип, баягы жигитти суракка ала баштады. Аларды карап туруп, бу жигиттин ичер суусу аз калганын, тиги дүйнөгө сапар тартаарын билдим. Бирок, жубайынын жүрөгүн оорутуп, үмүтүн үзүп, бетине айта албадым. Табышмактатып айттым, орус улутундагы адам менин табышмагымды кандай кабыл алды билбейм. Орус улутундагы айым менен тааныштырып, ортого түшкөн тааныштарга "мал болбойт, даярдана бергиле" деп ачыгын айттым. Бул окуяны эмне себептен айтып жатам? Ошол оор акыбалдагы кыргыз жигит милиция кызматкери. Денеси жер алдына жашырылып жатканда өзү жалгыз эмес, бир белгилүү адам менен бирге, бир убакта жер алдына жашырылмак. Ошол белгилүү адам МЧС болуп чыкты. Анын денесинин бир кичинекей бөлүгү жерге жашырылганда, тиги жигит да жатты. Мен экөөнүн тиги дүйнөнүн дарбазасына бирге кирерин кийин гана түшүндүм.
МЧС жерге жашырылып атканда милиция жигитти да акыркы сапарга узатып аткандар, сөөктү узатуу каадасы катары милициялар асманга мылтык атышты. Ошо маалда МЧСке топурак салып жа ткан адамдардын баары ал тарапты карап калышты. Дүйшөн мырзага "Медет байкеңдин жылдызы өчөт" деп айтып жатканымда көзүмө карарып кеткен үч адамдын элеси көрүнгөн. Мен мындай көрүнүштөрдү ичиме эле сактап коем.
Мына урматтуу окурман, мистикалуу турмуш жагдайы. Эмки сандан тартып Мелис братаным, кыргыздын олуясы менен кыргыз элинин келечеги, өсүп-өнүшү, ырыс-берекеси тууралуу сандан-санга ширин маектерди берип, сиздер менен "Түз байланыштарды" уюштуруп турмакчыбыз.

Жылдыз МУСАБЕКОВА




  Артык баш акыл болбойт

Накен КАСИЕВ, Улуттук онкология ооруканасынын жетекчиси:
"Парламенттик республикага бышып жетилдик"
Өлкөдө кырдаал бир аз тынчыганы менен Убактылуу өкмөткө сын-пикир айтып чыгып аткандардын саны өсүүдө. Ушул себептен аксакал катары Накен Касиевдин кеп-кеңешин уктук.

- Накен ага, бийлик урап, Убактылуу өкмөт шайланганына бир ай толо электе четтен сын айткандар арбыды. Аксакал катары буларга кандай кеп-кеңешиңизди берет элеңиз?
- Чындыгында Убактылуу өкмөткө сын-пикирлер көп айтылууда. Убактылуу Өкмөткө мүчө болуп келген адамдар акыркы беш жыл ичинде оюн ачык айтып, өлкөдөгү болуп аткан терс көрүнүштөргө каршы чыгып, бийликке оппозиция катары күрөшүп келбедиби. Оппозициянын ичинде ар кандай адамдар бар. Балким баарысы эле чыныгы күрөшкөн адамдар эместир. Негизинен булардын умтулганы Кыргызстанда демократиялык чынчыл, калп айтпаган өкмөт болсо экен. Элдин ырыскысын ичип алуудан алыс болсок, элге, журтка жакшы жашоого мүмкүнчүлүк берели деген максат. Анан беш жыл эч бир үн катпай коңулда жатып алып, бийликке бир дагы сын пикирин айтпай, бүгүн даяр ашка кол салып аткандары туура эмес. Бул ошол күчтөрдүн бийликке умтулуусунун бир жолу деп аныктоого болот. Бийлик адамга же партияга, саясый күчтөргө күрөш жолу менен келет. Бирөөнүн даяр кылып алып келген нерсесин башкалар туюнбаш керек. Менимче пикирдин да, сындын да өзүнүн орду болуусу абзел. Сын-пикирди айтардан мурда "жети өлчөп, бир кесип", калыстык менен кадам жасоо зарыл. Мына, ар кандай топтор чыгып алып "7-апрелде шейит кеткендерге Убактылуу Өкмөт күнөөлүү" деп атышат. Бул калыс айтылган сөз эмес. Жаштардын көз жумуп кетүүсүнө булардын айыбы жок. Ошондогу катышып аткандардын бийликке каршы чыгып, жүрөгү менен жакшы жашоого умтулуусу болду. Алардын кыжырын келтирген нерсе электр энергиясынын кымбатташы, салыктардын өсүшү жана бийликтин элге жалган сүйлөп, элдин мүлкүнө кол салганы болгондуктан, жаштар көтөрүлүп чыгууга мажбур болушту. Кыргызстанда бейпил жашоо болуп, эл башына таза, чынчыл адам келсе деген максатты көздөшкөн. Ошондуктан сын айтардан мурда таразаны тегиз кармап, акыркы жыйырма жылдагы эгемендүү мамлекет болгондон берки өткөн-кеткенди көз алдыбыздан чубатып, жакшылап реалдуу түрдө изилдеп, талдап туруп, андан кийин гана сындасак жакшы болот эле. Революциядан кийин курултай өткөргөндөр, региондорго бөлүнүп партия, кыймыл,биримдик түзгөндөр толуп кетти. Мен ошолордун баарысына улуу катары айтарым азыркы ынтымак мүмкүн миң жылга тете ынтымактыр. Учурдагы биримдик же болбосо өлкөнүн калыптанышы эгемендүүлүктө жыйырма эмес жүз жылга тете болор. Ушул түзүлүп аткан биримдиктер сын айтуунун ордуна Убактылуу өкмөткө эмнеге жардам беришпейт? Бийликке умтулбай, реалдуу сунуштарын беришсе. Анан "сынчынын сыңар өтүгү майрык" деп илгертеден элибиз туура айткан. Убактылуу бийликтегилер мурдатан ишке даяр болбогондуктан бир аз бошой түшүштү. Буларга убакыт берип, колдон келген жардамыбызды, кеп-кеңешибизди айтып турушубуз зарыл. Четтен чыгып сындагандын кажети жок. Жада калса бир айдын ичинде өлкөгө тартип орнотуп, баарын жасап салууга мүмкүн эмес. Мындай нерсени талап кылуу акыйкатыкка жатпайт. Мындай кан төгүлүп, башаламандык күч алган убакта элге биринчи кезекте чоң ынтымак талап кылынат. Октябрь революциясында да чоң алаамат чыгып, канчалаган адамдардын каны төгүлүп, атуулдук согуш чыгып кеткен. Кыргыздар дагы улуу эл экен. Ынтымагыбыз бар экен. Элибизге тынччылык келсе экен деп умтулуп жашап аткан үчүн акыркы аптада өлкөдө абал тынчып калды. Ушундай кезеңде ар бир партия, кыймыл бийликтин жеңилин жерден, орун колдон албаса болбойт. Жаңы эле качып кеткен президентибиздин изи сууй электе өлкөдө дагы бир башаламандыкты орнотуу акылсыз иш.
- Убактылуу Өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизип, Кыргызстанды парламенттик республикага айлантабыз деп атышат. Биз парламенттик республикага даярбызбы?
- Парламенттик республикага кошулам. Бул тууралуу башынан эле оюмду билдирип келгем. Парламенттик республикага өткөндө кандай болгон күндө дагы бир адамдын үстөмдүүлүгү жок кылынат. Экинчиси, парламентке келген партиялар бири-бирин көзөмөлгө алып турат. Тең салмактуулук пайда болуп, коалиция түзүлөт. Анан мурдагыдай президенттин айтканын айткандай, дегенин дегендей кол көтөрүп бере бербей, кызуу талкуу жүрүп турат. Айрымдар "жүз депутат болсо, жүзү жүз жакка чоет" деп айтышууда. Менимче бул туура эмес. Жүз депутаттын ар биринин жеке ой-пикири болгон күнү деле талкууга алып олтуруп, баары бир бир чечимге келишет. Экинчиден, мен министр болгондо алты жолу тең парламенттен өттүм. Кандай болгондо да шайлоо жолу менен министрлер ишке келет. Азыр баарысын тең буйрук кылуу менен олтургузуп калган. Бул туура эмес. Шайлоо жолу менен өкмөткө келген кызматкерлер да жоопкерчиликти сезип, өздөрүнүн партиясынын аброю, туруктуулугу үчүн таза иштешет. Ошондо гана мамлекет оңолуу жолуна өтөт. Эки ирет президенттик бийликтин башкаруусу менен жашадык. Экөө тең элине душман болуп, акыры качып жоголушту. Ошондуктан бизге парламенттик республикага өтүүгө мезгил жетти. Парламенттик республика Кыргызстанга туруктуулукту жана демократияны алып келет.
- Айрым саясатчылар Кыргызстанда демократия жок деген пикирлерди айтышууда. Сиз буга кошуласызбы?
- Өткөн 15 жылдын ичинде 2005-жылга чейин демократиянын духу бар болчу. Биз учурунда аралча деп, кээде тамашалап, кээде чындыкка жанаштырып "Кыргызстан Орто Азиядагы демократиянын аралчасы" деп айтып калчубуз. 2000-жылдан кийинки процесс монополизация жолуна өтүп, бир кишинин бийлиги күчөй баштады. Ал эми 2005-жылдан кийин хан ордосуна айландык. Бир сөз менен айтканда бир кишинин тобунун башкаруусу менен республикада иш жүрүп калган. Бизде азыр Конституциялык сот жоюлган, президентибиз качып кетти, өкмөтүбүз убактылуу, ошондуктан Убактылуу өкмөт шайлоо процесстерин тездетип, бийликти, парламентти бекитип, ылдамдап иш баштабаса болбойт.
Бурул МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика