mainkaptal

Пользовательский поиск
  Кыргыз, жан-дүйнөң жакырланды...

Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
Убактылуу өкмөттүн элге сунуш кылган Конституция долбоору орусча жазылып, элге орусча сунушталып, эми араң кыргызчага которулуп жатат. Ошол эле учурда аны талкуулоого 2 гана жума убакыт берилген. Кыргызчага которулуп бүтө электе "талкуусу аяктап калбасын" деп азыркы вариантына пикир жазып жатабыз. Ушунун өзү эле башмыйзам долбоорун даярдаган авторлордун өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилине болгон мамилесин көрсөтүп турат.


"ТИЛДЕН КАЛГАН" КОНСТИТУЦИЯ
Талкууга коюлуп жаткан Конституция Кыргызстандын элин бириктире турган фактордун күчүн кетирип, элди тилдик негизде экиге же андан да көпкө бөлгөнгө шарт түзүүдө. Атап айтканда, долбоордун 5-беренесинде мамлекеттик кыргыз тили менен кошо ага теңата болуп орус тилинин расмий статусу калып калган. Ал тургай "мамлекеттик же расмий тилди билбегени үчүн жарандардын укуктары чектелбейт" деп турат.
Расмий тил деген практикалык жагынан алганда мамлекеттик тил дегендин эле бир түрү. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын аткарылбай жатканынын бир себеби да ушул расмий тил тууралуу мыйзам болгон. Анткени расмий тилдин статусу турганда мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды аткаруу зарылчылыгы пайда болбойт. 70 жылдан ашуун орусташып калган иш кагаздары, чоңдордун менталитети, мамлекеттин маалымат саясаты буга жол бербейт. Орус тили расмий тил болуп турганда кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил катары эч качан жетиштүү даражада өнүкпөйт. Аны өнүктүрүүгө зарылчылык да болбойт.
Кыргызстанда кыргыз эли мамлекеттин негиздөөчүсү болгон соң, Кыргызстан өзү унитардык мамлекет болгон соң, бул өлкө кыргыз тили өнүгө ала турган бирден-бир мамлекет болгон соң кыргыз тили да бирден бир мамлекеттик тил болушу керек жана эч кандай башка тилдерге расмий статус берүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандагы башка тилдер андай коргоого муктаж эмес.
Кыргыз тилинин терминологиясы мамлекеттик тилдин ролуна даяр эмес дегендер бар. Бир карасаң туурадай сезилет. Бирок жанаша расмий статус алган башка тилдер турганда кыргыз тили үчүн андай зарылчылык эч качан пайда болбойт. Оңоюна качырып расмий тилде иштей беришет. Качан кыргыз тили гана мамлекеттик тил экенин баары моюнга алып, мыйзамдуу талаптар коюлуп, анын буга чейинки өнүкпөй калган кемчиликтери көзгө уруна баштаганда гана терминологияны өнүктүрүү маселеси кабыргасынан коюлуп, мамлекеттик деңгээлде чечиле баштайт. Өз тилин ички-тышкы мүмкүнчүлүктөргө таянуу менен өркүндөтүп, мыкты деңгээлге жеткирген Түркиянын, Өзбекстандын, Казакстандын мисалы буга жакшы далил.
Эң негизгиси - кыргыз тили Кыргызстандагы элдердин жарандык сезимин калыптандыра турган башкы жагдайлардын бири болууга тийиш. Кыргыздын өзүн эле эмес, кыргыздан башка элдерди да кыргыз элинин тегерегине бириктире ала турган жагдайлардын бири - ушул тил. Кыргызстанда кыргыз тилин суудай билип, Кыргызстандын мыйзамдарын так аткарып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргосоң каалагандай карьера жасаганга, атыңды чыгарганга мүмкүнчүлүк бар экенин бардык улуттардын өкүлдөрү билгидей болушу керек. Кыргыз эли ошондой жарандарды башкаларга үлгү кылып, бооруна тартып алгыдай болушу керек. Орустар насили араб Пушкинди, немистин кызы Екатеринаны ж. б. орустун улуу адамдары кылып тарыхында калтырган сыңары, биз да ошондой адамдарды кыргыздын улуу инсандары катары төбөбүзгө көтөрүп алышыбыз керек.
Кыргыз тили канткенде чыныгы мамлекеттик тил болот? Ал үчүн бардык иш кагаздары, өкмөт жыйындары жана андан төмөнкү деңгээлдеги бардык расмий жыйындар, көчөдөгү бардык көрнөк-жарнактар, товарлардын аталыштары, эл аралык сүйлөшүүлөр, менчиктин түрүнө карабай бардык жерде тейлөө кызматы кыргыз тилинде жүрүшү керек. Мамлекеттик тилди билбеген жарандар эл менен сүйлөшүүгө байланышкан эч кайсы кызматка, анын ичинде мамлекеттик кызматка да, тейлөөчү кызматка да алынбашы керек. Кыргызстандын кайсы гана жараны болбосун, кайсы гана мекемеге, кайсы кызматка (милиция, тез жардам, такси кызматы) кайрылса да, кайсы дүкөнгө кирсе да кыргызча суроого кыргызча жооп алгыдай болушу керек. Телефонду көтөргөндө кыргызча сөз чыккыдай болушу керек. Кыргыз тили жашоонун бардык тармактарында кең-кесири колдонулгудай болушу керек. Телекөрсөтүүлөрдүн жок эле дегенде 70% кыргыз тилинде болууга тийиш. Ошондо гана кыргыз тили мамлекеттик тилдин ролун толук аткарып атат деп айта алабыз.
Мамлекеттик тил башка тилдерди кемсинтпейт. Кызыкса, зарылчылыгы болсо кыргыз тилинен тышкары 20 тилди билсе да чектөө жок. Бирок Кыргызстандын жарандары кыргыз тилин сөзсүз билиши керек. Андан тышкары канча тил билсе өз эрки болууга тийиш. Өз тилинде маданиятын өнүктүрүп, өз тилинде гезит чыгарып, үйүндө өз тилинде сүйлөшө берсин.
Албетте, кыргыз тилин бирден бир мамлекеттик тил кылып жарыялагандан кийин эки маселе келип чыгат. Биринчиден, терминология маселеси. Муну окумуштуулар чечип, мамлекеттик деңгээлде унификациялай турган механизмдери буга чейин эле иштелип чыккан. Аны жүзөгө ашыруу зарыл. Экинчиден, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө шарт түзүү маселеси бар. Бул жагынан иштей турган иштер көп. Айталык, Түркияда "Түркче өретим меркези" деген чоң уюм бар. Ал Түркияга келген бардык улуттун адамдарына түрк тилин үйрөтүүнүн бардык шарттарын түзүп койгон. Айталык, студенттер үчун өзүнчө, иш адамдары үчүн өзүнчө, аспиранттар үчүн өзүнчө программалар бар. Кыргызстан деле өз шартын кое турган мезгил жетти. Кыргызстанга келип иштегиси, окугусу келгендер кыргыз тилин үйрөнүшү керек, ал үчүн бардык шарттарды мамлекет түзүшү зарыл. Кыргыз тили эч кандай атаандашы жок бирден бир мамлекеттик тил болмоюнча андай шарт түзүлбөйт.
Жаңы жазылган башмыйзам долбоорунун стратегиялык улуттук кызыкчылыктарга каршы келген башка жагдайлары да бар. Алардын негизгилери - кош жарандуулук тууралуу талаш туудура турган жоболор, жердин жеке менчикке уруксат берилиши, ошондой эле стратегиялык тармактарды мамлекеттен ажыратууга жол бербей турган беренелердин жоктугу. Алар туурасында кийинки материалдарда сөз кылабыз.

Жыргалбек
КАСАБОЛОТОВ,
"Улутман"
идеологиялык борбору



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика